Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 555
Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
"Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |