Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтомуна ылайык) |
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)
мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 788 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана ишин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), ишин токтотууну каттоо (мындан ары – каттоо) – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети, ал юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик реестрине (мындан ары – мамлекеттик реестр) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, кайра түзүү жана ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Жободо каралган башка маалыматтарды киргизүү аркылуу ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тигил же бул юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн каттоонун башкача тартиби каралган учурларды кошпогондо, ушул Жобого ылайык бардык юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) каттоодон өтүүгө тийиш.
4. Каттоо төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:
– юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүү, мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишин токтотуу фактысын күбөлөндүрүү;
– катталган (кайра катталган) жана иши токтотулган юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) эсепке алуу;
– мамлекеттик реестрди алып баруу;
– катталган (кайра катталган) жана иши токтотулган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтарды кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга берүү.
5. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары (мындан ары – каттоочу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо саясий партияларды кошпогондо, юридикалык дарекке карабастан ыйгарым укуктуу органдын аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Саясий партияларды каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Юридикалык жактарды, филиалдарды
(өкүлчүлүктөрдү) каттоонун жалпы тартиби
6. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоодо документтер арыз ээси тарабынан каттоочу органга тапшырылат.
Юридикалык жактарды, филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) каттоо Министрлер Кабинети аныктаган тартипте электрондук формада жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Төмөнкү жактар арыз ээси катары чыга алышат:
– юридикалык жакты каттоодо анын уюштуруучусу (уюштуруучулары);
– юридикалык жактын аткаруучу органынын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси же болбосо филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруучусунун жетекчиси;
– юридикалык жактын ишин токтотууну каттоодо жоюу комиссиясынын жетекчиси (ликвидатор);
– ишеним каттын негизинде аракет кылган башка жак.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Арыз ээси каттоочу орган тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышын алдын ала текшерип берүү өтүнүчү менен каттоочу органга кайрылууга укуктуу.
81. Каттоочу орган юридикалык жактын фирмалык аталышында Министрлер Кабинети бекиткен тизмекке ылайык колдонууга жол берилбеген диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын бар болушун текшерүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 788 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) өздөрүнүн фирмалык аталышында мамлекеттик жана расмий тилдерде тиешелүүлүгүнө жараша кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын, ал эми англис тилинде – латын алфавитинин тамгаларын гана пайдаланууга тийиш.
10. Каттоо арызына арыз ээси кол коёт. Каттоо арызынын формасы жана анын мазмунуна карата коюлуучу талаптар каттоочу орган тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Каттоого алууда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) документтери каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилде тапшырылат.
12. Каттоого алууда арыз ээси тапшырган документтерди эсепке алуу жана сактоо каттоочу орган тарабынан камсыз кылынат.
13. Каттоого алууда ушул Жободо каралгандан башка кандайдыр бир документтерди жана маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат.
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана (же) жөнгө салынуучу финансы-кредиттик мекемелердин жана башка мекемелердин (мындан ары – финансы-кредиттик мекемелер), коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюштуруучу документтерин кошпогондо, Устав, уюштуруу келишими жана жобо каттоочу органга берилүүгө тийиш эмес.
15. Коммерциялык уюм өзүнүн ишин типтүү уставдын же коммерциялык уюм өз алдынча иштеп чыккан жана бекиткен уставдын негизинде жүзөгө ашырууга укуктуу.
Финансы-кредиттик мекемелердин уставдарын кошпогондо, типтүү уставдарды иштеп чыгуу жана бекитүү каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Коммерциялык уюм типтүү уставды колдонгон учурда чечимде катталуучу (кайра катталуучу) коммерциялык уюм өзүнүн ишин типтүү уставдын негизинде жүзөгө ашырат деп белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) уюштуруучу документтеринин мазмуну мыйзамдарга ылайык келбесе, уюштуруучу (катышуучу) алардын милдеттенмелери боюнча жооп берет. Уюштуруучу документтеринин мазмуну мыйзамдардын ченемдерине карама-каршы келген учурда тиешелүү юридикалык жактын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын ченемдери колдонулат.
17. Берилген документтердин ушул Жобого жана тиешелүү юридикалык жактын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарга шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымкат (күбөлүк) (мындан ары – маалымкат (күбөлүк) каттоочу орган тарабынан белгиленген электрондук же кагаз түрүндө берилет.
Арыз ээсинин талабы боюнча маалымкаттын (күбөлүктүн) электрондук формасы каттоо арызында көрсөтүлгөн электрондук дарекке же башка мессенджерлер аркылуу жиберилет.
Маалымкат (күбөлүк) бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, уюмдарда таанылууга тийиш.
Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) мөөргө жана (же) штампка ээ болууга укуктуу, аларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук фирмалык аталышы, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка реквизиттери камтылышы керек.
18. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгон (бузулган) учурда юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) маалымкатты (күбөлүктү) алуу үчүн каттоочу органга кайрылууга укуктуу.
Маалымкат (күбөлүк) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин арызынын негизинде 3 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 17-пунктунда каралган тартипте берилет.
19. Ушул Жобонун 20, 21-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) кошпогондо, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) документтердин зарыл болгон тизмеги каттоочу органга берилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
20. Саясий партияларды жана алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) кошпогондо, финансы-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
“Өткөөл” банкты түзүүдө аны мамлекеттик каттоонун тартиби жана мөөнөтү банктар жана банк иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
21. Саясий партияларды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайрадан каттоо) документтердин зарыл тизмеги каттоочу органга сунуш кылынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
22. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) ишин токтотууну каттоо 5 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
23. Каттоо мөөнөтү арыз келип түшкөн күндөн тартып башталат.
24. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоого келип түшкөн документтерди ушул Жободо каралгандан башка мөөнөттө кароо тартиби каттоочу орган тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди мамлекеттик каттоо ушул Жободо каралган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жыйым жана өлчөмү мыйзамдарга ылайык аныкталган акы алынат.
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди мамлекеттик каттоодо каттоочу орган тарабынан жыйым жана акы алынбайт.
251. Юридикалык жактын архивдик каттоо иштеринин көчүрмөлөрү кызыкдар жактарга арыз берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Каттоонун өзгөчөлүктөрү
26. Финансы-кредиттик мекемелерди, алардын филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын аймактык бөлүмүнүн макулдугу талап кылынат.
27. Табигый монополиялар жана атаандаштык чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган учурларда монополияга каршы мамлекеттик органдын алдын ала макулдугу талап кылынат.
28. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган, филиал (өкүлчүлүк) түзгөн же болбосо башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
29. Филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн же башка юридикалык жактын уюштуруучусу катары чыгып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттеги юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча түрдө тапшырат.
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт.
Чет өлкөлүк юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүргөн чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын расмий сайтынан алынган мамлекеттик реестрден көчүрмө же башка документти берүүгө жол берилет.
Өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп санала тургандыгын күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден алынган көчүрмөнү же башка документти тапшыруу мөөнөтү аталган документтерди берген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.
Эл аралык келишимдин негизинде түзүлүүчү юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) ушул Жобонун 29-пунктунда каралган документтерди берүү талап кылынбайт.
30. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыгып жаткан жеке жак каттоочу органга паспортунун же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси болгон жеке жак, каттоочу органга паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсүн кошумча түрдө тапшырат.
32. Кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында ишин токтоткон юридикалык жак каттоочу органга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү (ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн), өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзүү менен мөөрлөрдү жана (же) штамптарды берүүгө тийиш.
Мөөрлөрү жана (же) штамптары жок болгон учурда каттоочу органга кайра уюштурулуп жаткан (жоюлуп жаткан) юридикалык жактын алардын жоктугу жөнүндө анын жетекчисинин колу коюлган кепилдик кат берилет.
Фирмалык аталыштын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) каттоочу органга мөөрлөрдү жана (же) штамптарды өткөрүп берүү-кабыл алуу актысын түзүү менен тапшырууга милдеттүү.
33. Мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жок кылуунун тартибин, ошондой эле мөөрлөрдү жана (же) штамптарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын формасын каттоочу орган аныктайт.
34. Юридикалык жакты кайра түзүүдө каттоочу органга өткөрүп берүү актысы же бөлүү балансы тапшырылат, анда кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата болгон бардык милдеттенмелери, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктарды улантуу тууралуу жоболор камтылууга тийиш.
35. Кайра уюштурууга байланыштуу кредиторлор болгон учурда юридикалык жактын ишин токтотууну мамлекеттик каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин эки ай мурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан талаптарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү. Каттоочу орган арыз ээсинен кабарламаны алганда аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.
Кредиторлор тарабынан талаптарды коюунун мөөнөтү каттоочу органдын расмий сайтында маалымат жарыяланган күндөн тартып 2 айдан кем болбоого тийиш.
Кредиторлор жок болгон учурда каттоочу органга алардын жоктугу жөнүндө кайра уюштурулуучу юридикалык жактын жетекчисинин колу коюлган кепилдик кат берилет. Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
36. Уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмүнүн азайышына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо чарбалык шериктештик жана коом, кооператив бардык кредиторлорго бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлаганын ырастаган документтерди тапшырат. Кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө жетекчисинин колу коюлган кепилдик кат тапшырууга милдеттүү.
37. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат.
38. Финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн), чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын уюштуруучу документтеринин жоголгондугу (бузулгандыгы) аныкталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде каттоочу органга кабарлама берилет, ал каттоочу органдын расмий сайтында 3 жумуш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш.
Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрлөрү жана (же) штамптары жоголгондугу (бузулгандыгы) аныкталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде каттоочу органга кабарлама берилет, ал каттоочу органдын расмий сайтына 3 жумуш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш.
39. Саясий партияны мамлекеттик каттоодо саясий партиянын бекитилген программасы каттоо арызына тиркелет.
Диний уюмду, диний окуу жайын мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) аларды дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү каттоо арызына тиркелет.
Турак жайдын менчик ээлеринин шериктештигин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери кол койгон тизме, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдан кыймылсыз мүлккө менчик ээсинин укугун ырастоочу көчүрмө тиркелет.
Коомдук бирикмени, кооперативди мамлекеттик кайра каттоодо жана жоюуда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын, мүчөлүккө кирген датаны көрсөтүү менен коомдук бирикменин, кооперативдин мүчөлөрүнүн реестри тиркелет.
Мамлекеттик кайра каттоо же болбосо ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн каттоочу орган:
1) каттоочуну аныктаганга укуктуу;
2) арыз ээсинин талабы боюнча уюштуруучу документтеринин/чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат.
Каттоочу орган даярдаган документтер боюнча юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодо мыйзамдарга шайкештигине экспертиза жүргүзүлбөйт.
Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоодо каттоочу орган “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча карыздардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды сурайт.
Катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жана (же) юридикалык жакка катталган (кайра катталган) юридикалык жактардын олуттуу саны бар экендигинин фактылары табылганда, каттоочу орган бул жөнүндө салык органына алардын иш жүзүндө иштеп жаткандыгын жана тиешелүү отчетторду берүү боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын текшерүү үчүн кабарлайт. Кабарлоонун формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
41. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча каттоочу орган тарабынан төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:
1) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө;
2) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу жөнүндө;
3) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодон баш тартуу жөнүндө.
Арыз ээси 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каттоочу орган аныктаган кемчиликтерди четтетүүгө жиберүүгө укуктуу. Ошону менен бирге кемчиликтерди четтетүү мезгили каттоо үчүн белгиленген мөөнөткө кирбейт.
42. Тиешелүү чечимдерде юридикалык даректи (жайгашкан жерди) аныктоодо, каттоочу органга менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугу же тиешелүү мүлктүк жалдоо келишими же башка келишим кошумча берилет.
Менчик ээсинин (пайдалануучунун) макулдугунун формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
421. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлүүдө, кайра уюштурулууда жана фирмалык аталышы өзгөргөндө арыз берүү тартибинде каттоо жол-жобосунан өтөт. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) мамлекеттик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүлүшүнө, кайра уюштурулушуна, фирмалык аталышы өзгөртүлүшүнө негиз болгон укуктук актыны;
3) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жобосун (уставын), регламентин эки нускада;
4) жетекчини дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
4. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик каттоо (кайра каттоо)
43. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) каттоочу орган тарабынан “бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзүлөт.
44. “Бирдиктүү терезе” принциби өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) салык органында, статистика органында жана Социалдык фонддо каттоого алуу жана эсепке коюу менен бир учурда ишке ашырууну;
2) салык төлөөчүнүн каттоо номерин, идентификациялык салык номерин (мындан ары – ИСН) жана ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары – ИУЖК) кодун ыйгаруу менен мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизүү;
3) каттоочу орган тарабынан ыйгарылган каттоо номери, ИСН, ИУЖК менен мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымкат (күбөлүк) берүү.
45. “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) жана ишин токтотууну каттоодон өткөндөн кийин салык органында, статистика органында жана Социалдык фонддо кошумча каттоо жана эсепке коюу талап кылынбайт.
46. “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) камсыз кылуу максатында каттоочу органдын салык органдары, статистика органдары жана Социалдык фонду, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо
47. Ушул Жобонун 50, 51-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо каттоочу органга төмөнкү документтер тапшырылат:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
2) юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимин;
3) каттоо жыйымынын жана акысынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалыматты);
4) ушул Жободо каралган башка документтерди.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышын;
2) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);
3) аты-жөнүн, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтарды;
4) юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) ар бир уюштуруучунун уставдык капиталынын (пайлык фондунун) жана үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн;
5) аткаруу органынын жетекчисинин аты-жөнүн;
6) мыйзамдарга ылайык башка маалыматтарды.
49. Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы ырасталат.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу кол тамга коёт жана ар бир жеке жактын – уюштуруучунун кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Ушул Жобонун 47-пунктунда көрсөтүлгөн документтер каттоочу органга уюштуруучу (уюштуруучулар) – жеке жак (жеке жактар) тарабынан түздөн-түз берилген учурда анын (алардын) кол тамгасын милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
50. Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимди;
3) коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу коюлган эки нускадагы уставды;
4) коммерциялык эмес уюмду түзүүнү уюштуруучулардын тизмесин же бирден ашык уюштуруучу болгон учурда аты-жөнүн, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен демилгечи-жарандардын (турак жай ээлеринин шериктештиктери үчүн) тизмесин;
5) каттоо жыйымынын жана акысынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалыматты);
6) ушул Жободо каралган башка документтерди.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучулары же демилгечилери болуп жеке жактар чыккан учурда уюштуруучулардын тизмесинде же демилгечи-жарандардын тизмесинде уюштуруучулардын аты-жөнү, туулган жылы жана дареги көрсөтүлөт. Тизмеге уюштуруучулар же демилгечилер кол коёт, мында алардын кол тамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу болуп юридикалык жак чыккан учурда уюштуруучулардын тизмесинде ар бир юридикалык жактын фирмалык аталышы жана каттоо (кайра каттоо) датасы көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн тизмеде юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмду түзүү, коммерциялык эмес уюмдун уставын бекитүү жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө чечимге, тиешелүү юридикалык жактын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колу коюлат, алардын кол тамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир жеке жак болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн чечимге ушул уюштуруучунун колу коюлат жана анын кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучусу бир юридикалык жак болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн чечимге уюштуруучу-юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы коюлат жана анын колу юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же болбосо нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Финансы-кредиттик мекемени мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
2) финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруучу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимин;
3) финансы-кредиттик мекеменин жетекчисинин колу коюлган уставын, эки нускада;
4) финансы-кредиттик мекеменин бардык уюштуруучуларынын колу коюлган уюштуруу келишимин, эки нускада.
5) каттоо жыйымынын жана акысынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалыматты);
6) ушул Жободо каралган башка документтерди.
Финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруучу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу кол тамгасын коёт, мында жеке жакты уюштуруучунун кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактын өкүлүнүн кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Арызды кабыл алган күндөн тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга шайкештигине экспертиза жүргүзүүгө;
2) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтардын так эместиктерин же дал келбестиктерин текшерүүгө;
3) арыздануучунун талабы боюнча аныкталган мыйзамдарга дал келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же дал келбестиктерди четтетүү үчүн уюштуруучу документтеринин/чечимдеринин долбоорлорун даярдоого;
4) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган тиешелүү буйрук чыгарууга.
53. Каттоочу орган юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ушул Жобонун 17-пунктунда белгиленген тартипте арыз ээсине маалымкат (күбөлүктү) берүүгө;
3) уюштуруучу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
4) берилген каттоо документтеринин бир нускасын камтыган юридикалык жактын каттоо ишин түзүүгө, аны 3 жумуш күндүн ичинде электрондук форматка өткөрүү менен каттоочу органдын архивине өткөрүп берүүгө.
54. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
55. Мамлекеттик каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин, коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучу документтери каттоочу органдын мөөрү жана штампы менен бекитилет.
6. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо
56. Юридикалык жак төмөнкү учурларда мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү:
1) өзгөртүп түзүү, бөлүнүп чыгуу, биригүү формасындагы кайра уюштурууда;
2) уставдык капиталдын жана пайлык фондунун өлчөмү өзгөргөндө;
3) фирмалык аталышы өзгөргөндө;
4) уюштуруучу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө же болбосо уюштуруучу документтерин жаңы (юридикалык дарегин эсепке албаганда) редакцияда бекитүү (түзүү) (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
5) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо), коомдук фонддордун, мекемелердин жана топтолмо пенсиялык фонддордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамы өзгөргөндө;
6) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталындагы катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндө;
7) сот тарабынан аны кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганда.
57. Юридикалык жак мыйзамдарда башка мөөнөттөр каралган учурларды кошпогондо, ушул Жобонун 56-пунктунда саналган негиздердин бири гана болгон учурда тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде, ал эми финансы-кредиттик мекемелерге карата – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн каттоочу органга тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү.
58. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча толтурулган каттоо арызын;
2) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө чечимди;
3) ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү;
4) мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда – салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон (бузулган) учурда – кайра катталып жаткан юридикалык жактын ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;
5) каттоо жыйымынын жана акысынын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалыматты);
6) ушул Жободо каралган башка документтерди.
Финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар каттоочу органга төмөнкүлөрдү кошумча тапшырат:
1) мурдагы уюштуруучу документтерин (алар жоголгон учурлардан тышкары);
2) жаңы редакциядагы же болбосо киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен уюштуруучу документтерин эки нускада.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрдин маалыматтарын өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталат.
Ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы менен катчысынын колу коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет. Мөөр болбосо аталган адамдардын кол тамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Чарбалык шериктештикти жана коомдорду (акционердик коомду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимге ар бир уюштуруучу (катышуучу) кол коёт, мында жеке жакты уюштуруучунун (катышуучунун) кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ар бир юридикалык жактын – уюштуруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен бекитүүгө же өзүнүн кол тамгасын нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш.
