Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 121
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өзгөчө абал/кырдаал шарттарында калктын аялуу тобун өз убагында социалдык колдоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 33-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
- 62-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында мамлекеттик жөлөкпулдарды, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн тиешелүү маалыматтар, ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер жок болгон учурда, аймактык бөлүмдүн социалдык кызматкери арыз ээлерине ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн зарыл болгон документтерди алууга жана тариздөөгө аларды чогултуу жана андан ары СЖКМСке киргизүү үчүн аймактык бөлүмдүн кароосуна берүү жолу менен жардам көрсөтөт.";
- 63-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарды кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулду алууга укугу бар, жашы жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар аны чектөөгө кайрыла алат.
Мында арыз ээсинин тандоосу боюнча мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз арыз ээсинде квалификациялуу электрондук колтамга болгон учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жеке кабинетинен электрондук формада, же болбосо жашаган/турган жерине карабастан, алуучунун кайрылган жери боюнча аймактык бөлүмгө берилиши мүмкүн.
Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында:
- арыз ээсин социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча СЖКМС тиешелүү каттоо журналдарына: "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөөгө арыздарды каттоо журналына", "Социалдык жөлөкпулдарды" чектөөгө арыздарды каттоо журналына" жана "Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулдарды чектөөгө арыздарды каттоо журналына" автоматтык режимде каттоо жүргүзүлөт;
- мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан суралган арыз ээси, мамлекеттик жөлөкпул чектеле турган адам же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун чектөөгө кайрылган үй-бүлө мүчөсү жөнүндө зарыл болгон маалыматтардын жана ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн зарыл болгон документтердин/маалымкаттардын болушуна карабастан кабыл алынат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылууда жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында арыз ээлери жөнүндө тиешелүү маалыматтар, ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер жок болгон учурда аймактык бөлүмдүн социалдык кызматкери арыз ээлерине зарыл болгон документтерди алууга жана тариздөөгө аларды чогултуу жана андан ары СЖКМСке киргизүү үчүн аймактык бөлүмдүн кароосуна берүү жолу менен жардам көрсөтөт.";
- 64-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Өзгөчө абал режиминин шарттарында мамлекеттик жөлөкпулду чектөөгө арыз ээлери арыз ээсинде квалификациялуу электрондук колтамга болгон учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жеке кабинетинен электрондук формада ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык зарыл болгон маалыматтарды ырастоочу документтерди тиркөө менен арыз бере алат.
Өзгөчө абал режиминин шарттарында жаңы кайрылуулар болгон учурда мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларынан алынган маалыматтардын негизинде жана ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык арыз ээси тарабынан арыз менен бирге электрондук түрдө берилген бардык зарыл болгон документтер болгондо жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |