Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 11-марты № 138
Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 18-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө жарандардын иш-аракеттери боюнча нускама (эскерткич) 2-тиркемеге ылайык;
- Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин иш-аракеттери боюнча нускама (эскерткич) 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- жогоруда аталган Жободо каралган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча чыгымдар тийиштүү финансылык жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу сунушталсын:
- жеке жактарга - Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө жарандардын иш-аракеттери боюнча нускаманы (эскерткичти);
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге - Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин иш-аракеттери боюнча нускаманы (эскерткичти).
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |