Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 113
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жоболорун өркүндөтүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыздоо жана кыймылсыз мүлккө менчик укуктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
төмөнкүдөй мазмундагы 125-1-пункт менен толукталсын:
"125-1. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси күчүнө киргенге чейин берилген ордерлери бар жарандардын турак жайларына муниципалдык менчик укугун каттоо төмөнкүдөй документтерди берүүдө жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси күчүнө киргенге чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген турак жайга ордер;
- турак жайды муниципалдык менчикке кабыл алуу жана/же турак жайды муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын документи.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |