Загрузка документа…
2-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 токтомуна) |
Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө жарандардын иш-аракеттери боюнча НУСКАМА (ЭСКЕРТКИЧ)
Террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген учурда мамлекеттик органдар инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүшү мүмкүн экендигин билүү маанилүү.
Террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли
Террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли терроризм актысын жасоонун реалдуу мүмкүндүгү жөнүндө ырастоону талап кылган маалымат болгондо киргизилет.
Террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээлин киргизүүдө төмөнкүлөр сунушталат:
1. Дүрбөлөңгө түшпөө.
2. Террористтик коркунуч тууралуу үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары кабардар экендигине ынануу, зарыл болгон учурда жолугушуу убактысын жана жерди белгилөө.
3. Ким экендигин ырастоочу документтер жанында экенине ынануу.
4. Шектүү адамдарга, буюмдарга көңүл буруу жана бардык шектүү предметтер тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине билдирүү.
5. Шектүү буюм же предмет табылган учурда:
- табылган нерсеге тийбөө жана ачпоо (анын ичинде коомдук транспортто);
- табылган убакытты, жагдайды белгилегенге аракет кылуу, ошондой эле табылгадан адамдардын мүмкүн болушунча алыс кетишине бардык аракетти көрүү;
- укук коргоо органдарынын, күзөт ишканасынын кызматкерлерине, объекттин администрациясынын өкүлүнө же транспорт каражатынын айдоочусуна табылга тууралуу билдирүү;
- мүмкүн болушунча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин келишин күтүү (эсиңизде болсун, Сиз - маанилүү күбөсүз!).
6. Бейтааныш адамдардан таңгак, куту, баштык, кандайдыр бир предметтерди албоо.
7. Өзүнүн буюмдарын, жүгүн кароосуз калтырбоо.
8. Имаратта, эл көп жүргөн жерлерде топтошкон элдин арасында жүргөндөн качуу, чыгуучу жана ага баруучу жерлер кайда экенин аныктоо.
9. Үйдө жүргөндө маалымат алсаңыз жер төлөөнүн жана үйдүн чатырынын эшиктери жабык экендигин текшерүү, тепкич менен коридорду үйүлүп турган предметтерден бошотуу.
10. Киргизилген коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээлине ылайык мамлекеттик органдар инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүшү мүмкүн экендигин билүү маанилүү.
11. Көчөдө, эл көп жүргөн жерлерде, коомдук транспортто жүргөндө төмөнкүлөргө көңүл бөлүү:
- айланадагы адамдардын сырткы келбети (кийими жыл мезгилине туура келбесе же ичинде кандайдыр бөтөн предмет бардай таасир калтырса);
- айланадагы адамдардын бир түрдүү жүрүм-туруму (күйкөлөктөө, сабырсыздануу, эки жагын карана берүү, түшүнүксүз күбүрөнүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жолуккандан качууга аракет жасоо);
- ээсиз автомобилдер, шектүү предметтер (электр өткөргүчтөрү, электр приборлору жана башка ушул сыяктуулар көрүнүп калышы мүмкүн болгон каптар, баштыктар, рюкзактар, чемодандар, пакеттер).
12. Бардык шектүү жагдайлар тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тез арада билдирүү.
13. Укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.
14. Укук коргоо органдарынын күчөтүлгөн көңүл буруусуна түшүнүү, сабырдуулук менен мамиле кылуу.
15. Үй-бүлөдөгү улгайган адамдарга, балдарга көчөдөн же подъездден таап алган ар бир предмет алардын өмүрү үчүн коркунуч жарата турганын түшүндүрүү.
16. Болуп жаткан окуялардан кабардар болуу (телеберүү, радио, "Интернет" тармагындагы жаңылыктарга көз салуу).
Террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээли
Террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээли терроризм актысын жасоонун реалдуу мүмкүндүгү жөнүндө ырасталган маалымат болгондо киргизилет.
Террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээлин киргизүүдө террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли киргизилгенде жүргүзүлүүчү иш-аракеттер менен катар төмөнкүлөр сунушталат:
1. Мүмкүн болушунча эл көп жүргөн жерлерге баруудан кармануу.
2. Көчөдө (коомдук транспортто) жүргөндө өздүгүн ырастоочу документти жанында алып жүрүү. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин биринчи талабы боюнча аларды текшерүү үчүн берүү.
3. Коомдук имараттарда жүргөндө (соода борборлорунда, бекеттерде, аэропорттордо жана ушул сыяктуулар) чыгуучу кошумча эшиктердин жайгашуусуна жана өрт чыккан учурда эвакуациялоо жолдорунун көрсөткүчтөрүнө көңүл буруу.
4. Турак үйлөргө жанаша аймактарда бейтааныш адамдардын, автомобилдердин пайда болуусуна көңүл буруу, зарыл болгон учурда укук коргоо органдарына бул тууралуу билдирүү.
5. Ири көлөмдөгү баштык, рюкзак, чемодан менен жүрүүдөн оолак болуу.
6. Өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда үй-бүлөдө иш-аракеттер планын талкуулоо:
- шашылыш жагдайда үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү менен жолугуша ала турган жерди аныктоо;
- бардык үй-бүлө мүчөлөрүндө башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандардын жана шашылыш кызматтардын телефон номерлери бар экендигине ынануу.
7. Эвакуациялоо (мүмкүн болгон) учурунда жанына биринчи керектелүүчү предметтерди, документтерди алуу. Зарыл болгон учурда улгайган жана сыркоо адамдарды эвакуациялоого жардам көрсөтүү.
8. Сиз үйдө жүргөндө маалымат алсаңыз төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- үйдүн жашоочуларынын нөөмөтүн уюштуруу;
- жер төлө менен үйдүн чатырын бекемдөө, мөөр басуу.
9. Имараттын ичинде жүргөндө маалымат алсаңыз:
- кошумча (авариялык) чыгуучу эшикке жакындоого мүмкүн экендигине ынануу;
- эл көп топтошкон жерден качуу;
- топтошкон элдин арасынан чыгып кетүүгө аракет кылбастан, эл менен кошо сүрүлүү;
- дүрбөлөң пайда болгон учурда тынчтыкты сактоого, кырдаалды туура баамдоого аракет кылуу.
Террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээли
Террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээли жасалган терроризм актысы же болбосо түздөн-түз терроризм актысынын коркунучун жараткан иш-аракеттерди жасоо жөнүндө маалымат болгондо киргизилет.
Террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээлин киргизүүдө террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") жана жогорку ("сары") деңгээлдери киргизилгенде жүргүзүлүүчү иш-аракеттер менен катар төмөнкүлөр сунушталат:
1. Сиз жашаган үйдүн жашоочуларынын нөөмөтүн уюштуруу, алар бейтааныш адамдардын, автомобилдердин пайда болушуна, кандайдыр бир предметтердин, ящиктердин жана каптардын түшүрүлгөнүнө өзгөчө көңүл буруу менен имаратты, подъезддерди үзгүлтүксүз кыдырып турат.
2. Эл көп жүргөн жерлерге баргандан баш тартуу, террористтик коркунучтун деңгээли киргизилген аймактарга барганды токтотуу, балдардын көчөдө жүрүү убактысына чек коюу.
3. Мүмкүн боло турган эвакуацияга даярдануу:
- биринчи керектелүүчү предметтердин жыйындысын, акча жана документтерди даярдоо;
- биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык каражаттардын запасын даярдоо;
- үй-бүлө мүчөлөрүнө суунун, тамак-аш азыктарынын үч күндүк запасын даярдоо.
4. Терроризм актысы жасалган же ага жакын жерде болуп калса, дүрбөлөңгө түшпөстөн тез аранын ичинде ал жерден кетүү, кызыгуудан оолак болуу, чок ортодон чыгууда жабыркаган адамдардын кооптуу зонадан чыгып кетишине жардам берүү, предметтерди жана буюмдарды албоо, видеого, сүрөткө тартпоо.
5. Телевизорду, радио кабылдагычты жана маалымат ала турган башка каражаттарды дайыма күйгөн абалда кармоо.
6. Түздөн-түз терроризм актысы коркунучун пайда кылуучу иш-аракеттерди жасоо тууралуу текшерилбеген маалыматтын таралышына жол бербөө.
7. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери терроризм актысына бөгөт коюу же терроризмге каршы операция жүргүзүлүп жаткан жерде болгондо:
- кызыгуусун көрсөтпөө, окуянын чок ортосуна жакын барбоо, качпоо (сизди каршы тарап катары кабыл алышы мүмкүн);
- жардыруу учурунда, атышуу башталганда дароо жерге жатуу (мүмкүн болсо баш калкалоону - жолдун жээги, машина жана башкаларды пайдалануу), башты колдору менен калкалоо;
- балдарды куткаруу боюнча чараларды көрүү, керек болсо денеси менен калкалоо.
8. Эгер сиз үйдө болгон учурда жардыруу же ок атышуу болсо батирдин (үйдүн) коопсуз жерине жашынуу зарыл, эреже катары мындай жер (бөлмө) турак үйдүн сырткы чегинен алыс, терезеси жок (жуунуучу бөлмө, сактоочу бөлмө, жер төлө, башка жабык имарат) жана мүмкүн болсо жерге жатуу керек.
9. Эл арасында болуп калсаңыз, эңкейбеңиз, түшүрүп алган нерсени албаңыз, жыгылбоого аракет кылып, тыгылышта коркунуч жаралса, көтөргөн жүгүңүздөн арылыңыз.
10. Эл толгон имаратта болуп калсаңыз чыгуучу эшикке, анын ичинде авариялык эшикке жылуу. Эл чыгып кеткен имаратка жоопкерчиликтүү адамдардын уруксатын алгандан кийин гана кайтып келүү.
11. Террористтер барымтага алган транспорт каражатында (автобуста, троллейбуста) болуп калсаңыз:
- террористтердин көңүлүн өзүңүзгө бурбоо;
- салондун ичин карап чыгуу, калкалоочу жерди белгилөө;
- тынчтануу, болуп жаткан окуяга көңүл бурбоого аракет кылуу;
- зер буюмдарды чечип, мобилдик телефон, фотоаппаратты катуу;
- террористтердин көзүнө карабоо;
- салон ичинде ары-бери баспоо;
- террористтердин чагымчыл же ачууну келтире турган жүрүм-турумуна көңүл бурбоо, аялдар буттарын катып алганы жакшы;
- эгерде укук коргоо органдары (атайын кызматтар) чабуул жасоого аракет кылса, отургучтардын арасына жата калуу, чабуул бүткөнгө чейин ошол жерде калуу;
- бошотулгандан кийин (чабуул жасаган бөлүмдүн жетекчисинин командасы боюнча) тез аранын ичинде транспорт каражатынан (автобустан, троллейбустан) чыгып кетүү, анткени анын ичине алдын ала мина коюлуу мүмкүндүгү жок эмес.
12. Барымтага алынган учурда:
- тынчтыкты сактоо жана жагдайга акыл калчап баа берүү;
- террористтердин курал колдонуусуна түрткү берген иш-аракетке жол бербөө;
- бир нерседен ажыроого, кордукка, кемсинтүүгө чыдоо;
- террористтердин көзүн карабоо, өзүңдү кыжырга тие тургандай алып жүрбөө;
- террористтердин талаптарын аткаруу, каршы сөз айтпоо, тобокелдикке салбоо;
- бир нерсе жасоодон мурун (отуруу, туруу, суу ичүү, дааратканага баруу жана башка) уруксат алуу;
- жарадар болсоңуз, кыймылдабаганга аракет кылыңыз, муну менен сиз кошумча кан жоготуунун алдын аласыз;
- куткаруу учурунда (процессинде) көмкөрөңүздөн жатыңыз, колдоруңуз менен башыңызды калкалап, кыймылдабаңыз;
- жардыруу, өрт болгон учурда лифтти колдонбоңуз.
ЭСКЕРТҮҮ!!!
Террористтер жардыруу каражаттары үчүн чүмбөттөө катары кадимки тиричилик буюмдарын - кутуну, баштыкты, капчыкты, тамеки кутусун, мобилдик телефонду, оюнчукту колдонушу мүмкүн:
Бул тууралуу балдарыңызга, туугандарыңызга жана тааныштарыңызга түшүндүрүңүз.
Кайдыгер болбогула, сиз өз убагында жасаган иш-аракеттериңиз терроризм актысын алдын алууга жана айланадагы адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.