Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 108 токтомуна) |
Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасында чыгарылган L, М, N жана Окатегорияларындагы айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, ошондой эле шассиге карата колдонулуучу милдеттүү талаптар, бул милдеттүү талаптарды колдонуу тартиби, Бажы бирлигинин комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 чечими менен бекитилген "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 018/2011) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин (мындан ары - Техникалык регламент) талаптарына ылайык дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын (шасси) шайкештигин баалоо мүмкүн болбогон учурда мындай дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүү тартиби аныкталат.
Бул Жобо эксплуатацияда жүргөн дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобонун максаттары үчүн Техникалык регламентте белгиленген маанидеги терминдер, ошондой эле төмөнкү терминдер пайдаланылат:
сыноо лабораториясы - ISO/IEC 17025 "Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө жалпы талаптар" жана/же ISO/IEC 17020 "Шайкештикти баалоо. Ар кандай типтеги инспекция органдарынын ишине талаптар" эл аралык стандарттарына ылайык транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоо жүргүзүү укугуна аккредитацияланган лаборатория;
сейрек учуроочу транспорт каражаты - Кыргыз Республикасынын аймагында сериялуу өндүрүш шарттарында даярдалган, жүгүртүүгө чыгарылганга чейин конструкциясына жеке тартипте, же сериялуу өндүрүштөн тышкары жеке тартипте чогултулуучу комплекттен өзгөртүүлөр киргизилген же жеке техникалык чыгармачылыктын натыйжасы болуп саналган дөңгөлөктүү транспорт каражаты;
арыз берүүчү - транспорт каражатынын тибинин, шассинин тибинин же сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоону жүргүзүүгө арыз менен кайрылган даярдоочу (анын ыйгарым укуктуу өкүлү);
корутунду - транспорт каражатынын (дөңгөлөктүү транспорт каражаты үчүн) тибин баалоо жөнүндө корутунду жана (же) шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду (шасси үчүн) жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын (чанда учуроочу транспорт каражаты үчүн) баалоо жөнүндө корутунду, алар жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын (шасси) ушул Жободо белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин күбөлөндүрүүчү шайкештикти баалоо жөнүндө документтер болуп саналат;
даярдоочу - L, М, N, () категорияларындагы дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын жана шассини, ошондой эле ушул Жобого же Техникалык регламенттин талаптарына ылайык шайкештиги баалоодон өткөн, базалык транспорт каражаттарын (шасси) пайдалануу менен дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын даярдоочу Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы же жеке ишкери;
сертификациялоо боюнча орган - транспорт каражаттарынын Техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин баалоо укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык түзүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизилген сертификациялоо боюнча орган;
транспорт каражаты (шасси) - даярдоочу тарабынан чыгарылган, анын ичинде ушул Жобого же Техникалык регламенттин талаптарына ылайык шайкештиги баалоодон өткөн базалык транспорт каражаттарын (шасси) пайдалануу менен Техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекти болуп саналган, L, М, N, () категорияларындагы дөңгөлөктүү транспорт каражаты жана шасси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Транспорт каражаттары (шасси) жүгүртүүгө чыгарылат жана транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо алар ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык тизмекте көрсөтүлгөн техникалык талаптарга (мындан ары - техникалык талаптар) шайкеш келген шартта Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияда болууга укуктуу, бул ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутунду жана (же) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду менен ырасталат.
Сейрек учуроочу транспорт каражаттары жүгүртүүгө чыгарылат жана алар Техникалык регламенттин 4-тиркемесинин 1-4-бөлүктөрүндө каралган талаптарга ылайык келген шартта Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияда болууга укуктуу, бул ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутунду менен ырасталат.
Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасында өндүрүлгөн транспорт каражаттары (шасси) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 45 чечиминин негизинде дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына карата белгиленген улуттук талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында катталышы жана эксплуатацияда болушу мүмкүн.
4. Техникалык регламенттин талаптарына шайкештиги баалоодон өткөн транспорт каражаттарынын (шасси) типтерине карата ушул Жобого ылайык шайкештигин баалоону жүргүзүү талап кылынбайт.
5. Транспорт каражатынын (шассинин) электрондук паспорту транспорт каражатынын тибин, шассини жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундулардын негизинде таризделет, алардын номерлери транспорт каражатынын жана (же) шассинин электрондук паспортторунда көрсөтүлөт.
6. Транспорт каражатынын тибин, шассинин тибин жана (же) сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуларды тариздөө кагаз жүзүндө жасалмадан коргоочу атайын каражаттарын колдонбостон же ушул Жобого шайкештигин ырастоочу документтердин номерлеринин түзүмүнө ылайык номер ыйгаруу менен электрондук түрдө тариздөө 5-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт.
Берилген корутундуларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор (мындан ары - СМБ) тарабынан жүргүзүлөт.
7. Транспорт каражатынын (шассинин) тибинин техникалык талаптарга шайкештигин ырастоочу документтер катары төмөнкүлөр таанылат:
дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарында орнотулушу жана (же) пайдаланылышы мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөр үчүн бир түрдүү техникалык көрсөтмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө Макулдашууга катышкан өлкөлөрдүн административдик органдары тарабынан берилген типти расмий бекитүү жөнүндө жана ушул көрсөтмөлөрдүн негизинде Женева шаарында 1958-жылдын 20-мартында түзүлгөн расмий ырастоолорду өз ара таануу шарттары жөнүндө билдирүүлөр;
Техникалык регламенттин алкагында берилген сыноолордун протоколдорунун негизинде таризделген колдонуудагы шайкештик сертификаттары, шайкештик жөнүндө декларациялар;
аккредиттелген сыноо лабораториясы же даярдоочу тарабынан жүргүзүлгөн сыноолордун протоколдору (сыноолорду даярдоочунун жабдуусунда же болбосо сертификациялоо боюнча органдын өкүлүнүн катышуусунда, анын ичинде аралыктан өз ара аракеттенүү каражаттарын пайдалануу, же болбосо сыноолорду жүргүзүү процессин видеофиксациялоо менен сыноолор жүргүзүлгөн жердин геопозициясын контролдоо менен жүргүзүүгө жол берилет, мында сыноолорду жүргүзүү процессин жазуу талдоо жана сыноолордун протоколун даярдоо үчүн сертификациялоо боюнча органга жөнөтүлөт). Даярдоочу өз алдынча жүргүзгөн сыноолордун натыйжалары транспорт каражаттарынын (шасси) чакан партияларынын шайкештигин баалоодо гана кабыл алынат;
Техникалык регламенттин жоболоруна ылайык катталган шайкештик жөнүндө декларациялар (7д схемасы боюнча кабыл алынган - М2 жана М3 категорияларынан тышкары транспорт каражаттарынын чакан партияларынын (шасси) шайкештигин баалоодо гана);
транспорт каражатын (шассини) - башка өндүрүштүк шарттарда жасалган (өндүрүштүк чогултууда жол берилет) аналогдорун сыноолордун протоколдорунун негизинде таризделген шайкештик жөнүндө декларациялар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Шайкештигин баалоо Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) эрежелеринин талаптары боюнча жүргүзүлүүчү транспорт каражаттарынын компоненттерине карата ырастоочу документтер катары Техникалык регламенттин талаптарынын алкагында берилген тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөр жана (же) шайкештик сертификаттары таанылат.
2. Транспорт каражаттарынын тибинин жана шасси тибинин шайкештигине баалоо жүргүзүү тартиби
1. Транспорт каражатынын тибинин жана шасси тибинин шайкештигине баалоо сертификациялоо боюнча орган тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) арыз берүүчү сертификациялоо боюнча органга арыз ээсинин аталышы, анын жайгашкан жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почта дареги, банктык реквизиттери, транспорт каражатынын тиби же шасси тиби, Техникалык регламенттин № 12 тиркемесинин 1 жана 2-бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен транспорт каражатынын тибин же шасси тибин мурда берилген жактыруулар жөнүндө маалыматтарды берет;
2) сертификациялоо боюнча орган:
ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аны карап чыгат жана берилген документтер боюнча алдын ала чечим кабыл алат;
шайкештикти баалоо боюнча иштерди аткарууга арыз берүүчү менен келишим түзөт;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча алынган документтерге талдоо жүргүзөт;
транспорт каражатынын тибин же шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди даярдайт;
транспорт каражатынын тибин же шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуну тиешелүү түрдө ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык берилген формалар боюнча тариздейт, аларга 5-тиркемесине ылайык каттоо номерлери ыйгарылат;
транспорт каражатынын тибин же шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуну СМБга бекитүүгө жиберет;
техникалык талаптардын аткарылышын текшерүүгө тиешелүү документтер кеминде 10 жыл сакталат.
3) сыноо лабораториясы:
арыз берүүчү менен сыноолорду өткөрүү боюнча иштерди аткарууга келишим түзөт;
сыноолор аяктагандан кийин беш жумуш күндүн ичинде сыноолордун протоколдорун тариздейт;
4) СМБ транспорт каражатынын тибин же шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуларды алган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде:
бул корутундуларды бекитет жана сертификациялоо боюнча органга кайра берет;
сын пикирлер болгон учурда бул корутундуларды сертификациялоо боюнча органга толуктап иштеп чыгууга кайтарып берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Транспорт каражатынын тибин жана (же) шасси тибин баалоо жөнүндө корутундулардын колдонуу мөөнөтү бир жылды түзөт.
3. Транспорт каражаттарынын (шасси) чакан партиясына таризделген транспорт каражатынын тибин жана (же) шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуга транспорт каражаттарынын (шасси) идентификациялык номерлери киргизилет.
Транспорт каражаттарынын (шасси) чакан партиясына кирген транспорт каражаттарын (шасси) идентификациялоо мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, ушул чакан партияга таризделген транспорт каражатынын тибин жана (же) шасси тибин баалоо жөнүндө корутунду арыз ээсине берилбейт жана сертификациялоо боюнча органда сакталат, ал даярдалган транспорт каражаттарынын (шасси) санын эсепке алат жана арыз берүүчүнүн кайрылуусунун негизинде транспорт каражаттарынын (шасси) идентификациялык номерлери көрсөтүлгөн мындай корутундулардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берет.
Транспорт каражаттарынын чакан партиясына (шасси) таризделген транспорт каражатынын тибин жана (же) шасси тибин баалоо жөнүндө корутундулардын колдонулушу аталган партияга киргизилген транспорт каражаттарына (шасси) гана жайылтылат.
4. Транспорт каражатынын тибин, шасси тибин баалоо жана (же) транспорт каражатынын тибин, шасси тибин жактыруу жөнүндө корутундулары бар базалык транспорт каражаттарын (шасси) пайдалануу менен даярдалган транспорт каражаттарынын типтеринин шайкештигин баалоодо техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо базалык транспорт каражатын (шасси) даярдоочу тарабынан шайкештикти камсыз кылуу жүзөгө ашырылуучу техникалык талаптарды көрсөтүү менен базалык транспорт каражатын (шасси) даярдоочунун уруксаты берилгенде жүзөгө ашырылат. Мындай техникалык талаптарга карата базалык транспорт каражаттарына (шассиге) берилген транспорт каражатынын тибин, шасси тибин баалоо жана (же) транспорт каражатынын тибин, шасси тибин жактыруу жөнүндө корутундулар далил материалдар катары пайдаланылат.
Ушул пункттун биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уруксат жок болгон учурда сертификациялоо боюнча орган базалык транспорт каражатынын (шасси) конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун баалануучу техникалык талаптарга таасирин аныктоо максатында базалык транспорт каражаттарына (шасси) карата транспорт каражатынын тибин, шасси тибин баалоо жана (же) транспорт каражатынын тибин, шасси тибин жактыруу жөнүндө корутундуларды тариздөө үчүн негиз болгон далил материалдарга экспертиза жүргүзөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча сертификациялоо боюнча орган ар бир техникалык талапка карата экспертизанын протоколун тариздейт, ал транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөөдө далилдөөчү материал болуп саналат. Далилдөөчү материалдар жок болгон учурда сертификациялоо боюнча орган ошол транспорт каражатына коюлуучу талаптарды толук көлөмдө сыноо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
5. Сертификациялоо боюнча орган ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалоо жүргүзүлгөн транспорт каражаттарынын техникалык талаптарга ылайыктуулугун контролдоону Техникалык регламенттин V бөлүмүнө ылайык өндүрүш стадиясында жүзөгө ашырат.
6. Транспорт каражатынын (шасси) конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон учурда транспорт каражатынын тибин жана (же) шасси тибин баалоо жөнүндө корутундулардын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде билдирүүчү бул тууралуу сертификаттоо боюнча органга маалымдайт жана ушул Жобонун 9-пунктунун 1-пунктчасына ылайык арыз берет. Аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен корутундулардын колдонуу мөөнөтү өзгөрбөйт.
7. Транспорт каражатынын тибин же шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуларда так эместиктер табылган учурда сертификациялоо боюнча орган аларды оңдоону жүзөгө ашырат жана ушул Жобонун 9-пунктунун 4-пунктчасында каралган тартипте СМБга бекитүүгө жиберет. Аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен корутундулардын колдонуу мөөнөтү өзгөрбөйт.
3. Сейрек учуроочу транспорт каражаттарынын шайкештигине баалоо жүргүзүү тартиби
1. Сейрек учуроочу транспорт каражаттарына карата техникалык талаптардын аткарылышын текшерүү аларды жүгүртүүгө чыгарардын алдында аралыктан өз ара аракеттенүү каражаттарын пайдалануу менен өзүнчө транспорт каражатынын конструкциясына техникалык экспертиза формасында аккредиттелген сыноо лабораториясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Текшерүүгө комплекттелген сейрек учуроочу транспорт каражаттары гана дуушар болот. Эгерде сейрек учуроочу транспорт каражаты транспорт каражатынын тибин жактыруу берилген типке кирсе, анда транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутунду аталган жактыруунун негизинде таризделет.
2. Сейрек учуроочу транспорт каражатынын шайкештигин баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) арыз берүүчү аккредиттелген сыноо лабораториясына арыз берет, анда арыз берүүчүнүн аталышы, анын жайгашкан жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почта дареги, банктык реквизиттери, транспорт каражатынын тиби, Техникалык регламенттин № 12 тиркемесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен транспорт каражатынын тибин жана (же) шасси тибин мурда берилген жактыруулар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт;
2) сыноо лабораториясы:
ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде шайкештикти баалоо боюнча иштерди аткарууга келишим түзүү, анын ичинде өзүнчө унаа каражатынын үлгүсүн берүү жөнүндө маалыматты камтыган чечим кабыл алат;
сейрек учуроочу транспорт каражатына идентификациялоо жүргүзөт (анын ичинде аралыктан өз ара аракеттенүү каражаттарын пайдалануу менен);
Техникалык регламенттин № 4 тиркемесинин 1-4-бөлүктөрүндө каралган талаптардын аткарылышын текшерүүнү жүзөгө ашырат (анын ичинде аралыктан өз ара аракеттенүү каражаттарын пайдалануу менен конструкцияга техникалык экспертиза жүргүзүү аркылуу). Эгерде сериялык өндүрүш шарттарында даярдалган транспорт каражатынын конструкциясына жекече тартипте ички күйүү кыймылдаткычынын системасына таасир этпеген өзгөртүүлөр киргизилсе, анда техникалык регламенттин № 4 тиркемесинин 4-бөлүмүнүн талаптарын аткарууну текшерүү мындай сейрек учуроочу транспорт каражаттарына карата жүргүзүлбөйт, ошондой эле блоктоого каршы тормоздук системанын болушу бааланбайт (атайын жана адистештирилген транспорт каражаттарына карата Техникалык регламенттин 6-тиркемесинде каралган талаптардын аткарылышы кошумча бааланат);
сейрек учуроочу транспорт каражатынын конструкциясына техникалык экспертиза протоколун даярдоону жүзөгө ашырат;
сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутундуну 4-тиркемеде берилген форма боюнча тариздейт, ага ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык каттоо номерин ыйгарат жана берилген корутундунун көчүрмөсүн СМБга жөнөтөт;
техникалык талаптардын аткарылышын текшерүүгө тиешелүү документтерди кеминде 10 жыл сактайт.
|
| Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун техникалык талаптарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Техникалык талаптар же регламенттөө объекттери | Транспорт каражаттарынын категориясы | Техникалык талаптар камтылган документтер |
1 | Жакынкы жана алыскы жарык фаралары | М, N, L | "Жакынкы жана (же) алыскы жарыктын асимметриялык нурун чыгаруучу жана R2 жана (же) HS1 категорияларындагы чыңалуу лампалары менен жабдылган автомобиль фараларын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 1-02 эрежелери |
2 | Жарык чагылдыргычтар | М, N, О, L | "Механикалык транспорт каражаттары жана алардын чиркегичтери үчүн жарык чагылдыруучу түзүлүштөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 3-02 эрежелери |
3 | Арткы номердик белгиге жарык берүү үчүн түзүлүштөр | М, N, O | "Механикалык транспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин арткы номердик белгилерине жарык берүү үчүн түзүлүштөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 4-00 эрежелери |
4 | Бурулуш көрсөткүчтөрү | М, N, О, L | "Механикалык транспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин бурулуш көрсөткүчтөрүн расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 6-01 эрежелери |
5 | Габарит чырактары, тормоз сигналдары | М, N, О, L | "Механикалык транспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин подфарниктерин, арткы габариттик чырактарын, стоп-сигналдарын жана контурдук чырактарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 7-02 эрежелери |
6 | Жакынкы жана алыскы жарык фаралары | М, N, L | "Галоген чыңалуу лампаларын колдонуу менен пайдаланууга арналган жакынкы жана (же) алыскы жарыктын асимметриялык нурлары менен автомобиль фараларын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 8-05 эрежелери (H1, Н2, Н3, НВ3, НВ4, Н7, Н8, Н9, HIR1, HIR2 жана (же) H11 лампалары) |
7 | Эшик кулпулары жана илмектери | M1, N1 | "Эшиктерди бекитүүчү кулпуларга жана түзүлүштөргө карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 11-02 эрежелери |
8 | Рулдук башкаруунун травмалык коопсуздугу | M1, N1 | "Айдоочуну рулдук башкаруу системасына тийген соккудан коргоого карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 12-03 эрежелери |
9 | Тормоз системаларынын натыйжалуулугу | М, N, O | "Тормозго карата М, N жана O категорияларындагы транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 13-07 эрежелери |
M1, N1 | "Тормозго карата жеңил автомобилдерди расмий бекитилүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 13-Н эрежелери | ||
10 | Коопсуздук курларын бекитүүчү жерлер | М, N, L6, L7 | "Коопсуздук курларын бекитүүгө карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 14-03 эрежелери |
11 | Транспорт каражаттарын кармоочу системалар менен жабдуу | М, N, L6, L7 | "Механикалык транспорт каражаттарынын чоң жүргүнчүлөрү жана айдоочулар үчүн коопсуздук курларын жана кармоочу системаны расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 16-04 эрежелери |
12 | Орундардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдиги | M1, N1 | "Отургучтарга, алардын бекиткичтерине жана баш жөлөгүчтөргө карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 17-05 эрежелери |
13 | Транспорт каражатын уруксатсыз пайдалануудан коргоо | М, N, L6, L7 | "Автотранспорт каражаттарын уруксатсыз пайдалануудан коргоого карата аларды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 18-02 эрежелери |
14 | Алдынкы туманга каршы фаралар | М, N, L3, L4, L5, L7 | "Механикалык транспорт каражаттары үчүн алдыңкы туманга каршы фараларды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 19-02 эрежелери |
15 | Жакынкы жана алыскы жарык фаралары | М, N, L | "Галоген чыңалуу лампалары (Н4 лампасы) менен пайдаланууга арналган жакынкы жана (же) алыскы жарыктын асимметриялык нурлары менен автомобиль фараларын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 20-03 эрежелери |
16 | Арткы фаралар | М, N, O | "Механикалык транспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин арткы фараларын жана маневр жасоо чырактарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 23-00 эрежелери |
17 | Бүркүп чыгаруу | М, N, L6, L7 | "Төмөнкүлөргө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Көрүнүүчү булгоочу заттарды чыгарууга карата кысуудан от алуу менен кыймылдаткычтарды расмий бекитүү II. Конструкциянын тиби боюнча расмий бекитилген кысуудан от алуучу кыймылдаткычтарды орнотууга карата автотранспорт каражаттарын расмий бекитүү III. Көрүнүүчү булгоочу заттарды чыгарууга карата кысуудан от алуучу кыймылдаткычы менен автотранспорт каражаттарын расмий бекитүү IV. Кысуудан от алуучу кыймылдаткычы менен кубаттуулугун өлчөө" БУУнун № 24-03 эрежелери |
18 | Отургучтардын баш жөлөгүчтөрү | М, N | "Транспорт каражаттарынын отургучтарына орнотулган же орнотулбаган баш жөлөгүчтөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр БУУнун № 25-04 эрежелери |
19 | Габариттен сыртка чыгып калган нерселердин травмалык коопсуздугу | M1, N1 | "Транспорт каражаттарын алардын габаритинен сыртка чыгып калган нерселерге карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун 26-01 эрежелери |
20 | Үн чыгаруучу сигналдык приборлор менен жабдуу | М, N, L3, L4, L5, L6, L7 | "Үн чыгаруучу сигналдык приборлорду жана автотранспорт каражаттарын алардын эскертүүчү үн чыгаруучу сигналдарына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 28-00 эрежелери |
21 | Кабинанын коргоочу касиеттери | N | "Жүк ташуучу транспорт каражатынан кабинасындагы адамдарды коргоого карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 29-01 эрежелери |
22 | Шиналар менен жабдылышы | М, N, О, L6, L7 | "Автомобилдер жана алардын чиркегичтери үчүн шиналарды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 30-02 эрежелери |
23 | Өрт коопсуздугу | M1 | "Өрт чыгуу коркунучун алдын алууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 34-01 эрежелери |
М2, М3, N, О | "Өрт чыгуу коркунучун алдын алууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 34-02 эрежелери | ||
24 | Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашкан транспорт каражаттарына карата жалпы коопсуздук талаптары | М2, М3 | "Чон сыйымдуулуктагы транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 36-03 эрежелери |
25 | Арткы туманга каршы чырактары | М, N, О, L3, L4, L5, L7 | "Механикалык транспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин арткы туманга каршы чырактарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун 38-00 эрежелери |
26 | Ылдамдыкты өлчөө механизмдери | М, N, L3, L4, L5, L7 | "Ылдамдыкты жана одометрди өлчөө механизмине, анын ичинде аларды орнотууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 39-00 эрежелери |
27 | Коопсуз айнектер менен жабдуу | М, N | "Коопсуз айнектерди жана айнек материалдарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 43-00 эрежелери |
28 | Чагылдырып көрсөтүүчү түзүлүштөр менен жабдуу | М, N, L6, L7 | "Кыйыр көрүү түзүлүштөрүн орнотууга карата кыйыр көрүү түзүлүштөрүн жана механикалык транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 46-01 эрежелери |
29 | Жарык берүүчү түзүлүштөр жана жарык сигнализациялары менен жабдуу | М, N, O | "Жарык берүүчү жана жарык сигнализациясын орнотууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 48-02 эрежелери |
30 | Бүркүп чыгаруу | M1 максималдуу массасы 3,5 т жогору, М2, М3, N1, N2, N3 дизелдик кыймылдаткычтары менен | "Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-01 эрежелери (экологиялык класс 0) |
M1 максималдуу массасы 3,5 т жогору, М2, М3, N1, N2, N3 газ жана дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-02 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 1) | ||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-02 эрежелери (чыгаруулардын деңгээли В, экологиялык класс 2) | |||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-04 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 3) | |||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-05 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээли В1, борттук диагностикага, бышыктыгы жана эксплуатациялык жарактуулугу, NOx - контролдоого карата талаптардын деңгээли "С", экологиялык класс 4) | |||
"Булгоочу газ түрүндөгү заттарды жана катуу бөлүкчөлөрдү кысуудан от алуучу кыймылдаткычтардан жана транспорт каражаттарында колдонууга арналган мажбурлап күйгүзүүчү кыймылдаткычтардан бүркүп чыгарууну чектөө боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 49-05 эрежелери (бүркүп чыгаруулардын деңгээлдери В2, С, борттук диагностикага, бышыктыгы, NOx контролдоого карата талаптардын деңгээли - "G", "К", экологиялык класс 5) | |||
31 | Тышкы үн | М, N | "Төрттөн кем эмес дөңгөлөктүү автотранспорт каражаттарын алардан чыккан үнгө карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 51-01 эрежелери |
32 | Сыйымдуулугу 22 жүргүнчүдөн ашпаган транспорт каражаттарына карата жалпы коопсуздук талаптары | М2, М3 | "М2 жана М3 категорияларындагы аз орундуу транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 52-01 эрежелери |
33 | Шиналар менен жабдуу | М, N, O | "Жүк ташуучу унаалар жана алардын чиркегичтери үчүн шиналарды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 54-00 эрежелери |
34 | Чиркелүүчү түзүлүштөр менен жабдуу | М, N, О | "Транспорт каражаттарынын курамынын чиркелүүчү түзүлүштөрүнүн механикалык деталдарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 55-01 эрежелери |
35 | Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын арткы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3, O3, O4 | "Төмөнкүлөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Арткы коргоочу түзүлүштөрдү II. Транспорт каражаттарын расмий бекитилген типтеги арткы коргоочу түзүлүштөрдү орнотууга карата III. Транспорт каражаттарын алардын арткы коргонуусуна карата" БУУнун № 58-02 эрежелери |
36 | Сырткы чыгып тургандардын травмалык коопсуздугу | N | "Жүк ташуучу унааларды айдоочунун кабинасынын арткы панелинин алдында жайгашкан сырткы чыгып тургандарга карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 61-00 эрежелерин |
37 | Атайын эскертүүчү чырактар | М, N, L | "Механикалык транспорт каражаттарына жана алардын чиркегичтерине орнотулуучу атайын эскертүүчү чырактарды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 65-00 эрежелери |
38 | Кузовдун конструкциясынын үстүнкү бөлүгүнүн бекемдиги | М2, М3 (В, II, III класстар) | "Конструкциясынын үстүнкү бөлүгүнүн бекемдигине карата ири көлөмдүү жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 66-02 эрежелери |
39 | Суюлтулган мунай газында транспорт каражаттары жана кубаттандыруу системалары | М, N | "Төмөнкүлөргө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычтары суюлтулган мунай газында иштеген М жана N категорияларындагы транспорт каражаттарынын атайын жабдууну расмий бекитүү II. Суюлтулган мунай газын отун катары пайдалануу үчүн атайын жабдуулар менен жабдылган, мындай жабдууларды орнотууга карата М жана N категорияларындагы транспорт каражаттарын расмий бекитүү жөнүндө" БУУнун № 67-01 эрежелери |
40 | Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын капталындагы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3, O3, O4 | "Жүк ташуучу транспорт каражаттарын капталындагы коргоого карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 73-00 эрежелери |
41 | Токтотуу чырактары | М, N | "Механикалык транспорт каражаттарынын токтотуу чырактарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 77-00 эрежелери |
42 | Рулду башкаруу | М, N, O | "Рулду башкаруу механизмдерине карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 79-01 эрежелери |
43 | Орундардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдиги | М2, М3 | "Чоң жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарынын отургучтарын расмий бекитүүгө жана отургучтардын жана алардын бекиткичтеринин бекемдигине карата бул унааларды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 80-01 эрежелери |
44 | Бүркүп чыгаруу | M1, М2 максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпайт, N1 бензин кыймылдаткычтары менен | "Кыймылдаткычтар үчүн зарыл болгон отунга жараша булгоочу заттарды чыгарууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 83-02 эрежелери (чыгаруулардын деңгээли А, экологиялык класс 0) |
M1, М2 максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпайт, N1 бензин жана дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Кыймылдаткычтар үчүн зарыл болгон отунга жараша булгоочу заттарды чыгарууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 83-02 эрежелери (чыгаруулардын деңгээли В, тиешелүү түрдө экологиялык класс 1) | ||
M1, М2 максималдуу массасы 3,5 тоннадан ашпайт, N1 учкундуу (бензин, газ) жана дизелдик кыймылдаткычтары менен | "Кыймылдаткычтар үчүн зарыл болгон отунга жараша булгоочу заттарды чыгарууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 83-04 эрежелери (чыгаруулардын деңгээли В, С, D, тиешелүү түрдө экологиялык класс 2) | ||
M1, М2, N1, N2 (БУУнун № 83 эрежелерин колдонуу чөйрөсүнө ылайык) бензин, газ жана дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Кыймылдаткычтар үчүн зарыл болгон отунга жараша булгоочу заттарды чыгарууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 83-05 эрежелери (эмиссиянын деңгээли А, экологиялык класс 3) | ||
M1, М2, N1, N2 (БУУнун № 83 эрежелерин колдонуу чөйрөсүнө ылайык) мажбурлап от алдыруучу жана дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Кыймылдаткычтар үчүн зарыл болгон отунга жараша булгоочу заттарды чыгарууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 83-05 эрежелери (чыгаруунун деңгээли В, экологиялык класс 4) | ||
M1, М2, N1, N2 (БУУнун № 83-06 эрежелерин колдонуу чөйрөсүнө ылайык) мажбурлап от алдыруучу кыймылдаткычтар менен | "Кыймылдаткычтар үчүн зарыл болгон отунга жараша булгоочу заттарды чыгарууга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 83-06 эрежелери (экологиялык класс 5) | ||
45 | Максималдуу ылдамдыкты чектөөчү түзүлүштөр менен жабдуу | М, N | "Төмөнкүлөрдү расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Транспорт каражаттарын максималдуу ылдамдыкты чектөөгө же ылдамдыкты чектөөнүн жөнгө салынуучу функциясына карата II. Транспорт каражаттарын ылдамдыкты чектөөчү түзүлүштөрдү (ЫЧТ) же расмий бекитилген типтеги ылдамдыкты чектөөнүн жөнгө салынуучу түзүлүшүн (ЫЧЖСТ) орнотууга карата III. Ылдамдыкты чектөөчү түзүлүштөргө (ЫЧТ) жана ылдамдыкты чектөөнүн жөнгө салынуучу түзүлүшүнө карата (ЫЧЖСТ)" БУУнун № 89-00 эрежелери |
46 | Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын алдынкы коргоочу түзүлүштөр менен жабдуу | N2, N3 | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Алдыңкы жылышууга каршы коргоочу түзүлүштөрдүн (АЖККТ) II. Расмий бекитилген типтеги АЖККТ орнотууга карата транспорт каражаттарын III. Транспорт каражаттарын алардын астмага каршы алдыңкы коргонуусуна (АКАК) карата" БУУнун № 93-00 эрежелери |
47 | Бүркүп чыгаруу | M1 максималдуу массасы 3,5 т ашат, М2, М3, N1, N2, N3 жогорку ылдамдыктагы дизелдик кыймылдаткычтар менен | "Бул кыймылдаткычтардын булгоочу заттарды чыгаруусуна карата айыл чарба жана токой тракторлоруна жана жол тандабас техникаларга орнотуу үчүн кысуудан күйүүчү кыймылдаткычтарды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 96-01 эрежелери (экологиялык класс 3) |
M1G, M2G максималдуу массасы 3,5 т жогору, M3G, N1G, N2G, N3G бардык дөңгөлөктүү, анын ичинде октордун бири ажыратылма, дизелдик кыймылдаткычтары бар | "Бул кыймылдаткычтардын булгоочу заттарды бүркүп чыгаруусуна карата айыл чарба жана токой тракторлоруна жана жол тандабас техникаларга орнотуу үчүн кысуу күйүүчү кыймылдаткычтарды расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 96-02 эрежелери (экологиялык класс 4) | ||
48 | Жакынкы жана алыскы жарык фаралары | М, N, L3 | "Газ разряддуу жарык булактары менен механикалык транспорт каражаттарынын фараларын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 98-00 эрежелери |
49 | Электр менен иштеген транспорт каражатынын коопсуздугу | М, N | "Электр кыймылдаткычтарына карата конкреттүү талаптарга карата транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун 100-00 эрежелери |
50 | Жарык чагылдыруучу маркировка | N2, N3, O3, O4 | "М, N и O категориясындагы транспорт каражаттары үчүн чагылдыруучу маркалоону расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 104-00 эрежелери |
51 | Жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттарына коопсуздуктун жалпы талаптары | М2, М3 | "М2 жана М3 категорияларындагы транспорт каражаттарын алардын жалпы конструкциясына карата расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 107-01 эрежелери |
52 | Компримацияланган жана суюлтулган жаратылыш газындагы транспорт каражаттары жана азыктандыруу системалары | М, N | "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычтары компримацияланган жаратылыш газы (КЖГ) менен иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтери II. Алардын кыймылдаткычтарында компримацияланган жаратылыш газын (КЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуулардын элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттарынын" БУУнун № 110-00 эрежелери "Расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр: I. Кыймылдаткычы компримацияланган жаратылыш газында (КЖГ) жана (же) суюлтулган жаратылыш газында (СЖГ) иштеген механикалык транспорт каражаттарынын атайын жабдууларынын элементтери II. Кыймылдаткычында компримацияланган жаратылыш газын (КЖГ) жана (же) суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) пайдалануу үчүн расмий бекитилген типтеги атайын жабдуулардын элементтерин орнотууга карата транспорт каражаттары" БУУнун 110-01 эрежелери |
53 | Жакынкы жана алыскы жарык фаралары | М, N | "Асимметриялуу жакынкы же алыскы жарык нурларды же болбосо эки нурду чыгаруучу жана чыңалуу лампалары жана (же) СИД модулдары менен жабдылган автомобиль фараларын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 112-00 эрежелери |
54 | Уруксатсыз колдонуудан коргоо | M1, N1 | "Автотранспорт каражаттарын уруксатсыз пайдалануудан коргоого тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун 116-00 эрежелери |
55 | Интерьердин өрткө каршы касиеттери | М3 (II жана III класстар) | "Белгилүү категориядагы механикалык транспорт каражаттарынын конструкциясында колдонулуучу материалдардын күйүү мүнөздөмөлөрүнө жана (же) бензинден же майдан коргоочу касиеттерине тиешелүү бирдиктүү техникалык көрсөтмөлөр" БУУнун № 118-00 эрежелери |
56 | Бурчтук жарыктар | М, N, O | "Механикалык транспорт каражаттарынын каптал чырактарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 119-00 эрежелери |
57 | Суутек менен иштеген транспорт каражаттары жана азыктандыруу системалары | М, N | "Суутек менен иштеген транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнө карата механикалык транспорт каражаттарын жана алардын жабдууларын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр" БУУнун № 134-00 эрежелери |
58 | Ички ызы-чуу | М, N | МАМСТ 27435-87 "Автотранспорттун ички ызы-чуусу. Алгылыктуу өлчөө деңгээлдери жана методдору" |
МАМСТ Р 51616-2000 "Авто транспорт каражаттары. Ички ызы-чуу. Алгылыктуу деңгээлдер жана Сыноо методдору" | |||
МАМСТ 33555-2015 "Авто транспорт каражаттары. Ички ызы-чуу. Алгылыктуу деңгээлдер жана Сыноо методдору" | |||
59 | Желдетүү жана жылытуу | М, N | МАМСТ Р 50993-96 "Авто транспорт каражаттары. Жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө системалары. Натыйжалуулук жана коопсуздук талаптары" |
МАМСТ 30593-2015 "Авто транспорт каражаттары. Жылытуу, желдетүү жана кондиционерлөө тутумдары. Натыйжалуулук жана коопсуздук талаптары" | |||
60 | Транспорт каражатынын ичиндеги абадагы зыяндуу (булгоочу) заттардын болушу | М, N | МАМСТ 1005-88 "Эмгек коопсуздугунун стандарттар системасы. Жумушчу зонанын абасына карата жалпы санитардык-гигиеналык талаптар" |
МАМСТ Р 51206-2004 "Авто транспорт каражаттары. Жүргүнчүлөр бөлмөсүнүн жана кабинанын абасындагы булгоочу заттардын болушу. Сыноо ченемдери жана ыкмалары" "Механикалык транспорт каражаттарынын каптал чырактарын расмий бекитүүгө байланыштуу бирдиктүү эскертүүлөр" | |||
МАМСТ 33554-2015 "Авто транспорт каражаттары. Айдоочу кабинасынын жана жүргүнчүлөр бөлмөсүнүн абасындагы булгоочу заттардын болушу. Техникалык талаптар жана Сыноо методдору" | |||
61 | Башкаруучулук жана туруктуулук | М, N, O | МАМСТ Р 52302-2004 "Авто транспорт каражаттары. Иштетүү жана туруктуулук. Техникалык талаптар. Сыноо методдору" |
МАМСТ 31507-2012 "Авто транспорт каражаттары. Иштетүү жана туруктуулук. Техникалык талаптар. Сыноо методдору" | |||
62 | Айдоочунун отургучунан көрүнүш | М, N | МАМСТ Р 51266-99 "Авто транспорт каражаттары. Айдоочунун отургучунан көрүнүш. Техникалык талаптар. Сыноо методдору" |
"Алдынкы айдоочунун көрүү талаасына карата механикалык транспорт каражаттарын расмий бекитүүгө тиешелүү бирдей мандаттар" БУУнун № 125-00 эрежелери | |||
63 | Майыптарды ташуу үчүн автобустар | М2, М3 | МАМСТ Р 50844-95 "Майыптарды ташуу үчүн автобустар. Жалпы техникалык талаптар" |
64 | Балдарды ташуу үчүн автобустар | М2, М3 | МАМСТ Р 51160-98 "Балдарды ташуу үчүн автобустар. Техникалык талаптар" |
МАМСТ 33552-2015 "Балдарды ташуу үчүн автобустар. Техникалык талаптар жана сыноо методдору" | |||
65 | Бүркүп чыгаруулар | M1максималдуу массасы 3,5 т жогору, М2, М3, N2, N3 бензин кыймылдаткычтары менен | СО - 85 г/кВт•с, CmHn - 5 г/кВт•с, NOx - 17 г/кВт•с (9-режимдик сыноо цикли, экологиялык класс 0) |
СО - 72 г/кВт•с, CmHn - 4 г/кВт•с, NOx - 14 г/кВт•с (9-режимдик сыноо цикли, экологиялык класс 1) | |||
СО - 55 г/кВт•с, CmHn - 2,4г/кВт•с, NOx - 10 г/кВт•с (БУУнун № 49-03 эрежелери боюнча сыноолордо, ESC сыноо цикли, экологиялык класс 2) | |||
СО - 20 г/кВт•с, CmHn - 1,1 г/кВт•с, NOx - 7 г/кВт•с (БУУнун № 49-03 эрежелери боюнча сыноолордо, ESC сыноо цикли, экологиялык класс 3) | |||
CO - 4 г/кВт•с, CmHn - 0,55г/кВт•с, NOx - 2 г/кВт•с (БУУнун № 49-03 эрежелери боюнча сыноолордо, ETC сыноо цикли, экологиялык класс 4) | |||
66 | Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшү менен жабдуу | N3 экологиялык класс 3 жана жогору, М1, М2, М3, N1, N2 | Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүнүн (мындан ары ушул пунктта - түзүлүш) иштөө жөндөмдүүлүгү айланадагы абанын температурасы -40тан +85°С ге чейин камсыздалат. Резервдик батарея үчүн (бар болсо) минималдуу иштөө температурасы -20°С жогору эмес; түзүлүштүн жана анын транспорт каражатына орнотулушунун иштөө жөндөмдүүлүгү БУУнун № 17 эрежелеринин 9-тиркемесине кошулганга ылайык динамикалык сыноолорду жүргүзүүдө пайда болгон жүктөмдөрдө сакталат; түзүлүштө GSM 900 жана 1800 стандарттарынын көчмө радиотелефон байланыш тармактарында, ошондой эле UMTS 900 жана 2000 стандарттарынын көчмө радиотелефон байланыш тармактарында иштөө үчүн абоненттин жеке идентификациялык картасы бар; түзүлүш төмөнкүлөрдү камсыз кылат: шашылыш чакыруу баскычын баскандан кийин транспорт каражатынын учурдагы жайгашкан жери, багыты жана ылдамдыгы жөнүндө билдирүүнү берүү; көчмө радиотелефон байланыш тармактары аркылуу шашылыш ыкчам кызматтар менен эки тараптуу катуу үн байланышы; координаттык октор боюнча 15 метрден ашпаган ката чеги менен 0,95 ишеним ыктымалдуулугу менен жайгашкан жерди аныктоо; шашылыш ыкчам кызматтардын оператору менен катуу байланыш режиминде эки тараптуу дуплекстүү добуштук туташтырууну орнотуу; UMTS 900 жана 2000, GSM 900 жана 1800 стандарттарынын көчмө радиотелефон байланыш тармактарында иштеген тоналдык модемди колдонуу менен транспорт каражаты жөнүндө билдирүүнү берүү; GSM 900 жана 1800, UMTS 900 жана 2000 стандарттарынын көчмө радиотелефон байланыш тармактарында шашылыш чакыруунун артыкчылыгынын милдеттүү белгилери; тоналдык модемдин түзүлүшү менен колдоо жок болгон учурда маалыматты берүү кыска тексттик билдирүүлөрдү (мындан ары - CMC) колдонуу аркылуу ишке ашырылат; GSM 900 жана 1800, UMTS 900 жана 2000 орнотулган үн байланышы аркылуу иштеген тоналдык модемди колдонуу менен жана көчмө радиотелефон байланыш тармактарында СМСтерди колдонуу аркылуу маалыматты кайра берүү мүмкүнчүлүгү; шашылыш чакыруу аяктагандан кийин CMC түрүндө келип түшкөн кайталап шашылыш чалууну ишке ашырууга команданы кабыл алуу жана ыңгайлаштырылган убакыт аралыгында кайталап шашылыш чалууну ишке ашыруу; GSM 900 жана 1800, UMTS 900 жана 2000 стандарттарынын көчмө радиотелефон байланыш тармактарын пайдалануу аркылуу маалыматты берүү мүмкүн болбогондо, атайын байланыш каражаттарын кошпогондо, добуштук туташтыруу мезгилинде транспорт каражатында үндү кайра чыгаруунун башка каражаттарын шашылыш чакырууну жүзөгө ашырууда өчүрүү; берилбеген маалыматты энергияга көз карандысыз эс тутумда сактоо жана мындай мүмкүнчүлүктү калыбына келтирүүдө аны берүү; шашылыш чалуу аяктагандан кийин кеминде 20 мүнөттүн ичинде кирүүчү телефон чалууларын автоматтык түрдө кабыл алуу; бардык каралган режимдерде түзүлүштүн иштешин камсыз кылуучу транспорт каражатынын борттук электр тармагына кошулуу, ошондой эле кубаттуулуктун резервдик батареясын кубаттоо (бар болсо) борттогу электр тармагынан кубат жок болгон учурда, кайра чалууну күтүү режиминде резервдик батареяны 60 мүнөттөн кем эмес жана андан ары үн байланыш режиминде 10 мүнөттөн кем эмес колдонуу аркылуу батареянын иштөө мүмкүнчүлүгү. Резервдик батареянын иштөө мөөнөтү кеминде үч жыл; түзүлүштүн абалынын оптикалык индикатору же приборлор кластериндеги тиешелүү билдирүү аркылуу анын иштешин кол режиминде текшерүү жана анын бузулганын билдирүү мүмкүнчүлүгү; GSM 900 жана 1800, UMTS 900 жана 2000 стандартындагы көчмө радиотелефон байланыш тармактарын колдонуу аркылуу түзүлүштү тестирлөөнүн натыйжаларын берүү мүмкүнчүлүгү; түзүлүштүн антенналарын орнотуу транспорт каражатынын иштөө абалында экиден кем эмес иштеп жаткан глобалдык навигациялык спутник системасынын сигналдарын туруктуу кабыл алууну жана транспорт каражатынын каалаган абалында GSM 900 жана 1800, ошондой эле UMTS 900 жана 2000 стандарттардын сигналдарын кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылган көчмө радиотелефон байланыш тармактары боюнча туруктуу байланышты камсыз кылат; шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу баскычы айдоочунун жана алдыда отурган эркек жүргүнчүгө мүнөздүү 50 перцентилдик деңгээлдеги көзгө көрүнгөн жерге орнотулушу керек (эгерде транспорт каражатынын конструкциясы айдоочунун отургучунун жанында отурган жүргүнчүнү караса) жана алардын коопсуздук курун ажыратпастан чакыруу баскычына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат; шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу баскычы механикалык ыкма менен байкабай басуудан коргоого ээ болушу керек; шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу баскычы арткы жарык менен камсыз болушу керек; түзүлүштүн абалынын туруктуу (жаркылдаган) жаркыраган кызыл түстөгү, анын ичинде сутканын жарык убагында көрүнүүчү оптикалык индикатору айдоочунун жана алдыда отурган жүргүнчүнүн отургучунан түз көрүү аймагына жайгаштырылат; түзүлүштүн абалынын оптикалык индикатору төмөнкүдөй иштетилет: от алдыруу күйгүзгүчүн (от алдыруу которгучун) "күйгүзүү" абалына (жумушчу абалы) которууда транспорт каражатынын электр жабдууларына электр энергиясын берүүдө кыска убакытка (3төн 10 секундага чейин); системада транспорт каражаты, анын учурдагы жайгашкан жери, шашылыш чакыруу кнопкасын баскандан кийин кыймылынын багыты жана ылдамдыгы жөнүндө билдирүүнү берүү боюнча талаптарды жана (же) көчмө радио байланыш тармактары аркылуу шашылыш ыкчам кызматтар менен эки тараптуу катуу үн байланышын камсыз кылуу боюнча талаптарды аткарууга мүмкүндүк бербеген бузулуулар пайда болгондо (болгондо). Түзүлүштүн абалынын оптикалык индикатору от алдыруу которгучу (старт которгучу) "күйгүзүү" абалында (иштөө абалында) болгон учурда бузулуу болгон бардык убакыт бою күйүп турат; шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу баскычы жана түзүлүштүн абалынын оптикалык индикатору аларды идентификациялоочу символдорго ээ болушу керек. Түзүлүштүн абалынын оптикалык индикатору шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу баскычы менен конструктивдүү айкалыштырылышы мүмкүн; түзүлүштү сыноо МАМСТ 33468-2015 "Глобалдык навигациялык спутник системасы. Кырсыктарга өзгөчө жооп берүү системасы. Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүнүн (тутумунун) транспорт каражатынын кабинасындагы катуу сүйлөмө байланыштын сапатына карата талаптарга шайкештигин сыноо методдору" 12-пунктчасына, МАМСТ 33471-2015 "Глобалдык навигациялык спутник системасы. Кырсыктарга өзгөчө жооп берүү системасы. Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүнүн (тутумунун) навигациялык модулун сыноо методдору" 1-пунктчасына, МАМСТ 33470-2015 "Глобалдык навигациялык спутник системасы. Кырсыктарга өзгөчө жооп берүү системасы. Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүнүн (тутумунун) зымсыз байланыш модулдарын сыноо методдору" (бир үлгүдө) 6 жана 7-пункттарына, МАМСТ 33467-2015 "Глобалдык навигациялык спутник системасы. Кырсыктарга өзгөчө жооп берүү системасы. Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүн (системасын) жана маалыматтарды берүү протоколдорун функционалдык тестирлөө методдору" (бир үлгүдө кол режиминде гана) 2-7-пунктчаларына ылайык жүргүзүлөт; түзүлүштү орнотууга карата транспорт каражатын сыноо МАМСТ 33469-2015 "Глобалдык навигациялык спутник системасы. Кырсыктарга өзгөчө жооп берүү системасы. Шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүнүн (системасынын) авария учурун аныктоо боюнча талаптарга шайкештигин сыноо методдору" 8-пунктуна(1 жана 2-пунктчалардан тышкары) ылайык жүргүзүлөт. Ушул пункт менен текшерүү үчүн сыноо методдору белгиленбеген талаптарга карата текшерүү жүргүзүлбөйт |
67 | Мамлекеттик каттоо белгилерин орнотуу | М, N, O | Техникалык регламенттин 7-тиркемесинин 4-пункту |
68 | Транспорт каражаттары. Маркалоо | М, N, O | МАМСТ Р 51980-2002 "Транспорт каражаттары. Маркалоо. Жалпы техникалык талаптар" |
МАМСТ Р 33990-2016 "Транспорт каражаттары. Маркалоо. Техникалык талаптар" |
Эскертүү:
1. Транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоодо техникалык талаптар (мындан ары - талаптар) колдонуу чөйрөсүнө ылайык жана БУУнун эрежелеринде белгиленген өткөөл жоболорду эске алуу менен колдонулат.
2. Талаптар коюлганда Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде келтирилген эскертүүлөр колдонулат.
3. Кыйла жогорку деңгээлдеги талаптарды альтернативдүү колдонууга уруксат берилет.
4. Тышкы жана ички ызы-чууга карата сыноолорду жүргүзүүдө сыноо аянтчасына талаптар эске алынбайт.
5. Эгерде талаптар боюнча далилдөөчү материал катары БУУнун эрежелери боюнча транспорт каражатынын тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүү берилсе, анда БУУнун ушул эрежелерине ылайык келген жана транспорт каражатынын тибин расмий бекитүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн компоненттердин айрым типтерине карата расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрүн берүү милдеттүү эмес.
6. Жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууну жүзөгө ашыруучу М2 жана М3 категориядагы, жүктөрдү коммерциялык ташууну жүзөгө ашыруучу N2 жана N3 категориядагы жүгүртүүгө чыгарылган транспорт каражаттарынын конструкциясы айдоочулардын кыймыл, эмгек жана эс алуу режимдерин сактоосун контролдоонун техникалык каражаттары (тахографтар) менен жабдуу мүмкүнчүлүгүн караштырышы керек.
7. Транспорт каражаттарын Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келген шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшү менен жабдууга жол берилет.
Транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарууда жана сатууда шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшү менен жабдууга жол берилет.
8. Транспорт каражаттарын антиблокировкалоочу тормоз системасы менен жабдыбай коюуга жол берилет.
9. Катализатордук нейтрализаторду орнотуу, эгерде транспорт каражатынын конструкциясында анын болушу каралган болсо, милдеттүү болуп саналат.
10. От алдыруу күйгүзгүчүн (от алдыруу которгучун) "күйгүзүү" абалына (жумушчу абалы) которууда транспорт каражатынын электр жабдууларына электр энергиясын берген сайын оптикалык индикатордун оң абалда экендигин тастыктоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган учурда, башка оптикалык индикаторду колдонуу, ошондой эле от алдыруу күйгүзгүчү (от алдыруу которгучу) "күйгүзүү" абалында (жумушчу абалы) турган кезде иштен чыккан бүткүл убакыттын ичинде сакталып туруучу бул түзүлүштүн иштен чыккандыгы жөнүндө тексттик билдирүүнү приборлор комбинациясына чыгаруу аркылуу ушул тиркеменин 67-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берүүчү шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшүнүн курамында оптикалык индикаторду орнотпоого жол берилет.
11. Атайын жана адистештирилген транспорт каражаттарына карата Техникалык регламенттин 6-тиркемесинин талаптарынын аткарылышы кошумча бааланат.
12. Бензин кыймылдаткычтары менен транспорт каражаттарына карата "Евро - 0дөн" "Евро - 5ке" чейинки экологиялык класстагы автомобилдерди эксплуатациялоого жол берилет.
13. Тизмекте көрсөтүлгөн пункттар алар транспорт каражатында орнотулган учурда колдонулат.
|
| Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө КОРУТУНДУ № _______________________________
Колдонуу мөөнөтү ____________________ тартып ___________________ Сертификациялоо боюнча орган _________________________________ (толук жана кыскартылган аталышы, дареги, номери ____________________________________________________________ аккредитациялоо аттестатынын колдонуу мөөнөтү бүткөн күн)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
МАРКАСЫ |
|
КОММЕРЦИЯЛЫК АТАЛЫШЫ |
|
ТИБИ |
|
БАЗАЛЫК ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ (ШАССИ) | (башка даярдоочунун базалык транспорт каражатын (шасси) колдонууда гана) |
МОДИФИКАЦИЯСЫ |
|
КАТЕГОРИЯСЫ |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
АРЫЗ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ДАЯРДООЧУ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
Транспорт каражаты Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде белгиленген техникалык талаптарга ылайык келет.
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундунун колдонулушу сериялуу чыгарылган продукцияга (транспорт каражаттарынын партиясына) идентификациялык номери (VIN) менен _________ даана ________ боюнча _________ тартып жайылтылат.
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутунду төмөнкүлөрсүз жараксыз:
1-тиркеме: "Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрү";
2-тиркеме: "Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин тизмеги";
3-тиркеме: "Транспорт каражатынын маркалоону баяндоо";
4-тиркеме: "Транспорт каражатынын жалпы түрү" (______ баракта).
Кошумча маалымат ________________________________________________________________________
(зарыл болгон учурда жазылат)
_________________________________________________________________________________________
(жалпы пайдалануудагы жолдор боюнча транспорт каражатынын жүрүүсү үчүн атайын уруксатты тариздөөнүн милдеттүүлүгү жөнүндө, коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү ташуу жана башкалар үчүн жалпы пайдалануудагы жолдорду колдонуу мүмкүндүгүнө чектөөлөр көрсөтүлөт)
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
____________________________ |
| _____________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутунду бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору (анын орун басары) |
|
|
____________________________ |
| ____________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
|
| Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуга 1-тиркеме |
Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрү
Огунун/дөңгөлөктөрүнүн саны (О категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана) _________________ Дөңгөлөк формуласы/тартуучу дөңгөлөктөр (О категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо) ___________________________________________________________________________________________ Транспорт каражатынын компоновкалоо схемасы (О категориясындагы транспорт каражаттарын кошпогондо) ___________________________________________________________________________________________ Кыймылдаткычтын жайгашуусу ________________________________________________________________ Кузовунун тиби/эшиктеринин саны (М категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана) ___________________________________________________________________________________________ Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N жана О категорияларындагы транспорт каражаты үчүн гана) ___________________________________________________________________________________________ Багыты (атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары үчүн гана) ___________________________________________________________________________________________ Отуруу үчүн орундардын саны (М категориясындагы транспорт каражаттары, M1 категориясындагы - катар менен бөлүштүрүлгөн транспорт каражаттары үчүн гана) ___________________________________________________________________________________________ Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу (М2 жана М3 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн гана) ___________________________________________________________________________________________ Жүк салуу бөлүктөрүнүн жалпы көлөмү (М3 категориясындагы III класстагы транспорт каражаттары үчүн гана) ___________________________________________________________________________________________ Кабина (N категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана) ____________________________________ Габариттик өлчөмдөрү, мм: узундугу ___________________________________________________________________________________ туурасы ___________________________________________________________________________________ бийиктиги (контейнер ташуучулар үчүн - жүгү, максималдуу жол берилген) ___________________________ База, мм ___________________________________________________________________________________ Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм ____________________________________________________ Жүгү бap абалындагы транспорт каражатынын массасы, кг _________________________________________ Транспорт каражатынын техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы, кг ___________________ Транспорт каражатынын алдынкы огунан баштап ар бир огуна туура келген техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы, кг _____________________________________________________________________ Автопоезддин техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы (N категориясындагы транспорт каражаттары үчүн гана), кг ____________________________________________________________________ Чиркегичтин максималдуу массасы, кг: __________________________________________________________ тормоз системасы жок чиркегич ________________________________________________________________ тормоз системасы менен чиркегич _____________________________________________________________ Таяныч-чиркөөчү түзүлүшкө техникалык жактан жол берилген максималдуу жүк, кг _____________________ Гибриддик транспорт каражатынын баяндалышы: _________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________ тышкы булактан кубаттоо каралган же берилген эмес; каралган иштөө режимдери (саноо керек): ичинен күйүүчү кыймылдаткыч гана, электр кыймылдаткыч гана, бириктирилген (бул иштөө режиминин кыскача баяндалышы) |
|
Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч (марка, тип): - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу - цилиндрлердин иштөө көлөмү, см3 - кысуу даражасы - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1) - максималдуу айланган учуру, Нм (мин-1) Отун | (Өлчөө ыкмасын көрсөтүү керек) |
Кубаттандыруу системасы Карбюратор (тип, маркировка) Башкаруу блогу (маркировка) Жогорку басымдагы отун насосу (тип, маркировка) Форсункалар (тип, маркировка) Аба жылытуучу (тип, маркировка) Аба фильтри (тип, маркировка) Иштөөчү үндү басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч 3-баскыч |
|
От алдыруу системасы (тип) Бөлүштүргүч (маркировка) Коммутатор (маркировка) От алуу катушкасы (модуль) (маркировка) Свечалар (маркировка) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана нейтралдаштыруу системасы Нейтралдаштыруу (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч 3-баскыч Катуу бөлүктөрдүн фильтри |
|
Электромобилдин электр кыймылдаткычы (марка, тип) | (Туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондук, фазалардын саны) |
Иштөө чыңалуусу, В Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт | |
Энергия топтоо түзүлүшү | (Электромобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн гана) (батарея, конденсатор, маховик/генератор) |
Батарея (марка, тип) Электрохимиялык жуп Элементтердин саны Масса, кг Иштөө чыңалуусу, В Сыйымдуулук, А•ч Жайгашуусу Конденсатор (марка, тип) Энергиянын сыйымдуулугу, Дж Маховик/генератор (марка, тип) | |
Трансмиссия | (Трансмиссия тиби жана схемасынын баяндалышы) |
Электрмашина (марка, тип) | (ар бир электр машинаны баяндоо: негизги функция (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондук, фазалардын саны) |
Иштөө чыңалуусу, В Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулук, кВт Сцепление (марка, тип) Ылдамдык которуу коробкасы (марка, тип), баскычтардын саны, которуу саны Бөлүштүрүү коробкасы (тип), баскычтардын саны, которуу саны |
|
Башкы баскыч (тип), баскычтардын саны, которуу саны |
|
Асмалар: - алдынкы (сүрөттөлүшү) - арткы (сүрөттөлүшү) |
|
Рулдук башкаруу (сүрөттөлүшү) - Рулдук механизм (тип) |
|
Тормоз системы: - негизги (сүрөттөлүшү) - запастык (сүрөттөлүшү) - токтоп туруучу (сүрөттөлүшү) - көмөкчү (чыдамдуулугу) (сүрөттөлүшү) |
|
Шиналар: - өлчөмүн белгилөө - максималдуу жол берилген жүк көтөрүмдүүлүк индекси - ылдамдык категориясынын белгиси |
|
Транспорт каражатын жабдуу | Кондиционер, эшиктердин кулпуларын электр блокировкалоо, радио жабдуу, антенна, шашылыш оперативдик кызматтарды чакыруу түзүлүшү (системасы) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору (анын орун басары) |
|
|
___________________________________ |
| _________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
Эскертүү. Компоненттерди маркалоо жөнүндө маалыматтар эгерде алар айрым талаптар боюнча далил материалдарында камтылбаса, бул тиркемеде көрсөтүлбөшү мүмкүн.
|
| Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуга 2-тиркеме |
Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин тизмеги (транспорт каражатынын тибин жактыруу)
Коопсуздук талаптары белгиленген техникалык жөнгө салуу объекттеринин элементтери | Шайкештигин ырастоочу документтин аталышы жана пайда болушу | Документтин датасы жана номери(*) |
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
________________________________ |
| __________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
Эскертүүлөр:
БУУнун № 30 жана 54 эрежелери үчүн бул тизмекте төмөнкүдөй эскертүү берилет: "Өлчөмдүүлүк критерийлерине, минималдуу жол берилген жүк көтөрүмдүүлүк индексине жана минималдуу ылдамдык категориясына туура келген жана шайкештикти ырастоочу башка документтери бар шиналарды орнотууга жол берилет (шиналарда БУУнун № 30 же 54 эрежелери боюнча маркалоолор бар болсо жана ыйгарым укуктуу уюмга аталган маркалоо жөнүндө маалымат берилген шартта)". Көрсөтүлгөн жазуу орнотула турган шиналардын түрүнө жараша оңдолушу мүмкүн.
Эгерде коопсуздук курларын, үн чыгаруучу сигнал приборлорун, айнектерди, арткы күзгүлөрдү, жарык берүүчү жана жарык сигнализация түзүлүштөрүн, ошондой эле чиркелүүчү түзүлүштөрдү орнотууга БУУнун № 16, 28, 43, 46, 48 жана 55 эрежелери боюнча билдирүүлөрдө бул билдирүүлөрдүн номерлерин жана аларды маркалоону көрсөтүү менен аталган компоненттердин тизмеги бар болсо, айрым коопсуздук куру, үн сигнал берүүчү приборлору, айнектер, арткы күзгүлөрдү, жарык берүүчү жана жарык сигнализациясы боюнча типти расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн номерлерин көрсөтпөөгө жол берилет.
_____________________
(*) Колдонуунун чектелген мөөнөтүнө таризделген документтер үчүн колдонуу башталган жана аяктаган дата көрсөтүлөт.
|
| Транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутундуга 3-тиркеме |
Транспорт каражатын маркалоонун сүрөттөлүшү
Даярдоочунун таблицасынын жайгашкан жери _______________________________________________
Идентификациялык номердин жайгашкан жери _______________________________________________
Транспорт каражаттарынын идентификациялык номеринин (номерлеринин) түзүмү жана мазмуну:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
__________________________________ |
| ___________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
|
| Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Формасы
Шасси тибин баалоо жөнүндө КОРУТУНДУ № _________________________________
Колдонуу мөөнөтү _______________ тартып _____________ чейин Сертификациялоо боюнча орган _____________________________ (толук жана кыскартылган аталышы, дареги, ________________________________________________________ аккредитациялоо аттестатынын колдонуу мөөнөтү, номери)
Шасси
МАРКАСЫ |
|
КОММЕРЦИЯЛЫК АТАЛЫШЫ |
|
ТИБИ |
|
МОДИФИКАЦИЯ |
|
КАТЕГОРИЯСЫ |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАССЫ |
|
ДАЯРДОО ВАРИАНТЫ (төмөндө аталгандарды көрсөтүү керек: кабинасы жана кыймылдаткычы бар шасси, рамалуу конструкциядагы автобустар үчүн кузову жок автобус шасси, каркас конструкциядагы автобус кузову жок автобус шасси, атайын кабинасы бар транспорт каражаттарын даярдоо үчүн кабинасы жок жүк ташуучу шасси, жарым-жартылай чогултулган кабинасы бар жүк ташуучу шасси (арткы дубалы жок), автомобиль-үйлөрдү жасоо үчүн кабинанын алдынкы бөлүгү менен шасси, автомобиль-үйлөрдү жасоо үчүн кабинасы жок шассинин алдынкы бөлүгү, чиркегич шасси же башка |
|
АРЫЗ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ДАЯРДООЧУ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
Шасси ушул корутундунун 2-тиркемесине ылайык талаптардын тизмеги боюнча Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде белгиленген техникалык талаптарга ылайык келет.
Шасси тибин баалоо жөнүндө корутундунун колдонулушу сериялык түрдө чыгарылган продукцияга (бүтпөй калган транспорт каражаттарынын (шассинин) партиясына идентификациялык номери (VIN) менен _______ даана) _______ тартып чейин жайылтылат.
Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду төмөнкүлөрсүз жараксыз:
1-тиркеме: "Шассинин жалпы мүнөздөмөлөрү";
2-тиркеме: "Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиз болуп саналган документтердин тизмеги";
3-тиркеме: "Шассини маркалоонун сүрөттөлүшү";
4-тиркеме: "Шассинин жалпы түрү" (______ баракта).
Кошумча маалымат __________________________________________________________________________
(зарыл болгон учурда)
___________________________________________________________________________________________
(жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүсү үчүн өзүнүн жүрүүсүнө тыюу
___________________________________________________________________________________________
салууга чектөөлөр көрсөтүлөт)
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
________________________________ |
| ___________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
Шассинин тибин баалоо жөнүндө корутунду бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору (орун басары) |
|
|
________________________________ |
| ___________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
|
| Шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуга 1-тиркеме |
Шассинин жалпы мүнөздөмөсү
Огунун/дөңгөлөктөрүнүн саны (О категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана) _________________________ Дөңгөлөк формуласы/тартуучу дөңгөлөктөр (О категориясындагы транспорт каражатын кошпогондо) ________________________________________________________________________________________________ Транспорт каражатынын компоновкалоо схемасы (О категориясындагы транспорт каражатын кошпогондо) ________________________________________________________________________________________________ Кыймылдаткычтын жайгашуусу _____________________________________________________________________ Кузовдун тиби/эшиктеринин саны (М жана О категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана) ________________________________________________________________________________________________ Кабина (N категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана) ____________________________________________ Габариттик өлчөмдөрү, мм: узундугу ________________________________________________________________________________________ туурасы ________________________________________________________________________________________ бийиктиги _______________________________________________________________________________________ База, мм ________________________________________________________________________________________ Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм _________________________________________________________ Жүгү бар абалындагы шасси массасы, кг _____________________________________________________________ Транспорт каражатынын техникалык жол берилген максималдуу массасы, кг ________________________________________________________________________________________________ Транспорт каражатынын ар бир огуна туура келген техникалык жол берилген максималдуу массасы, алдынкы огунан баштап, кг ________________________________________________________________________________ Гибриддик транспорт каражатынын сүрөттөлүшү: ______________________________________________________ (тышкы булактан кубаттоо ________________________________________________________________________________________________ каралган же берилген эмес; каралган иштөө режимдери (тизме): ички күйүүчү ________________________________________________________________________________________________ кыймылдаткыч гана,электр кыймылдаткычы гана, айкалыштырылган (бул иштөө режиминин ________________________________________________________________________________________________ кыскача сүрөттөлүшү) |
|
Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч (марка, тип): - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3; - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1); - максималдуу айланган учуру, Н•м (мин-1); Отун | Өлчөө ыкмасын көрсөтүү |
Азыктануу системасы (тип). Карбюратор (тип, маркировка). Башкаруу блогу (маркировка). Жогорку басымдагы отун насосу (тип, маркировка). Форсункалар (тип, маркировка). Аба жылытуучу (тип, маркировка). Аба фильтри (тип, маркировка). Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч 3-баскыч |
|
От алдыруу системасы (тип). Бөлүштүргүч (маркировка). Коммутатор (маркировка). От алуу катушкасы (модуль) (маркировка). Свечалар (маркировка) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана нейтралдаштыруу (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч 3-баскыч Катуу бөлүктөрдүн фильтри |
|
Электр мобилдин электр кыймылдаткычы (марка, тип) | Туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондуу, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В. Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт |
|
Энергия топтоо түзүлүшү. | Электр мобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн гана |
Батарея (марка, тип). Электр химиялык жуп. Элементтердин саны. Масса, кг. Иштөө чыңалуусу, В. Сыйымдуулук, А•ч. Жайгашуусу. Конденсатор (марка, тип). Энергия сыйымдуулугу, Дж. Маховик/генератор (марка, тип) | батарея, конденсатор, маховик/генератор |
Трансмиссия. | Трансмиссия тиби жана схемасынын сүрөттөлүшү |
Электр машина (марка, тип). | ар бир электр машинаны сүрөттөө: негизги функция (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондуу, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В. Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт. Сцепление (марка, тип). Ылдамдык которуу коробкасы (марка, тип), баскычтардын саны жана которуу саны. Бөлүштүрүү коробкасы (тип), баскычтардын саны жана которуу саны. Башкы баскыч (тип), которуу саны |
|
Подвескалар: - алдынкы (сүрөттөлүшү); - арткы (сүрөттөлүшү) |
|
Рулдук башкаруу (сүрөттөлүшү) - Рулдук механизм (тип) |
|
Тормоз системы: - негизги (сүрөттөлүшү) - кошумча (сүрөттөлүшү) - токтоп туруучу (сүрөттөлүшү) - көмөкчү (чыдамдуу) (сүрөттөлүшү) |
|
Шиналар: - өлчөм белгиси; - максималдуу жол берилген жүк көтөрүмдүүлүк индекси - ылдамдык категориясынын белгиси |
|
Шасси жабдуусу | Кондиционер, эшиктердин кулпуларын электр блокировкалоо, радио жабдуулары, антенна, шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшү (системасы) |
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
__________________________________ |
| __________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
Эскертүү. Компоненттерди маркалоо жөнүндө маалыматтар, эгерде алар айрым талаптар боюнча далил материалдарында камтылбаса, анда жалпы техникалык сүрөттөлүшүндө жана ушул тиркемеде көрсөтүлбөшү мүмкүн.
|
| Шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуга 2-тиркеме |
Шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуну тариздөө үчүн негиздеме болуп саналган документтердин тизмеги
Коопсуздук талаптары белгиленген техникалык жөнгө салуу объекттеринин элементтери | Шайкештигин ырастоочу документтин аталышы жана келип чыгышы | Документтин датасы жана номери(*) |
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
__________________________________ |
| ____________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
Эскертүү:
БУУнун № 30 жана 54 эрежелери үчүн бул тизмеде төмөнкүдөй эскертүү берилет: "Өлчөмдүүлүк критерийлерине, минималдуу жол берилген жүк индексине жана минималдуу ылдамдык категориясына туура келген жана шайкештикти тастыктаган башка документтери бар шиналарды орнотууга жол берилет (шиналарда БУУнун № 30 же 54 эрежелери боюнча маркалоолор бар болсо жана аталган маркалоо жөнүндө ыйгарым укуктуу уюмга маалымат берилген шартта)". Көрсөтүлгөн жазуу орнотула турган шиналардын түрүнө жараша оңдолушу мүмкүн.
Эгерде коопсуздук курун, үн сигнал приборлорун, айнектерди, арткы жакты көрсөтүүчү күзгүлөрдү, жарык берүүчү жана жарык сигнализация түзүлүштөрүн орнотууга БУУнун № 16, 28, 43, 46, 48 жана 55 эрежелери боюнча билдирүүлөрдө ушул билдирүүлөрдүн номерлерин жана алардын маркировкаларын көрсөтүү менен аталган компоненттердин тизмеси бар болсо, айрым коопсуздук курлары, үн сигнал приборлору, айнектер, күзгүлөр жана чиркелүүчү түзүлүштөр боюнча типти расмий бекитүү жөнүндө билдирүүлөрдүн номерлерин көрсөтпөөгө жол берилет.
_______________________
(*) Колдонуунун чектелген мөөнөтүнө таризделген документтер үчүн аракеттин башталышынын жана аякташынын датасы көрсөтүлөт.
|
| Шасси тибин баалоо жөнүндө корутундуга 3-тиркеме |
Шассинин маркировкасынын сүрөттөлүшү
Даярдоочунун табличкасынын жайгашуусу ________________________________________________
Идентификациялык номердин жайгашуусу _____________________________________________________
Идентификациялык номердин (шасси номеринин) түзүмү жана мазмуну:
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (анын орун басары) |
|
|
_________________________________ |
| _____________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
|
| Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө КОРУТУНДУ № ________________________________
Аккредиттелген сыноо лабораториясы ______________________________ (толук жана кыскартылган аталышы, ________________________________________________________________ дареги, аккредитациялоо аттестатынын номери, колдонуу мөөнөтү)
ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ
МАРКА |
|
КОММЕРЦИЯЛЫК АТАЛЫШЫ |
|
ТИП |
|
БАЗАЛЫК ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫ (ШАССИ) | Башка даярдоочунун базалык транспорт каражатын (шасси) колдонууда гана |
МОДИФИКАЦИЯ |
|
ИДЕНТИФИКАЦИЯЛЫК НОМЕР (VIN) |
|
ӨНДҮРҮЛГӨН ЖЫЛ |
|
КАТЕГОРИЯ |
|
ЭКОЛОГИЯЛЫК КЛАСС |
|
АРЫЗ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ДАЯРДООЧУ ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
ЧОГУЛТУУЧУ ЗАВОД ЖАНА АНЫН ДАРЕГИ |
|
Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөлөрү
Дөңгөлөк формуласы/тартуучу дөңгөлөктөр ___________________________________________________________ Транспорт каражатынын компоновкалоо схемасы ______________________________________________________ Кыймылдаткычтын жайгашуусу ______________________________________________________________________ Кузовдун тиби/эшиктеринин саны (М категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана) _________________________________________________________________________________________________ Жүктөө мейкиндигин аткаруу (N жана О категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана) _________________________________________________________________________________________________ Багыты (атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары үчүн гана) _________________________________________________________________________________________________ Отуруу үчүн орундуктардын саны (М категориясындагы транспорт каражаты, M1 категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана - катары менен жайгашуусу) ________________________________________________________________________________________________ Жүргүнчүлөрдүн батымдуулугу (М2 жана М3 категорияларындагы транспорт каражаттары үчүн гана) _________________________________________________________________________________________________ Жүк салуу бөлүгүнүн жалпы көлөмү (М3 категориясынын III классындагы транспорт каражаттары үчүн гана) _________________________________________________________________________________________________ Кабина (N категориясындагы транспорт каражаты үчүн гана) _____________________________________________ Габариттик өлчөмдөрү, мм: узундугу _________________________________________________________________________________________ туурасы _________________________________________________________________________________________ бийиктиги (контейнер ташуучулар үчүн - жүктөөчү, максималдуу жол берилгени) ____________________________ База, мм ________________________________________________________________________________________ Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн колеясы, мм _________________________________________________________ Жүгү бар абалындагы транспорт каражатынын массасы, кг ______________________________________________ Транспорт каражатынын максималдуу жол берилген массасы, кг _________________________________________ Транспорт каражатынын ар бир огуна туура келген техникалык жол берилген максималдуу массасы, алдынкы огунан баштап, кг _________________________________________________________________________________ Автопоезддин техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы кг _________________________________ Чиркегичтин максималдуу массасы, кг: _______________________________________________________________ Тормоздук системасы жок чиркегич __________________________________________________________________ Тормоздук системасы менен чиркегич ________________________________________________________________ Таянып-чиркөөчү түзүлүштө техникалык жактан жол берилген максималдуу жүк, кг _________________________________________________________________________________________________ Гибриддик транспорт каражатынын сүрөттөлүшү: ______________________________________________________ (тышкы булактан кубаттоо _________________________________________________________________________________________________ каралган же берилген эмес; каралган иштөө режимдери (тизме): Ички күйүүчү кыймылдаткыч гана, электр кыймылдаткыч гана, айкалыштырылган (бул иштөө режиминин кыскача сүрөттөлүшү) ____________________________________________________________________________________ |
|
Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч (марка, тип): - цилиндрлердин саны жана жайгашуусу; - цилиндрлердин жумуш көлөмү, см3; - кысуу даражасы; - максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин-1) - максималдуу айланган учуру, Н•м (мин-1) Отун | Өлчөө ыкмасын көрсөтүү керек |
Азыктандыруу системасы. Карбюратор (тип, маркировка). Башкаруу блогу (маркировка). Жогорку басымдагы отун насосу (тип, маркировка). Форсункалар (тип, маркировка). Аба жылытуучу (тип, маркировка). Аба фильтри (тип, маркировка). Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч 3-баскыч |
|
От алдыруу системасы (тип). Бөлүштүргүч (маркировка). Коммутатор (маркировка). От алуу катушкасы (модуль) (маркировка). Свечалар (маркировка) |
|
Иштелип чыккан газды чыгаруу жана нейтралдаштыруу Бейтарапташтыруу (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч Үн басаңдаткыч (маркировка): 1-баскыч 2-баскыч 3-баскыч Катуу бөлүктөрдүн фильтри |
|
Электр мобилдин электр кыймылдаткычы (марка, тип). | Туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондук, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В. Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт |
|
Энергия топтоо түзүлүшү | Электр мобилдер жана гибриддик транспорт каражаттары үчүн гана |
Батарея (марка, тип). Электр химиялык жуп. Элементтердин саны. Масса, кг. Иштөө чыңалуусу, В. Сыйымдуулук, А•ч. Жайгашуусу. Конденсатор (марка, тип). Энергия сыйымдуулугу, Дж. Маховик/генератор (марка, тип) | Батарея, конденсатор, маховик/генератор |
Трансмиссия. | Трансмиссия тиби жана схемасынын сүрөттөлүшү |
Электр машина (марка, тип) | ар бир электр машинаны сүрөттөө: негизги функция (кыймылдаткыч же генератор), туруктуу же өзгөрүлмө ток, өзгөрүлмө ток болгон учурда - синхрондуу же асинхрондук, фазалардын саны |
Иштөө чыңалуусу, В. Максималдуу 30 мүнөттүк кубаттуулугу, кВт. Сцепление (марка, тип). Ылдамдык которуу коробкасы (марка, тип), которуу саны Бөлүштүрүү коробкасы (тип), баскычтардын саны жана которуу саны Башкы баскыч (тип), которуу саны |
|
Подвескалар: - алдынкы (сүрөттөлүшү) - арткы (сүрөттөлүшү) |
|
Рулдук башкаруу (сүрөттөлүшү) - Рулдук механизм (тип) |
|
Тормоз системы: - негизги (сүрөттөлүшү) - кошумча (сүрөттөлүшү) - токтоп туруучу (сүрөттөлүшү) - көмөкчү (чыдамдуулугу) (сүрөттөлүшү) |
|
Шиналар: - өлчөм белгиси; - максималдуу жол берилген жүк көтөрүмдүүлүк индекси - ылдамдык категориясынын белгиси |
|
Транспорт каражатынын жабдуусу | Кондиционер, эшиктердин кулпуларын электр блокировкалоо, радио жабдуулары, антенна, шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу түзүлүшү (системасы) |
Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоонун убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобонун талаптарына шайкеш келет.
Кошумча маалымат ______________________________________________________________________ (габарит жана ок массасы боюнча ченемдер
______________________________________________________________________________________ ашкандыгы үчүн чектөөлөрсүз же чектөөлөр менен жалпы пайдалануудагы
______________________________________________________________________________________ жолдорду колдонуу мүмкүнчүлүгү, маршруттук транспорт каражаты жана
______________________________________________________________________________________ башка катары колдонуу мүмкүнчүлүгү)
Тариздөө датасы 20___-ж "___" _______________
Аккредиттелген сыноо лабораториясынын жетекчиси (анын орун басары же ыйгарым укуктуу кызматкери) |
|
|
______________________________ |
| ________________________________________ |
(колу) |
| (аты-жөнү) |
|
| Айрым дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын шайкештигин баалоону жүргүзүүнүн убактылуу талаптары жана тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Ушул Жобого шайкештигин ырастоочу документтердин номерлеринин ТҮЗҮМҮ
Документтин номери төмөнкүдөй түзүмгө ээ болот:
1-мисал: ОП KG A-Ru.019.000001, мында:
ОП KG - ушул Жобонун белгиси;
A - ушул Жобого шайкештигин ырастоочу документтин коду (А - сейрек учуроочу транспорт каражатын баалоо жөнүндө корутунду, Е - транспорт каражатынын тибин баалоо жөнүндө корутунду, К - шасси тибин баалоо жөнүндө корутунду);
Ru - ИСО 3166-1:1997 боюнча продукцияларды сертификациялоочу даярдаган өлкөнүн коду
019 - каттоочу органдын каттоо номери;
000001 - документтин катар номери.