Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-февралы № 92
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 671 "2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-декабрындагы № 671 "2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык бюджеттик кредит берүү үчүн каражаттардын жалпы суммасын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча жабыр тарткан ишкерлерге төмөнкү шарттарда бюджеттик кредит бөлүп берсин:
зыяндын өлчөмү 299999 (эки жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 200000 (эки жүз миң) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 300000 (үч жүз миң) сомдон 999999 (тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 700000 (жети жүз миң) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 1000000 (бир миллион) сомдон 4999999 (төрт миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 1000000 (бир миллион) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 5000000 (беш миллион) сомдон 49999999 (кырк тогуз миллион тогуз жүз токсон тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз) сомго чейин болгондо - 5000000 (беш миллион) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
зыяндын өлчөмү 50000000 (элүү миллион) сомдон ашык болгондо - 15000000 (он беш миллион) сомго чейинки суммада бюджеттик кредит;
пайыздык ставка - жылдык 1 пайыз;
кредитти төлөө мөөнөтү - 5 (беш) жыл, квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
300000 (үч жүз миң) сомго чейинки бюджеттик кредит кепилдик менен, ал эми 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык күрөөлүк негизде берилет;
финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына кошуп эсептелүүчү жылдык 6 пайыз;
карыздын негизги суммасын төлөөгө жана негизги сумма боюнча кошуп эсептелген пайыздык ставка боюнча жеңилдетилген мезгил - 1 (бир) жыл;
бул объект жайгашкан жер боюнча экономикалык иштин жабыр тарткан объектин калыбына келтирүү максатында гана берилет;";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 313 "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен бекитилген жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине ылайык жана 2022-жылдын 17-сентябрын кошо алгандагы мезгилге чейин экономикалык (ишкердик) иштин субъекти катары катталбаган ишкерлерди оперативдүү тартипте тиешелүү мамлекеттик каттоону ишке ашырсын. Каттоону жабыр тарткан ишкер тарабынан берилген ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча айыл өкмөтүнөн 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышууга чейин алардын ишкердик иш жүргүзгөндүгүнүн аныктыгын ырастаган маалымкаттын негизинде жүргүзсүн.
3-2. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттери бюджеттик кредиттерди алууда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди күбөлөндүрүү, ошондой эле бюджеттик кредитти берүүгө байланышкан башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн мамлекеттик алымдын нөлдүк ставкасы колдонулат деп белгиленсин.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибинде:
4-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктча "салык органынын маалымкатын" деген сөздөрдөн кийин ", салыктык жана (же) эсептик каттоосу жок болгон учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан түзүлгөн жарандык коргонуу боюнча райондук комиссиянын актылары менен аныкталган жабыр тарткан ишкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан экономикалык ишти иш жүзүндө жүргүзүү жөнүндө тиешелүү документтерди алууга, бул документтердин негизинде компенсация алуу үчүн белгиленген тартипте аймактык салык органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө укуктуу." деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктчадагы "экономикалык иш субъектинин" деген сөздөр "ишкердик субъекттин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |