Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусунун жана эмблемасынын сыпатталышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусун жана эмблемасын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-майындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусунун жана эмблемасынын СЫПАТТАЛЫШЫ
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу эки тараптуу кездемеден, саптан, учунан жана боодон турат.
Туунун кездемеси тик бурчтуу формада көк түстөгү жибек кездемеден даярдалат. Кездеменин узундугу - 1800 мм, эни - 1100 мм.
Кездеменин өң жагынын жана арткы бетинин борборуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасы жайгаштырылган, анын сыпатталышы 2-пунктта берилген.
Туунун сабы жыгач, каралжын-күрөң түстө, диаметри 40 мм жана узундугу 2500 мм.
Туунун учу дат баспас болоттон, анын борборунда адамзаттын байыркы символдорунун бири болгон коопсуздукту жана коргоону билдирүүчү беш жылдыздуу жарым айдын сүрөтү бар. Туунун учунун узундугу - 250 мм.
Туунун боосу учтарында эки чачысы бар ак түстөгү эшилген жибек жиптен даярдалат. Боонун узундугу чачысы менен 2800 мм.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасында шумкардын сүрөтү, Кыргыз Республикасынын улуттук желегинин түсү - кызылдан сары түскө өтүүчү кууш тик бурчтук түрүндөгү графикалык элемент жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген жазуу бар.
Жети элементтен турган канатын жайган шумкардын сүрөтү Манастын жети осуятын символдоштурат. Шумкардын алдынкы планында - таразалуу калкандын геральдикалык сүрөтү - коргоонун жана адилеттиктин атрибуту берилген.
Сүрөттүн борборунда тик бурчтук түрүндө графикалык элемент, тик бурчтуктун сол жагында канатын жайган шумкар, оң жагында "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН", "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген жазуулар жайгашкан.
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН" деген сөздөр үстүнкү биринчи сапта туурасынан, "ЮСТИЦИЯ" деген сөз "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү экинчи сапта, "МИНИСТРЛИГИ" деген сөз "ЮСТИЦИЯ" деген сөздөн кийин үчүнчү сапта жайгашкан. "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН", "ЮСТИЦИЯ", "МИНИСТРЛИГИ" деген жазуулар үч сапка жазылган жана сүрөттүн оң жагынын сол четине түздөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасында кыргыз элинде эң ыйык деп эсептелген эки түс - көк жана ак түс колдонулган. Ак түс - тазалыкты, чынчылдыкты, чындыкты, көк түс - адилеттикти, даанышмандыкты жана адам укугунун эң жогорку баалуулугун билдирет.
Катышы:
1) шумкардын сүрөтү туунун энине жана бийиктигине карата тиешелүүлүгүнө жараша туурасы боюнча - 3/10 жана тиги боюнча 3/10;
2) таразанын сүрөтү шумкардын сүрөтүнө карата - 18/100, калкандын сүрөтүнө карата - 41/100;
3) калкандын сүрөтүнүн шумкардын сүрөтүнө карата катышы - 38/100;
4) "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" жана "ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ" деген сөздөрдүн тамгаларынын өлчөмүнүн катышы 1/3.
Тараза калкандын үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан.
Калкандын сүрөтүнүн ылдый жагында шумкардын тырмактуу буту жана шумкардын куйругунун 5 элементи жайгашкан.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эмблемасынын сүрөтү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ички пайдалануудагы мөөрлөрүндө жана штамптарында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин документтеринин бланктарында жана расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сыйлыктарында жана сувенирлеринде жайгаштырылышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юстиция министринин чечими боюнча башка учурларда колдонулушу мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин туусу жана эмблемасы башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес. Аларды бурмалоого, бузууга жана ушундай мүнөздөгү башка иш-аракеттерге жол берилбейт.