Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573, 2025-жылдын 20-февралындагы № 84, 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Министрлик) саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы менен юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгында алыш-бериш эсептери бар.
2. Министрликтин максаты
4. Министрликтин ишинин максаты:
- Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо;
- Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу.
3. Министрликтин милдеттери
5. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу эсептелет:
- саламаттык сактоо кызматтарынын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана сапатын жогорулатуу;
- коомдук саламаттык сактоо;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;
- бюджеттик-камсыздандыруу медицинасын өркүндөтүү;
- сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.
4. Министрликтин функциялары
6. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функциясы:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдик программасын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- медициналык камсыздандыруу, курорттук иш жаатындагы саясатты иштеп чыгат;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө эмгек ресурстарына керектөөлөрдүн божомолун жүргүзөт;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен калкты камтууну кеңейтүү боюнча бирдиктүү саясатты түзөт;
- тейлөөчү тармагы чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- саламаттык сактоо уюмдарында оптималдаштыруу жана реструктуризациялоо иш-чараларын жүргүзөт;
- менчигинин түрүнө карабай медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иштерине мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо боюнча координациялык кеңештин ишин камсыз кылат;
- инфекциялык жана актуалдуу өнөкөт инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу боюнча стратегияны иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- программалык негизде саламаттык сактоонун бириктирилген бюджетин түзүү жана аткаруу жаатындагы саясатты ишке ашырат;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын түзөт жана бөлүштүрүү механизмдерин аныктайт;
- Бирдиктүү төлөөчү системасынан сырткары иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын каржылоо жана пландоо көлөмдөрүн аныктайт;
- калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзөт жана жүргүзөт;
- саламаттык сактоо системасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке киргизет жана өнүктүрөт;
- тейленүүчү маселелер боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө гранттарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзөт, эл аралык долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
2) жөнгө салуу функциясы:
- менчигинин түрүнө карабай саламаттык сактоо уюмдарынын алгачкы медициналык эсепке алуу жана статистикалык отчет берүүсүнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо стандарттарын иштеп чыгууга катышат;
- медициналык жана фармацевттик кадрларды каттоону уюштурат, саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кадрлардын орун которууларына мониторинг жүргүзөт;
- жыл сайын медициналык билим берүү уюмдарына кабыл алуу планын бекитет, кабыл алуу эрежелерин макулдашат;
- товарлардын импортуна жана экспортуна эксперттик корутундуларды берет;
- жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин иштерин кошпогондо), ошондой эле фармацевттик ишке лицензия берет;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- атайын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү документтерди (лицензия/уруксат/корутунду) берет;
3) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функциясы:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдик программаларын аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын иштерин контролдойт;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнү жана аткарууну координациялайт;
- облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын региондук саламаттык сактоо органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча координациялык комиссиялар аркылуу менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
- секторлор аралык координациялоону, ошондой эле саламаттык сактоо жаатында улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча коомдук уюмдар, жарандык секторлор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштөөнү жүзөгө ашырат;
- республиканын аймагын карантиндик жана өзгөчө кооптуу ооруулардын кирүүсүнөн жана жайылуусунан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү координациялайт;
- санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү жана инфекциялык оорулардын, тамак-аштан уулануулардын болушун өз учурунда токтотуу жана жоюу боюнча эпидемияга каршы, алдын алуучу иш-чараларды уюштурууну координациялайт;
- патогендик микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын биологиялык коопсуздугун камсыздоо ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын калкын жана саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары менен камсыздоо, дары каражаттарын чыгаруу жана алар менен калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын камсыздоо жаатында ата мекендик фармацевттик өндүрүш менен эриш-аркак иштөөнү уюштуруу, Өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмесин түзүү боюнча иштерди координациялайт;
- саламаттык сактоо уюмдарынын кайсыл булактан сатып алганына карабастан дары каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууга контролду камсыз кылат;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдойт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- саламаттык сактоо уюмдарынын адистерин, жетекчилерин аттестациялоону контролдойт;
- мамлекеттик заказды аныктайт жана менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыктыгына карабастан медициналык, фармацевттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатындагы иштерди координациялайт;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан дипломго чейинки жана дипломдон кийинки, кошумча медициналык, фармацевттик билим берүү жана медициналык илим маселелерин координациялайт, медициналык билим берүү уюмдарында бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгуу үчүн сунуш киргизет;
- саламаттык сактоо жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялайт, саламаттык сактоо жаатында илимий жана практикалык иштердин уланмалуулугун камсыз кылат;
- саламаттык сактоо боюнча координациялык жана башка комиссияларды, кеңештерди жана штабдарды түзөт жана ишине катышат;
- ата мекендик дары каражаттары менен медициналык буюмдарды чыгарууну өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
4) кызмат көрсөтүү функциясы:
- калктын саламаттыгын чыңдоо, сергек жашоо образын түзүү, өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугуна жарандардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу үчүн жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) колдоо функциясы:
- саламаттык сактоо уюмдарынын инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
- башка министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, жабыркагандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү уюштурат, тынчтык жана согуш мезгилинде калкты медициналык жактан камсыз кылуу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүргүзөт;
- тейленүүчү маселелерди кароодо сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда белгиленген тартипте Министрликтин кызыкчылыгын коргойт;
- каржылоо булагына, саламаттык сактоо секторуна келип түшкөн гуманитардык жардамдарга, гранттарга жана кредиттерге карабастан финансылык каражаттардын түшкөнүн жана пайдаланууну эсепке алууну уюштурат жана аларды саламаттык сактоо системасында пайдалануу боюнча бухгалтердик жана финансылык отчет берүүнү камсыздайт;
- саламаттык сактоо системасынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларын өнүктүрүүнү жана колдоону камсыздайт;
- товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү аныктайт жана тендердик негизде аларды борбордук сатып алууну жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде көрсөтөт, башка мамлекеттердин саламаттык сактоо органдары, эл аралык уюмдар менен байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен беренесиз негизде каржылоону камсыз кылат;
- Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана финансылык тобокелдиктерин минималдаштырууну камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 208, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573, 2025-жылдын 20-февралындагы № 84 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Министрликтин укуктары
7. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Министрликтин ишиндеги мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана Министрликтин ишинин маселелерине карата ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик эмес мүнөздөгү ведомстволук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого, саламаттык сактоо жаатында эл аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын атынан эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, макулдашууларга, ошондой эле ыйгарым укуктарынын чегинде региондук жана эл аралык уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге жана макулдашууларга кол коюуга;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон, мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан башка уюмдардан ден соолукту сактоо жана чыңдоо маселелери, анын ичинде социалдык жактан маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын иштери тууралуу отчетторду угууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын түзүү жана жоюу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууга, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмдөрүн жана уставдарын (жоболорун) бекитүүгө;
- саламаттык сактоо уюмдарынын типтүү уставдарын (жоболорун) иштеп чыгууга;
- кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (союздарга) медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоо маселелерин белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;
- кайра түзүмдөштүрүүнүн жана рационалдаштыруунун жүрүшүндө бошогон саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын жана жайларын менчиктештирүү жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуш киргизүүгө;
- белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешме органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө, алардын жоболору жана курамы министр тарабынан бекитилет;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү укук бузуулар жана жоруктар жөнүндө иштерди кароого;
- белгиленген тартипте медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди сыйлоо системасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- башка мамлекеттердин саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташууга, ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатында макулдашуулардын аткарылышын камсыздоого;
- көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- саламаттык сактоо жаатындагы коомдук уюмдардын, ассоциациялардын, фонддордун, кыймылдардын жана жеке жактардын кайрымдуулук жана гуманитардык иштерин колдоого;
- саламаттык сактоо маселелери боюнча эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды жана конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- басма ишин жүргүзүүгө;
- саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;
- адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын берүүгө катышууга.
6. Министрликтин ишин уюштуруу
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри (мындан ары - министр) жетектейт.
9. Министрликте министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары жана министрдин дарылоо иштери боюнча орун басары кызмат орундары түзүлгөн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз министрге баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын дайындоого сунуш министр тарабынан электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен киргизилет.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу жок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Министр:
- Министрликтин ишин жеке башкаруунун негизинде жетектейт;
- саламаттык сактоонун республикалык бюджетинин каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп саналат;
- Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берет жана тийиштүү сунуштарды киргизет;
- чет мамлекеттерде, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана келишимдерди түзөт;
- саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууну токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоого жана аларды кызматтан бошотууга сунуш киргизет;
- белгиленген тартипте ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- белгиленген тартипте мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын түзүмүн бекитет, алардын өзгөртүлүшү Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөнүнө гана байланыштуу болушу мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүүгө негиз болуп эсептелбейт;
- белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын штаттык ырааттамасын жана алар жөнүндөгү жоболорду бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин мүлкүн жана каражаттарын тескейт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларын кызматка дайындайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Министрликте мамлекеттик жарандык кызмат өтөө менен байланышкан маселелерди чечет;
- кызматы боюнча Министрликтин жарандык коргонуусунун начальниги болуп эсептелет;
- Министрликтин кызматкерлерине белгиленген тартипте класстык чиндерди ыйгарат;
- Министрликтин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга сунуштайт;
- Министрликтин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндөгү маселелерди белгиленген тартипте чечет жана алардын кызматтык маяналарына жеке үстөк акы белгилейт;
- жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарынын, ошондой эле Министрликке тикелей баш ийген уюмдардын жетекчилерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
- облустук деңгээлдеги саламаттык сактоо боюнча координаторлорго жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине тиешелүү түрдө саламаттык сактоо уюмдарынын жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча уюмдардын жетекчилеринин эмгек өргүүлөрү маселелерин белгиленген тартипте өткөрүп берет;
- башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен ага берилген башка укуктарга ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 647, 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566, 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомдорунун редакциясына ылайык)
12. Ден соолукту сактоо боюнча программалык документтерди, саламаттык сактоону реформалоонун, медициналык билим берүүнүн, илимдин кыйла маанилүү маселелерин, ошондой эле саламаттык сактоо системасындагы кызмат адамдарынын отчетторун биргелешип талкуулоо үчүн коллегия түзүлөт.
13. Министрликтин коллегиясы тогуз адамдан турат, анын курамына: кызмат орундары боюнча министр (коллегиянын төрагасы), министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын башка жетекчи кызматкерлери кирет.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
14. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Медициналык илимдин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана илимий-изилдөө иштеринин долбоорлоруна эксперттик баа берүү үчүн Министрликте саламаттык сактоо системасындагы жетектөөчү окумуштуулардан Илимий кеңеш түзүлөт. Илимий кеңеш өз ишин министр бекитүүчү жобого ылайык жүргүзөт.
7. Корутунду жоболор
16. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
17. Министрлик жоюлган учурда документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.