Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 118
Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2012-жылдын 20-июнундагы № 48 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |