Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 555 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу ведомстволор аралык координациялык жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана баалоону ченемдик-методикалык камсыздоо боюнча ишти координациялоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалоо ишин жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо максатында уюштурулган.
3. Кеңеш өз ишинде ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2. Кеңештин негизги функциялары
4. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) баалоо ишинин маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын, илимий уюмдардын жана иштеп жаткан баалоочулардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
2) баалоо ишинин маселелери боюнча мыйзам актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
3) баалоо ишинин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү демилгелөө;
4) баалоочуларды окутуунун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программаларын жана методикаларын өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;
5) чет өлкөлөрдүн окшош түзүмдөрү жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашыруу;
6) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды, түшүндүрмөлөрдү жана корутундуларды даярдоо;
7) айрым ченемдик-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүү үчүн жумушчу топторду түзүү;
8) баалоочуларды сертификаттоону уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
9) Баалоочуларды сертификаттоонун квалификациялык экзаменинин программасын даярдоодо консультациялык "кана техникалык жардам көрсөтүү;
10) Кеңештин компетенциясына кирген, Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча уюштуруу-методикалык иште пайда болгон башка маселелерди чечүү.
3. Кеңештин ыйгарым укуктары
5. Кеңеш төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) аткаруу бийлигинин органдарынан жана уюмдардан баалоо ишинин маселелери боюнча маалыматтарды, документтерди жана материалдарды суроого;
2) баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча сунуштар менен түздөн-түз аткаруу бийлигинин органдарына кайрылууга;
3) зарыл болгон учурда баалоо ишинин маселелерине тиешелүү мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана экспертиза жүргүзүүгө көз карандысыз баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын катышуусун камсыз кылууга;
4) мүлктүн наркын баалоо жаатында тажрыйба алмашуу жана адистерди окутуу максатында эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө;
5) баалоо ишин өнүктүрүүнүн жана башкаруунун айрым маселелерин чечүү үчүн убактылуу жана туруктуу жумушчу топторду уюштурууга;
6) Кеңештин функцияларын аткарууга багытталган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
4. Кеңештин курамы
6. Кеңештин курамы баалоо иши жаатындагы компетенттүү адамдардан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен бекитилет. Кеңешти Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары жетектейт.
7. Кеңештин курамына министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, мамлекеттик комиссиялардын, административдик ведомстволордун, менчикти баалоо боюнча жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайлардын жана баалоо иши жаатындагы кесиптик коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
8. Кеңештин мүчөлөрү өз функцияларын өндүрүштүк ишин токтотпостон коомдук негизде жүзөгө ашырат.
9. Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда өз функцияларын жүзөгө ашырууга жана уюштурууга тиешелүү бардык зарыл болгон документтерге жана маалыматтарга жетүү укугуна ээ.
10. Кеңеш өз ишин Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилген план боюнча жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйналышын зарыл болгон учурда Кеңештин төрагасы же анын орун басары өткөрөт, бирок кварталына бир жолудан кем эмес.
Кеңештин жыйналышы ага Кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3 катышса, укуктуу деп эсептелинет.
Кеңештин чечими Кеңешке катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана тиешелүү протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы, ал жок болгон учурда орун басары кол коет. Добуштар бирдей болуп калган учурда төрагалык кылган адамдын добушу чечүүчү болуп саналат. Кеңештин чечими тиешелүү мамлекеттик органдарга жана кызыкдар өкүлдөргө, көз карандысыз баалоочуларга (баалоочу уюмдарга) жана алардын коомдук бирикмелерине жөнөтүлөт.
11. Кеңештин төрагасы Кеңештин ишин жетектейт жана Кеңештин функцияларынын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат, Кеңештин ишинин жылдык жана кварталдык пландарын бекитет.
Кеңештин чечими боюнча Кеңештин талкуулоосуна киргизилүүчү проблемаларды изилдөө үчүн окумуштуулардан жана адистерден турган убактылуу жумушчу топтор, ошондой эле туруктуу иштөөнү талап кылган айрым функцияларды аткаруу үчүн туруктуу иштөөчү комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
12. Кеңештин төрагасы, ал жок болгондо анын орун басары анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңештин атынан жиберилүүчү документтерге кол коюуга укуктуу.
13. Кеңештин жумушчу органынын функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ыйгарым укук берилген бөлүмү жүзөгө ашырат.
14. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин каражаттарынын, Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү үчүн арналган эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын максаттуу түшкөн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.