Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 119
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында кургак учукка чалдыгуунун жана өлүмгө учуроонун санын андан ары кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасы 1-тиркеме ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркеме ылайык.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2026-жылдарга "Кургак учук-VI" программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1. Ден соолукту чыңдоо жана кургак учукка чалдыгуу тобокелдигин азайтуу | ||||||
1 | Кургак учукка этият болууга жана стигма менен дискриминацияны азайтуу үчүн бирдиктүү маалыматтык чөйрөнү түзүү | Кургак учук маселелери боюнча калктын маалымдуулугун окутулган медициналык кызматкерлер, ден соолукту чыңдоо боюнча адистер, коомчулуктун лидерлери, диний лидерлер, ЖКУлардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, социалдык тармактар аркылуу күчөтүү | 2023-2026-жылдар | Кургак учук маселеси боюнча калкка маалымат берилди | ССМ, БИМ, ММСЖСМ, КМДБ, ЖКУ (макулдашуу боюнча) | РБ, жергиликтүү бюджет, донордук каражаттар |
2 | Өзүнүн ден соолугуна жана айланасындагы адамдардын ден соолугуна жоопкерчиликти жогорулатууга, стигманы жана дискриминацияны азайтууга жөндөм түзгөн социалдык жана жүрүм-турумду өзгөртүү ыкмаларын ишке киргизүү | Кургак учукту эрте аныктоого, дарылоого, алдын алууга жана стигма менен дискриминацияны азайтууга жөндөм түзүүчү гендердик аспектти эске алуу менен социалдык мамилени жана жүрүм-турумду өзгөртүү стратегиясын иштеп чыгуу | 2023-жыл | Стратегия иштелип чыкты | ССМ, БИМ, ММСЖСМ, ЖКУ (макулдашуу боюнча) | РБ, донордук каражаттар |
Кызыкдар министрликтерди, ведомстволорду, ЖКУ өкүлдөрүн, коомчулуктун лидерлерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен стигманы жана дискриминацияны азайтуу боюнча чараларды камтыган социалдык жана жүрүм-турумду өзгөртүү стратегиясын ишке киргизүү | 2023-2026-жылдар | Стратегияны ишке ашырууга кызыкдар тараптар тартылды | ССМ, БИМ, ММСЖСМ, КМДБ, ЖКУ (макулдашуу боюнча) | РБ, донордук каражаттар | ||
3 | Билим берүү уюмдарында кургак учук боюнча билим менен камсыз кылуу | Билим алып жаткан жаштардын жана мектеп окуучуларынын арасында кургак учук жаатындагы билим деңгээлине тандалма изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2023-2026-жылдар | Билим алып жаткан жаштардын жана мектеп окуучуларынын арасында кургак учук жаатындагы билим деңгээли боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Жаштардын 90%ы 2026-жылга чейин кургак учуктун негизги белгилерин жана алдын алуу чараларын билет | БИМ, ССМ | Донордук каражаттар |
Мектеп окуучулары жана жаштар үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу/жаңылоо, анын ичинде кургак учуктун алдын алуу, дарылоо, кургак учук менен ооругандарга карата стигманы жана дискриминацияны жеңүү боюнча чараларды көрүү. | 2023-2025-жылдар | Кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо боюнча мектеп окуучулары жана жаштар үчүн окуу программалары иштелип чыкты/жаңыланды | БИМ, ССМ | Донордук каражаттар | ||
4 | Эмгек мигранттарынын инфекциялык оорулар, анын ичинде кургак учук боюнча маалыматка жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | Кесиптик окутуунун алкагында кургак учук маселелери боюнча сааттарды киргизүү | 2023-2026-жылдар | Потенциалдуу эмгек мигранттарынын кеминде 50%ы коопсуз миграция боюнча маалыматка ээ болду | ЭСКММ, БИМ, ССМ | Донордук каражаттар |
Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары менен иштөө боюнча диаспоралардын өкүлдөрүн окутуу үчүн ЭСКММнын базасында миграцияга даярдоо курсун иштеп чыгуу | 2023-2026-жылдар | Диаспоралардын өкүлдөрүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары менен иштөөгө окутуу үчүн ЭСКММдин базасында миграцияга даярдоо курсу иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ЭСКММ, БИМ, ССМ | Донордук каражаттар | ||
Эмгек мигранттарынын чыгуу жана келүү пункттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде коопсуздук маселелери боюнча жана кургак учукка байланыштуу мигранттарга жардам көрсөтүү пункттарында маалыматтарды жайылтууну камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Эмгек мигранттарынын чыгуу жана келүү пункттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде коопсуздук маселелери боюнча жана кургак учукка байланыштуу мигранттарга жардам көрсөтүү пункттарында маалыматтарды туруктуу негизде жайылтуу камсыз кылынды | ЭСКММ, БИМ, ТИМ, ССМ, ЖКУ (макулдашуу боюнча) | Донордук каражаттар | ||
5 | Кургак учуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү | Сапаттуу БЦЖ вакцинасын сатып алууну камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | БЦЖ вакцинасы бар | ССМ | РБ |
Ата-энелердин, өзгөчө энелердин арасында БЦЖ вакцинациясын алууга умтулуусун жогорулатуу үчүн медициналык кызматкерлер, диний жана коомдук лидерлер аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин күчөтүү | 2023-2026-жылдар | БЦЖ вакцинациясы менен камтуу жакшырды | ССМ, КМДБ | РБ, донордук каражаттар | ||
6 | Профилактикалык дарылоонун жаңы режимдерин киргизүү | Кургак учукту профилактикалык дарылоонун жаңы режимдерине киргизилген препараттарды каттоону камсыз кылуу | 2023-2024-жылдар | Препараттар катталды | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Профилактикалык дарылоонун жаңы режимдерине киргизилген препараттарды сатып алууну камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Профилактикалык дарылоонун жаңы режимдерине киргизилген препараттар сатып алынды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Дарылоону ийгиликтүү аяктоо үчүн профилактикалык дарылоого ар кандай түзүмдөрдү тартуу жана өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Механизм иштелип чыкты | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЮМ, КМДБ, ЖКУ (макулдашуу боюнча) | РБ, донордук каражаттар | ||
2. Кургак учукту аныктоо жана диагностикалоо | ||||||
7 | Кургак учук оорусун эрте аныктоону камсыз кылуу | Коомдук саламаттык сактоо кызматы жана баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү системасын өркүндөтүү | 2023-2024-жылдар | Коомдук саламаттык сактоо кызматы жана баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү системасы иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | РБ |
Кургак учук боюнча текшерүүдөн өтүү үчүн байланышта болгон адамдарды колдоо жана мотивациялоо үчүн жергиликтүү бийлик органдарын, ЖКУ өкүлдөрүн тартуу механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Механизм иштелип чыкты | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | РБ, жергиликтүү бюджет | ||
8 | Калктын башка артыкчылыктуу топторунун арасында кургак учук боюнча скринингди күчөтүү: ВИЧ-инфекциясы бар адамдар, медицина кызматкерлери жана жабык медициналык-социалдык стационардык мекемелердеги адамдар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 токтомуна кургак учуктун скрининги боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-жыл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 225 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди | ССМ, ЭСКММ, БИМ | РБ, донордук каражаттар |
9 | Заманбап лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана диагностиканын сапатын камсыз кылуу | Саламаттык сактоо баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында, анын ичинде жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда кургак учукту диагностикалоонун тез молекулярдык-генетикалык методдоруна жетүүнү жакшыртуу, ошондой эле өлкөдө болгон жана сатылып алынган жабдууларды колдонууну координациялоо | 2023-жыл | Кургак учуктун бактериологиялык жактан тастыкталган учурларынын үлүшү өстү | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | РБ, донордук каражаттар |
Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда лабораториялык диагностика үчүн кошумча модулду орнотуу | 2023-жыл | Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкы үчүн кургак учукту диагностикалоого жеткиликтүүлүк жакшыртылды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учукту геномдук секвенирлөөнү кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс-лабораториясында кошумча модулду орнотуу | 2023-2025-жылдар | Секвенирлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс-лабораториясында кошумча модуль орнотулду жана иштеп жатат | ССМ, Бишкек шаарынын мэриясы | РБ, донордук каражаттар | ||
Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы жаңы оорукананын базасында микробиологиялык лабораториянын иштешин камсыз кылуу | 2023-жыл | Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы жаңы оорукананын базасында микробиологиялык лаборатория уюштурулду жана иштеп жатат | ССМ, Бишкек шаарынын мэриясы | РБ, донордук каражаттар | ||
