Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-марты № 172
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызыкдар министрликтер жана ведомстволор бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |