Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-марты № 167
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:
- 97-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Облустарды өнүктүрүү фонддору боюнча - мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;";
2-пунктчада:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Райондорду өнүктүрүү фонддору боюнча - ар бир районго мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул топ боюнча республикалык бюджетте белгиленген каражаттардын көлөмүнөн каражаттар кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсепке албаганда), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга № 1 таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр 15000000 (он беш миллион) сомдон ашык келип түшкөн райондор кирбейт.";
1-таблицадагы "10000000 (он миллион)" деген сөздөр "15000000 (он беш миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 24-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |