Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-февралы № 101
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193, 529-беренелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 175-беренесине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды же алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында алкоголдон, баңги каражаттарынан, психотроптук заттардан мас абалды жана алкоголь ичүү, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды пайдалануу фактысын аныктоо боюнча медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "протоколун" деген сөз "актысын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пунктта:
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзац "жарандын жеке арызы боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац "аскер кызматчыларын" деген сөздөрдөн кийин ", укук коргоо органдарынын кызматкерлерин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт "протокол" деген сөздөн кийин ", тиешелүү документ (токтом, жолдомо ж.б.)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Күбөлөндүрүлүүчү адам күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурунда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары же эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте акт түзүлөт.";
- 11-пункттун сегизинчи абзацы "аскер кызматчыларын" деген сөздөрдөн кийин ", укук коргоо органдарынын кызматкерлерин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункттагы "протоколдорун" деген сөз "актысын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Медициналык күбөлөндүрүү актылары так отчеттук формасында болууга тийиш.";
- 18-пункттун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |