Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-ноябры № 647
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 3-пунктчасынын он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"- облустук деңгээлдеги саламаттык сактоо боюнча координаторлорго жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине тиешелүү түрдө саламаттык сактоо уюмдарынын жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча уюмдардын жетекчилеринин эмгек өргүүлөрү маселелерин белгиленген тартипте өткөрүп берет;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |