Загрузка документа…
3-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 138 токтомуна) |
Террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүүдө мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин иш-аракеттери боюнча НУСКАМА (эскерткич)
Террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли
Террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли терроризм актысын жасоонун реалдуу мүмкүндүгү жөнүндө ырастоону талап кылган маалымат болгондо киргизилет.
Террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээлин киргизүүдө төмөнкүлөр сунушталат:
1. Уюмдун кызматкерлерине жана күзөткө террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли киргизилгендигин маалымдоо. Терроризм актысын жасалуу коркунучунда же жасалганда (анын ичинде шектүү предметтер табылгандагы иш-аракеттер боюнча) иш-аракеттердин тартиби боюнча инструктаждарды өткөрүү.
2. Жардыруучу түзүлүштөр коюлушу мүмкүн болгон жерлерди табуу максатында начар байкалган кооптуу элементтерге жана потенциалдуу кооптуу участокторго, өрт чыгууга, жарылууга кооптуу материалдарга өзгөчө көңүл буруу менен технологиялык жана башка жабдууларды текшерүү, ошондой эле уюм жайгашкан имаратка жанаша жайгашкан аймакты текшерүүнү күчөтүү (2 саат сайын). Объекттин аймагында жардыруучу түзүлүш катары колдонулушу мүмкүн болгон шектүү предметтер табылса, тийбөө, ачпоо. Укук коргоо органдарына табылга тууралуу тез арада маалымдоо. Табылган буюмду 100 метрден кем эмес аралыкта курчоону камсыздоо.
3. Өткөрүү режимин, уюмдардын кызматкерлерин, келген кишилерди, транспортту кароо иш-чараларын күчөтүү. Уюмдун имаратына белгисиз адамдар мыйзамсыз кирген учурда укук коргоо органдарына бул тууралуу тез арада маалымдоо.
4. Террористтик коркунучтун деңгээлинин киргизилгендигине байланышкан расмий маалымат менен кабардар болуу. Террористтик коркунучтун деңгээлин жокко чыгарылганда (өзгөртүлгөндө) уюмдун кызматкерлерине жана күзөткө бул тууралуу маалымдоо.
Террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээли
Террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээли терроризм актысын жасоонун реалдуу мүмкүндүгү жөнүндө ырасталган маалымат болгондо киргизилет.
Террористтик коркунучтун жогорку ("сары") деңгээлин киргизүүдө террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") деңгээли киргизилгенде жүргүзүлүүчү иш-аракеттер менен катар төмөнкүлөр сунушталат:
1. Терроризм актысынын же ага байланышкан өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын, ошондой эле куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн техникалык каражаттардын жана атайын жабдуулардын эсебин тактоо.
2. Уюмдун кызматкерлеринин терроризмге каршы аракеттенген мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү боюнча даярдыгын текшерүү.
3. Уюмдун кызматкерлерине террористтик коркунучтун деңгээлдерин киргизүү жана кесепеттерин жоюуга байланышкан иш-чараларга тартууга күчтөрдү жана каражаттарды практикалык колдонуу боюнча машыгууларды өткөрүү.
4. Зарыл болгон учурда элди эвакуациялоонун мүмкүн болгон маршруттарын аныктоо.
5. Объекттен эвакуацияланган уюмдун кызматкерлерин убактылуу жайгаштыруу үчүн ылайыктуу жерлерди аныктоо.
Террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээли
Террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээли жасалган терроризм актысы же болбосо түздөн-түз терроризм актысынын коркунучун жараткан иш-аракеттерди жасоо жөнүндө маалымат болгондо киргизилет.
Террористтик коркунучтун өтө коркунучтуу ("кызыл") деңгээлин киргизүүдө террористтик коркунучтун кооптуу ("көк") жана жогорку ("сары") деңгээлдери киргизилгенде жүргүзүлүүчү иш-аракеттер менен катар төмөнкүлөр сунушталат:
1. Начар байкалган кооптуу элементтерди жана потенциалдуу кооптуу участокторду кайтарууну күчөтүү.
2. Адамдарды куткаруу, кароосуз калган мүлктөрдү кайтаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү.
3. Укук коргоо органдарынын жана куткаруу кызматтарынын ишине көмөк көрсөтүү.
4. Терроризм актысы жасалган жерден эвакуацияланган адамдарды убактылуу жайгаштыруу пунктун түзүү.
5. Адамдарды эвакуациялоо үчүн болгон транспорт каражаттарын даяр абалга келтирүү.
6. Терроризмге каршы операция жүргүзүлгөн учурда объекттен персоналды эвакуациялоону камсыздоо.