Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 токтомуна) |
Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө ЖОБО
1. Бул Жобо террористтик коркунучтун деңгээлдеринин түрлөрүн, аларды киргизүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралардын мазмунун аныктайт.
2. Террористтик коркунучтун деңгээлдери калкка терроризм актысынын коркунучу пайда болгондугу тууралуу өз убагында маалымдоо, мамлекеттик органдар тарабынан аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча ишти уюштуруу жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүү максатында киргизилет.
3. Жасалышы мүмкүн болгон же жасалган терроризм актысы тууралуу маалыматтын мүнөзүнө жана аныктыгына жараша Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым участокторунда (объекттеринде) террористтик коркунучтун төмөнкүдөй деңгээлдери киргизилиши мүмкүн:
а) кооптуу ("көк");
б) жогорку ("сары");
в) өтө коркунучтуу ("кызыл").
4. Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым участокторунда (объекттеринде) террористтик коркунучтун деңгээлдери төмөнкү учурларда киргизилет:
а) кооптуу ("көк") - терроризм актысын жасоонун реалдуу мүмкүндүгү жөнүндө ырастоону талап кылган маалымат болгондо;
б) жогорку ("сары") - терроризм актысын жасоонун реалдуу мүмкүндүгү жөнүндө ырасталган маалымат болгондо;
в) өтө коркунучтуу ("кызыл") - жасалган терроризм актысы же болбосо түздөн-түз терроризм актысынын коркунучун жараткан иш-аракеттерди жасоо жөнүндө маалымат болгондо.
5. Эгерде террористтик коркунуч жоюлса, Кыргыз Республикасынын аймагынын айрым участокторуна (объектине) киргизилген террористтик коркунуч деңгээли жокко чыгарылууга тийиш.
6. Облустун административдик чек араларынын чектериндеги аймактын айрым участокторуна (объекттерине) террористтик коркунучтун кооптуу ("көк"), жогорку ("сары") деңгээлдерин киргизүү, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы кабыл алат.
Бишкек шаарынын административдик чек арасынын чектериндеги аймактын айрым участокторуна (объекттерине) террористтик коркунучтун деңгээлдеринин кооптуу ("көк"), жогорку ("сары") деңгээлдерин киргизүү, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын Бишкек шаардык аймактык бөлүмүнүн башчысы кабыл алат.
Ыйгарым укуктуу органдын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы жана Бишкек шаардык аймактык бөлүмүнүн башчысы кабыл алган чечим тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине, ыйгарым укуктуу органдын Антитеррордук борборунун директоруна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Бишкек же Ош шаарларынын мэрлерине тез арада маалымдайт.
7. Аймактын айрым участокторуна (объекттерине) террористтик коркунучтун кооптуу ("көк"), жогорку ("сары") деңгээлдери киргизилген мөөнөт, террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген аймактын участогунун чек аралары (объекттери) жана ушул Жобонун 15-пунктунда каралган кошумча чаралардын тизмеги эгерде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси башкача чечим кабыл албаса, ушул деңгээлди киргизген кызмат адамы тарабынан аныкталат.
8. Аймактын айрым участокторуна (объекттерине) террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээлин киргизүү, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысынын же Бишкек шаардык аймактык бөлүмүнүн башчысынын (облустун же Бишкек шаарынын административдик чек арасынын чектериндеги аймакка деңгээл киргизилген учурда) сунушунун же ыйгарым укуктуу органдын Антитеррордук борборунун директорунун (эки же андан көп облустун аймагында жайгашкан аймакка деңгээл киргизилген учурда) сунушунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кабыл алат.
Сунушта ушул Жобонун 4-пунктунда каралган маалымат, ошондой эле террористтик коркунучтун деңгээли киргизилип жаткан мөөнөт, чектеринде деңгээл киргизилген аймактын участогунун чек арасы (объекти) тууралуу сунуштар жана ушул Жобонун 15-пунктунда каралган кошумча чаралардын тизмеги камтылууга тийиш.
9. Аймактын айрым участокторуна (объекттерине) террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээли киргизилген мөөнөт, чектеринде террористтик коркунучтун деңгээли киргизилип жаткан аймактын участогунун чек аралары (объекттери) жана ушул Жобонун 15-пунктунда каралган кошумча чаралардын тизмеги ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
10. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси ушул Жобонун 4-пунктунда каралган маалымат болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагына террористтик коркунучтун деңгээлдеринин кайсынысын болбосун киргизүү, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы жана террористтик коркунучтун тиешелүү деңгээли киргизилип жаткан мөөнөттү, чектеринде деңгээл киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын аймагынын участокторунун чек аралары (объекттери) жана ушул Жобонун 15-пунктунда каралган кошумча чаралардын тизмегин аныкташы мүмкүн.
11. Терроризмге каршы операциянын жетекчиси терроризмге каршы операцияны жүргүзүү зонасынын аймагына (аймактын айрым участокторуна) жана ага түздөн-түз жанаша жаткан аймакка террористтик коркунучтун деңгээлдеринин кайсынысын болбосун киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга жана террористтик коркунучтун тиешелүү деңгээли киргизилип жаткан мөөнөт, чектеринде деңгээл киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын аймагынын участокторунун чек аралары (объекттери) жана ушул Жобонун 15-пунктунда каралган кошумча чаралардын тизмегин аныктоого укуктуу.
12. Террористтик коркунучтун деңгээли 15 суткадан көп эмес мөөнөткө киргизилиши мүмкүн.
13. Террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген учурда террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген аймактагы калкка жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка мүмкүн болгон ыкмалар аркылуу коркунуч деңгээли киргизилгендиги, инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар тууралуу кечиктирбестен маалымдоого тийиш.
14. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана зарыл болгон учурда башка кызмат адамдарына террористтик коркунучтун деңгээлин киргизүү тууралуу кабарлайт.
15. Киргизилген террористтик коркунучтун деңгээлине ылайык инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча төмөнкүдөй кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүн:
1) террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээлинде:
- терроризм актысынын жасалышынын мүмкүндүгү жөнүндө маалыматты текшерүү боюнча иш-чаралар;
- милициянын наряддарына жана аскер кызматчыларынын айрым категорияларына, ошондой эле террористтик кол салуу мүмкүн болгон потенциалдуу объекттеринин персоналына, бөлүмдөрүнө кошумча инструктаж өткөрүү;
- көчөлөргө, аянттарга, стадиондорго, гүл бакчаларга, парктарга, транспорттук магистралдарга, бекеттерге, аэропортторго, эл алдындагы жана массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерге, башка коомдук жайларга укук коргоо органдарынын күчөтүлгөн кайгуулдарын, анын ичинде кинолог адистерди тартуу менен чыгаруу;
- аэропорттордо, темир жол бекеттеринде, автобекеттерде жана башка эл көп чогулган жерлерде текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен контролду күчөтүү;
- жардыруучу түзүлүштөр коюлушу мүмкүн болгон жерлерди аныктоо максатында инфратүзүм объекттерин, жылуулук жана газ түтүктөрүн, газ бөлүштүрүү станцияларын, энергетика системаларын текшерүүлөрдү жүргүзүү жана кароо;
- жардыруучу түзүлүштөрдү табуу жана зыянсыздандыруу максатында эл алдындагы жана массалык иш-чаралардын катышуучулары жүрүүчү негизги маршруттарды инженердик-техникалык кароону жүргүзүү, террористтик кол салуу мүмкүн болгон потенциалдуу объекттерди жана жарандар көп чогулган жерлерди текшерүү;
- терроризм актысынын жасалуу коркунучунун шартында өзүн кантип алып жүрүү тууралуу калкка өз убагында маалымдоо;
2) террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээлинде (террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли киргизилгенде көрүлүүчү чаралар менен катар):
- аба, суу, автомобиль, темир жол транспортунда, ошондой эле террористтик кол салуу мүмкүн болгон болжолдуу объекттерде терроризм актысын даярдоого жана жасоого тиешеси бар адамдарды издөөнү уюштуруу боюнча пландан тышкары чараларды ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде кызмат адамдары тарабынан террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген Кыргыз Республикасынын аймагынын участогунун чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандарын алардын жүргөн жана жашаган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу тартибинин сакталышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында убактылуу же туруктуу жашоо (убактылуу жүрүү), кирүү (чыгуу) жана Кыргыз Республикасы аркылуу өтүү тартибинин сакталышына контролду күчөтүү;
