Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №118 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо менен Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун (мындан ары - техникалык регламенттин долбоору)/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун (мындан ары - техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору) жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык техникалык регламенттин долбооруна жана/же техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбооруна тиркелүүчү документтердин тизмегин мамлекеттик ички макулдашуу жүргүзүү тартиби аныкталат.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
координациялоочу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 138 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында ишти координациялоого, ошондой эле ЕАЭБ органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин, тескемелердин, сунуштардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган;
жооптуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча позицияны даярдоо жана Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин (ББ/ЕАЭБ) техникалык регламенттерин ишке ашыруу үчүн жооптуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
кызыкдар орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык компетенциясына техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун жөнгө салуу жааты кирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
3. Техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуу төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү жана көрсөтүү.
4. Техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун мөөнөтү ал Евразия экономикалык комиссиясынан (мындан ары - ЕЭК) келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн ашпоого тийиш.
Эгерде мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты кошумча кароо зарылдыгына байланыштуу көрсөтүлгөн мөөнөттө ЕЭКке жиберүү мүмкүн болбосо, жооптуу орган координациялоочу органга маалыматты берүүнүн мөөнөтү жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт, ал ЕЭКтен техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору алынган датадан тартып 90 календардык күндөн ашпоого тийиш.
Координациялоочу орган ЕЭКке маалымат берүүнүн мөөнөтү жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.
5. Техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору жана ага документтердин топтому Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жиберилет.
2. Техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун макулдашуу
6. Жооптуу орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен аны кароо жана макулдашуу үчүн ишкерлер бирикмесине (бизнес-ассоциациялар), ишканаларга жана уюмдарга, кызыкдар органдарга жиберет.
7. Жооптуу орган тарабынан ишкерлер бирикмесинин (бизнес-ассоциациялар), ишканалардын жана уюмдардын, кызыкдар органдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүнүн ичинен техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык документтердин тизмеги боюнча корутунду даярдоо үчүн жумушчу топтун курамы түзүлөт.
Жумушчу топтун корутундусу ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык типтүү форма боюнча таризделет, ал техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын түзүүдө эске алынат.
Жумушчу топту жооптуу органдын жетекчиси (жетекчинин орун басары) жетектейт. Жумушчу топтун жыйналышы протокол менен таризделет.
8. Техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун ишкерлер бирикмелери (бизнес-ассоциациялар), ишканалар жана уюмдар, кызыкдар органдар менен макулдашуу алардын жетекчилери тарабынан кол коюлган корутундуну берүү жолу менен ишке ашырылат.
Корутунду техникалык регламенттин долбоорунун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорунун жоболорунун улуттук экономиканын кызыкчылыктарына, илимий-техникалык өнүктүрүүнүн деңгээлине, ошондой эле эл аралык ченемдерге жана эрежелерге ылайык келиши же ылайык келбеши жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
9. Техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча кайчы пикир болгон учурда жооптуу орган макулдашуунун акыркы жыйынтыгын алган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө аларды талкуулоо үчүн кеңешме өткөрөт. Кеңешменин жыйынтыгы протокол менен таризделет.
10. Эгерде кеңешменин жүрүшүндө техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча кайчы пикирлер четтетилбеген учурда, жооптуу орган ага талаш-тартыш маселелерди киргизүү менен позициянын долбоорун даярдайт жана аны тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет. Жооптуу орган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кабыл алынган чечимине ылайык техникалык регламенттин долбоору/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын акыркы позициясын түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү жана көрсөтүү
11. Жооптуу орган техникалык регламенттин долбоорун/техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоорун жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык документтердин тизмегин мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын түзөт, координациялоочу орган менен макулдашат жана аны ЕЭКке жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын позициясынын көчүрмөсү жооптуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилет.
|
| Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбооруна/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбооруна тиркелүүчү документтердин ТИЗМЕГИ
1. Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин (мындан ары - техникалык регламент) талаптарын сактоо камсыз кылынуучу эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда - улуттук (мамлекеттик) стандарттардын тизмектеринин жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу, техникалык жөнгө салуу объекттеринин техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүсүн баалоо үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда - улуттук (мамлекеттик) стандарттардын тизмектеринин (мындан ары - стандарттардын тизмектери) долбоорлору (стандарттардын тизмектерине өзгөртүүлөрдүн долбоору).
2. Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарын сактоо камсыз кылынуучу мамлекеттер аралык стандарттарды жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу, техникалык жөнгө салуу объекттеринин техникалык регламенттин талаптарына ылайык келүүсүн баалоо үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра кароо) боюнча программанын долбоору (аталган программага өзгөртүүлөрдүн долбоору).
3. Эл аралык стандарттардын (стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган эрежелердин, директивалардын, сунуштамалардын жана башка документтердин), ал эми алар жок болгон учурда - региондук документтердин (регламенттердин, директивалардын, чечимдердин, стандарттардын, эрежелердин жана башка документтердин), улуттук (мамлекеттик) стандарттардын, улуттук техникалык регламенттердин же алардын негизинде техникалык регламенттин долбоору (техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору) иштелип чыккан башка долбоорлордун тизмеги.
4. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин техникалык регламентти кабыл алуу жөнүндө (техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) чечиминин долбоору жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кабыл алынган техникалык регламентти колдонууга киргизүү (техникалык регламентке өзгөртүүлөр) жөнүндө чечиминин долбоору.
5. Техникалык регламенттин долбооруна (техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбооруна) түшүндүрмө кат.
6. Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин талаптарын сактоо камсыз кылынуучу эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда - улуттук (мамлекеттик) стандарттардын тизмектерин жана изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелерин жана методдорун, анын ичинде техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жана аткаруу, Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилүүчү техникалык жөнгө салуу объекттеринин ылайык келүүсүн баалоо үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда - улуттук (мамлекеттик) стандарттардын тизмектерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибине ылайык даярдалган стандарттардын тизмектеринин долбоорлоруна (стандарттардын тизмектерине өзгөртүүлөрдүн долбооруна) түшүндүрмө кат.
7. Техникалык регламенттин долбоору (техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору) боюнча пикирлердин топтому.
8. Техникалык регламенттин долбооруна (техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбооруна) жана стандарттардын тизмектеринин долбоорлоруна (стандарттардын тизмектерине өзгөртүүлөрдүн долбооруна) метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду же метрологиялык экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгында техникалык регламенттин долбоорунда метрологиялык экспертизанын объекттери камтылбай тургандыгы аныкталгандыгы жөнүндө корутунду.
9. Техникалык регламенттин долбоору (техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн долбоору) боюнча жөнгө салуучу таасирин баалоо жөнүндө корутунду.
10. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин (жетекчилердин орун басарларынын) сүйлөшүүлөрүнүн протоколу.
|
| Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Типтүү форма
Жумушчу топтун корутундусу |
1. Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорунун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорунун аталышы (мындан ары - долбоор) |
2. Долбоор жөнүндө маалымат |
3. Улуттук мыйзамдардын ченемдерине, улуттук экономиканын кызыкчылыктарына жана илимий-техникалык өнүгүүнүн деңгээлине ылайык келүүсүнө карата баалоонун жыйынтыгы |
4. Долбоордо белгиленген талаптардын эл аралык стандарттарга (стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган эрежелерге, директиваларга, сунуштамаларга жана башка документтерге), ал эми алар жок болгон учурда - региондук документтерге, улуттук (мамлекеттик) стандарттарга ылайык келүүсүнө карата баалоонун жыйынтыгы |
5. Долбоордо белгиленген талаптарды баалоонун жыйынтыгы жана алардын продукцияны өндүрүүчүлөр/даярдоочулар тарабынан аткарылышы |
6. Шайкештикти баалоо боюнча жол-жоболорду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн талдоо боюнча жыйынтык |
7. Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин долбоорун/Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттик ички макулдашуунун тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтерди баалоонун жыйынтыгы |
8. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин баалоонун жыйынтыгы |
9. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн колдору |