Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна) |
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы
Бул 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) дүйнөдө жана Борбордук Азия регионунда пайда болгон жаңы кризистик жагдайларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бизнес менен өз ара аракеттенүүсүнө багытталган.
Негизги түшүнүктөр:
Бизнести өнүктүрүү программасы - жаңы чакырыктарды эске алуу менен мамлекеттин жана жеке сектордун бизнести туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чаралары менен демилгелеринин жыйындысы.
Бизнестин туруктуулугу - бул коомдун максаттуу муктаждыктарын, экономикалык коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоо мүмкүнчүлүгүн чагылдырган бизнестеги өз ара көз каранды сандык жана сапаттык өзгөрүүлөрдүн комплекстүү процесси.
1-глава. Негизги өбөлгөлөр
1. COVID-19 пандемиясынын кесепеттери жана геосаясий кризис бизнеске жана инвестициялык чөйрөгө терс таасирин тийгизди.
2. ДСУга, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы көп тараптуу соода эрежелеринин принциптерин бузуу менен азык-түлүк, дары каражаттарын экспорттоого чектөө чараларын киргизди. Бизнеске зыян келтирилди, 2020-жылдын июнунда тышкы сооданын көлөмү 21%га кыскарды. 2021-2022-жылдары глобалдык жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учурады. Бул окуя дүйнө жүзү боюнча баалардын өсүшүн жана ар кандай товарлардын тартыштыгын шарттады, ошондой эле дүйнөлүк керектөө структурасына таасирин тийгизди.
3. Дүйнөлүк финансылык институттар 80 жылдан бери алгачкы жолу болгон глобалдык терең рецессия жөнүндө жарыялашты. Ал эл аралык сооданын коллапсына, улуттук экономикалардын бүтүндөй тармактарынын токтоп калышына, калктын жашоосунун бир кыйла начарлашына алып келди.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген узак мөөнөттүү максаттарга жетүүдө терс өбөлгөлөр пайда болду.
5. Ошондой эле аймактык бүтүндүккө жана коопсуздукка коркунучтар келип чыкты (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусу). Мамлекеттик башкаруунун начардыгынан улам күчөгөн активдүү эксплуатациянын натыйжасында жаратылыш капиталы түгөнүүдө.
6. Дүйнө жүзү боюнча климаттык тобокелдиктер туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн коркунуч катары каралат. 2030-жылга карата Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын 44%га кыскартуу максатын коюп жатат. 2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишет.
7. Фискалдык, транспорттук-логистикалык, тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча милдеттер коюлду.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынды, ал менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга, экономиканын туруктуу өсүшүнө дем берүүгө, ишкердиктин субъекттеринин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоого, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө багытталган.
9. Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүүгө жана Кыргыз Республикасында бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы кабыл алынды.
Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында чагылдырылган төмөнкү индикаторлорго жетишүүгө өбөлгө түзөт:
1) реалдуу экономикалык өсүштүн жылдык темпин орточо 5% деңгээлинде камсыз кылуу;
2) ИДПны калктын жан башына кеминде 1500 АКШ долларына чейин жеткирүү;
3) жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү;
4) жыл сайын ИДПга карата 13%дан кем эмес өлчөмдөгү чет өлкөлүк түз инвестициялардын келишин камсыз кылуу;
5) мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДПга карата 60%дан ашпаган деңгээлде сактоо;
6) адамзатты өнүктүрүү индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 5 позицияга жакшыртуу;
7) глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу;
8) калктын жакырчылык деңгээлин 20%га чейин, анын ичинде балдардын жакырчылык деңгээлин 25%га чейин төмөндөтүү;
9) жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү;
10) электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси боюнча өлкөнүн 60 топ өлкөгө кириши;
11) парник газдарынын чыгышын 17%га кыскартуу;
12) коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу;
13) сатып алуулардын жылдык көлөмүнүн 30% чейин туруктуу (жашыл) сатып алууларды киргизүү.
2-глава. Принциптер жана инструменттер
Бизнести туруктуу өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болуучу негизги принциптер.
2.1. Өз ара байланыш принциби - мамлекеттин жана бизнестин өз ара жоопкерчилиги
Программада бизнести тейлөөнүн сервистик моделине өтүү каралган:
1) салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу;
2) бажы инфраструктураларын санариптештирүү;
3) бизнести мамлекеттик жөнгө салуудан жана бюрократиядан арылтуу, анын ичинде контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жана лицензиялык контролду кыскартуу;
4) өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон Ак ниет ишкерлердин реестрин түзүү жолу менен ишкерлердин статусун жогорулатуу;
5) жашыл технологияларды колдонгон ак ниет ишкерлерге жеңилдетилген кредиттик ресурстарды берүү;
6) Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин түзүлгөн реестринин негизинде мамлекеттик сатып алууларды жана башка дем берүүчү шарттарды жүзөгө ашырууда атайын режимди колдонуу;
7) мамлекеттик-жеке диалогдо бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
8) бизнеске өзүн-өзү жөнгө салуу функцияларын берүү жолу менен жөнгө салуу саясатын либералдаштыруу (ишкердиктин субъекттеринин ишине айрым мамлекеттик жана муниципалдык контролдук жана көзөмөлдүк функцияларды өткөрүп берүү);
9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ижаранын жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун модернизациялоо жана жогорулатуу максатында мыйзамдарда каралган башка механизмдердин алкагында пайдаланылбаган жана токтоп турган мамлекеттик жана муниципалдык активдерди өткөрүп берүү.
Бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга жылдыруу тышкы саясаттын артыкчылыгы болуп саналат. Чет өлкөлүк мекемелерди кесиптик жактан чыңдоо аркылуу экономикалык дипломатияны активдештирүү инвестицияларды тартуу жана экспортту илгерилетүү чөйрөсүндө мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсү үчүн натыйжалуу шарттарды түзөт.
Өнүккөн өлкөлөрдүн техникалык регламенттерин таануу тышкы соода операцияларын тездетүүгө мүмкүндүк берет. Башка өнүккөн өлкөлөрдө ырасталган дүйнөлүк бренд компанияларынын дары препараттарын аккредитациялоонун автоматтык жол-жобосу өлкөгө керектүү медициналык препараттарды жеткирүүнү тездетет.
Салыктар өлкөнүн экономикасын турукташтыруу жана өнүктүрүү саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү менен бирге өндүрүштү өнүктүрүүгө жолтоо болбоого тийиш.
Менчигинин түрүнө, уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларына, алардын тармактык таандыктыгына, жеке жактын жарандыгына жараша кошумча салыктарды, салык салуунун жогорулатылган же дифференцияланган ставкаларын белгилөөгө жол берилбейт. Киреше булактарына же пайда болгон түрүнө карабастан салыктар бирдей ыкмада эсептелет.
Салык төлөө жол-жобосу максималдуу жөнөкөйлөтүүнү талап кылат, мында керектөө салыгы товарды сатып алуу менен бир убакта төлөнөт.
Салык төлөөчүлөрдү каттоо жөнөкөйлөтүлгөн тиркемелер, анын ичинде "Салык төлөөчүнүн кабинети" мобилдик тиркемелери аркылуу ишке ашырылат.
Өлкөнүн аймагында товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн же финансылык каражаттардын эркин пайдалануусун түз же кыйыр чектеген салыктарга жол берилбейт.
Мамлекет жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мыйзам тарабынан тыюу салынбаган экономикалык иш-аракеттерин жүзөгө ашырууну же анын жолунда тоскоолдуктарды жаратууну чектебейт.
Мамлекет салык төлөөчүлөргө колдонуудагы салыктар жана жыйымдар жөнүндө маалыматтык ишин күчөтөт, аларды эсептөөнүн тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды берүүнү улантат.
Бир эле объектке бир гана түрдөгү жана мыйзамда белгиленген салык мезгилинде бир гана жолу (кош салык салууну болтурбоо жөнүндө келишим) салык салынышы мүмкүн.
Салык мыйзамдары аларды түшүндүрүүчү нускамаларды, каттарды, түшүндүрмөлөрдү жана башка ченемдик укуктук актыларды чыгаруу зарылдыгын жокко чыгарган түз аракеттеги мыйзамдардан болушу керек.
Жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашыруусуна жолтоо болгон салыктарды жана жыйымдарды белгилөөгө жол берилбейт.
Салыктык текшерүүлөрдүн процесси оптималдаштырылууда жана салык органдарын текшерүү үчүн "бир орган - бир текшерүү" принциби киргизилүүдө.
Процесстин ачыктыгын жана атаандаштыгын күчөтүү максатында салык органдарынын чечимдерине даттануу системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы чаралар көрүлөт.
Мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын биргелешкен жана тийиштүү текшерүүлөрдүн санын жана бизнес чыгымдарын кыскартат. Текшерүүлөр системасында санариптик технологияларды колдонуунун эсебинен бизнестин мамлекеттик органдар менен байланыштарынын саны кыскарат. Ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер улантылат:
1) мыйзамдардагы болгон карама-каршылыктарды, кенемтелерди жана так эместиктерди четтетүү;
2) ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган айрым декларативдик ченемдерди конкреттештирүү;
3) айып салуунун жана башка санкцияларды кабыл алуунун ордуна ишкерлерге эскертүү берүү жана маалымдоо механизмин күчөтүү;
4) мыйзамдардын талаш ченемдерине түшүндүрмөлөрдү жана чечмелөөлөрдү берүү институттарын өнүктүрүү;
5) ишкерлердин чыгымдарына алып келген мыйзамсыз же негизсиз чечимдер үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жеке жоопкерчилигин мыйзамдык жактан күчөтүү;
6) мыйзам чыгаруу ишинде ишкерлердин пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алууну, ошондой эле мыйзам долбоорлорун алдыга жылдырууда белгиленген жол-жоболорду жана экспертизаларды милдеттүү түрдө жүргүзүүнү камсыз кылуу.
2.2. Соода жана өндүрүштүк мамилелердин байланыш принциби - рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү жана жогорулатуу
Логистикалык бизнести санариптештирүү, электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн экосистеманы жана электрондук коммерция паркын түзүү чек араларды кеңейтет жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө багытталган трансулуттук компаниялар үчүн коммуникациялык мейкиндикти түзүүгө мүмкүндүк берет. Санариптештирүү өзүн-өзү ишке ашырууга, жогорку кошумча нарктагы акылдуу өнүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун көбөйтүүгө, интернет-маркетинг, дизайн, веб-сайттарды жана тиркемелерди иштеп чыгуу, SMM, копирайтинг, SEO илгерилетүү, PR, Data Science жана башка түрдүү тармактагы санариптик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жаш дымактуу чыгармачыл адистер үчүн өнүгүүгө жана киреше табууга мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлорун Кыргызстандын ДСУдагы милдеттенмелерине карата либералдаштыруу почта кызматтары жана авиация чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр секторунда жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Заманбап жабдылган мультимодалдык жүк авиахабын түзүү тышкы соодадагы убакыт чыгымдарын кыскартат.
Финансы системасын ESG жана башка эл аралык фонддордун талаптарына ылайык келтирүү финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Салык кызматынын электрондук системаларында товарларды көзөмөлдөө механизмдери өлкөгө контрафакт продукттарды алып келүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга мүмкүндүк берет.
Товарларды импорттоодо товарды коштоочу документтерди алуунун санариптик механизмдерин киргизүү тышкы соодада товар алмашуу процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстан үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн соода преференцияларын алуу экспортко багытталган ишканалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, азык-түлүк жана ден соолук коопсуздугу чөйрөсүндө импортту алмаштырууга түрткү берет.
Соода преференциялары системасынын эл аралык инструменттери экспорттоочулардын чыгымдарын азайтуу үчүн өнүккөн өлкөлөрдүн рынокторуна алымсыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасы үчүн берилген преференциялык мүмкүнчүлүктөрдү оптималдаштыруу экспортко багытталган продукцияны региондук аспектте географиялык бөлүштүрүүнү кеңейтет.
