Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-февралы № 94
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 783, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-июнуна жана 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 (3466) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 2-тиркеме |
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 783, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Иш-чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар |
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
1. Өз ара байланыш принциби - мамлекеттин жана бизнестин өз ара жоопкерчилиги |
| |||||
1.1-милдет. Бизнести тейлөөнүн сервистик моделине өтүү |
| |||||
1.1.1 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.2 | "Жөнгө салуучу кумкоргон" же "жөнгө салуу режими" механизмин колдонуу үчүн укуктук ченемдик базаны түзүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Башкаруу чечимдерин кабыл алууда чыгымдар кыскарды, инновацияларды киргизүү процесси тездетилди жана анын натыйжалуулугу жогорулады | ЭКМ |
|
1.1.3 | Мамлекеттик функциялардын аутсорсинги үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрү 10 позицияга жакшырды | ЭКМ, ФМ |
|
1.1.4 | Салык органдарын текшерүүдө "бир орган - бир текшерүү" принцибин киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - "Бир орган - бир текшерүү" принциби киргизилди; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | ЭКМ, ФМ |
|
1.1.5 | Катталган учурдан тартып бардык мезгил ичинде салык отчетторун берүүдө салыктарды төлөбөө коркунучунун факторлору жок болгон учурда жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын ишин жоюу процесстерин оптималдаштыруу | 2023-жылдын 30-июнунда | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Юридикалык жактарды жоюунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | ФМ, ЭКМ, ЮМ |
|
1.1.6 | Бир жылдан ашык отчет бербеген юридикалык жактарды жоюу жол- жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча механизмди иштеп чыгуу жана киргизүү | 2023-жылдын 30-сентябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - экономиканын субъекттерин эсепке алуу процесси оптималдаштырылды; - ишкердик чөйрөсүн мүнөздөгөн статистикалык маалыматтардын "тазалыгы" жакшырды; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | ФМ, ЮМ |
|
1.1.7 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.8 | Ишкердик субъектинин өлчөмүнүн призмасы аркылуу салыктык отчеттуулуктун форматын (форма 161) кайра кароо | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Салыктык отчеттуулуктун форматы эл аралык стандарттарга жооп берет жана бизнес үчүн натыйжалуу жана ыңгайлуу көрүнөт; - ири, чакан жана орто бизнес үчүн отчеттуулуктун жаңы формалары бекитилди; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | ФМ, ЭКМ, Соцфонд |
|
1.1.9 | Юридикалык жактардын жетекчилерин жана менчик ээлерин, жеке ишкерлерди фискалдык жана башка системаларда, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды онлайн режимде каттоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Жеке ишкер катары каттоонун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү; - юридикалык жакты каттоонун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | СӨМ, ФМ, ЭКМ, ЮМ |
|
1.1.10 | Арыз ээсинин катталгандыгына карабастан жеке ишкерлерди каттоо механизмин киргизүү | 2024-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейди; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | ФМ, ЭКМ, СӨМ |
|
1.1.11 | "Салык төлөөчүнүн кабинетинин" негизинде мобилдик тиркемени иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - "Салык төлөөчүнүн кабинетинин" базасында мобилдик тиркеме ишке киргизилди; - жыл сайын өткөрүлүүчү жыйналыштарда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды; - Тиркеме Play Market, AppStorera кошулду | ФМ |
|
1.1.12 | Лицензиялардын жана уруксаттардын жаңы түрлөрүн киргизүүгө мораторий киргизүү | 2024-жылдын 30-марты | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Контролдук функциялар жана ишкердик субъекттеринин ишине кийлигишүү даражасы кыскарды; - коррупцияны азайтуучу ачык лицензиялоо системасы түзүлдү; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | ЭКМ, лицензия берүүчү маморгандар |
|
1.1.13 | Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын иши үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын иши үчүн мыйзамдык негиздер түзүлдү | ЭКМ, ЮМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.14 | Лицензиялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо функцияларын кесиптик коомдоштуктарга өткөрүп берүү | 2024-жылдын 30-марты | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Бизнес-ассоциациялардын жана кесиптик коомдоштуктардын ролу күчөтүлдү | ЭКМ, лицензия берүүчү маморгандар |
|
1.1.15 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.16 | Узак мөөнөттүү ижарага берүү, МЖӨ долбоорлорун демилгелөө, биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн 3D картаны түзүү менен пайдаланылбай токтоп турган мамлекеттик активдердин тизмесин түзүү | 2026-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Мамлекеттик мүлктүн көлөмү улуттук коопсуздук объекттерин кошпогондо, нарктык мааниде 3 эсеге кыскарган | Мүлк фонду, МЖӨ борбору, УАИ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.17 | Муниципалдык менчиктин инвентаризациясын жүргүзүү жана 3D картаны түзүү менен муниципалдык активдердин тизмегин түзүү, андан кийин жеке сектордун башкаруусуна өткөрүп берүү | 2024-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Жеке сектордун башкаруусуна өткөрүп берилген муниципалдык менчиктин көлөмү көбөйдү | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.18 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.19 | Муниципалдык жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-сентябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Муниципалдык жеке өнөктөштүк долбоорлору үчүн мыйзамдык база түзүлдү | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик |
|
1.1.20 | Жашыл технологияларды колдонгон ак ниет ишкерлерди жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ар кандай финансылык институттар аркылуу берилген жеңилдетилген кредиттердин көлөмү 50%га көбөйдү | ФМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.21 | Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин түзүлгөн реестринин негизинде мамлекеттик сатып алууларды жана башка дем берүүчү шарттарды ишке ашырууда атайын режимди колдонуу практикасын киргизүү | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ата мекендик өндүрүш товарларын сатып алуунун үлүшү 30%га көбөйдү | ФМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.22 | Мамлекеттик-жеке диалогдо бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүү аркылуу ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ишкерлердин укуктарынын бузулушунун саны эки эсеге кыскарды | ЭКМ, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.23 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.24 | СТ-1 товары (продукциялары) чыгарылган өлкөнү ырастоо системасын санариптик форматка трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - СТ-1 товары (продукциялары) чыгарылган өлкөнү ырастоо системасынын санариптик форматы киргизилди; - керектүү маалыматтарды алмашуу жана ырастоо үчүн электрондук санариптик платформа түзүлдү; - жыл сайын өткөрүлүүчү консультативдик жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан натыйжалуулугу ырасталды | СӨП (макулдашуу боюнча), ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.25 | Ишкерлердин статусун көтөрүү, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин түзүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ак ниет ишкерлердин реестри түзүлдү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.26 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.27 | Ишкердикти жүзөгө ашырууга байланышкан лицензиялык-уруксат берүү жана административдик жол-жоболорду берүү боюнча функцияларды ишке ашыруу бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин бардык органдарында жашыруун "контролдук сатып алуу" системасын киргизүү | 2023-жылдын 30-сентябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Жарым жылда бир жолу өзүн-өзү диагностикалоо отчету берилет | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.28 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.29 | Экономикага кошкон салымды баалоо үчүн, анын ичинде эл аралык рейтингдерге байланыштырууну эске алуу менен бардык мамлекеттик органдарда KPI системасын киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Кеминде 5 авторитеттүү эл аралык рейтингде өлкөнүн позициясы жакшыртылды | ЭКМ |
|
1.1.30 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.1.31 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунда салык талаштарын кароо | 2023-жылдын 30-декабры | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | - Эл аралык бейтарап сотто салык талаштарын кароо боюнча регламент жана башка колдонулуучу эрежелер кабыл алынды; - ишкерлерге алардын талаш-тартыштарын кароодо арбитр адистерди тандоого мүмкүнчүлүк берилди | ЭКМ, ФМ, СӨП (макулдашуу боюнча) |
|
1.1.32 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотто инвестициялык медиациянын кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | Сингапур конвенциясын ратификациялоо мүмкүнчүлүгү жаатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен кызматташтык түзүлдү | ЭКМ, ЮМ, СӨП (макулдашуу боюнча) |
|
1.2-милдет. Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча чараларды ишке ашыруу |
| |||||
1.2.1 | Социалдык өнөктөштөрдү тартуу менен Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук стратегияны жана жол картасын бекитүү | 2024-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча улуттук стратегия жана жол картасы бекитилди | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
1.2.2 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.2.3 | Ишканалар жана жеке ишкерлер үчүн формалдуу эмес иштин же иш менен камсыз болуунун кемчиликтери жөнүндө натыйжалуу маалыматтык кампанияны өткөрүү | 2024-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ишканаларга жана жеке ишкерлерге формалдуу эмес иштин кемчиликтери жөнүндө маалыматтык кампания өткөрүлдү | ЭКМ, ЭСКММ |
|
1.2.4 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
1.2.5 | Эл аралык стандарттарга ылайык, анын ичинде эл аралык салыштырууну камсыз кылуу үчүн формалдуу эмес экономиканын жана формалдуу эмес иш менен камсыз кылуунун статистикалык аныктамаларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2025-жылдын 30-майы | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донорлук каражаттар | Статистикалык аныктамалар иштелип чыкты жана кабыл алынды | ЭСКММ, ЭКМ |
|
2. Соода жана өндүрүш мамилелерин байланыштыруу принциби - рынокто өнүктүрүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу |
| |||||
Милдет - инвесторлордун, өндүрүүчүлөрдүн, экспортерлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо |
| |||||
2.1 | Кош салык салууну болтурбоо жөнүндө келишимдик базаны кеңейтүү, бир нече мамлекетте бир эле кирешеге чексиз салык салууга жол бербөө | 2026- жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ЕС, КМШ, АСЕАН, БЕНИЛЮКС өлкөлөрү менен келишимдерге кол коюлду | ЭКМ, ТИМ |
|
2.2 | Технологияларды өнүктүрүүгө жана табигый атаандаштыкка көмөктөшүү үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Кыргызстан патенттердин саны боюнча дүйнөлүк рейтингде 50 өлкөнүн тобуна кирет (ИМБДУ) | Кыргызпатент |
|
2.3 | Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн финансылык жана банктык системаларды ESG талаптарына ылайык келтирүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Циклдик экономиканын критерийлери боюнча долбоорлорду каржылоо 2 эсеге көбөйдү | КРУБ (макулдашуу боюнча) ЭКМ, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
2.4 | Кыргыз Республикасы үчүн берилген жеңилдетилген соода системаларын оптималдаштыруу, региондук аспектте экспортко багытталган продукциянын географиялык бөлүштүрүүсүн кеңейтүү ("Бир айыл, бир продукт" принциби боюнча экспорт) | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, ЕБРР, DFID, JICA, SECO, USAID, GIZ каражаттары | Ар бир айылдын жылдык экспортунун көлөмү жылына 30%га көбөйтүлдү | ЭКМ, СӨП (макулдашуу боюнча), ТИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
2.5 | Ишенимсиз салык төлөөчүлөрдү аныктоо максатында эсеп-фактуранын маалыматтык системасынын маалыматтарын КНС боюнча салык отчеттуулугунун маалыматтары менен салыштыруу бөлүгүндө санариптик инструменттерди киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Ишенимсиз салык төлөөчүлөрдү аныктоо максатында КНС боюнча салык отчеттуулугунун маалыматтары менен КНС боюнча салык отчеттуулугунун эсеп-фактураларынын маалыматтык системасынын маалыматтарын салыштыруу бөлүгүндө санариптик инструменттер киргизилди; - натыйжалуулук жыл сайын өткөрүлүүчү жолугушууда бизнес-ассоциациялар тарабынан ырасталды | ФМ |
|
2.6 | Транзиттик жүктөрдү негизсиз кечиктирүүгө жол бербөө үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын ортосунда ишенимдүү маалыматтар менен алмашуу механизмдерин киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Мыйзам бузуулардын саны 90%га чейин кыскарды | ФМ, МТК |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
2.7 | Экспортко багытталган продукцияларды сертификациялоо үчүн лабораториялар багытында айрым өлкөлөр менен иштешүү | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Япониянын, Венгриянын, Швейцариянын колдоосунда продукцияны сертификациялоо боюнча лабораториялар ачылды | ТИМ, ЭКМ |
|
2.8 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
2.9 | Батыш өлкөлөрүнүн соода преференцияларынын системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - ВСП+ колдонулушу узартылды; - Улуу Британиянын соода преференциялары киргизилди | ЭКМ, ТИМ |
|
2.10 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
2.11 | Чек арадагы өткөрүү пункттарында жайгашкан инспекциялык-текшерүү комплекстерин колдонуунун толук автоматташтырылган жол-жобосун камсыз кылуу | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Бажылык текшерүүнүн бардык 7 пунктунда орнотулду | ФМ, ЭКМ, ЧК |
|
2.12 | ЕАЭБ алкагында товарларды экспорттоодо жана импорттоодо Кыргыз Республикасы үчүн жетиштүү сандагы навигациялык пломбаларды камсыз кылуу менен навигациялык пломбаларды киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Чек арадан өтүү убактысы 5 эсеге кыскарды; - көмүскө экономиканын деңгээли 50%га төмөндөдү | ФМ |
|
2.13 | Толук кандуу, анын ичинде соода өнөктөш-өлкөлөр менен тышкы экономикалык ишке карата талаптарга тийиштүү маалыматтык базаны түзүү максатында trade.kg сайтын модернизациялоо | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Сайт модернизацияланды; - жарактуулугу бизнес-ассоциациялар тарабынан ар жылы өткөрүлүүчү жолугушууда ырасталат | "Бирдиктүү терезе" МИ, ЭКМ |
|
2.14 | Почта кызмат көрсөтүүлөр секторуна инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, ДСУнун спецификалык милдеттенмелеринин тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди; - кабарлоо жол-жобосу аяктады | ЭКМ, ТИМ, СӨМ |
|
2.15 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
2.16 | Чет өлкөлүк жогорку квалификациялуу адистерди тартуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү | 2023-жылдын 30-августу | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Жол-жоболоштуруу 30 күнгө чейин кыскартылды | ЭСКММ, ТИМ, УКМК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
3. Инновациялуулук принциби - узак мөөнөттүү келечекте атаандаштык артыкчылыктарды бекемдөө |
| |||||
Милдет. Креативдүү экономиканы өнүктүрүү |
| |||||
3.1 | Өсүштүн таяныч чекиттерин жана региондун артыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын шаарларында креативдүү кластерлерди иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | 7ден кем эмес креативдүү кластерлер иштелип чыкты | ЭКМ, ММСЖСМ, СӨМ, Кыргызпатент, КИПД (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
3.2 | Креативдүү индустриянын профайлдарын даярдоо жана алардын финансы институттарына жана бизнести акселератордук программаларга презентациялоо | 2024-жылдын 30-июну | Донордук каражаттар жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | Презентациялар жана форумдар өткөрүлдү | КИПД (макулдашуу боюнча), АКИ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ТИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
3.3 | Креативдүү индустрия чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2026-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | 10дон кем эмес МЖӨ долбоорлор ишке ашырылды | УИА, КИПД (макулдашуу боюнча), ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
3.4 | Электрондук коммерция паркын түзүү үчүн жагымдуу шарттарды иштеп чыгуу | 2024-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү | ЭКМ, УИА, СӨМ, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
3.5 | Электрондук коммерция паркын түзүү | 2024-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар жана мамлекеттик эмес каржылоонун башка түрлөрү | Электрондук коммерция паркы режими киргизилди | ЭКМ, УИА, ФМ, СӨМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
3.6 | Арбитраждык, коммерциялык мыйзамдар боюнча эл аралык электрондук платформа | 2024-жылдын 30-декабры | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | 50 мамлекеттин электрондук маалыматтар базасын толтуруу | ЭКМ, СӨП (макулдашуу боюнча) |
|
4. Экологиялуулук принциби - айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоо, жаратылышка сый мамиле жасоо |
| |||||
Милдет. Циклдүү экономиканы өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн шарттарды түзүү |
| |||||
4.1 | Экологиялык продукциянын улуттук брендин иштеп чыгуу | 2024-жылдын 30-марты | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Экологиялык жактан таза продукциянын экспортунун үлүшү көбөйдү | ЭКМ, АЧМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
4.2 | Жеке сектор үчүн ESG принциптерин жана стандарттарын, анын ичинде төмөнкүдөй чөйрөлөрдө сектордук саясатты жана методологияны иштеп чыгуу: - курулуш; - транспорт; - электр энергиясын генерациялоо; - финансы сектору | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Долбоорлордун көлөмү нарк жагынан кеминде 50%га көбөйтүлдү, ESG стандарттары боюнча | КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, ЖРЭТКМ, ЭМ, ФМ, МФЦА (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
4.3 | КРУБ тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар үчүн башка мамлекеттик органдар менен биргеликте ESG принциптерин жана жашыл каржылоо инструменттерин ишке ашыруу жана колдонуу боюнча рекомендацияларды даярдоо (зарыл болгон учурда) | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ESG стандарттары боюнча долбоорлорду каржылоо 50%га көбөйдү | КРУБ (макулдашуу боюнча), Банктар бирлиги (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
4.4 | "Ишенимдүү зайымчы" статусун калыптандыруу жолу менен туруктуулук принциптери боюнча жеке секторду күрөөсүз (долбоордук) каржылоо платформасын түзүү | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Жеке секторду каржылоо эки эсеге көбөйдү | ЭКМ, СӨП (макулдашуу боюнча), ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
4.5 | "Жашыл мамлекеттик сатып алууларды" киргизүү (экологиялык жактан таза товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, экологиялык проблемаларды чечүү менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу ж.б.) | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | "Жашыл мамлекеттик сатып алуулардын" үлүшү 30%га көбөйдү | ФМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
4.6 | Мамлекет тарабынан сатып алынуучу "жашыл товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө" тиешелүү артыкчылыктуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн биринчи кезектеги тизмесин аныктоо | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси аныкталды жана критерийлери иштелип чыкты | ФМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
4.7 | Туруктуулук жана циклдүүлүк принциптери боюнча каржылоону тартуу үчүн 10дон кем эмес ТЭН жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Эл аралык фонддор тарабынан финансыланган долбоорлордун үлүшү 50%га көбөйдү | "Долбоордук офис" ММ, ЭМ, ККБ, ТИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
4.8 | Кыргыз Республикасынын компанияларынын арасында ESG рейтингин калыптандыруу | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ESG тиешелүү принциптери бар компаниялар көбөйдү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
4.9 | Жашыл технологияларды жана принциптерди киргизүүгө жана колдонууга түрткү берүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин иштеп чыгуу | 2023-жылдын 31-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - жашыл технологияларды жана принциптерди колдонгон компаниялардын саны көбөйдү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган фискалдык жана административдик стимулдардын саны көбөйдү | ЭКМ, ЖРЭТКМ, АЧМ, ММСЖСМ |
|
4.10 | Калк үчүн электр мобилдерди сатып алууну субсидиялоо | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | - Электр мобилдерди сатып алууну субсидиялоонун механизмдери жана параметрлери иштелип чыкты; - катталган электр мобилдердин саны көбөйдү | ЭКМ, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
5. Теңдик (социалдык адилеттүүлүк) принциби |
| |||||
Милдет. Экономиканы өнүктүрүүдө социалдык адилеттүүлүк принциптерине жетүү |
| |||||
5.1 | ДМЧАнын эмгек ишмердиги үчүн ыңгайлашкан эмгек орунун (орундарын) жана башка тиешелүү шарттарды түзүү шартында бизнес үчүн жеңилдетилген кредит берүү механизмдерин киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Ишке орноштурулган ДМЧАлардын саны көбөйдү - жеңилдетилген кредитти алууга мүмкүн болгон ишкерлердин саны көбөйдү | ЭСКММ, ЭКМ, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
5.2 | "Success story" ДМЧА бизнесте" тажрыйбасын андан ары калыптандыруу максатында ишкердик ишин жүргүзүү көндүмдөрү боюнча ДМЧА ар кандай топтору үчүн окуу курсун иштеп чыгуу | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ДМЧА ар кандай топтору үчүн окутуу модулу (онлайн/офлайн) иштелип чыкты | ЭСКММ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
5.3 | Ишкерлерди ДМЧА жалдоо көндүмдөрүнө окутуу (жумуш орундарын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана наркы, жамаатта адаптациялоо өзгөчөлүктөрү, коопсуздук техникасын камсыз кылуу, ДМЧА жөнүндө мыйзамдар, аларды митигациялоо тобокелдиктери жана мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык тажрыйба) | 2023-жылдын 30-декабры | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | Ишкерлер үчүн маалыматтык кампаниялар, тренингдердин циклдери өткөрүлдү | ЭСКММ, өкмөттүк эмес сектор (БӨУ) (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
5.4 | Менчик ээлери аялдар болгон ата мекендик ишканалардын мамлекеттик сатып алууларга кепилденген катышуу механизмдерин киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Механизм киргизилди | ЭКМ, ФМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
5.5 | ДМЧА (чакан жана орто бизнестин ээлери, жеке ишкерлер) үчүн жеңилдетилген кредит берүү механизмин киргизүү, кредиттерди алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Жеңилдетилген кредит берүү механизми киргизилди | ФМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
5.6 | ДМЧА кызматкерлери болуп эсептелген ата мекендик ишканалардын мамлекеттик сатып алууларга кепилденген катышуу механизмин киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ДМЧА кызматкерлери бар ишканалар тарабынан жүргүзүлүүчү мамлекеттик сатып алуулардын үлүшү көбөйдү | ФМ |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
5.7 | Мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча Консультативдик кеңешти түзүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Консультативдик кеңеш түзүлдү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
5.8 | Ишкер аялдар сунуштаган долбоорлорго мамлекеттик кредиттик каражаттардан каражаттарды бөлүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ишкер аялдардын мамлекеттик кредиттик каражаттарга жеткиликтүүлүгү жогорулады | ФМ, ЭКМ |
|
5.9 | Аялдардын ишкердик индексин киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Бюджеттен тышкаркы каражаттар | Ишкер аялдар үчүн мыкты өлкөлөрдүн рейтинги 50дөн кем эмес деңгээлге чейин көтөрүлдү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
5.10 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иш режимин түзүүгө, күтүүгө жана уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигине оң корутунду болгондо мектепке чейинки кызматтарды көрсөтүүдө лицензиялоодон кабарлоо тартибине өтүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Мектепке чейинки жеке мекемелердин саны көбөйдү | БИМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
5.11 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иш режимин түзүүгө, күтүүгө жана уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жеке үйлөрдө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн биринчи эки кабатында мектепке чейинки билим берүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдүн вариативдүү түрлөрүн ачууга уруксат берүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Мектепке чейин билим берүү мекемелерин камтуу 2 эсе көбөйдү; - инфраструктуралык жөнгө салуудан кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө өтүү | ССМ, БИМ |
|
5.12 | Мектепке чейинки билим берүү жаатында кызмат көрсөтүү, анын ичинде балдарды багуу жана кароо боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Региондордо жумуш орундары жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу көбөйдү; - мектепке чейин билим берүү кызматын көрсөтүүнүн формалдуу секторуна 1000ден кем эмес аял тартылды | БИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6. Өнүгүүнүн коопсуздугу принциби - тышкы жана ички чөйрөнүн терс таасирине каршы туруу |
| |||||
6.1-милдет. Азык-түлүк коопсуздугун, ден соолуктун коопсуздугун, туруктуу өнөр жайды өнүктүрүүнү камсыз кылууга, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө болуу максатында бизнеске түрткү берүү |
| |||||
6.1.1 | 100 өнөр жай ишканасы үчүн "Келечектүү экономикалык долбоорлор" программасын ишке киргизүү | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | Өнөр жай ишканалары үчүн кеминде 100дөн кем эмес программа ишке киргизилди | ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КРУБ (макулдашуу боюнча), финансы-кредиттик мекемелер (макулдашуу боюнча) |
|
6.1.2 | Төмөнкүлөр үчүн максаттуу финансылык программаларды ишке киргизүү: - жеңил өнөр жай; - экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүү; - агрокайра иштетүүчүлөр жана экспорттоочулар; - соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактагычтар; - ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кластердик долбоорлору; - электрондук соода; - рекреациялык жана медициналык туризм; - коргоо каражаттарын өндүрүү; - фармацевтикалык өндүрүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | Келечектүү улуттук инвестициялык долбоорлор мамлекет тарабынан инвестициялык, финансылык, фискалдык, инфраструктуралык, административдик жана башка инструменттер аркылуу колдоого алынды | ЭКМ, ФМ, АЧМ, ССМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
|
6.1.3 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
6.1.4 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 783 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
6.1.5 | Укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге келтирилген зыянды (методиканы) баалоо боюнча сот тажрыйбасын жалпылоо жөнүндө, анын ичинде кылмыш-жаза процессинин алкагында реабилитациялоо укугун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу | 2023-жылдын 1-июлу | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Макулдашылган методика кабыл алынды; - бизнестин кызыкчылыктарын эске алуу менен Пленумдун токтому кабыл алынды | Жогорку сот (макулдашуу боюнча), Бизнес-омбудсмен институту (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.1.6 | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 4-бөлүгү жайылтылган ишкердик субъекттеринин катышуусу менен кылмыштардын тизмесин кеңейтүү (ишкердик субъекттерине карата камакка камоо түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонбоо) | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Экономикалык кылмыш үчүн жоопкерчилик либералдаштырылды | Жогорку сот (макулдашуу боюнча) |
|
6.1.7 | Соттун чечими чыкканга чейин ишкердик субъекттерин кармоо, тергөөнүн башталышы жөнүндө маалыматты жайылтууга тыюу салуу | 2023-жылдын 30-апрели | Республикалык бюджет | Репутациялык тобокелдиктер минималдаштырылды | ММСЖСМ, ИИМ |
|
6.1.8 | Экспорттук операцияларды камсыздандыруу механизмин киргизүү | 2023-жылдын 30-майы | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Тобокелдиктерден коргоо күчөтүлдү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.1.9 | Дүйнөлүк бренддик компаниялардын дары препараттарын автоматтык түрдө аккредитациялоо системасын киргизүү | 2023-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Техникалык стандарттарды сактоодо бизнестин чыгымдары кыскарды | ССМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.1.10 | Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу менен жеке медицинага дем берүү механизмдерин киргизүү | 2023-жылдын 30-ноябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | - Медициналык тейлөө системасы жакшыртылды; - 2023-жылдын аягына чейин саламаттык сактоо деңгээли боюнча рейтинг 10 позицияга жакшырды | ССМ, УИА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.2-милдет. Экономикалык кызыкчылыктарды жана бизнес кызыкчылыктарын илгерилетүү жана коргоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү |
| |||||
6.2.1 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
6.2.2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин реформалоо жана өнүгүүнүн жаңы процесстерин эске алуу менен актуалдаштыруу предметине Өкмөттөр аралык макулдашууларды инвентаризациялоо | 2023-жылдын 30-сентябры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Экономиканын дүйнөлүк чарба менен өз ара байланышын андан ары тереңдетүүнү камсыз кылуучу кызматташуунун формаларын өркүндөтүү жана келечектүү багыттарды аныктоо аркылуу соода-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугу жогорулатылды | ЭКМ |
|
6.2.3 | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомуна ылайык күчүн жоготту) |
| ||||
6.2.4 | Инвесторлор жана соода сүйлөшүүчүлөрү менен иштөө боюнча кесипкөй топ түзүү | 2023-жылдын 30-июну | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Чет өлкөлүк капиталды жана алдыңкы технологияларды тартуу үчүн шарттар түзүлдү | УИА |
|
6.3-милдет. Инфраструктуралык колдоо |
| |||||
6.3.1 | Керектүү бажы, транспорт, соода-логистикалык инфраструктурасы бар чек ара жанында (КЭР, Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара участокторунда) соода борборлорун түзүү | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Соода мамилелерин тереңдетүү | ЭКМ, ФМ, ТКМ |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
6.3.2 | Ишкерлердин потенциалын жогорулатуунун элементи катары 7 облуста Ишкерлерди тейлөө борборун ишке киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Ишкерлерди тейлөө борборлору иштей баштады | ФМ |
|
6.3.3 | "Адал" ыктыярдуу сертификатын берүү боюнча функция Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун аймактык бөлүмдөрүнө жайылтуу | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | "Адал" продукциясын өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу сертификациялоону жүргүзүүдө чыгымдар кыскартылды | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.3.4 | Продукциялардын ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн сыноо лабораторияларын аккредитациялоо жаатын кеңейтүү | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын толук жабуу | ЭКМ |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
6.4-милдет. Потенциалды жогорулатуу |
| |||||
6.4.1 | Орто жана баштапкы кесиптик билим берүү системасында ишкердик ишти жүргүзүүнүн негиздери боюнча окуу программасын жана иштеп жаткан ишкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында | Калктын экономикалык потенциалы жана финансылык сабаттуулугу жогорулады | БИМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.4.2 | Бизнес академиясын түзүү (ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн улуттук оффлайн жана онлайн билим берүү платформасын түзүү) | 2025-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | Калктын экономикалык потенциалы жана финансылык сабаттуулугу жогорулады | ЭКМ, Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||||
6.4.3 | "Жашыл принциптерди жана технологияларды" киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча билимдердин потенциалын жогорулатуу | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | Кыргыз Республикасынын глобалдык климаттык күн тартибине катышуусу тереңдеди | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
6.4.4 | Ийгиликтүү чет өлкөлүк бизнес-менторлорду тартуу механизмин киргизүү | 2023-жылдын 30-декабры | Тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттердин алкагында, донордук каражаттар | Жаш ишкерлерди колдоо жана насаатчылык институтун түзүү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы; |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы; |
ЧК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы; |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик; |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги; |
"Бирдиктүү терезе" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы; |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы; |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; |
ККБ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору; |
Мүлк фонду | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд; |
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; |
КИПД | - | Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы; |
Кыргызиндустрия | - | "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому; |
МЖӨ борбору | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору; |
Башкаруу академиясы | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы; |
ДСУ | - | Дүйнөлүк соода уюму; |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги; |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам; |
ESG | - | Экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу - компаниянын башкаруу мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы, мында экологиялык, социалдык жана башкаруу проблемаларын чечүүгө бул компанияны тартуу жетишилет; |
ИМБДУ | - | Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму; |
МФУА | - | Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы; |
ЭКӨУ | - | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму; |
ТЭН | - | техникалык-экономикалык негиздеме; |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; |
Жарандык авиация | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги; |
"Долбоордук офис" ММ | - | "Долбоордук офис" мамлекеттик мекемеси; |
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
Маморгандар | - | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары; |
Банктар бирлиги | - | "Кыргызстан банктар союзу" юридикалык жактар бирикмеси. |