Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 107
Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары – Талаптар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору же аккредитациялоо жаатына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган (мындан ары – орган) тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жөнүндө жободо:
– 12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
« ̶ сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо;»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
– 14-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
« ̶ сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;».
5. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин алынган эксперттин компетенттүүлүк сертификаттары жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат жана Талаптардын 36-пунктуна ылайык берилген документтердин негизинде алты айлык мөөнөттө сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.
6. Продукцияны сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар алты айлык мөөнөттө эксперттин компетенттүүлүк сертификаттары жок же Талаптарга ылайык эксперттин компетенттүүлүк сертификаттарынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен өзүнүн сертификациялоо боюнча эксперттеринин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастасын жана аларды сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жана персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) актуалдаштырылган реестрин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна жиберсин жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары» 2023-жылдын 28-февралындагы № 3-4 (672-673) саны менен тиркемесинде расмий тилде жарыяланды
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-мартындагы № 18 (3467) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 107
Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары – Талаптар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (мындан ары – орган) тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жөнүндө жободо:
– 12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
« ̶ сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо;»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:
– 14-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
« ̶ сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;».
5. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин алынган эксперттин компетенттүүлүк сертификаттары жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат жана Талаптардын 36-пунктуна ылайык берилген документтердин негизинде алты айлык мөөнөттө сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш.
6. Продукцияны сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар алты айлык мөөнөттө эксперттин компетенттүүлүк сертификаттары жок же Талаптарга ылайык эксперттин компетенттүүлүк сертификаттарынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен өзүнүн сертификациялоо боюнча эксперттеринин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастасын жана аларды сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) актуалдаштырылган реестрин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборуна жиберсин жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырсын.