Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 токтомуна ылайык) |
"Студенттик стартап" пилоттук программасы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Студенттик стартап" пилоттук профаммасына (мындан ары - программа) катышкан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында (мындан ары - ЖОЖдор) стартап-долбоорлордун конкурсун уюштуруу жана өткөрүү тартибин, ошондой эле конкурстун жыйынтыгы боюнча стартап-долбоорлору тандалып алынган окуу жайлардын окуучуларына (мындан ары - окуучулар) мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
грант - конкурстун жыйыитыгы боюнча тандалып алынган стартап-долбоорлорго кайтарымсыз акча түрүндө мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү;
грант алуучулар - конкурстун жыйынтыгы боюнча стартап-долбоорлору тандалып алынган ЖОЖдордун бакалавриат, адистик, магистратура, PhD, билим берүү программалары боюнча окуучулар, ЖОЖдордун окутуучулары;
стартап-долбоор - грант алуучунун стартапты түзүү жана өнүктүрүү (окуучулар түзгөн жана жетектеген чакан инновациялык ишкана формасында), Каржылоо жөнүндө келишимди (макулдашууну) (мындан ары - Келишим) ишке ашыруу процессинде да, ал аяктагандан кийин да технологиялык долбоорду ишке ашыруу боюнча иши;
жеке илимий-техникалык жана технологиялык изилдөөлөр - өтүнмө берүүчүнүн өзүнүн иштеп чыгуусуна жана изилдөөсүнө, ошондой эле мурда белгилүү болгон жана жалпыга жеткиликтүү идеяларга, концепцияларга, методдорго, процесстерге же технологияларга негизделген идеялар/иштер. Мында өтүнмөдө сунушталып жаткан иштеп чыгуулардын базасында түзүлгөн идея/иш керектөөчү тарабынан товарды/буюмду/технологияны/кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун функциялык натыйжалуулугун жакшыртуучу (жеткире иштеп чыгуу, адаптациялоо, жаңылыктуулук, инновацияны жакшыртуучу ж.б.) өтүнмө ээсинин интеллектуалдык салымын милдеттүү түрдө камтууга тийиш. Сунушталган идея/иш учурдагы иштеп чыгуулардын интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген автордук жана башка укуктарын бузбоого тийиш.
3. Конкурстун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- окуучуларга стартап-долбоорду түзүү жана өнүктүрүү аркылуу практикалык тажрыйба жана идеяны/ишти коммерциялаштыруу көндүмдөрүн, ошондой эле технологиялык ишкердик тажрыйбасын алууга мүмкүнчүлүк берүү;
- окуучулардын илимий эмгектеринин жана илимий активдүүлүгүнүн кадыр-баркын жогорулатуу;
- окуучуларды колдонмо мүнөздөгү актуалдуу илимий көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу;
- окуучулар үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнү камсыздоо.
4. Стартап-долбоорлору конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган грант алуучуларга мамлекеттик финансылык колдоо акысыз акчалай түрдө көрсөтүлөт.
5. Программанын алкагында төмөнкү тематикалык багыттар боюнча стартап-долбоорлор тандалып алынат:
- маалыматтык/санариптик технологиялар;
- медицина жана саламаттык сактоо/ден соолукту сактоо технологиялары;
- жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;
- интеллектуалдык өндүрүштүк технологиялар;
- биотехнологиялар;
- ресурсту үнөмдөөчү энергетика;
- агрардык технологиялар;
- жашыл экономика;
- креативдүү индустрия;
- кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү.
2. Конкурстун катышуучулары жана өтүнмөгө жана тапшырылуучу документтерге карата талаптар
6. Конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү электрондук форматта интернет-портал аркылуу (мындан ары -система) жүргүзүлөт.
7. Конкурска катышуу үчүн өтүнмө берүүчү төмөнкү документтерди берет:
- системада электрондук түрдө толтурулган өтүнмөнү;
- стартап-долбоордун резюмесин, ал төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: стартап-долбоордун максатын, иштин форматын, товардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн болочок керектөөчүлөрүнүн көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын, керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруунун инновациялык методун, өнүмдү же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу баскычынын сүрөттөлүшүн);
- календардык планды эске алуу менен стартап-долбоорду ишке ашыруу планынын долбоорун;
- стартап-долбоордо колдонуу пландалган интеллектуалдык иштин натыйжаларына өтүнмө берүүчүнүн укуктарын ырастоочу документтердин скан-көчүрмөлөрүн же интеллектуалдык иштин башка натыйжаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн негиздөөнү (бар болсо);
- окуучулардын статусун ырастоочу документтердин скан-көчүрмөлөрүн.
8. Өтүнмө бергенде өтүнмө берүүчү системадагы өтүнмөнүн бардык бөлүмдөрүн толтурушу керек. Тиркелген бардык документтер мамлекеттик же расмий тилде түзүлүп, жакшы окулууга, түстүү сканерден өткөрүлүүгө жана PDF форматында сакталууга тийиш. Документтерди толугу менен бир файл түрүндө сканерлөө керек, анын аталышы документтин аталышына дал келиши керек. Кагаз жүзүндө келип түшкөн өтүнмөлор каралбайт.
9. Өтүнмөнүн курамында өтүнмө берүүчү тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык эместиги аныкталган учурда өтүнмө берүүчү конкурсту өткөрүүнүн каалаган этабында ага катышуудан четтетилет.
3. Өтүнмөлөрдү кароонун тартиби
10. Стартап-долбоорлорду тандоо боюнча конкурс көз карандысыз эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы "Студенттик стартап" программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш менен макулдашуу боюнча билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан түзүлөт.
11. Конкурска катышууга берилген өтүнмөлөрдү кароо өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин башталат.
Ушул Жобонун 2-главасында белгиленген талаптарга ылайык келген өтүнмөлөр Комиссия тарабынан каралат. Ушул Жобонун 3-главасында белгиленген талаптарга ылайык келбеген өтүнмөлөр каралбайт.
12. Комиссия өтүнмөлөрдү экспертизалоо критерийлерин аныктайт. Ар бир өтүнмө боюнча белгиленген критерийлерге ылайык экспертиза жүргүзүлөт.
13. Комиссия өтүнмөлөрдү экспертизадан өткөрүү үчүн тиешелүү тематикалык багыт боюнча адистерди ишке тартууга укуктуу.
Комиссиянын мүчөлөрү жана Комиссия тарабынан тартылган адистер өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
14. Экспертизанын жыйынтыктары боюнча өтүнмөлөрдүн рейтинги түзүлөт:
- ар бир эксперттик корутунду боюнча жыйынтыктоочу балл ар бир критерий боюнча баллдарды суммалоо жолу менен түзүлөт;
- эксперттер тарабынан өтүнмөлөрдү баалоодо баллдардын орточо мааниси өтүнмө боюнча бардык эксперттик корутундулардын баллдык бааларынын орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.
15. Конкурстун жыйынтыгы Кеңештин кароосуна берилет.
Конкурстун жыйынтыгы системада жана билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат.
4. Конкурстун жеңүүчүсү менен Келишим түзүү тартиби жана берилүүчү отчеттордун курамына карата талаптар
16. Иштерди жүргүзүүгө келишим билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан грант алуучу менен түзүлөт. Келишим түзүлгөн учурда грант алуучунун сунушталган стартап-долбоорду ишке ашыруу боюнча колдонуудагы башка келишимдери болбошу керек.
17. Келишим төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:
- грант берүүнүн максаттуу багытын жана анын өлчөмүн;
- иштерди аткаруунун календардык планын;
- грантты которуунун шарттарын;
- иштерди аткаруу жөнүндө отчет берүүнүн тартибин, мөөнөтүн жана тиркелүүчү документтердин тизмесин;
- башка жоболорду.
18. Грантты которуу тараптар Келишимге кол койгондон кийин жүзөгө ашырылат.
19. Стартап-долбоордун 1-этабын аткаруунун жыйынтыктары боюнча грант алуучу төмөнкүлөрдү берет:
- иштерди аткаруу жөнүндө отчетту (аралыктык), анын ичинде стартап-долбоордун 1-этабынын каражаттарын чыгымдоо жөнүндө маалыматты;
- алуучунун уставдык капиталындагы үлүшү 50 %дан ашыкты түзгөн юридикалык жактын түзүлгөндүгүн ырастоочу документтерди, алуучу башкы директор болууга тийиш, ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен көчүрмө менен ырасталат, юридикалык жактын уюштуруу документтерин;
- стартап-долбоордун 1-этабын аткаруу жөнүндө актыны.
20. Стартап-долбоордун 2-этабын аткаруунун жыйынтыктары боюнча грант алуучу төмөнкүлөрдү берет:
- иштерди аткаруу жөнүндө (жыйынтыктоочу) отчетту, анын ичинде 2-этаптын каражаттарын чыгымдоо жөнүндө маалыматты;
- стартап-долбоордун 2-этабын аткаруу жөнүндө актыны;
- стартап-долбоордун бизнес-планын;
- стартап-долбоордун түзүлгөн сайтына шилтемени;
- стартап-долбоорду өнүктүрүү жөнүндө отчетту;
- түзүлгөн товар/буюм/технологиялар/кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө материалдарды.
21. Отчеттук документтер Келишимде жазылган мөөнөттө таризделет жана берилет.
22. Келишим боюнча иштерди кабыл алуудан жүйөлүү баш тартылган учурда системада аларды ишке ашыруу мөөнөтүн көрсөтүү менен зарыл болгон кошумча иштеп чыгуулардын жана оңдоолордун тизмеси жайгаштырылат же электрондук почта аркылуу алуучу менен байланышат.
23. Иштер билим берүү, илимий же инновациялык уюмдардын материалдык-техникалык базасын пайдалануу менен аткарылган учурда өтүнмө берүүчү бул уюм менен түзүлүп жаткан интеллектуалдык менчикке өз ара аракеттенүү же укуктарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу. Мындай келишимде тараптар өз ара аракеттенүү тартибин жана шарттарын же түзүлүүчү интеллектуалдык менчикке укуктарды бөлүштүрүүнү өз алдынча аныктайт.
5. Каржылоо тартиби жана стартап-долбоордун жыйынтмктарына карата талаптар
24. Стартап-долбоорлорду жыл сайын каржылоонун көлөмү Кеңеш тарабынан аныкталат.
25. Иштерди аткаруу мөөнөтү Келишим түзүлгөн күндөн тартып 12 айды түзөт. Бул мөөнөт алуучу келишимде каралган бардык иштерди аткарганда, белгиленген жыйынтыктарга жетишкенде жана конкурстун талаптарын сактаганда азайтылышы мүмкүн, бирок 6 айдан ашык эмес.
26. Конкурстун жеңүүчүлөрүн каржылоо Келишимде каралган иштерди аткаруунун календардык планына ылайык 2 этапта жүргүзүлөт.
27. Финансылык каражаттар төмөнкүдөй түрдө которулат:
- Келишим түзүлгөндөн кийин финансылык каражаттар Келишимдин баасынын (стартап-долбоордун жалпы баасы) 30 % өлчөмүндө которулат, 1-этап;
- Келишимдин биринчи траншын аткаруу жөнүндө акт бекитилгенден кийин конкурстун жеңүүчүсүнө Келишимдин баасынын (стартап-долбоордун жалпы баасы) 70 % өлчөмүндө каражат которулат, 2-этап.
28. Финансылык каражаттар төмөнкү чыгымдарды финансылык камсыздоо үчүн колдонулушу мүмкүн:
- юридикалык жакты каттоо менен байланышкан чыгымдар, анын ичинде уставдык капиталга төгүмдөр;
- эмгек акыны жана эмгек акыга чегерүүлөрдү төлөө;
жабдууларды, материалдарды, чийки заттарды, комплекттөөчүлөрдү, программалык камсыздоону сатып алуу/ижарага алуу, түзүлгөн интеллектуалдык менчикке укуктарды каттоо;
- башка юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана кесиптик кирешеге салык төлөөчүлөр тарабынан аткарылуучу жумуштарга акы төлөө;
- стартап-долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан башка экономикалык негизделген чыгымдар.
29. Юридикалык жакты каттоого байланышкан чыгымдарга багытталган финансылык каражаттарды (анын ичинде уставдык капиталга төгүмдөрдү) которуу конкурстун жеңүүчүсүнүн коммерциялык банкта ачылган жеке алыш-бериш эсебине жүзөгө ашырылат.
Башка финансылык каражаттарды которуу юридикалык жактын (конкурстун жеңүүчүсү тарабынан катталган) жана коммерциялык банкта ачылган алыш-бериш эсебине жүзөгө ашырылат.
30. Иштерди аткаруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү керек:
1) 1-этап - юридикалык жакты каттоо жүргүзүлгөн (юридикалык жакты түзүү мөөнөтү - Келишим түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашык эмес);
2) 2-этап:
- белгиленген талаптарга ылайык стартап-долбоордун бизнес-планы иштелип чыккан;
- стартап-долбоордун сайты түзүлгөн, анда жаңы товар, буюм, технологиялар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат жайгаштырылган жана долбоордун "Студенттик стартап" пилоттук программасынын колдоосу жөнүндө шилтеме берилген;
- белгиленген талаптарга ылайык стартап-долбоорду өнүктүрүү жөнүндө отчет толтурулган.