Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 172 токтомуна) |
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартиби (мындан ары - Тартип) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (мындан ары - коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдар) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучуларга, анын ичинде алардын жакын туугандарына, жубайына, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучуларга таасир этүү максатында укукка каршы аракеттер жасалган туугандарына (мындан ары - корголуучу адам) карата коопсуздук чараларын колдонуу маселелерин жөнгө салат.
2. Ушул Тартиптин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.
3. Ушул Тартиптин максаты болуп "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган коопсуздук чараларын колдонууну тартипке келтирүү жана корголуучу адамга карата аларды колдонуудагы мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле корголуучу адамга берилүүчү атайын жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттарынын тизмесин аныктоо саналат.
4. Ушул Тартип мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу органдардын өз ара жоопкерчилиги принциптерине негизделет.
5. Корголуучу адамга карата бир эле учурда бир нече же болбосо коопсуздук чараларынын бири колдонулушу мүмкүн.
6. Коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан чыгарылган жүйөлүү токтом белгиленген тартипте келип түшкөндө коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган зарыл коопсуздук чараларын өз алдынча тандап алат, алар жөнүндө ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча тиешелүү токтом чыгарат. Колдонулуучу коопсуздук чараларынын актуалдуулугу жана натыйжалуулугу жоголгон учурда коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган аларды өзгөртөт жана толуктайт, ал жөнүндө ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча тиешелүү токтом чыгарат.
7. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган аларды колдонуу ыкмаларын өз алдынча аныктайт.
8. Тандалган коопсуздук чарасы корголуучу адамга коркунуч туудурган коркунучка шайкеш болууга тийиш.
9. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоо менен арыз жана/же кылмыш иши жөнүндө билдирүү же болбосо кылмыш иши анын өндүрүшүндө болгон органга же кызмат адамына ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча тиешелүү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу тандалган коопсуздук чаралары, аларды өзгөртүү, толуктоо жана колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды билдирет. Корголуучу адамга билдирүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
10. Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган корголуучу адам менен коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары, мамлекеттик коргоого алынуучу адамдын жана коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын өз ара милдеттенмелери, өз ара жоопкерчилиги жөнүндө келишим (мындан ары - келишим) түзөт. Келишимде корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жана анын турак жай, мүлктүк, эмгектик, пенсиялык жана башка укуктарын сактоого кепилдик берүүчү иш-чаралардын тизмеги, ошондой эле корголуучу адамдын мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдын уруксатысыз ага карата колдонулуучу мамлекеттик коргоо чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттери камтылууга тийиш.
2-глава. Жеке кайтарууну колдонуу
11. Корголуучу адамды өлтүрүү же анын ден соолугуна зыян келтирүү боюнча реалдуу коркунуч болгондо коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан корголуучу адамды жеке кайтаруу камсыз кылынат.
12. Корголуучу адамга коркунуч туудурган жагдайдын жана коркунучтун даражасына жараша жеке кайтаруу күнү-түнү, ошондой эле сутканын белгилүү бир убагында жүргүзүлүшү мүмкүн. Корголуучу адамды жекече кайтарууну камсыз кылууга түздөн-түз тартылган бөлүмдөрдүн жана кызматтардын тизмеси, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлерин ишке тартуу тартиби, кызмат өтөө жана/же кызматтык милдеттерин аткаруу режими, ошондой эле бул бөлүмдөрдү жана кызматтарды жабдуу жана куралдандыруу коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
13. Корголуучу адамды жекече кайтарууну камсыздоого түздөн-түз тартылган бөлүмдөрдүн жана кызматтардын кызматкерлерине алардын ыйгарым укуктарын ырастоо үчүн ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча коопсуздук чарасын тандоо жөнүндө токтомдун көчүрмөсү берилет.
14. Корголуучу адамды жеке кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштин уюштурулушу, тактикасы, формалары жана методдору кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан бул максаттар үчүн тартылган бөлүмдөрдүн жана кызматтардын компетенциясынын чегинде корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
3-глава. Атайын жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттарын берүү шарттары
15. Корголуучу адамдын өзүн-өзү коргоосун жана жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган, корголуучу адамга коркунуч туудурган жагдайдын жана коркунучтун даражасына жараша ага атайын жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттарын убактылуу пайдаланууга берет.
16. Атайын каражат катары корголуучу адамга убактылуу пайдаланууга бронежилет, электршок түзүлүшү, дүүлүктүрүүчү курамы менен аэрозолдук чачкыч берилиши мүмкүн.
17. Берилген атайын каражаттардын түрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесине ылайык аныкталат.
18. Корголуучу адамды байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттары менен камсыз кылуу үчүн коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган корголуучу адамга коркунуч туудурган жагдайдын жана коркунучтун даражасына жараша көчмө портативдик радио түзүлүштү, уюлдук байланыш телефонун жана/же GPS-трекерди убактылуу пайдаланууга берет.
19. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган корголуучу адамды атайын жеке коргонуу каражаттарын сактоо, тагынуу жана колдонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо эрежелери боюнча окутат же нускама берет, ошондой эле корголуучу адам тарабынан көрсөтүлгөн каражаттар менен иштөө эрежелеринин сакталышын контролдойт.
20. Атайын жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттарын берүүнү, ошондой эле корголуучу адамды аларды сактоо, тагынуу жана колдонуу жөнүндө эрежелерге үйрөтүүнү же нускама берүүнү коопсуздук чарасын камсыз кылуу үчүн жооптуу дайындалган кызматкер кол койдуруу менен жүзөгө ашырат. Атайын жеке коргонуу каражаттарын сактоо, тагынуу жана колдонуу эрежелери бузулган учурда келип чыккан кесепеттерге жараша корголуучу адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
21. Атайын жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттарын алган корголуучу адам алардын сакталышын камсыз кылат. Корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн анын пайдалануусуна берилген көрсөтүлгөн мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга же башка адамдарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттары жоголгон же бузулган учурда корголуучу адам келишимдин шарттарына ылайык бул мүлктүн наркынын ордун толтурууга милдеттүү.
22. Жеке коргонуу, байланыш жана коркунуч жөнүндө кабарлоо каражаттарынын наркынын ордун толтуруу боюнча келишимдин шарттары аткарылбаганда же талаптагыдай эмес аткарылганда коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган менен корголуучу адамдын ортосунда келип чыккан алардын наркынын ордун толтурууга байланыштуу талаштар жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык коопсуздук чаралары жокко чыгарылгандан кийин гана сот тартибинде чечилет.
4-глава. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу
23. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын чечими боюнча корголуучу адам жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик жана башка маалыматтык-сурап билүү фонддорунан берүүгө тыюу салынат, ошондой эле анын телефондорунун номерлери жана ал пайдаланган же ага таандык транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери өзгөртүлөт.
24. Башка кылмыш-жаза же жарандык иш боюнча өндүрүш менен байланышкан өзгөчө учурларда жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте корголуучу адам жөнүндө маалыматтар тергөөчүнүн, прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын уруксаты менен тергөө органдарына, прокуратурага же сотко берилиши мүмкүн.
5-глава. Башка турак жайга көчүрүүнү колдонуу
25. Корголуучу адам убактылуу же туруктуу негизде башка турак жайга көчүрүлүшү мүмкүн.
26. Корголуучу адамды башка жашаган жерге көчүрүүдөн мурда аны коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу болушу мүмкүн.
27. Туруктуу негизде башка жашаган жерге көчүрүү түрүндөгү коопсуздук чаралары колдонулганга чейин ушул Тартиптин 6-главасына ылайык инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары өзгөртүлүп, анкеталык маалыматтарды өзгөртүү менен корголуучу адамдын документтери алмаштырылат.
28. Корголуучу адамды башка жашаган жерге көчүрүү оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча гана жүргүзүлөт жана корголуучу адамдын коопсуздугу ага карата башка коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен камсыз кылынышы мүмкүн болбогон учурда гана жүзөгө ашырылат.
29. Убактылуу жана туруктуу негизде башка жашаган жери корголуучу адамга коркунучтун мүнөзүн эске алуу менен коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан тандалат.
30. Убактылуу негизде башка жашаган жерге көчүрүүнү колдонуу үчүн турак жайды жалдоо тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Убактылуу негизде башка жашаган жерине көчүрүү үчүн тандалып алынган турак жайдын минималдуу аянты адамдардын тиешелүү категорияларына карата Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында белгиленген турак жай аянтын берүү ченемдерине жараша коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.
32. Корголуучу адам убактылуу негизде башка жашаган жерине көчкөндө ал мурда ээлеген турак жайы жана мурдагы же мурда иштеген, кызмат өтөгөн же окуган жерине окшош ишке орношуу кепилдиктери көрсөтүлгөн себеп боюнча ал жок болгон бардык мезгил ичинде сакталып калат.
33. Корголуучу адамга берүү үчүн ижарага берүүчүдөн турак жайды жалдоо тартиби ижарага берүүчү менен коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын өкүлүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен түзүлгөн турак жайды жалдоо келишиминде аныкталат.
34. Ижарага берүүчүдөн турак жайды жалдоо келишими боюнча төлөмдөр коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын өкүлү тарабынан ай сайын ушул органдын финансылык бөлүмүнө тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн берүү жолу менен ырасталат.
35. Турак жайды жалдоо жана аны корголуучу адамга, коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын өкүлүнө өткөрүп берүү тартиби алардын ортосунда түзүлгөн турак жайды акысыз убактылуу пайдалануу келишими менен аныкталат.
36. Убактылуу негизде башка жашаган жерине көчүрүү үчүн корголуучу адамга турак жайды акысыз убактылуу пайдалануу келишими боюнча санитардык жана техникалык эрежелерге жана ченемдерге, Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарынын башка талаптарына жооп берген турак жай берилет.
37. Турак жайды акысыз убактылуу пайдалануу келишиминин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын өкүлү корголуучу адамдын турак жайды максаттуу пайдаланышын контролдойт.
38. Корголуучу адам туруктуу негизде жашаган жерине көчүрүлгөндө ага коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын каражаттарынын эсебинен көчүп барууга, анын ичинде таңгактоо, жүктөө жана түшүрүү наркын кошкондо жеке мүлкүн алып өтүүгө байланышкан чыгымдардын орду толтурулат, ишке орношууга кепилдик берилет жана мурдагыга окшош иштеген, кызмат өтөгөн же окуган жерин тандоого көмөк көрсөтүлөт.
39. Бул коопсуздук чарасын жокко чыгаруу жана/же өзгөртүү жөнүндө чечим турак жайды акысыз убактылуу пайдалануу келишимин бузуу үчүн негиз болуп саналат.
40. Коопсуздук чарасы алынып салынгандан же корголуучу адамды башка убактылуу же туруктуу жашаган жерине көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин корголуучу адамды мурдагы же башка жашаган жерине көчүрүү менен байланышкан, анын ичинде жол жүрүүгө жана жеке мүлкүн алып өтүүгө байланышкан чыгымдардын орду коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын каражаттарынын эсебинен толтурулат.
41. Корголуучу адамдын жашаган жерин каттоонун алгачкы маалыматтарына кайра кайтуу үчүн негиз болуп коопсуздук чарасын жокко чыгаруу жөнүндө токтом эсептелет.
6-глава. Анкеталык маалыматтарды өзгөртүү менен документти алмаштырууну колдонуу
42. Корголуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты жана ал жөнүндө башка маалыматтар өзгөргөндүгүнө байланыштуу анын инсандыгын күбөлөндүргөн документтерин, башка документтерин алмаштыруу оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча гана жүзөгө ашырылат жана корголуучу адамга карата коопсуздуктун башка чаралары колдонулгандан кийин жана корголуучу адамдын коопсуздугу башка коопсуздук чараларын колдонуу жолу менен камсыз кылынышы мүмкүн болбогон учурда гана жүргүзүлөт.
43. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын чечими боюнча инсандыгын ырастоочу документтерди жана башка документтерди алмаштыруу жагдайларга жана корголуучу адамга коркунуч туудурган коркунучтун деңгээлине жараша убактылуу же туруктуу негизде колдонулат. Бул максаттар үчүн калкты каттоо органдары коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органга өзгөртүлгөн жеке идентификациялык номерлерди берет.
44. Корголуучу адамдын жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби; корголуучу адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан берилүүчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби; салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү, кошуп эсептөөлөрдү жана төлөмдөрдү андан ары башкаруу тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн акты менен аныкталат.
45. Корголуучу адамдын документтерин убактылуу негизде алмаштырууда алмаштырылууга тийиш документтердин тизмеси корголуучу адамга коркунуч туудурган жагдайларга жана коркунучтун деңгээлине жараша коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.
46. Корголуучу адамдын документтерин туруктуу негизде алмаштырууда анын инсандыгын ырастоочу документтери жана башка бардык документтер сөзсүз түрдө алмаштырылууга тийиш.
47. Корголуучу адамдын документтерин алмаштырууда коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган алмаштырылып жаткан документтердин аныктыгын белгилөөнү камсыз кылууга милдеттүү. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана документтерди алмаштырууга жана берүүгө жооптуу уюмдарга (мындан ары - документтерди алмаштырууга жана берүүгө жооптуу уюмдарга) берилген корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, ошондой эле корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
48. Инсандыгын ырастоочу документтерди жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө башка документтерди, кыймылдуу мүлктү мамлекеттик каттоо жөнүндө документтерди, кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо жөнүндө документтерди, билими жана (же) квалификациясы жөнүндө документтерди, окуудан өткөндүгү жөнүндө документтерди, айдоочулук күбөлүк, тракторист-машинисттин күбөлүгү, жарандык-укуктук мүнөздөгү документтер, социалдык коргоо органдары тарабынан берилүүчү документтерди, атайын укуктарды ырастоочу документтерди, бюджеттен тышкаркы фонддор тарабынан берилүүчү документтерди, эмгек китепчеси жана ишке байланыштуу башка документтерди, саламаттык сактоо органдары жана мекемелери тарабынан берилген документтерди, корголуучу адамдын салык документтерин ушул Тартипте каралган өзгөчөлүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларды алмаштырууга жана берүүгө жооптуу уюмдар тарабынан коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын эсебинен алмаштыруу жана берүү жүзөгө ашырылат.
49. Корголуучу адамга аталган документтерди алмаштыруу жана берүү үчүн коопсуздук чарасын тандоо жөнүндө токтом негиз болуп саналат.
50. Корголуучу адамга инсандыгын ырастоочу документтерди алмаштыруу жана берүү коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталган мөөнөттөрдө, документтерди алмаштыруу жана берүү үчүн жооптуу уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде жүзөгө ашырылат. Уюмдун корголуучу адамга инсандыгын ырастоочу документтерди алмаштыруудан жана берүүдөн жүйөлүү баш тартуусу табылган кемчиликтер жоюлгандан кийин коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аларды кайра жиберүүсүнө тоскоолдук кылбайт.
51. Корголуучу адамдын документтерин жана жеке маалыматтарын алмаштырууда коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу орган жеке маалыматтар өзгөргөндүгү жана корголуучу адамга карата документтер алмаштырылгандыгы жөнүндө салык органдарына, социалдык камсыздандыруу органдарына жана социалдык тейлөө органдарына чегерүүлөрдү жана кошуп эсептөөлөрдү андан ары администрациялоо үчүн билдирет.
52. Инсандыгын ырастоочу документтерди алмаштырууда корголуучу адам өзүнүн документтерин коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органга сактоого берет. Корголуучу адамдын алмаштырылган документтерин эсепке алуу жана сактоо коопсуздук чараларын колдонуунун бардык мезгил аралыгында коопсуздукту жүзөгө ашыруучу орган тарабынан камсыздалат. Ал документтерди сактоонун жана корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоону камсыздоонун тартиби коопсуздукту жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталат.
53. Корголуучу адамдын инсандыгын ырастоочу документтерди, башка документтерин баштапкы анкеталык маалыматтарга кайтаруу менен алмаштыруу үчүн коопсуздук чарасын жокко чыгаруу жөнүндө токтом негиз болуп саналат.
7-глава. Сырткы көрүнүшүн өзгөртүү
54. Корголуучу адамдын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча гана жүргүзүлөт жана корголуучу адамга карата башка коопсуздук чаралары колдонулгандан кийин жана корголуучу адамдын коопсуздугу башка коопсуздук чараларын колдонуу менен камсыз кылынбаган учурда гана ишке ашырылат.
55. Корголуучу адамдын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү коопсуздуктун өзгөчө чарасы болуп саналат. Бул коопсуздук чарасын колдонууну камсыз кылуу үчүн тышкы көрүнүшүн өзгөртүү үчүн атайын каражаттар жана тиешелүү адистердин жардамы колдонулушу мүмкүн.
56. Өзгөчө учурларда коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын, корголуучу адам менен медициналык мекеменин ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде жеке медициналык борборлордо, сырткы көрүнүшүн өзгөртүүгө лицензиясы жана уруксат документи бар болгон учурда) бул коопсуздук чарасынын натыйжалуулугун камсыз кылуучу чектерде сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча операция жүргүзүлүшү мүмкүн.
57. Корголуучу адамдын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү ушул Тартиптин 6-главасына ылайык документтерди анкеталык маалыматтарга өзгөртүүлөр менен алмаштыруу түрүндөгү коопсуздук чарасын милдеттүү түрдө колдонууга алып келет.
8-глава. Сотто сүйлөп жатканда сырткы көрүнүшүн, үнүн жаап-жашыруу же кошумча визуалдык изоляция, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоо
58. Корголуучу адам сотто сүйлөп жатканда сырткы көрүнүшүн, үнүн жаап-жашыруу же кошумча визуалдык изоляцияны колдонуу, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча гана жүргүзүлөт жана корголуучу адамдын коопсуздугун ага коопсуздуктун башка чараларын колдонуу менен камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда гана жүргүзүлөт.
59. Сырткы көрүнүшүн, үнүн жаап-жашырууну жана визуалдык изоляциялоону колдонуу корголуучу адамды идентификациялоонун толук мүмкүн эместигин камсыз кылууга тийиш.
60. Сотто сүйлөп жаткан учурда сырткы көрүнүшүн, үнүн жаап-жашыруу же кошумча визуалдык изоляцияны колдонуунун, ошондой эле соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жеке маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн акты менен аныкталат.
61. Сотто сүйлөп жатканда сырткы көрүнүшүн жаап-жашыруу, үнүн же кошумча визуалдык изоляцияны колдонуу боюнча мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
9-глава. Иштеген (кызмат) же окуган ордун өзгөртүү
62. Корголуучу адамдын башка ишке жана/же кызматка которулушу, иштеген жерин, кызматын же окуган жерин өзгөртүү өз алдынча коопсуздук чарасы катары же болбосо кошумча коргоо чарасы катары колдонулушу мүмкүн.
63. Корголуучу адамды башка ишке жана/же кызматка которгонго, иштеген жерин, кызматын же окуган жерин өзгөрткөнгө чейин инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтарын белгиленген тартипте өзгөртүү, корголуучу адамдын документтерин ал жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү менен алмаштыруу белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
64. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган калкты иш менен камсыз кылуу органдарын, билим берүү тармагындагы башкарууну жүзөгө ашыруучу органдарды жана өз алдынча башкаруу органдарын тартуу менен корголуучу адам үчүн мурдагыга окшош убактылуу же туруктуу жумушун, кызмат ордун же окуу жайын тандоого жана жайгаштырууга билим берүү тармагы жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте көмөк көрсөтөт.
65. Иштеген жерин, кызмат ордун өзгөртүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык ага тете кызмат ордун же адистиги боюнча башка кызмат ордун өзгөртүү, пенсия алууга укук берген эмгек стажын сактоо менен камсыз кылуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Окуган жерин өзгөртүү Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалыматтардын купуялуулугун сактоо менен жүзөгө ашырылат.
66. Корголуучу адам убактылуу иштеген жерине, кызматына же окуган жерине жайгаштырылганда мурдагы же окшош иштеген, кызмат кылган же окуган жерин калыбына келтирүү укугун сактайт.
67. Корголуучу адамдын иштеген жери коопсуздук чарасын колдонуунун бардык мезгилинде аны менен кошо сакталат. Бул учурда иш берүүчү бул жерге маалыматтын купуялуулугун сактоо менен корголуучу адамды убактылуу алмаштыра турган адамды орноштурууга укуктуу.
68. Окуган жерин алмаштырууда студентке коопсуздук чарасын колдонуу токтотулгандан кийин билим берүү уюмуна кайтып келүү укугу берилет. Корголуучу адамдын билим берүү процессин токтотууга жана кайра баштоого байланышкан бардык чыгымдар коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын эсебинен жабылат.
10-глава. Коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу
69. Корголуучу адамды коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу эреже катары анын башка жашай турган жерге көчүрүүгө алып келет.
70. Корголуучу адамдын коопсуздугун толук камсыз кылуу анын убактылуу жайгашуусу үчүн коопсуз жайды тандоонун негизги шарты болуп саналат.
71. Коопсуз жер жагдайга жана корголуучу адамга коркунуч туудурган коркунучтун даражасына жараша коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан тандалат.
72. Коопсуздукту камсыз кылуучу орган корголуучу адамды коопсуз жайга которууну жана биринчи зарыл болгон жеке буюмдарын ташууну камсыз кылат.
73. Корголуучу адам убактылуу коопсуз жерге жайгаштырылганда, ал мурда ээлеген турак жайы жана мурдагы же окшош мурдагы иштеген, кызмат кылган же окуган жери боюнча ишке орношуу кепилдиги көрсөтүлгөн убакыт ичинде аталган себеп боюнча ал жок болгон бардык мезгилдин ичинде аны менен кошо сакталат.
74. Коопсуз жайга убактылуу жайгаштыруу үчүн корголуучу адамга санитардык-техникалык эрежелерге жана ченемдерге, Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарынын ар кандай талаптарына жооп берген турак жай берилет.
75. Коопсуздук чарасы жокко чыгарылгандан же корголуучу адамды башка жашаган жерине которуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин корголуучу адамды мурдагы же башка жашаган жерине көчүрүү, анын ичинде жол жүрүү жана жеке мүлкүн ташуу менен байланышкан чыгымдар коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын эсебинен төлөнөт.
11-глава. Камактагы же жаза өтөп жаткан жердеги корголуучу адамдын коопсуздугун камсыз кылуу
76. Камактагы, же жаза өтөп жаткан жердеги, же дисциплинардык аскер бөлүгүндө камакта жаткан корголуучу адамдын коопсуздугу ушул Тартиптин 4, 6, 7 жана 9-главаларында каралган коопсуздук чараларын колдонуу же Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде каралган башка чаралар менен камсыз кылынат.
77. Камактагы же жаза өтөп жаткан жердеги же дисциплинардык аскер бөлүгүндө камакта жаткан адамдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр да колдонулушу мүмкүн:
1) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун келтирген адамды кармоодо, камакка алууда жана кылмыш жазасына тартууда камакта кармоонун жана жаза өтөөнүн ар кандай жерлерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын башка региондорунда жайгашкан жерлерге жөнөтүү;
2) корголуучу адамды жана зомбулук коркунучун келтирген адамды бир камак жайынан жана жазасын өтөп жаткан жерден экинчисине которуу;
3) корголуучу жана зомбулук коркунучун келтирген адамды бөлүп кармоо;
4) корголуучу адамга Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте бөгөт коюу чарасын же жаза чарасын өзгөртүү.
12-глава. Коопсуздук чараларын колдонуу боюнча чечимдерди аткаруунун милдеттүүлүгү
78. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдардын алардын компетенциясына ылайык кабыл алынуучу чечимдердин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.
79. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
80. Коопсуздук чараларын колдонууга катышкан же катышуучу катары тартылган мамлекеттик органдардын жана тиешелүү уюмдардын ишин жалпы контролдоо жана координациялоо коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
81. Коопсуздук чараларын колдонуу үчүн тартылган кызмат адамдары жана уюмдар жүргүзүлгөн иш-чаралардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жүрүшүндө аларга белгилүү болгон маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
82. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоо максатында коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган коопсуздук чараларын колдонуунун алдында ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык формасы боюнча кызмат адамдарына жана тартылган уюмдарга корголуучу адамга карата тиешелүү коопсуздук чарасын колдонууга байланыштуу аларга ишенип бериле турган же белгилүү боло турган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө эскертүү жиберет.
83. Коопсуздук чараларын колдонууга катышкан, коопсуздук чараларын колдонбоого же талаптагыдай эмес колдонууга күнөөлүү кызмат адамдары жана уюмдар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
84. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу орган корголуучу адамга жана ага карата колдонулган коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтар тиешелүү кызмат адамдары жана уюмдар тарабынан ачыкка чыккан учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
85. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
13-глава. Коопсуздук чараларын колдонууну каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
86. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучуларынын коопсуздук чараларын колдонууну каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу компетенциясы боюнча коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка финансылык булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
87. Коопсуздук чараларын колдонуу менен байланышкан чыгымдар корголуучу адамга жүктөлбөйт.
|
| Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартибине 1-тиркеме |
|
| БЕКИТЕМ |
|
| ____________________________________ |
|
| (органдын жетекчисинин кызмат орду, наамы (класстык чени) аты-жөнү) |
|
| ___________________________________ |
|
| (колу) |
Коопсуздук чарасын тандоо жөнүндө ТОКТОМ
______________________________ |
| _____-ж. "____" _____________ |
(түзүлгөн жери) |
|
|
_____________________________________________________________________________,
(коопсуздук чарасын жүзөгө ашырган органдын кызмат адамынын кызмат орду,
наамы (класстык чени) аты-жөнү)
_________________________________________________________ тарабынан жиберилген,
(документ жиберген органдын аталышы)
______-ж. "_____"_______________ чыгыш № ____________________________ келип түшкөн,
________________________________________________________________________ карата
(корголуучу адамдын аты-жөнү)
______________________________________________________________________________
(токтом (аныктама) чыгарган кызмат адамынын аты-жөнү, кылмыш ишинин номери)
______-ж. "___" ______________ чыгарылган, коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө токтомду
(аныктаманы) карап чыгып,
АНЫКТАДЫМ:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________.
(коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери жазылат)
"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 19-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык корголуучу адамга карата төмөнкү коопсуздук чарасы тандалып
алынсын ____________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(корголуучу адамдын аты-жөнү жана коопсуздук чарасынын түрү)
2. Коопсуздук чарасын ишке ашырууну уюштуруу төмөнкү органга тапшырылсын _________________
_____________________________________________________________________________________
(коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызматынын (бөлүмдүн) аталышы)
3. Тандалган коопсуздук чарасы тууралуу төмөнкү органга кабарлансын _________________________
_____________________________________________________________________________________.
(коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган орган)
____________________________________ | ___________________ |
Коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын аты-жөнү | (колу) |
|
| Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартибине 2-тиркеме |
|
| БЕКИТЕМ |
|
| ____________________________________ |
|
| (органдын жетекчисинин кызмат орду, наамы (класстык чени) аты-жөнү) |
|
| ___________________________________ |
|
| (колу) |
Тандалган коопсуздук чарасын өзгөртүү (толуктоо) жөнүндө ТОКТОМ
______________________________ |
| _____-ж. "____" _____________ |
(түзүлгөн жери) |
|
|
_____________________________________________________________________________,
(коопсуздук чарасын жүзөгө ашырган органдын кызмат адамынын кызмат орду,
наамы (класстык чени) аты-жөнү)
_________________________________________________________ тарабынан жиберилген,
(документ жиберген органдын аталышы)
______-ж. "_____"_______________ чыгыш № ____________________________ келип түшкөн,
________________________________________________________________________ карата
(корголуучу адамдын аты-жөнү)
______________________________________________________________________________
(токтом (аныктама) чыгарган кызмат адамынын аты-жөнү, кылмыш ишинин номери)
______-ж. "___" ______________ чыгарылган, коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө токтомду
(аныктаманы) карап чыгып,
АНЫКТАДЫМ:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________.
(коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери жазылат)
"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 19-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык корголуучу адамга карата төмөнкү тандалган коопсуздук
чарасы өзгөртүлсүн (толукталсын) _______________________________________________
____________________________________________________________________________
(корголуучу адамдын аты-жөнү жана коопсуздук чарасынын түрү)
2. Коопсуздук чарасын ишке ашырууну уюштуруу төмөнкү органга тапшырылсын _________
____________________________________________________________________________
(коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызматынын (бөлүмдүн) аталышы)
3. Тандалган коопсуздук чарасы өзгөртүлгөндүгү (толукталгандыгы) тууралуу төмөнкү органга
кабарлансын _________________________________________________________________
____________________________________________________________________________
(коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган орган)
____________________________________ | ___________________ |
Коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын аты-жөнү | (колу) |
|
| Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартибине 3-тиркеме |
|
| ________________________________________ |
|
| (мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын аталышы) |
Корголуучу адамга карата коопсуздук чарасын тандоо (өзгөртүү, кошумча колдонуу) жөнүндө КАБАРЛОО
______________________________________________________________________________,
(коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын аталышы)
'Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 25-статьясынын 4-бөлүгүнүн 3-пунктун жетекчиликке алып,
аталган Мыйзамдын 19-статьясына ылайык жана корголуучу адамга _____________________
_________________________________________________________________________ карата
(корголуучу адамдын аты-жөнү)
_____-ж. "___" _____________ коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун (аныктаманын)
негизинде, кошумча төмөнкүдөй коопсуздук чарасы тандалды/өзгөртүлдү/колдонулду ________
_______________________________________________________________________________
(коопсуздук чарасы)
____________________________________ | ___________________ |
Коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын аты-жөнү | (колу) |
|
| Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартибине 4-тиркеме |
|
| БЕКИТЕМ |
|
| ____________________________________ |
|
| (органдын жетекчисинин кызмат орду, наамы (класстык чени) аты-жөнү) |
|
| ___________________________________ |
|
| (колу) |
Коопсуздук чарасын жокко чыгаруу жөнүндө ТОКТОМ
______________________________ |
| _____-ж. "____" _____________ |
(түзүлгөн жери) |
|
|
_____________________________________________________________________________,
(коопсуздук чарасын жүзөгө ашырган органдын кызмат адамынын кызмат орду,
наамы (класстык чени) аты-жөнү)
_________________________________________________________ тарабынан жиберилген,
(документ жиберген органдын аталышы)
______-ж. "_____"_______________ чыгыш № ____________________________ келип түшкөн,
________________________________________________________________________ карата
(корголуучу адамдын аты-жөнү)
______________________________________________________________________________
(токтом (аныктама) чыгарган кызмат адамынын аты-жөнү, кылмыш ишинин номери)
______-ж. "___" ______________ чыгарылган, коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө токтомду
(аныктаманы) карап чыгып,
АНЫКТАДЫМ:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________.
(коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери жазылат)
"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 21-статьясын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
1. "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө''
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголуучу адамга карата төмөнкү тандалган
коопсуздук чарасы жокко чыгарылсын ________________________________________________
________________________________________________________________________________
(корголуучу адамдын аты-жөнү жана коопсуздук чарасынын түрү)
2. Коопсуздук чарасы жокко чыгарылгандыгы жөнүндө төмөнкү органга кабарлансын __________
________________________________________________________________________________
(коопсуздук чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган орган)
____________________________________ | ___________________ |
Коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын аты-жөнү | (колу) |
|
| Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу тартибине 5-тиркеме |
Корголуучу адам жана ага карата колдонулуучу коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө ЭСКЕРТҮҮ
______________________________ |
| _____-ж. "____" _____________ |
(түзүлгөн жери) |
|
|
Мага, __________________________________________________________________________
(аты-жөнү, наамы (класстык чени)
"Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясында каралган милдеттер түшүндүрүлдү.
Ошол эле учурда, кылмыш-жаза процессине карата коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды
ачыкка чыгарууга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 353-беренесине ылайык
мага кылмыш-жаза жоопкерчилиги эскертилди.
____________________________________ | ____________________ |
Коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин аты-жөнү | (колу) |
|
|
____________________________________ | ____________________ |
Коопсуздук чарасын жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамынын аты-жөнү | (колу) |