60. Катышуучу (катышуучулар) өзүнүн үлүшүн ээликтен ажыратуу менен чыгып кеткенине же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмү өзгөргөнүнө (уставдык капиталга кошумча салым кошуу жолу менен катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмү өзгөргөн учурдан тышкары) байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоодо каттоочу органга үлүштү ээликтен ажыратуунун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишими берилет.
61. Өзүнүн үлүшүн ээликтен ажыратпастан катышуучулардын курамынан чыгып жаткан чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жеке жак болуп саналган уюштуруучусу (катышуучусу) каттоочу органга чыгуу жөнүндө арызын берет, анда жеке жактын кол тамгасы милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Өзүнүн үлүшүн ээликтен ажыратпастан катышуучулардын курамынан чыгып жаткан чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) юридикалык жак болуп саналган уюштуруучусу (катышуучусу) каттоочу органга чыгуу жөнүндө арызын берет, ага юридикалык жактын жетекчиси кол коёт. Чыгуу жөнүндө арыз юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же жетекчинин кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
62. Эгерде чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун курамына юридикалык жана (же) жеке жак болгон жаңы катышуучу кирсе, ушул Жобонун 28–30-пункттарында каралган документтер кошумча түрдө тапшырылат.
Коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамынан чыккандыгына байланыштуу кайра каттоодо чыгуу жөнүндө арыз кошумча тапшырылат.
Жеке жак болуп саналган катышуучунун чыгуу жөнүндө арызына жеке жак колун коёт жана анын кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Юридикалык жак болуп саналган катышуучунун чыгуу жөнүндө арызына анын жетекчиси кол коёт, юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же анын кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамына жаңы уюштуруучу (катышуучу) киргендигине байланыштуу коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду кайра каттоодо жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим кошумча тапшырылат.
Коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим уюштуруучулар (катышуучулар) тарабынан бир добуштан кабыл алынууга тийиш.
Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жеке жактын мураскору (мураскорлору) кирген учурда каттоочу органга мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же болбосо анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча тапшырылат.
Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан уюштуруучуну (катышуучуну) чыгарып салууда каттоочу органга мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кошумча тапшырылат.
63. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизменин болушун жана юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же ылайык келбестиктердин болбогондугун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарда аныкталган ылайык келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же ылайык келбестиктерди жоюу үчүн уюштуруучу документтердин/чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
4) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган тиешелүү буйрук чыгарууга.
64. Каттоочу орган юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ушул Жобонун 17-пунктунда белгиленген тартипте арыз ээсине маалымкат (күбөлүк) берүүгө;
3) уюштуруучу документтердин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
4) берилген каттоо документтеринин бир нускасын камтыган юридикалык жактын каттоо ишин тариздөөгө, аны 3 жумуш күндүн ичинде электрондук форматка которуу менен каттоочу органдын архивине өткөрүп берүүгө;
65. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
66. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик мекеменин жана коммерциялык эмес уюмдун уюштуруучу документтерине каттоочу органдын мөөрү жана штампы басылат.
7. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо
67. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы же сот тарабынан юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу каттоочу органга жазуу жүзүндө кабарлайт. Кабарлоо ушул пунктта каралган чечимдин көчүрмөсүн милдеттүү тиркөө менен анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Ошол эле учурда анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып 2 айдан кем болбоого тийиш.
68. Каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарлоону алып, 3 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге юридикалык жактын жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын салык жана бажы органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондуна билдирүүгө милдеттүү.
69. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө юридикалык жактын органынын же соттун чечимин;
3) ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү;
4) уставды (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
5) мөөрдү (мөөрлөрдү) жана (же) штампты (штамптарды) (бар болсо) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын;
6) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди;
7) жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жер жөнүндө мамлекеттик архивдик фонддун корутундусун;
8) каттоо жыйымын жана акысын төлөгөндүгүн ырастаган документти (маалыматты);
9) ушул Жободо аныкталган башка документтерди.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Юридикалык жактын органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактарга милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери болбогон учурда гана кабыл ала алат.
Жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле ишин токтотууну каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колу коюлат жана юридикалык жактын мөөрү басылат. Мөөр болбогон учурда аталган жактардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге ар бир катышуучу кол коёт, мында жеке жактын катышуучусунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын – катышуучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастоого же өзүнүн колун нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш.
71. Ишти токтотууну каттоо үчүн каттоочу органга документтерди бергенге чейин юридикалык жак белгиленген тартипте өзүнүн бардык туунду уюмдарын, филиалдарын, (өкүлчүлүктөрүн) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жоюуга милдеттүү.
72. Арыз кабыл алынган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизменин болушун жана юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда туура эместиктердин же дал келбестиктердин болбогондугун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарда аныкталган ылайык келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же ылайык келбестиктерди жоюу үчүн чечимдерди даярдоого;
4) салык жана бажы органдарынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле бажы жыйымдары (алымдар) боюнча карыздардын болбогондугу жөнүндө маалыматты “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу же кагаз жүзүндө суроо-талап жиберүү аркылуу сурап алууга;
5) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
73. Юридикалык жактын ишин токтотууну мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыгарылгандан кийин каттоочу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын салык, статистика органдарына жана Социалдык фондуна кабарлоого;
4) юридикалык жактын берилген каттоо документтеринин бирден нускасын камтыган каттоо делосун тариздөөгө, аны 3 жумуш күндүн ичинде электрондук форматка которуу менен каттоочу органдын архивине берүүгө.
74. Юридикалык жактын ишин токтотууну каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
8. Юридикалык жактар банкрот болгондо ишин токтотууну
каттоо
75. Сот тартибинде банкрот болгондо карызкордун банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
76. Соттон тышкаркы тартипте банкрот болгондо банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын юридикалык жактын банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдын мөөрү басылган каты каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
9. Юридикалык жактарды мажбурлап жоюу
77. Салык органы бир жылдын ичинде салык органына отчет бербеген учурда юридикалык жактын ишин мажбурлап токтотуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими каттоо органы тарабынан ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
10. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо
78. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө юридикалык жактын органынын чечимин;
3) каттоо жыйымын жана акысын төлөгөндүгүн ырастаган документти (маалыматты);
4) ушул Жободо каралган башка документтерди.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы;
2) филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери;
3) филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисин дайындоо жөнүндө юридикалык жактын органынын чечими;
4) филиалды (өкүлчүлүктү) түзүүчү юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, юридикалык дареги, каттоо маалыматтары.
Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимге юридикалык жактын органынын жетекчиси кол коёт жана юридикалык жактын мөөрү басылат (бар болсо).
80. Финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси каттоочу органга ушул Жобонун 78-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө төмөнкүлөрдү берет:
1) филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобону эки нускада;
2) филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюштуруучу документтеринин көчүрмөлөрүн.
Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси ушул Жобонун 78-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга берет.
81. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизменин болушун жана филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда туура эместиктердин же дал келбестиктердин болбогондугун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарда аныкталган ылайык келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же ылайык келбестиктерди жоюу үчүн уюштуруучу документтердин/чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
4) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
82. Каттоочу орган филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) арыз ээсине ушул Жобонун 17-пунктунда белгиленген тартипте маалымкатты (күбөлүктү) берүүгө;
3) уюштуруучу документтердин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
4) филиалдын (өкүлчүлүктүн) берилген каттоо документтеринин бирден нускасын камтыган каттоо делосун тариздөөгө, аны 3 жумуш күндүн ичинде электрондук форматка которуу менен каттоочу органдын архивине берүүгө.
83. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
84. Мамлекеттик каттоодон кийин финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболоруна каттоочу органдын мөөрү жана штампы басылат.
11. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо
85. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышын өзгөртүү;
2) филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын фирмалык аталышын өзгөртүү;
3) жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, жобону жаңы редакцияда бекитүү (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн) (алардын жайгашкан жерин өзгөртүүнү кошпогондо);
4) филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын органы же сот тарабынан филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алуу.
86. Филиал (өкүлчүлүк) ушул Жобонун 85-пунктунда саналган негиздердин бирөө эле болсо, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде мамлекеттик кайра каттоо жол-жоболорунан өтүү үчүн каттоочу органга тиешелүү документтердин пакетин берүүгө милдеттүү.
87. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
– каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
– юридикалык жактын органынын филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимин;
– ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
– каттоо жыйымын жана акысын төлөгөндүгүн ырастаган документти (маалыматты);
– ушул Жободо каралган башка документтерди.
Эгерде мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН – салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү көрсөтүлбөсө же ал жоголгон (бузулган) учурда – кайра катталуучу филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИСНи көрсөтүлгөн салык органынын маалымкаты;
Финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) каттоочу органга кошумча түрдө төмөнкүлөрдү берет:
– мурдагы жобо (жоголгон учурларды кошпогондо);
– жаңы редакциядагы же киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен эки нускадагы жобо.
Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерге кошумча түрдө фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин каттоочу органга берет.
Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
88. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамга ылайык келишин экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизменин болушун жана филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда туура эместиктердин же дал келбестиктердин болбогондугун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарда аныкталган ылайык келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же ылайык келбестиктерди жоюу үчүн уюштуруучу документтердин/чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
4) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
89. Каттоочу орган филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ушул Жобонун 17-пунктунда белгиленген тартипте арыз ээсине маалымкатты (күбөлүктү) берүүгө;
3) уюштуруучу документтердин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
4) филиалдын (өкүлчүлүктүн) берилген каттоо документтеринин бирден нускасын камтыган каттоо делосун тариздөөгө, аны 3 жумуш күндүн ичинде электрондук форматка которуу менен каттоочу органдын архивине берүүгө.
90. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
91. Мамлекеттик кайра каттоодон кийин финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жоболоруна каттоочу органдын мөөрү жана штампы басылат.
12. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоо
92. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө юридикалык жактын органынын же соттун чечимин;
3) ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү;
4) жобону (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
5) каттоо жыйымын жана акысын төлөгөндүгүн ырастаган документти (маалыматты);
6) мөөрдү (мөөрлөрдү) жана (же) штампты (штамптарды) (бар болсо) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын;
7) ушул Жободо аныкталган башка документтерди.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизменин болушун жана филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда туура эместиктердин же дал келбестиктердин болбогондугун текшерүүгө;
3) арыз ээсинин талабы боюнча мыйзамдарда аныкталган ылайык келбестиктерди, аларда камтылган маалыматтарда так эместиктерди же ылайык келбестиктерди жоюу үчүн чечимдердин долбоорлорун даярдоого;
4) салык жана бажы органдарынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле бажы жыйымдары (төлөмдөр) боюнча карыздардын болбогондугу жөнүндө маалыматты “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу же кагаз жүзүндө суроо-талап жиберүү аркылуу сурап алууга (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
5) ушул Жобонун 41-пунктунда каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
94. Каттоочу орган филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик реестрге киргизүүгө;
2) ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын салык, статистика органдарына жана Социалдык фондуна кабарлоого;
4) юридикалык жактын берилген каттоо документтеринин бирден нускасын камтыган каттоо делосун тариздөөгө, аны 3 жумуш күндүн ичинде электрондук форматка которуу менен каттоочу органдын архивине берүүгө.
95. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
13. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
96. Юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) каттоочу органга чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде төмөнкүлөрдүн өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого милдеттүү:
1) жетекчиси;
2) жайгашкан жери (юридикалык дареги);
3) телефон, факс номерлери жана электрондук дареги;
4) чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) – жеке жактын паспорттук маалыматтары же анын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары;
5) чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин жана топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) – юридикалык жактын каттоо маалыматтары;
6) жетекчинин паспорттук маалыматтары же анын өздүгүн күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтары.
7) юридикалык жакты ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү.
97. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген маалыматтары өзгөргөндө каттоочу органга юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү басылган жана алардын жетекчилеринин колу коюлган билдирүү берилет. Мөөр болбогон учурда жетекчинин колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси өзгөргөн учурда жаңы жетекчинин колу коюлган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү басылган билдирүү берилет. Мөөр болбогон учурда жетекчинин колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
98. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси алмашкан учурда билдирүүгө жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечим жана анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү тиркелет.
Жаңы жетекчини шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечимге юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү басылууга тийиш. Мөөр болбогон учурда чечимге кол койгон адамдардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Юридикалык жак ишенимдүү башкарууга берилген учурда каттоочу органга ишенимдүү башкаруу келишиминин көчүрмөсү жана башкаруучунун паспортунун же башка документинин көчүрмөсү берилет.
Турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин жетекчиси алмашкан учурда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), дарегин жана аларга менчик укугунда таандык болгон жайга укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери кол койгон тизме, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдан кыймылсыз мүлккө менчик ээсинин укугун ырастоочу көчүрмө тиркелет.
Коомдук бирикменин, кооперативдин, турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин жетекчиси алмашкан учурда мамлекеттик кайра каттоодо жана жоюуда каттоо арызына фамилиясын, атын, атасынын атын, мүчөлүккө кирген датаны көрсөтүү менен коомдук бирикменин, кооперативдин, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн реестри тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
99. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери өзгөргөн учурда билдирүүгө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү басылган чечими тиркелет. Мөөр болбогон учурда чечимге кол койгон адамдардын колу нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Ушул Жобонун 96-пунктунун 4-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
100. Каттоочу орган билдирүүнү алып, 3 жумуш күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык, статистика органдарына жана Социалдык фондуна кабарлайт.
14. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн)
бирдиктүү мамлекеттик реестри
101. Каттоочу орган тарабынан юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри жүргүзүлөт, анда катталган (кайра катталган) жана иши токтотулган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтар камтылат.
102. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби каттоочу орган тарабынан аныкталат.
103. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтардын болушу алардын мамлекеттик каттоодон өткөн фактысы жөнүндө күбөлөндүрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
104. Мамлекеттик реестрде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук, кыскартылган (болгон учурда) фирмалык аталышы;
2) каттоо жөнүндө буйруктун датасы жана номери;
3) баштапкы мамлекеттик каттоо датасы;
4) уюштуруучу-укуктук формасы жана менчигинин формасы;
5) юридикалык жакты түзүү ыкмасы (түзүү же кайра уюштуруу);
6) каттоо номери, ИСНи, ОКПО коду;
7) юридикалык дареги (жайгашкан жери);
8) телефон жана факс номерлери, электрондук дареги;
9) юридикалык жактын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар;
10) акционердик коомдорду кошпогондо, уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү, уюштуруучулардын (катышуучулардын) үлүштөрүнүн өлчөмдөрү;
11) юридикалык жактын ишин токтотуу процессинде тургандыгы жөнүндө маалыматтар;
12) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жоюлгандыгы жөнүндө маалыматтар;
13) жетекчи жөнүндө маалыматтар;
14) филиалды (өкүлчүлүкт) түзгөн юридикалык жак жөнүндө маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
105. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар жалпыга тааныштыруу үчүн ачык болуп эсептелет.
106. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга көчүрмө түрүндө 5 жумуш күндүн ичинде, хронологиялык тартипте арыз берилген күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде берилет.
107. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды шашылыш берүү (көчүрмөнү шашылыш берүү) үчүн каттоочу орган тарабынан акы алынат.
Мамлекеттик реестрдеги маалыматтар мамлекеттик мекемелерге акысыз берилет.
Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды бергендиги үчүн акынын өлчөмү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү)
мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) мөөнөтүн токтотуу жана
ишин токтотууну каттоодон баш тартуу
108. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо мөөнөтү каттоочу орган тарабынан буйрук чыгаруу жана каттоо мөөнөтүнүн ичинде аныкталган сын пикирлерди жоюу үчүн тиешелүү документтерди арыз ээсине кайтарып берүү жолу менен төмөнкү учурларда токтотулат:
– юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн ушул Жободо белгиленген документтер берилбегенде;
– берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер табылганда;
– берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;
– эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышында жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо элементтерин, ошондой эле одоно жана адепсиз (уят) сөздөр камтылса;
Арыз ээси каттоо мөөнөтү токтотулган мөөнөт аяктаганга чейин каттоочу орган аныктаган кемчиликтерди четтетүүгө жана документтерди кароого берүүгө укуктуу.
Берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча каттоочу орган белгиленген мөөнөттө каттоо мөөнөтүн токтотуу жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн сын пикирлер жоюлбаган учурда юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо же алардан баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарат.
109. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн ушул Жободо белгиленген тиешелүү документтер берилбегенде;
2) мамлекеттик реестрде толук жана (же) кыскартылган окшош фирмалык аталышы менен катталган (кайра катталган) юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) бар болгондо. Толук же кыскартылган фирмалык аталышы окшош деп катталган (кайра катталган) башка юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) толук же кыскартылган фирмалык аталышына бардык элементтери боюнча ырааттуу түрдө дал келгендик түшүнүлөт. Толук же кыскартылган фирмалык аталышта символдорду, тыныш белгилерин жана цифраларды колдонуу анын окшоштугун жокко чыгарбайт;
21) уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер, аныктамалар бар болгондо. Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет;
3) берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер табылганда;
4) берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;
5) эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышында жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо элементтерин, ошондой эле одоно жана адепсиз (уят) сөздөр камтылса;
6) каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун, тергөөчүнүн, соттук аткаруучунун актысы болгондо;
7) юридикалык жактын уюштуруучулары, жетекчилери, арыз ээлери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары чыккан адамдар издөөдөгү адамдардын (улуттук жана эл аралык) тизмесинде, Кыргыз Республикасынын жалпы санкциялык тизмесинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жалпы санкциялык тизмесинде табылганда.
Юридикалык жактардын, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) салык жана бажы органдарынан алынган салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары жөнүндө маалымат болгондо да ишти токтотуу жөнүндө каттоодон баш тартылат.
Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим мыйзамдардын ченемине милдеттүү шилтеме берүү менен баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 788 токтомунун редакциясына ылайык)
110. Каттоодон баш тартууга негиз болгон себептер жоюлгандан кийин арыз ээси каттоочу органга кайрадан кайрыла алат.
111. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү максатка ылайыксыз деген жүйөлөр менен аларды каттоодон баш тартууга жол берилбейт.
16. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
112. Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды бербегендиги же өз убагында бербегендиги үчүн, ошондой эле анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн арыз ээси, уюштуруучу, жетекчи, юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
113. Каттоочу органдын чечимине даттануу “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.