- мамлекеттик органдарда болгон терроризм актысынын кесепеттерин жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын, ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн техникалык каражаттардын жана атайын жабдуулардын эсебин тактоо;
- терроризм актысы коркунучу пайда болгон учурда тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды практикалык колдонуу боюнча машыгууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- террористтик кол салуу мүмкүн болгон потенциалдуу объекттердин коопсуздукту камсыздоо (күзөт), кризистик кырдаалдарды чектөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу персоналын жана бөлүмдөрүнүн даярдыгын текшерүү, алардын терроризм актысына бөгөт коюу жана адамдарды куткаруу боюнча мүмкүн болгон иш-аракеттерин иштеп чыгуу;
- терроризмге каршы операциянын укуктук режими киргизилген учурда ошол жердеги айрым участоктордон жана объекттерден адамдарды эвакуациялоодо аларды убактылуу жайгаштырууга ылайыктуу жерди, ошондой эле аларды тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо булактарын аныктоо;
- тийиштүү саламаттык сактоо уюмдарын күчөтүлгөн даярдык режимине которуу;
- саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жардамдын кечиктирилгис тез жардам жана башка түрлөрүн көрсөтүү боюнча, ошондой эле терроризм актысынын натыйжасында денесине залал келтирилиши мүмкүн болгон адамдарды медициналык эвакуациялоону уюштуруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн баалоо;
3) террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээлин киргизүүдө (террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") жана жогорку ("сары") деңгээлдерин киргизүүдө колдонулуучу чаралар менен катар):
- терроризмге каршы операцияны жүргүзүүгө катышкан күчтөр менен каражаттарды даяр абалга келтирүү;
- тийиштүү саламаттык сактоо уюмдарын өзгөчө кырдаалдар режимине которуу;
- террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттерди кайтарууну күчөтүү;
- терроризмге каршы операциянын укуктук режими киргизилген учурда ошол жердеги айрым участоктордон жана объекттерден адамдарды эвакуациялоодо аларды убактылуу жайгаштыруу пункттарын түзүү, аларды тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо;
- адамдарды куткаруу, кароосуз калган мүлктөрдү кайтаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, куткаруу кызматтарынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө көмөк көрсөтүү;
- төмөнкүлөрдү даяр абалга келтирүү: транспорт каражаттарын - адамдарды эвакуациялоого, саламаттык сактоо уюмдарын - терроризм актысынын кесепетинен денесине же моралдык зыян келтирилиши мүмкүн болгон адамдарды кабыл алууга, шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү борборлорун - жабыр тарткандар жана алардын туугандары менен иштөөгө;
- аймагына террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген жерлерде (облус, район) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын участоктору аркылуу транспорт каражаттарынын жүрүшүн контролдоону күчөтүү, курал-жарак, жардыруучу түзүлүштөрдү же жарылуучу заттарды табуу үчүн техникалык каражаттарды колдонуу менен транспорт каражаттарын кароону жүргүзүү.
16. Чектеринде террористтик коркунучтун деңгээлдери киргизилген Кыргыз Республикасынын аймагынын участокторунда (объекттеринде) ушул Жобонун 15-пунктунда каралган чаралардын бардыгы, ошондой эле айрымдары көрүлүшү мүмкүн.
17. Террористтик коркунучтун деңгээлин киргизүү, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечим, ошондой эле террористтик коркунучтун деңгээли киргизилип жаткан мөөнөт тууралуу жана чектеринде Кыргыз Республикасынын аймагынын участогунун чек арасы (объект) тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тез арада элге жарыяланууга тийиш.
18. Ушул Жобонун 15-пунктунда каралган чараларды аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзөт.
19. Тартылган мамлекеттик органдарга террористтик коркунучтун деңгээли тууралуу оперативдүү кабарлоо планын ыйгарым укуктуу органдын Антитеррордук борборунун директору бекитет.
20. Тартылган мамлекеттик органдарга облустардагы террористтик коркунучтун деңгээли тууралуу оперативдүү кабарлоо планын ыйгарым укуктуу органдын облустук аймактык бөлүмүнүн башчысы, ал эми Бишкек шаарында ыйгарым укуктуу органдын Бишкек шаардык аймактык бөлүмүнүн башчысы бекитет.