Менчигинин түрүнө карабастан кургак учуктун диагностикасын жүргүзгөн бардык лабораторияларда лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасын киргизүү | 2023-2024-жылдар | Лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасы бардык лабораторияларга киргизилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
GeneXpert платформаларын сатып алуу жана жер-жерлерге орнотуу | 2023-жыл | Диагностикага жеткиликтүүлүк жакшыртылды жана аларды тейлөө боюнча чыгымдар оптималдаштырылды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
10 | Ташуу системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу | Биоматериалдарды жана кургак учукка каршы препараттарды ташуу системасын этабы менен мамлекеттик каржылоого өткөрүү | 2023-жыл | Бардык облустарда ташуу системасын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
11 | Кургак учук менен ооруган бейтаптар үчүн лабораториялык текшерүүнүн сапатын жогорулатуу | Эл аралык стандарттарга ылайык кургак учукка каршы препараттарды кабыл алууда жагымсыз көрүнүштөрдү контролдоо, кургак учукка лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын башкаруу системасын этабы менен киргизүү | 2023-2026-жылдар | Кургак учукка каршы препараттарды кабыл алууда жагымсыз көрүнүштөрдү контролдоо, кургак учукка лабораториялык изилдөөлөрдүн сапаты камсыз кылынды | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
3. Кургак учукту дарылоо | ||||||
12 | Кургак учук менен ооруган бейтаптарды натыйжалуу жана заманбап дарылоо режимдери менен камтууну жакшыртуу | Кургак учук менен ооругандарды кыска мөөнөтүү дарылоо режимдери менен камтууну кеңейтүү | 2023-2024-жылдар | Кургак учук менен ооругандарды кыска мөөнөтүү дарылоо режими менен камтуу 20%га чейин кеңейтилди | ССМ | РБ |
Кургак учукка каршы препараттарга фармакологиялык көзөмөл системасын өркүндөтүү | Кургак учукка каршы дарылоонун натыйжалуулугу жана коопсуздугу камсыз кылынды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | |||
Дарылоону аяктоонун жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуу | Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүдө бейтапка багытталган моделди ишке ашырууну кеңейтүү, анын ичинде гендердик аспектти жана социалдык статусту, ошондой эле коштолгон ооруларды (кант диабети, ВИЧ, гепатит ж.б.) эске алуу менен психосоциалдык колдоо көрсөтүү, кургак учукка каршы препараттардын терс таасирлерине мониторинг жүргүзүү | 2023-2026-жылдар | Кургак учук менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүлүп жатат, дарылоону ийгиликтүү аяктоого өбөлгө түзүлдү | ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | РБ, жергиликтүү бюджет, донордук каражаттар | |
Мамлекеттик социалдык заказ механизми аркылуу социалдык жардам жана колдоо көрсөтүүгө ЖКУлардын активдүү катышуусун камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Дарылоонун ийгиликтүү аякташын камсыз кылуу жана дарылоонун үзгүлтүккө учурашын алдын алуу | ССМ, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖКУ | РБ, донордук каражаттар (макулдашуу боюнча) | ||
Бейтаптарды пенитенциардык системадан бошоткондон кийин жарандык секторго которуу механизмин өркүндөтүү | 2023-жыл | Кургак учук менен ооруган бейтаптарды пенитенциардык системадан жарандык секторго которуу механизми иштелип чыкты | ССМ, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учук менен ооруган жана башка өлкөнүн аймагында жүргөн бейтаптарды кургак учукка каршы дарылоо менен камсыздоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-2024-жылдар | Дарылоо менен камтуу жакшыртылды жана дарылоону ийгиликтүү аяктоо камсыз кылынды | ССМ, ЭСКММ, | РБ, донордук каражаттар | ||
4. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган системасы | ||||||
13 | Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу түзүмүн түзүү | Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлинде кургак учукка каршы жардамды уюштуруу үчүн стандарттарды жана талаптарды, анын ичинде кургак учук менен ооруган бейтаптарды активдүү аныктоо, профилактикалык дарылоо жана амбулатордук дарылоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, анын ичинде кургак учук менен ооруган учурларды башкаруу | 2023-жыл | Стандарттар жана талаптар иштелип чыкты | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Кургак учукка каршы иш-чараларды ишке ашырууда баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын башка мамлекеттик структуралардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | 2023-2024-жылдар | Механизм иштелип чыкты | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учукту амбулатордук деңгээлде контролдонуучу дарылоонун альтернативдик ыкмаларын кеңейтүү | 2023-2024-жылдар | Саламаттык сактоонун бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында кургак учукту контролдонуучу дарылоонун альтернативдик мотоддору колдонулат | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Саламаттык сактоонун бардык баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында заманбап рентген аппараттары менен камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлинде рентген аппараттары сатып алынды жана орнотулду | ССМ | Донордук каражаттар | ||
14 | Кургак учукка каршы стационарлардын жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарынын, СПИД кызматтарынын ортосундагы ырааттуулукту жакшыртуу | Туруктуулук профилине ылайык стационар шартында дарылоону уюштуруу, анын ичинде ооруканага жаткыруу критерийлерин, койкаларды кеңейтүү боюнча талаптарды иштеп чыгуу ж.б. | 2023-жыл | Стационар шартында дарылоону уюштуруу боюнча стандарттар жана талаптар иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы | РБ, донордук каражаттар |
Көптөгөн жана кеңири дарыларга туруктуулугу бар бейтаптарды дарылоо үчүн Кара-Балта шаарындагы Республикалык кургак учукка каршы ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун кургак учукка каршы ооруканасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунда жана Бишкек шаарындагы кайра уюшулган кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эл аралык стандарттарга ылайык инфекциялык контролдоо чараларын жакшыртуу | 2023-жыл | Кургак учукка каршы стационарларда эл аралык стандарттарга ылайык инфекциялык контролдоо чаралары жакшырды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учукка каршы стационарларды каржылоо методун андан ары өркүндөтүү менен кургак учук боюнча клиникалык чыгымдардын топторун кайра карап чыгуу | 2023-2026-жылдар | Кургак учук боюнча клиникалык чыгымдардын топтору жана орточо салмактанып алынган коэффициенттер кайра каралып чыкты, кургак учукка каршы стационарларды каржылоонун ыкмаларына жана шарттарына/эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учук менен ооруган учурларды бекитилген улуттук талаптар боюнча милдеттүү түрдө эсепке алуу, каттоо, отчеттуулук менен калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо системасына жеке структураларды тартуу үчүн ченемдик документтерди иштеп чыгуу | 2023-жыл | Кургак учук менен ооруган учурларды бекитилген улуттук талаптар боюнча милдеттүү түрдө эсепке алуу, каттоо, отчеттуулук менен калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо системасына жеке структураларды тартуу үчүн ченемдик документтер иштелип чыкты | ССМ | Донордук каражаттар | ||
Кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөрдү жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-2026-жылдар | Кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөрдү жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | Донордук каражаттар | ||
15 | Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал (эпидемиялар, жергиликтүү чек ара инциденттери, техногендик жана табигый катаклизмдер) шарттарында кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү | Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал (эпидемиялар, жергиликтүү чек ара инциденттери, техногендик жана табигый катаклизмдер) шарттарында кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн иш-аракеттер планын жана алгоритмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал (эпидемиялар, жергиликтүү чек ара инциденттери, техногендик жана табигый катаклизмдер) шарттарында кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн планы жана алгоритми иштелип чыкты | ССМ, ӨКМ | РБ, донордук каражаттар |
16 | Калктын кургак учук оорусуна эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү системасын өркүндөтүү | Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ролун күчөтүү менен секторлор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ролун күчөтүү менен секторлор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизми иштелип чыкты | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, ВИЧ кызматтары, анын ичинде кургак учукка каршы жеке жардам көрсөтүүчүлөр менен кургак учук менен ооруган учурларды эсепке алуу жана отчеттуулук системасын унификациялоо | 2023-жыл | Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, ВИЧ кызматтары, анын ичинде кургак учукка каршы жеке жардам көрсөтүүчүлөр менен кургак учук менен ооруган учурларды эсепке алуу жана отчеттуулук системасы унификацияланды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү уюмдарга, анын ичинде жеке кызмат көрсөтүүчүлөргө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу | 2023-жыл | Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү уюмдарга, анын ичинде жеке кызмат көрсөтүүчүлөргө карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар кайра каралып, бекитилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
5. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн интеграцияланган системасын каржылоо жана төлөө ыкмалары | ||||||
17 | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүдө артыкчылыктуу багыттар боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра карап чыгуу жана иштеп чыгуу | 2023-2024-жылдар | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасы кайра каралып, бекитилди | ССМ | РБ |
Баштапкы медициналык- санитардык жардам көрсөтүү деңгээлинде кургак учукка каршы жардам көрсөтүү кызматтарынын минималдуу топтомун иштеп чыгуу жана аны Мамлекеттик кепилдиктер программасына акысыз негизде киргизүү, анын ичинде кургак учукту инструменталдык изилдөө, айрыкча балдар жана өспүрүмдөр арасында | 2023-жыл | Кургак учукту диагностикалоого жеткиликтүүлүк, кургак учукту амбулатордук деңгээлде дарылоону камтуу жана сапаты жакшырты, балдар арасында аныкталган учурлардын саны көбөйдү | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учукка каршы препараттардын жагымсыз көрүнүштөрүн четтетүү үчүн препараттарды амбулатордук деңгээлде Жеңилдетилген дары менен камсыз кылуу программасына киргизүү | 2023-жыл | Баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөтүү деңгээлинде кургак учук менен ооругандарды дарылоону камтуу жана сапаты жакшырды | ССМ | РБ | ||
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасына байланышта болгон адамдар үчүн лабораториялык жана инструменталдык текшерүүлөрдү акысыз негизде киргизүү | 2023-жыл | Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасы байланышта болгон адамдар үчүн лабораториялык жана инструменталдык текшерүүлөрдү акысыз негизде жүргүзүүнү камтыйт | ССМ | РБ | ||
Жаңыланган жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнү толук каржылоону камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учукка каршы жардамды алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | ССМ, ФМ | РБ | ||
18 | Кургак учукка каршы жардамды каржылоонун узак мөөнөттүү саясатын иштеп чыгуу | СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонду тарабынан колдоого алынган кургак учукка каршы иш-чараларды этап менен мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча планды иштеп чыгуу | 2023-жыл | План иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Кургак учукка каршы уюмдарды оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган финансылык каражаттарды кайра инвестициялоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Кургак учукка каршы уюмдарды оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган финансылык каражаттарды кайра инвестициялоо механизми иштелип чыкты | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учукка каршы уюмдардагы жогорку технологиялуу лабораториялык жана медициналык жабдууларды, ошондой эле вентиляциялык системаларды тейлөөнү каржылоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Кургак учукка каршы уюмдардагы жогорку технологиялуу лабораториялык жана медициналык жабдууларды, ошондой эле вентиляциялык системаларды тейлөөнү каржылоо механизми иштелип чыкты | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Республикалык бюджеттин каражаттарына кургак учукка каршы препараттарды, кургак учук боюнча лабораториялык изилдөөлөр үчүн реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу үчүн каржылоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Кургак учукка каршы препараттарды, реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу үчүн каржылоо механизми иштелип чыкты | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
19 | Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн учурдагы жана жаңы методдорун өркүндөтүү жана иштеп чыгуу | Натыйжага багытталган каржылоо принцибинин негизинде жаңы, кеңейтилген функцияларды жана милдеттерди эске алуу менен саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөө методдорун кайра карап чыгуу | 2023-2025-жылдар | Саламаттык сактоо уюмдарына акы төлөө методдору кайра каралып чыкты, бекитилди жана ишке киргизилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Кургак учук боюнча лабораториялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө методун иштеп чыгуу, ал лабораториялардын чыгымдарын төлөп берүүгө мүмкүндүк берет | 2023-2025-жылдар | Лабораториялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө методу иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
6. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү үчүн ресурстар менен камсыз кылуу | ||||||
20 | Кургак учукка каршы сапаттуу препараттар менен камсыз кылуу | Дары каражаттарын каттоо боюнча техникалык регламенттерди ЕАЭБ эрежелери менен шайкеш келтирүү | 2023-жыл | Кургак учукка каршы препараттарды каттоо боюнча техникалык регламенттер стандартташтырылды | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-2025-жылдар | Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо механизми иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүнү башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анын ичинде сапатты жана тиешелүү муздак жерде сактоо чынжырчасын камсыз кылуу | 2023-2024-жылдар | Саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүнү башкаруу системасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди, анын ичинде сапатты жана тиешелүү муздак жерде сактоо чынжырчасы камсыздалды | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Жашоого маанилүү дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине реагенттерди жана чыгымдалуучу материалдарды киргизүү жана андан ары туруктуу негизде жаңыртып туруу жана өлкөдө каттоо | 2023-2024-жылдар | Реагенттер жана чыгымдалуучу материалдар Жашоого маанилүү дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине киргизилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
21 | Кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана башкаруу маселелерин кошуп алганда кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасынын кадрдык потенциалын күчөтүү | Кургак учукка каршы жардам көрсөткөн адистердин типтүү кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу жана кайра карап чыгуу | 2023-жыл | Типтүү кызматтык нускамалар иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар |
Кургак учукка каршы уюмдарды оптималдаштыруунун жана реструктуризациялоонун натыйжасында кадрларды бөлүштүрүүнү жана кайра бөлүштүрүүнү кошуп алганда кадрларды башкаруунун туруктуу жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жыл | Туруктуу жана натыйжалуу механизмдер иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
"Фтизиатрия" адистиги боюнча аттестациянын тесттик суроолорун үзгүлтүксүз жаңыртып турууну камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | "Фтизиатрия" адистиги боюнча аттестациянын тесттик суроолору жаңыртылды | ССМ, "Кургак учукка каршы жардам берүү адистеринин ассоциациясы" коомдук бирикмеси | РБ, донордук каражаттар | ||
"Врачтын депозити" программасына фтизиатрия жаатындагы адистерди тартуу боюнча сунуштарды киргизүү | 2023-жыл | "Врачтын депозити" программасы кайра каралды | ССМ, "Кургак учукка каршы жардам берүү адистеринин ассоциациясы" коомдук бирикмеси | РБ, донордук каражаттар | ||
Саламаттык сактоо системасына жаңы адистиктерди (биомедициналык инженерлер, биоинформатика ж.б.) эске алуу менен кызмат орундарынын номенклатурасын кайра карап чыгуу боюнча сунуш киргизүү | 2023-2024-жылдар | Кызмат орундарынын номенклатура-сына киргизүү үчүн сунуштар иштелип чыкты жана берилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Санариптик технологияларды, аралыктан окутуу методдорун колдонуу менен кургак учук боюнча заманбап эл аралык стандарттарды жана сунуштарды эске алуу менен даярдоо, кайра даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү программаларын дайыма жаңыртып туруу | 2023-2026-жылдар | Даярдоо, кайра даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү программалары жаңыртылды | ССМ, "Кургак учукка каршы жардам берүү адистеринин ассоциациясы" коомдук бирикмеси | РБ, донордук каражаттар | ||
22 | Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана кургак учукка каршы кызматтын кызматкерлеринин жумуш ордунда жугуу коркунучун азайтуу боюнча чараларды өркүндөтүү | Саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо уюмдарында кургак учукту инфекциялык контролдоо боюнча тиешелүү ченемдик документтерин кайра карап чыгуу | 2023-жыл | Жаңыланган ченемдик документтер бекитилди | ССМ, "Кургак учукка каршы жардам берүү адистеринин ассоциациясы" | РБ, донордук каражаттар коомдук бирикмеси |
7. Натыйжалуу стратегиялык башкаруу | ||||||
23 | Кургак учукту контролдоо боюнча программаны координациялоо функциясын өркүндөтүү | Кургак учукту контролдоо жана донордук жардамды координациялоо боюнча программаны ишке ашырууда анын координациялоочу функцияларын күчөтүү максатында Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин ишин активдештирүү | 2023-жыл | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин координациялык функциясы активдештирилди жыйналыштар үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат | ССМ, ЖКУ (макулдашуу боюнча) | РБ, донордук каражаттар |
Кургак учукту контролдоо боюнча программаларды координациялоо, башкаруу жана ишке ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун функцияларын жана милдеттерин кайра карап чыгуу | 2023-жыл | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун уставы кайра каралып чыкты жана бекитилди | ССМ | РБ, донордук каражаттар | ||
24 | Кургак учук боюнча медициналык-статистикалык маалыматтарды башкаруу системасын түзүү | Кургак учуктун интероперабелдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуунун негизинде кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системаны андан ары иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системанын коопсуздугун камсыз кылуунун негизинде жаңы продуктулар иштелип чыкты | ССМ, СӨМ | РБ, донордук каражаттар |
Кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системанын продуктуларынын туруктуу иштөө жана аларды адекваттуу каржылоо, туруктуу техникалык коштоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык системанын продуктуларынын туруктуу иштөө механизми иштелип чыкты | ССМ, СӨМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү азайтуу, медициналык персоналдын ишин жеңилдетүү, кургак учукту диагностикалоо, дарылоо, алдын алуу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн маалыматтык системаларды ишенимдүү ишке киргизүүнү камсыз кылуу | 2023-2026-жылдар | Кургак учук боюнча медициналык-маалыматтык система туруктуу киргизилди, кагаз түрүндө документ жүгүртүүдөн санарипке өтүү ишке ашырылды | ССМ, СӨМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Кургак учук боюнча маалыматтарды башкаруунун санариптик панелдерин иштеп чыгуу | 2023-жыл | Санариптик панелдер иштелип чыкты | ССМ, СӨМ | РБ, донордук каражаттар | ||
Бардык кызыкдар тараптар жана түзүмдөр үчүн маалыматтарды башкаруунун санариптик панелдеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | 2023-2024-жылдар | Санариптик панелдер коомчулукка жеткиликтүү | ССМ, СӨМ | РБ, донордук каражаттар | ||
25 | Кургак учук боюнча программаларды ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө жарандык сектордун жана жамааттардын катышуусун кеңейтүү | ӨЭУнун өкүлдөрүн кургак учук маселелери боюнча окутуу үчүн бирдиктүү окуу модулдарын иштеп чыгуу | 2023-жыл | ӨЭУнун өкүлдөрүн кургак учук маселелери боюнча окутуу үчүн бирдиктүү модулдар иштелип чыкты | ССМ, ЖКУ (макулдашуу боюнча), өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Донордук каражаттар |
ӨЭУнун өкүлдөрүн, патронаждык жана социалдык кызматкерлерди кургак учук менен ооругандарды жана кургак учукту жуктуруп алуу коркунучу жогору адамдарды социалдык коштоо, кароо жана колдоо, стигманы жана басмырлоону жоюу маселелерине окутуу | 2023-жыл | ӨЭУнун кызматкерлеринин жана жамааттардын лидерлеринин 60% жыл сайын окутуу иш-чараларына катышууда | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | Донордук каражаттар | ||
Кыскартууларды тизмеси:
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
ӨЭУ | - | өкмөттүк эмес уюмдар; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
ЖКУ | - | жарандык коомдун уюмдары; |
РБ | - | республикалык бюджет. |