Кош салык салуудан качуу боюнча келишимдик базаны кеңейтүү бир нече мамлекеттерде бир эле кирешеге чексиз салык салууга жол бербейт.
Интеллектуалдык менчик бизнести өнүктүрүү үчүн келечектеги ийгиликтин маанилүү компоненти болуп саналат, ошондуктан анын корголушун камсыз кылуу талап кылынат. Технологияны жана сергек атаандаштыкты, гүлдөп-өнүгүүнү жана коомду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын туура коргоо зарыл.
Иштеп жаткан көп тараптуу соода жана региондук уюмдардын алкагында соода талаш-тартыштарын жөнгө салуу механизмдери тышкы соодадагы соода тоскоолдуктарынын санын кыскартууга, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторуна тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
2.3. Инновациялуулук принциби - узак мөөнөттүү келечекте атаандаштык артыкчылыктарын бекемдөө
Финансылык технологияларды (FinTech) өнүктүрүүгө дем берүү бизнестин жана мамлекеттин финансы жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн жана ишин жакшыртуу үчүн технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мобилдик банкинг, инвестициялоо, онлайн-кредиттөө, салык органдары менен өз ара аракеттенүү үчүн смартфондорду колдонуу финансылык, мамлекеттик кызматтарды коом үчүн жеткиликтүү кылууга багытталат.
Кепилдик фонддордун механизмдери жана система түзүүчү жана инновациялык долбоорлорго кепилдик колдоонун башка формалары өндүрүш технологияларын модернизациялоого мүмкүндүк берет.
Туруктуулук шарттары боюнча кредиттөө, анын ичинде ESG принциптери сакталган учурда, мамлекеттин колдоосу жана финансылык институттар жана фонддор (Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кыргыз-Эмират инвестициялык холдинги, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясы) менен өз ара аракеттенүү аркылуу берилет.
"Креативдүү экономика" программасын креативдүү индустриялардын сектору катары колдоо келечектеги экономиканын жаңы тармагы болуп калат жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.
Ченемдик укуктук актылардын пакетин колдонууга киргизүү креативдүү индустрияларды өнүктүрүү, ошондой эле креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттеринин иштеши, креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктоо үчүн шарттарды түзөт.
2.4. Экологиялуулук принциби - айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу
Жеке сектордун, ар кандай фонддордун жана финансылык институттардын финансылык булактарына жетүүсүн камсыз кылуу боюнча механизмдер циклдүү экономиканын долбоорлорун ишке киргизүү үчүн жаңы өбөлгөлөрдү түзөт.
Фискалдык инструменттер, экологиялык төлөмдөр, салыктык жеңилдиктер жана "жашыл" өндүрүштөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн мамлекеттик субсидиялар циклдик экономикага өтүү боюнча максаттарды илгерилетүүдө алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Борборлоштурулган сатып алуулар туруктуу стандарттарга ылайык келген ата мекендик өндүрүштү стимулдаштырууга багытталат. Кыргыз Республикасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу 100 миллиард сомду түзөт. Мамлекет товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эн ири сатып алуучусу (ИДПнын 15-25%ы), ошондуктан анын өз сатып алуу жөндөмүн колдонуп, туруктуу мамлекеттик сатып алууларды киргизүү аркылуу туруктуу керектөөнү жана өндүрүштү стимулдайт.
ЭКБ жана чакан ГЭСтердин негизинде жаңы кубаттуулуктарды киргизүү аркылуу электр энергиясынын булактарын диверсификациялоо климаттын өзгөрүшүнүн өлкөнүн гидроэнергетикасына тийгизген таасирине байланыштуу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылат. Ошондой эле энергия натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө фондун түзүү өлкөдө энергияны үнөмдөө саясатын жүргүзүү жана ЭКБны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
Кыргызстандын геотермалдык булактарынын потенциалы анын жылуулук энергиясын, анын ичинде туризм чөйрөсүндө, айыл чарба продукциясын иштетүү жана кургатуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен изилденет.
2.5. Теңдик принциби (социалдык адилеттүүлүк)
Программанын алкагындагы демилгелер ишкердик иште ДМЧАнын катышуусун жогорулатуу, аялдардын экономикалык активдүүлүгүнүн, аялдардын ишкердүүлүгүнүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү аркылуу алардын иш менен камсыз болушун жогорулатуу аркылуу инклюзивдүү экономика үчүн алкактык шарттарды түзөт.
Жеке сектордо ДМЧАларды жалдоого дем берүү, алардын ишкердик көндүмдөрүн өздөштүрүүсү үчүн шарттарды түзүү, каржылоого жетүү үчүн преференциалдык шарттарды берүү, мамлекеттик сатып алуулар рыногу экономиканын инклюзивдүүлүк деңгээлин жогорулатууга жардам берет, ошондой эле ДМЧАлардын жеке сектордо эмгектенүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана аларды ишкердик чөйрөгө тартуу көз карашынан алганда бизнестеги адам укуктарын сактоого өбөлгө түзөт, бул майыптуулук категориясына жана тобуна карабастан эмгектик ишин мыйзамдарда кепилденген жүзөгө ашыруу укугун ишке ашыруу үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн бир топ кеңейтет.
Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн шарттарды жана стимулдарды түзүү аялдардын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга, кирешелерин көбөйтүүгө, жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтөт.
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жетүүнүн көбөйүшү аялдардын экономикага катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет, аялдар арасындагы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтөт.
2.6. Өнүгүү коопсуздугу принциби - тышкы жана ички чөйрөнүн терс таасирине каршы туруу
Бизнеске дем берүү механизмдери азык-түлүк коопсуздугун, ден соолук коопсуздугун, өнөр жайды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт.
Экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүү үчүн негиздерди бекемдөө айыл чарба кластерлерин, соода-логистикалык борборлорду жана жашылча сактоочу жайларды каржылоонун максаттуу программалары, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, жеңил өнөр жайдын долбоорлору, экологиялык таза продукцияны өндүрүү, агрокайра иштетүүчүлөр жана экспортерлор, электрондук соода, рекреациялык жана медициналык туризм, коргоо каражаттарын өндүрүү, санариптик технологиялар жана чечимдер аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Ишкердикти колдоо үчүн инфраструктуралык долбоорлорду андан ары түзүү жана өнүктүрүү коопсуз жана ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн камсыз кылат. Инфраструктуранын зарыл саны жана сапатынын тиешелүү деңгээли иштеп жаткан же келечектеги ишкердик субъекти иш жүргүзгөн аймакта жок болгон учурда потенциалдуу түрдө туш болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырат жана ишеним артат.
Ишкердик жаатындагы билимдердин потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү бизнестин мүмкүн болгон чакырыктарга даярдыгына жана бизнести жүргүзүүнүн жаңы шарттарына өз убагында ыңгайлашуусуна өбөлгө түзөт.
Медицина сектору экономикалык жактан жагымдуу болушу керек. Медицина секторундагы сергек атаандаштык чөйрөсү инвесторлорду жаңы ден соолукту чыңдоочу жайларды түзүүгө, ошондой эле медициналык билим берүү тармагына инвестиция салууга тартат. Жөнгө салуу жана лицензиялоо системасын өркүндөтүү өлкөнүн бардык региондорунда жеке медициналык уюмдардын тармагын кеңейтүү жана ийкемдүү кредиттик жана лизингдик механизмдерди активдүү киргизүү менен жеке медициналык уюмдарды финансылык колдоонун масштабын жана көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Чет элдик инвестицияларды тартуу менен жеке медицинага дем берүү механизмдери алдынкы чет өлкөлүк клиникалар жана медициналык борборлор менен биргелешкен дарылоо-диагностикалык мекемелерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Экономикалык кызыкчылыктарды жана бизнестин кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө мониторинг механизмдерин жана ийгиликтин индикаторлорун орнотуу менен дипломатиялык инструменттер (экономикалык дипломатия, бизнес дипломатия) колдонулат.
Бизнестеги адам укуктарын коргоо бизнести өнүктүрүүнүн жана экономикалык өсүштүн негизги стимулу болуп саналат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы), ошондой эле бизнес-ассоциациялар маанилүү ролду ойношу керек.
Мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринен келтирилген зыянды минималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү бизнестин жана чет өлкөлүк инвесторлордун мамлекетке болгон ишенимин арттырат. Ишкердик субъекттин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, биринчи кезекте адам катары коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдын ишин андан ары өнүктүрүүгө жана жайылтууга колдоо көрсөтүлөт.
Программага толуктоолор жана өзгөртүүлөр ден соолукту, азык-түлүк коопсуздугун коргоону жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жыл сайын киргизилиши мүмкүн.
3-глава. Программаны өнүктүрүү демилгелери
1. Текстиль өнөр жайы, курулуш, электроника өндүрүшү, пластмасса ж.б. тармактарында артыкчылыктары бар тегерек экономика боюнча иш-аракеттер планы менен таза жана циклдик экономиканын өнөр жай стратегиясы.
2. Жеке секторду тартуу менен "Оңдоо толкуну" демилгеси. Оңдоолору мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Жаңысын сатып алуунун ордуна, мамлекеттик сектор учурдагы активдерди (эмерек, имарат, жабдуулар, техника, транспорт) колдонот.
3. Батареяларды колдонуунун жаңы жолдорун калыптандыруу, калдыктарды башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдык реформалар.
4. Коомдук электр мобилдерин кубаттоо жана май куюу коомдук пункттарын жайылтуу үчүн каржылоо.
5. Экспортко багытталган жана креативдүү экономика.
6. "Бир айыл - бир продукт" долбоору - тажрыйбаны бүткүл өлкөгө масштабдоо.
7. Туризм чөйрөсүндө - Кыргызстандын велосипед жолдорунун долбоорлору, жаңы тоо трассалары, глемпингдери, термалдык суулары.
8. Көп функциялуу КТБлардын демилгелери.
9. Туруктуу ишкердик маданиятын калыптандыруу.
10. Туруктуу курулуш жана туризм тармагындагы демилгелер.
11. Кыргызстандын геотермалдык булактары айыл чарба, курулуш, туризм чөйрөсүндө бизнести туруктуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
4-глава. Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасы
Жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнуна чейинки жана 31-декабрына чейинки мөөнөттө жооптуу аткаруучулар өз компетенциясынын чегинде контролдук иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берет.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Программанын стратегиясын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү максатында:
1) баалоо индикаторлорунун системасын иштеп чыгат, ал анын ичинде эл аралык рейтингдердеги позицияларды камтыйт;
2) жетишилген максаттарды эске алуу менен контролдук иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчеттун формасын иштеп чыгат;
3) иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жооптуу аткаруучулардын маалыматты толук беришин контролдойт, көрсөтүлгөн маалыматты жалпылайт;
4) жооптуу аткаруучулардын отчетторунун негизинде контролдук иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына жайгаштырат;
5) Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет даярдайт;
6) Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарынын жана аны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн негизинде жыл сайын баяндама түзөт.
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну талдоонун жана Программада каралган критерийлер менен индикаторлорго жана эл аралык рейтингдердин көрсөткүчтөрүнө жетүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
Аткаруунун натыйжалары бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жылына 2 жолу талкууланат.
Кыскартуулардын тизмеси:
ДСУ | - | Дүйнөлүк соода уюму; |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги; |
АКШ | - | Америка Кошмо Штаттары; |
ИДП | - | ички дүң продукт; |
SMM (англ. Social media marketing) | - | социалдык тармактардагы маркетинг; |
SEO (англ. search engine optimization) | - | издөөнү оптимизациялоо (сайттарды илгерилетүү); |
PR (Public Relations, пиар) | - | коомчулук менен байланыш; |
Data Science | - | маалыматтар жөнүндө илим; |
ESG (англ. Environmental, Social, and Corporate Governance) | - | экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу; |
FinTech | - | финансылык технологиялар; |
ЭКБ | - | энергиянын кайра жаралуучу булактары; |
ГЭС | - | гидроэлектр станциясы; |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. |