Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 119 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
"Кургак учук-I" - "Кургак учук-V" мурдагы программалардын алкагында кургак учукка чалдыгуунун жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүн кыскартуу боюнча прогресс жетишилген. Ага карабастан өлкөдө кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал дагы эле кооптуу бойдон калууда. Кыргыз Республикасы кургак учукка чалдыгуу саны жогору болгон дүйнөдөгү 18 өлкөнүн жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагында көп дарыга туруктуу кургак учук көрсөткүчү жогору болгон дүйнөдөгү 30 өлкөнүн катарына кирет.
2018-жылы Кыргыз Республикасы Бириккен улуттар уюмуна катышкан башка мамлекеттер жана өлкөлөр менен бирге 2030-жылга чейин кургак учуктун эпидемиясын жоюу, атап айтканда кургак учуктан өлүмдөрдү 95%га кыскартуу, кургак учукка чалдыгуунун жаңы учурларынын санын 90%га кыскартуу, кургак учук менен ооруган бейтаптардын каржылык жүгүн азайтуу милдетин алган.
Тилекке каршы COVID-19 коронавирус эпидемиясынын медициналык, социалдык жана экономикалык кесепеттери өлкөдө кургак учук боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кескин кыскартты. Алсак 2020-жылы Кыргыз Республикасында кургак учук оорусун аныктоо 2019-жылга салыштырмалуу 32%га кыскарган. Бул фактор көп дарыга туруктуу кургак учугунун жогорку таралышы менен катар жакынкы бир нече жылда өлкөдө кургак учук боюнча эпидемиологиялык абалды кескин начарлатышы мүмкүн. COVID-19 эпидемиясы жакырчылыктын деңгээлин дагы күчөткөндүгүн эске алуу менен, жугузуу коркунучу жана кургак учуктун өрчүү ыктымалдыгы кыйла олуттуу болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасы (мындан ары - Программа) COVID-19 пандемиясынын деструктивдүү таасиринин шартында кургак учук боюнча кырдаалды турукташтырууга багытталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максатын, милдеттерин, артыкчылыктарын, кургак учукту контролдоо жаатындагы жаңы багыттарды, COVID-19 эпидемиясынын кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасына келтирилген кесепеттерди жоюу маселелерин аныктайт.
Программаны иштеп чыгуу ачык-айкын жүргүзүлүп, ага мамлекеттик башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, кургак учукту контролдоо чөйрөсүндө иштеген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү тартылган.
I. Кыргыз Республикасында кургак учук эпидемиясы боюнча кырдаалды жалпы талдоо
2017-2019-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында кургак учук менен ооругандардын 100 миң калкына 88,5тен 77,2ге чейин төмөндөшү белгиленген. 2020-жылы COVID-19 кесепеттеринен улам өлкөдө кургак учук менен ооругандардын каттоого алынган саны 32%га кыскарып, калктын 100 миңине 53,5ти түздү. Кургак учук менен ооругандардын түзүмүндө эркектер 57% түзөт. Кургак учук жогорку таралган өлкөлөрдүн бири болгон Кыргызстанда балдардын арасында кургак учукту жыл сайын аныктоо көрсөткүчү реалдуу абалды чагылдырбайт, салыштырмалуу төмөн бойдон калууда жана кургак учук менен ооруган чоңдор арасында 4%ды түзөт, ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча балдар кургак учук менен ооруган чоңдордун 10%ын түзүшү керек.
2015-жылдан бери кургак учуктан каза болгондордун көрсөткүчүнүн олуттуу кыскарышы байкалып, 2020-жылы бул көрсөткүч 100 миң калкка 3,9 түздү. Өлкөдө кургак учуктун дарыларга туруктуу формасынын таралышы жогору бойдон калууда. Дээрлик бардык аймактарда кургак учук менен ооругандардын арасында ВИЧке тестирлөө жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда өлкөдө жогорку натыйжалуу лабораториялык диагностикалык методдор, лабораторияларда сапатты башкаруу системасы, биоматериалдарды райондон улуттук деңгээлге ташуу системасы киргизилген. Кургак учук боюнча диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүчү лабораториялар лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалымат системасы менен иштешет. Кургак учук инфекциясынын козгогучунун - секвенирлөө диагностикасынын молекулярдык-генетикалык методун ишке киргизүү башталды.
Өлкөдө кургак учукка каршы заманбап препараттарды колдонуу менен кургак учукту дарылоонун натыйжалуу режимдери киргизилген. Жыл сайын кургак учуктун сезгич түрлөрүн дарылоо үчүн 1-катардагы кургак учукка каршы препараттар жана 2-катардагы препараттардын 15%ын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун финансылык колдоосу менен кургак учуктун туруктуу формаларын дарылоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун алдын ала квалификацияланган кургак учукка каршы препараттары, балдардын кургак учугун дарылоо үчүн препараттарын дары-дармек формалары сатылып алынат.
2017-жылдан тартып өлкөдө кургак учукка каршы күрөшүүгө бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын реформалоо башталды.
Жаңы төрөлгөн балдарды БЦЖ вакцинасы менен эмдөөдөн айрым ата-энелер баш тарткандыгынан улам, камтуу деңгээли толук ишке ашырылбай калууда. Профилактикалык дарылоо талаптагыдай жүргүзүлбөйт, анткени саламаттык сактоо уюмдары профилактикалык дарылоодон өткөн жана аяктаган адамдардын эсебин жүргүзбөйт, кургак учукту профилактикалык дарылоонун кыска мөөнөттүү натыйжалуу режимдери киргизилген эмес. Тилекке каршы республикада туберкулинди сатып алуу өз убагында камсыз кылынбайт, башкаруу талаптагыдай уюштурулган эмес.
Саламаттык сактоо уюмдарында кургак учукту диагностикалоо алгоритмин бузуу көйгөйү сакталууда. Амбулатордук деңгээлде дарылоону уюштуруу жакшыртууну талап кылат, дарылоонун мониторинги начар жана фармакологиялык көзөмөл талаптагыдай эмес.
Өлкөдө кургак учукка каршы кызматты башкаруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун улуттук деңгээлде кургак учукка каршы күрөшүү программаларын ишке ашыруунун координатору катары ролун күчөтүүнү талап кылат.
Донорлордун, өкмөттүк программадан тышкаркы иштеген жарандык коом уюмдарынын аракеттерин так координациялоо, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык кызматташуу системасы жок. "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттерди аткаруу боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу начар болгондуктан, кургак учук менен ооругандарды алдын алуу, аныктоо, диагностикалоо, дарылоо жана социалдык жактан колдоо боюнча иштер талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.
COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан глобалдык процесстер кургак учук учурларын аныктоонун жана каттоонун төмөндөшүнө алып келди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун болжолдоосу боюнча, бул тенденция жакынкы жылдарда да уланат, бул кургак учукка каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктерди 10-12 жылга артка тартат.
Социалдык детерминанттарды бөлүштүрүүдө теңсиздиктин көрүнүшүнүн курчушу (жакырчылык, экономикалык өнүгүүнүн төмөндөшү, эмгек миграциясы, калктын маалымдуулугунун начардыгы ж.б.) бейтаптардын текшерүүдөн өтүүгө болгон мотивациясынын төмөндүгүнүн, дарыланууга умтулуунун төмөндүгүнүн жана дарылоону үзгүлтүккө учуратуунун жогорку пайызынын себеби болуп саналат.
Бир катар изилдөөлөргө ылайык, биздин өлкөдө кургак учук менен жабыркаган адамдарга карата стигма жана дискриминация кеңири таралган, бул кургак учуктун диагнозун коюу жана дарылоону аяктоо үчүн медициналык жардамга өз убагында кайрылууга тоскоолдук жаратат.
II. Программанын максаты, милдеттери жана күтүлүүчү натыйжалары
Программанын максаты Кыргыз Республикасында кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана акырындык менен жакшыртуу эсептелет.
Программанын максаты төмөнкүдөй шартта ишке ашат:
1) өзгөчө кырдаалдардын шарттарында (эпидемиялар, жергиликтүү чек ара инциденттери, техногендик жана табигый катаклизмдер) иштөөгө жөндөмдүү, адамдардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган системасын түзүү;
2) кызыкдар министрликтерди жана ведомстволорду, мамлекеттик башкаруу органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду, өкмөттүк эмес уюмдарды жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү тартуу менен кургак учукту контролдоо, социалдык колдоо, стигманы жана дискриминацияны азайтуу боюнча активдүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу;
3) кургак учук инфекциясынын алдын алууга, аныктоого жана дарылоого ар бир адамдын, бейтаптын, бейтаптын жакын чөйрөсүнүн, жарандык коомдун активдүү катышуусу, дарыланууга умтулуусун жакшыртуу, өзүнүн ден соолугуна жана айланасындагы адамдардын ден соолугуна жоопкерчиликти жогорулатуу менен жүрүм-турумду жана мамилесин өзгөртүү.
III. Программанын максатына жетүүнүн артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана негизги чаралары
1. Ден соолукту чыңдоо жана кургак учукка чалдыгуунун тобокелдигин азайтуу
1.1. Кургак учук маселелеринде калктын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү
Кургак учукка этият болууга жана кургак учуктан жабыркаган адамдарга карата стигманы жана дискриминацияны азайтууга жөндөм түзүүчү жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу зарыл. Калк менен системалуу маалыматтык иш жүргүзүү жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармактар, медицина кызматкерлери, коомчулуктун лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү аркылуу гендердик сезимталдыкты эске алуу менен ар кандай максаттуу топтор үчүн иштелип чыккан кыска негизги билдирүүлөргө таянып жүргүзүлөт, бул кургак учук жөнүндө туура эмес маалыматты азайтууга, кургак учуктан жабыркаган адамдарга карата стигманы жана дискриминацияны болтурбоого жөндөм түзөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги стигманы жана дискриминацияны азайтуу жана кургак учук менен ооруган бейтаптардын социалдык статусун эске алуу менен ыңгайлуу чөйрө түзүү максатында калк, артыкчылыктуу топтор, бейтаптар жана алардын жакын чөйрөсү жана медицина кызматкерлери менен иштөө үчүн кургак учук маселелери боюнча социалдык мамилени жана жүрүм-турумду өзгөртүү стратегиясын жана ыкмаларын иштеп чыгат. Жарандык коом уюмдары жана коомчулуктун лидерлери кургак учук боюнча иш-чараларга активдүү катышат: алдын алуу, эрте аныктоо, байланышта болгон адамдарга текшерүүдөн өтүүгө жардам берүү, кургак учук менен ооругандарды психосоциалдык коштоо.
1.2. Кургак учуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү
Өлкөдө кургак учуктун оор формаларынын өнүгүшүн, балдардын жана өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн алдын алууга багытталган маанилүү чара катары жаңы төрөлгөн балдарды БЦЖ менен эмдөө улантылат. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жогорку сапаттагы БЦЖ вакцинасын сатып алууну улантат, ошондой эле медициналык кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, диний лидерлер жана коомчулуктун лидерлери аркылуу БЦЖ вакцинасы менен эмдөөгө умтулууну жогорулатуу боюнча калк менен иштөөнү күчөтөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калктын айрым категориялары үчүн кургак учуктун жаңы профилактикалык дарылоо режимдерин киргизет. Ошондой эле профилактикалык дарылоо үчүн препараттарды контролдонуучу кабыл алууну жана аны ийгиликтүү аяктоо, профилактикалык дарылоого алынган адамдарды каттоодо саламаттык сактоо системасынын ар кандай түзүмдөрүнүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана мониторинг жүргүзүү зарыл. Профилактикалык дарылоо үчүн керектүү препараттар каттоодон өткөрүлөт, аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алуу механизмдери иштелип чыгат.
2. Кургак учукту аныктоо жана диагностикалоо
2.1. Кургак учук учурларын эрте аныктоону камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук менен байланышта болгон адамдардын арасында системалуу скрининг жүргүзүүнү күчөтөт. Байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн тиешелүү кадрлар жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу механизмдери иштелип чыгат. Калкты медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында байланышта болгон адамдар үчүн лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөр бекер жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле байланышта болгон адамдарды кургак учук боюнча скринингден жана текшерүүдөн өтүүгө колдоо жана дем берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарын, жарандык коомдун өкүлдөрүн активдүү тартуу зарыл.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калктын башка артыкчылыктуу топторунун арасында кургак учук боюнча системалуу скринингди күчөтөт: ВИЧ-инфекциясы бар адамдар, медицина кызматкерлери жана жабык мекемелердеги адамдар. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында, анын ичинде кургак учук боюнча жагымсыз эпидемиологиялык абалы бар региондордогу мектепке чейинки мекемелерде кургак учук оорусуна системалуу скрининг жүргүзүү балдар жана өспүрүмдөр арасында кургак учукту эрте аныктоону камсыз кылат. Скрининг боюнча стратегиялар жана ыкмалар заманбап эл аралык сунуштардын негизинде жаңыланат.
2.2. Заманбап лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана диагностиканын сапатын камсыз кылуу
Кургак учуктун натыйжалуу лабораториялык диагностикасын камтууну кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукту диагностикалоочу лабораториялардын тармагын оптималдаштырат. Кургак учуктун бардык түрлөрүн эрте диагностикалоо үчүн, өзгөчө өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында молекулярдык-генетикалык тез изилдөө методдоруна физикалык жеткиликтүүлүк камсыз кылынат. GeneXpert платформаларынын саны кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын жана СПИДге каршы күрөшүү кызматынын муктаждыктарын эске алуу менен аныкталат, алардын географиялык жайгашуусу координацияланат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукту диагностикалоонун алгоритмин медицина кызматкерлери тарабынан ишке ашырылышына багытталган чараларды күчөтөт.
Заманбап молекулярдык-генетикалык диагностикалык методдорду, анын ичинде кургак учук таякчасынын геномунун секвенирлөө ыкмасын камтууну кеңейтүү үчүн Республикалык референс-лабораториянын иштеп жаткан аймактарын кошумча модулдун эсебинен кеңейтүү зарыл. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда лабораториялык диагностика модулу орнотулат. Келечекте бул кургак учуктун лабораториялык диагностикасынын баасынын өздүк наркынын төмөндөшүнө алып келет. Мындан тышкары Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы жаңы оорукананын базасында микробиологиялык лабораторияны ишке киргизүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдардын кургак учук оорусун лабораториялык диагностикалоонун натыйжалуу заманбап методдорун киргизет.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунан жана фельдшердик-акушердик пункттардан тиешелүү лабораторияларга какырыкты ташуу системасынын туруктуу иштөөсү камсыз кылынат.
Кургак учукту лабораториялык диагностикалоону жана кургак учукка каршы препараттар менен дарылоодо жагымсыз көрүнүштөргө мониторинг жүргүзгөн бардык саламаттык сактоо уюмдарына маалыматтык лабораториялык системаны туруктуу киргизүү камсыз кылынат. Кургак учукту диагностикалоону жүргүзгөн лабораториялар эл аралык стандарттарга ылайык сапатты башкаруу системасын киргизет.
Кургак учукту диагностикалоо жана дарылоону контролдоо үчүн инструменталдык изилдөөлөргө жеткиликтүүлүк, айрыкча балдар жана өспүрүмдөр арасында жакшырат. СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоонун баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдары үчүн 20 рентген аппараты жана 10 портативдик аппарат сатып алынат.
3. Кургак учукту дарылоо
3.1. Кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоонун натыйжалуу жана заманбап режимдери менен камтууну жакшыртуу
Кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоону жалпы камтуу Кыргыз Республикасында калкты медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында бекер дарылоонун эсебинен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген клиникалык колдонмолор жана протоколдор кургак учукту дарылоодогу негизги документтер болуп саналат, алар заманбап эл аралык сунуштарга ылайык дайыма жаңыланып турат. Улуттук жана аймактык деңгээлдеги кургак учукка каршы дарыгерлердин кеңеши кургак учукка каршы дарылоону кошумча контролдоону жана режимдерди дайындоого мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдар менен чоңдордун кургак учук ооруларынын бардык түрлөрүн кургак учукка каршы сапаттуу препараттарды колдонууну улантат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ошондой эле кургак учукка каршы дарылоонун коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган фармакологиялык көзөмөл боюнча чаралардын комплекси, анын ичинде жаңы дарылоо схемаларын колдонуунун фонунда жагымсыз көрүнүштөр боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо механизмдери, саламаттык сактоо системасынын кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоодо жагымсыз көрүнүштөрдү башкаруу боюнча адистеринин потенциалын жогорулатуу иштелип чыгат.
3.2. Дарылоону аяктоодо жогорку натыйжалуулукту камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоону уюштурууда дарылоонун бардык этаптарында жана ал аяктаганга чейин комплекстүү интеграцияланган жүргүзүүгө негизделген бейтапка багытталган моделди киргизүүнү улантат. Бейтапка багытталган модель ошондой эле мотивацияны жана дарыланууну карманууну жогорулатууну, гендердик сезимталдыкты жана бейтаптын социалдык статусун эске алуу менен психологиялык-социалдык коштоону, дарылоону ийгиликтүү аяктоо жана дарылоонун үзгүлтүккө учурашын болтурбоо максатында дарылоого мониторинг жүргүзүүнү камтыйт.
Жарандык коомдун уюмдары контролдонуучу кургак учукту дарылоо процессине, социалдык жардам жана колдоо көрсөтүүгө, бейтаптарга жана алардын айлана-чөйрөсүнө консультация берүүгө, анын ичинде мамлекеттик социалдык заказ механизми аркылуу активдүү катышат. Мамлекеттик социалдык заказдын ишке ашырылышын жалпы координациялоо, мониторинг Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте кургак учук менен ооруган бейтаптарды пенитенциардык системадан бошотулгандан кийин жарандык сектордо дарылоонун ырааттуулугун камсыз кылуучу механизмдерди дарылоодон ажыратуу фактору болуп саналган өзгөчө муктаждыктарын (метадон, АРВ терапиясы ж.б.) эске алуу менен иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте кургак учук менен ооруган жана башка өлкөнүн аймагында жүргөн адамдарды Кыргыз Республикасына которуу жана кургак учукка каршы жардам алуу механизмдерин иштеп чыгат.
4. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган системасы
4.1. Кургак учукка каршы жардамдын натыйжалуу структурасын түзүү
Өлкөдө кургак учукка каршы жардам менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан тиешелүү профилдеги бардык саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукка каршы жардамды баштапкы медициналык-санитардык көрсөтүү деңгээлинде да, кургак учукка каршы стационарлардын деңгээлинде да уюштуруу боюнча стандарттарды жана талаптарды иштеп чыгат.
Кургак учукка болжолдонгон адамдарды, анын ичинде калктын артыкчылыктуу топторунун арасында активдүү аныктоо, диагностикалык алгоритмди сактоо, кургак учук менен ооруган бейтаптарды профилактикалык дарылоону жана амбулатордук дарылоону кеңейтүү, анын ичинде кургак учук учурларын башкаруу бөлүгүндө баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын (үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, жалпы медициналык практика борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттар) иши күчөтүлөт. Кургак учукка каршы иш-чараларды жүзөгө ашырууда баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын башка мамлекеттик структуралардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен өз ара аракеттелүү механизми иштелип чыгат. Контролдонуучу дарылоонун, анын ичинде видео-контролдоочу дарылоо, бейтаптын улантуусун жана кургак учук менен дарылоонун ийгиликтүү аякташын камсыз кылуучу коомдук жардамчыларды тартуу альтернативдик ыкмалары методдору кеңейтилет.
4.2. Кургак учукка каршы стационарлар менен баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын, СПИД кызматынын ортосундагы улантуучулукту жакшыртуу
Кургак учукка каршы стационарлар баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, ырааттуу жана үзгүлтүксүз дарылоону камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканага жаткыруу критерийлерин актуалдаштырат жана кургак учуктун туруктуулук профилине жана эл аралык стандарттар боюнча инфекциялык контролдоо талаптарына ылайык койкаларды кеңейтүүнүн так стандарттарын жана талаптарын иштеп чыгат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учуктун дарыга туруктуу формаларын дарылоо үчүн койкалар кеңейтилиши мүмкүн болгон жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келген кургак учукка каршы уюмдардын тизмегин аныктайт. Анын ичинде кургак учукка каршы стационардык жардамдын түзүмүндө паллиативдик жардам көрсөтүү жана кургак учук менен ооруган бейтаптарды реабилитациялоо үчүн койкалар/стационарлар каралган.
Биологиялык коопсуздукту жана саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин, өзгөчө лабораториялардын, дарыларга туруктуу кургак учук жана паллиативдик дарылоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин жумуш ордунда жугузуу тобокелдигин азайтууну камсыз кылуучу чаралар өркүндөтүлөт.
Кара-Балта шаарындагы Республикалык кургак учукка каршы ооруканасы, Ош облусунун Карасуу районунун кургак учукка каршы ооруканасы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана Бишкек шаарындагы кайра уюшулган кургак учукка каршы күрөшүү борбору көптөгөн жана кеңири дарыларга туруктуулугу бар бейтаптарды дарылоо борборлору болот. Бул стационарлар үчүн каржылоонун башка методдору иштелип чыгат.
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн сапатын баалоо үчүн стандарттарды иштеп чыгуу зарыл.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген талаптарына ылайык кургак учук менен ооруган учурларды милдеттүү эсепке алуу, каттоо, отчеттуулук менен калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо системасына жеке түзүмдөрдү тартуу боюнча ченемдик документтер иштелип чыкты.
4.3. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал шарттарында кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал (эпидемиялар, жергиликтүү чек ара инциденттери, техногендик жана табигый катаклизмдер) шарттарында кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн иш-аракеттер планы жана алгоритми иштелип чыгат.
4.4. Калктын кургак учук оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү системасын өркүндөтүү
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ролун күчөтүү менен секторлор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде калктын кургак учук менен оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү системасын өркүндөтүү ушул Программанын алкагында маанилүү артыкчылык болуп саналат. Кургак учук менен ооругандарды каттоо жана отчеттуулук системасы унификацияланат.
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү уюмдарга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар кайра каралат.
5. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган системасын каржылоо жана төлөө ыкмалары
5.1. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте "Кургак учук-VI" программасына, Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планына, ошондой эле донорлор тарабынан колдоого алынган иш-чараларды мамлекеттик каржылоого өткөрүү планына ылайык өлкөдө кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү каржылоонун узак мөөнөттүү саясатын иштеп чыгат.
Кургак учукка каршы уюмдардын түзүмүн өзгөртүүнүн натыйжасында бошотулган каражаттар жетиштүү мамлекеттик каржылоо менен бекемделбеген Программанын артыкчылыктуу багыттарына, анын ичинде жогорку технологиялык жабдууларды техникалык тейлөөгө, медициналык маалымат системаларына кайра инвестицияланат.
"Кургак учук-VI" программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун, кургак учукка каршы облустук борборлордун координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциясына, лабораториялардын ишине төлөө ыкмаларын өркүндөтөт, бүткүл өлкө боюнча анализдерди ташуу системасын мамлекеттик каржылоону акырындык менен кеңейтет, кургак учук менен ооруган бейтаптарды баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде дарылоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн акы төлөө системасын киргизет.
5.2. Кургак учукка каршы жардамды узак мөөнөттүү каржылоо саясатын иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте кургак учукка каршы уюмдардагы жогорку технологиялуу лабораториялык жана медициналык жабдууларды, ошондой эле вентиляциялык системаларды тейлөөнү каржылоо механизмин иштеп чыгат, алар азыркы учурда СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонд тарабынан каржыланат. Ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарына кургак учукту лабораториялык диагностикалоо үчүн реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу механизми иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча эл аралык өнөктөштөр жана донорлор кургак учукка каршы жаңы препараттарды, лабораториялык жабдууларды, реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алат, лабораториялык, медициналык жабдууларды жана вентиляциялык системаларды тейлөөгө колдоо, маалыматтык системаларга колдоо көрсөтөт, ошондой эле социалдык колдоо иш-чараларын, кургак учук менен ооруган бейтаптарды коштоо жана изилдөөлөрдү каржылоо программаларын улантат.
5.3. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн колдонуудагы ыкмаларын өркүндөтүү жана жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте натыйжага багытталган каржылоо принцибинин негизинде кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнүн колдонуудагы ыкмаларын өркүндөтүүнү жана жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну улантат. Акы төлөөнүн иштелип чыккан жана киргизилип жаткан ыкмалары амбулатордук дарылоо, стационардык дарылоону кыскартуу, диагностикалык алгоритмди сактоо, диагностиканын жана дарылоонун сапатын жогорулатуу сыяктуу заманбап ыкмаларды жана саясатты саламаттык сактоо уюмдарынын ишине киргизүүгө түрткү берет. Кургак учукка каршы ооруканаларды каржылоо ыкмасын андан ары өркүндөтүү менен кургак учук боюнча клиникалык чыгымдардын топтору кайра каралат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук боюнча лабораториялык кызматка акы төлөө методун иштеп чыгат, ал лабораториялардын чыгымдарынын ордун толтурууга мүмкүндүк берет.
2022-2026-жылдарга Программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун наркын алдын ала баалоо 5,7 млрд. сомду түздү, анын ичинен 4 млрд. сом (71%) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана 1,6 млрд. сом (29%) донорлордун эсебинен. Ырасталган каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жалпысынан 4,4 млрд. сом деңгээлинде бааланууда, анын ичинен 3,9 млрд. сом мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана 0,5 млрд. сом башка булактардын (эл аралык өнөктөштөрдүн) эсебинен.
Финансылык ажырым 1,2 млрд. сомду же керектөөнүн 21%ын түзөт, анын ичинен 1,1 млрд. сом донордук каражаттардын эсебинен, ал эми 0,1 млрд. сом кургак учукка каршы жардамды оптималдаштыруунун эсебинен табылат.
6. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү үчүн ресурстар менен камсыз кылуу
6.1. Дары препараттары, реагенттер жана сарпталуучу материалдар
"Кургак учук-VI" программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукту дарылоо үчүн сапаттуу препараттарды сатып алууга кепилдик берүүчү жергиликтүү сатып алуу механизмдерин өркүндөтөт, ошондой эле дарылоо процессинде препараттардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо механизмдерин киргизет. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарына эл аралык түз сатып алуулардын механизмдери кошумча ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жол-жоболор жаңыланган шарттарда препараттарды тез арада каттоого алууга байкоо жүргүзөт жана зарыл болгон учурда тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат.
СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун каражаттарына жактырылган болочок жеткирип берүүлөр өлкөнүн 2023-жылдын аягына чейин кургак учукка каршы жаңы, кайра профилденген дарыларга болгон муктаждыгын жабат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги муктаждыкты кайра эсептөөнүн жана мамлекеттик каражаттарга сатып алынуучу препараттардын тизмесин кеңейтүүнүн негизинде 2024-жылдан баштап кургак учуктун дарыга туруктуу формалары менен ооруган бейтаптарды жаңы препараттар менен камсыз кылуу боюнча механизмди/макулдашууну/планды иштеп чыгат.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сатып алууларды пландоо механизмин күчөтөт, саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлинде кургак учукка каршы препараттарды жеткирүү чынжырчасын (логистика) башкаруу системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет, анын ичинде кургак учукка каршы препараттардын сапатын жана тиешелүү муздак жерде сактоо чынжырчасын камсыз кылат.
Кургак учукка каршы зарыл препараттар, реагенттер жана кургак учукка лабораториялык изилдөөлөр үчүн чыгымдалуучу материалдар Жашоого маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине киргизилет, кийин ал туруктуу негизде жаңыланып турат жана өлкөдө каттоого алынат. Бул жол-жоболор мамлекеттик каражаттарга зарыл реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууну камсыз кылат.
6.2. Медициналык кадрлар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасынын кадрдык потенциалын, анын ичинде кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана башкаруу маселелерин чыңдоого багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.
Райондук деңгээлде врач кадрлар менен камсыздоо проблемасы курч турат. Медициналык айым врач менен бейтаптын активдүү жардамчысы болот. Функциялык диапазону кеңейтилген медициналык айымдар кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарылоодогу натыйжалуулукту жогорулатууну камсыз кылат. Медайымдык практиканы кеңейтүү жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын, бейтаптардын канааттануусун жакшыртат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учукка каршы уюмдарды оптималдаштыруунун жана реструктуризациялоонун натыйжасында кадрларды башкаруунун, анын ичинде кадрларды бөлүштүрүүнүн жана кайра бөлүштүрүүнүн туруктуу жана натыйжалуу механизмдерин киргизет. "Фтизиатрия" адистиги боюнча аттестациялоо жана квалификациялык категориялардын критерийлери кайра каралат. Фтизиатрия тармагында адистерди тартуу үчүн "Врачтын депозити" программасын кеңейтүү боюнча сунуштар да иштелип чыгат, ошондой эле жер-жерлерде кадрларды бекемдөө үчүн сый акы берүүнүн жана дем берүүнүн башка механизмдери иштелип чыгат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кеңейтилген функциялардын жана милдеттердин негизинде кургак учукка каршы жардам көрсөтүүгө тартылган адистерге, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү адистерине типтүү кызматтык нускамаларды жана квалификациялык талаптарды иштеп чыгат.
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасына жаңы технологияларды киргизүү биомедициналык инженерлер, биоинформатиктер жана башкалар сыяктуу жаңы адистиктерди тартууну талап кылат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бул адистиктерди саламаттык сактоо системасына киргизүү боюнча зарыл документтерди жана аларды тартуу механизмдерин иштеп чыгат.
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүгө тартылган адистердин потенциалын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте аларды даярдоо, кайра даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү программаларын заманбап эл аралык стандарттарды жана сунуштарды эске алуу менен өркүндөтөт. Санариптик технологияларды, аралыктан окутуу методдорун активдүү колдонуу илгерилетилет.
7. Натыйжалуу стратегиялык башкаруу
Кыргыз Республикасында кургак учукту контролдоону стратегиялык башкаруу саясаттын туруктуу курсун жана артыкчылыктарын камсыз кылууга, ошондой эле "Кургак учук-VI" программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталат. Программаны ишке ашырууда стратегиялык башкаруу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат: кургак учукту контролдоо боюнча саясатты түзүү, жаңы функциялык мүнөздөмөлөргө жана натыйжалуу жөнгө салуучу механизмдерге негизделген башкаруу методдорун киргизүү, медициналык-статистикалык маалыматтарды башкаруу системасын түзүү.
7.1. Кургак учукту контролдоо боюнча саясатты түзүү
Өлкөдө кургак учукту контролдоо боюнча мамлекеттик саясат саламаттык сактоо системасынын кызмат көрсөтүүлөрү менен жалпы камтууну камсыз кылуу, кургак учукка каршы акысыз жардам көрсөтүү, дарылоо процессинде бейтаптарды социалдык колдоо көрсөтүү принциптерине негизделет.
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында кургак учук менен ооруган бейтаптар жана алар менен байланышта болгон адамдар үчүн жеңилдетилген диагностикалык кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү, кургак учукка каршы дарыланууда жагымсыз таасирлерди болтурбоо үчүн дары препараттары менен камсыздоо жана паллиативдик жардам көрсөтүү менен кеңейтилет.
Кошумча инвестицияларды камсыз кылган жана Программаны ишке ашырууда кайталанууну жокко чыгарган секторлор аралык өз ара аракеттенүү, донордук жардамды координациялоо күчөтүлөт.
Кургак учукту контролдоо боюнча кызыкдар түзүмдөрдү координациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш ишке ашырат, анын иши активдештирилет.
Мамлекеттик саясатты түзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук базаны иштеп чыгууда, кургак учукту контролдоо боюнча программаларды ишке ашырууну натыйжалуу пландоодо, мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо Саламаттык сактоо министрлигинин ролу күчөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун функциялары кургак учукту контролдоо боюнча программаларды натыйжалуу координациялоону, башкарууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн кеңейтилет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун түзүмү кургак учук боюнча программаларды ишке ашыруу боюнча бөлүмдү түзүүнүн жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борборлорду борбордун филиалдарына кайра уюштуруунун эсебинен күчөтүлөт. Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борборлордун функциялары тиешелүү административдик-аймактык бирдиктерде кургак учукту контролдоо боюнча программаларды башкаруунун жана ишке ашыруунун негизги координаторлору катары кеңейтилет. Бишкек кургак учукка каршы күрөшүү борбору шаардык кургак учукка каршы оорукананын базасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун филиалы болуп кайра уюштурулат.
7.2. Медициналык-статистикалык маалыматтарды башкаруу системасын түзүү
Бардык деңгээлдерде жетекчиликтин жана башкаруунун натыйжалуулугу реалдуу убакыт режиминде маалымат менен камсыз кылуучу жана маалыматтардын аныктыгынын жана ишенимдүүлүгүнүн талаптарына жооп берүүчү кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системалардын маалыматтарынын негизинде чечимдерди кабыл алуу менен камсыз кылынат.
Кургак учуктун интероперабелдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алардын медициналык-маалыматтык системаларын андан ары иштеп чыгууну улантуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системаларды дайыма техникалык колдоо үчүн туруктуу иштөө жана адекваттуу каржылоо механизмдери сунушталат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү азайтуу, медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетүү, кургак учукту диагностикалоо, дарылоо, алдын алуу процесстеринин ачыктыгы үчүн кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системаларды ишенимдүү киргизүүнү камсыздайт.
Кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системалардын маалыматтарынын негизинде башкаруунун санариптик панелдери түзүлөт, алар кургак учук боюнча маалыматтардын графикалык чагылдырылышы болуп саналат. Алар талдоо, кургак учукту контролдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана стратегиялык багыттарын аныктоо жана далилдүү базага негизделген чечимдерди кабыл алуу процесстерин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Маалыматтарды башкаруунун санариптик панелдери кийинчерээк коомчулукка, жарандык коомдук уюмдардын, кызыкдар мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө менчигинин түрүнө карабастан жеткиликтүү болот.
IV. Программанын аткарылышына жана ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программаны ишке киргизүү жана ишке ашыруу статусуна мониторинг жана баалоо системасы аркылуу байкоо жүргүзүлөт. Индикаторлор жана алардын максаттуу көрсөткүчтөрү COVID-19 эпидемиясынын таасирин эске алуу менен Программаны ишке киргизүүнүн натыйжалуулугун, толуктугун баалоо үчүн тандалып алынган. Программаны аткаруунун натыйжалары жана индикаторлор боюнча жетишкендиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жыйналыштарында угулат.
"Кургак учук-VI" программасын ишке киргизүүгө жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана отчетторду даярдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ушул Программаны аткаруу үчүн иштелип чыккан ченемдик жоболорго жана талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык уюмдарды тартуу менен Программанын ишке ашырылышын тышкы баалоо үчүн тапшырык берет. Баалоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жыйналыштарына чыгарылат жана кийинки мезгилге жаңы программаны иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
"Кургак учук-VI" программасынын стратегиялык багыттарын жана иш-чаралар планын ишке ашыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн, донорлордун колдоосунун, ошондой эле кургак учукка каршы уюмдарды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттарды кайра инвестициялоонун эсебинен камсыз кылынат.
V. Күтүлүүчү натыйжалар
"Кургак учук-VI" программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары төмөнкүдөй болот:
- 2026-жылга карата калктын кургак учукка чалдыгуусун 100 миң адамга карата 74,7 деңгээлге чейин азайтуу,
- 2026-жылга карата кургак учуктан каза болгондорду 100 миң адамга карата 3,5тен төмөн деңгээлге азайтуу.
VI. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кургак учук маселелеринде жактоочулуктун жетишсиздиги негизги тобокелдиктерден болуп саналат.
Дүйнөдөгү туруксуз саясий кырдаал, COVID-19 эпидемиясы Программанын ишке ашырылышын каржылоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдериндеги иштерди улантуу аракеттеринин начардыгы, кадрлардын тез алмашуусу Программаны ишке ашыруу тобокелдигинде орун алууда.
Жогоруда аталган тобокелдиктердин таасиринин кесепеттерин азайтуу боюнча чаралар катары Программада секторлор аралык жана ведомстволор аралык уюмдардын, ошондой эле өлкөдө кургак учукка каршы күрөшүүгө тартылган өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ишин координациялоону күчөтүү каралган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык сектордун өкүлдөрүн кеңири тартуу болжолдонууда, бул тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдыгын азайтат.
Программаны ишке ашыруу жана координациялоо үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун ролу күчөтүлөт, анын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер улантылат.