Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-январы № 20
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
- социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;
- экономикалык долбоорлор үчүн каржылоону алууга өтүнмө 3-тиркемеге ылайык;
- социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо критерийлери 4-тиркемеге ылайык;
- экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери 5-тиркемеге ылайык;
- Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду максаттуу каржылоо жөнүндө келишим 6-тиркемеге ылайык;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун типтүү методикасы 8-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө Региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 "Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 "Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 24-январындагы №5 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
|
|
|
| 2-тиркеме |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор үчүн каржылоону алууга ӨТҮНМӨ
1. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | |||
Айыл аймагынын/шаардын/мамлекеттик органдын аталышы (мындан ары - арыз берүүчү), анын ичинде: - ЖӨБдүн аткаруучу органынын/мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнү; - ЖӨБОнун/мамлекеттик органдын финансы бөлүмүнүн жетекчисинин аты-жөнү; - байланыш маалыматтары (почта дареги, тел., факс, эл. почта) |
| ||
Долбоордун аталышы: |
| ||
Проблеманын сүрөттөлүшү: (чечүүгө долбоор багытталган кырдаалдын жана проблемалардын кыскача жана так сүрөттөлүшү берилет) |
| ||
Долбоордун максаты: (долбоордун максатын кыскача баяндоо, кандай натыйжаларга жетишүү керек) |
| ||
Долбоордун милдеттери: (долбоордун максатына жетүү үчүн зарыл болгон кадамдардын кыскача баяндамасы) |
| ||
Демилгечи топтун курамы: |
| ||
Долбоордун болжолдуу узактыгы, жылдар: |
| ||
Суралган сумманын өлчөмү, миң сом менен: |
| ||
Долбоордун жалпы наркы, миң сом менен: |
| ||
анын ичинде: - ММКнын акча каражаттары, миң сом жана % менен |
| ||
- жергиликтүү жамааттын акча каражаттары, долбоордун наркынан миң сом жана % менен |
| ||
- акы төлөнбөгөн өздүк материалдар менен, долбоордун наркынан миң сом жана % менен |
| ||
- акы төлөнбөгөн жеке техника, транспорт менен, долбоордун наркынан миң сом жана % менен |
| ||
- салымдардын башка түрлөрү, долбоордун наркынан миң сом жана % менен |
| ||
Долбоордун эсептик наркы, миң сом менен: анын ичинде |
| ||
1) курулуш иштери |
| ||
2) материалдар |
| ||
3) жабдуулар |
| ||
4) техниканы жана транспортту ижарага алуу |
| ||
5) консультациялык, эксперттик жана техникалык кызмат көрсөтүүлөр (бардыгы), алардын ичинен: - долбоорду жана дизайнды даярдоо; - курулушту контролдоо; - окутуу |
| ||
6) башка чыгымдар (сүрөттөө керек) |
| ||
Пайыздык үлүш, анын ичинен акча каражаттары менен (сметанын деталдуу таблицалары 2-4-тиркеме катары акыркы деталдуу бюджет түрүндө тиркелет) | 100%, анын ичинен акча каражаттары ______% | ||
Мониторинг жана долбоорду баалоо: (коюлган максаттарга, милдеттерге, аткаруу графигине жана бөлүнгөн каражаттарга долбоордун шайкеш келишине ынануу үчүн мониторинг кантип жана кандай ыкмалар менен жүргүзүлөт) |
| ||
Өнөктөштөр жана долбоордун алкагында алардын ролу: (долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөр кимдер. Алар долбоорго кандайча катышат. Кызматташуунун мүнөзүн сүрөттөп, долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөрдү көрсөткүлө) |
| ||
Долбоордун күтүлгөн натыйжалары: (- эмне курулат, оңдолот же сатып алынат; - долбоорлордон ким жана кайсы топтор пайда көрүшөт; - долбоордун иштешинин натыйжасында кырдаал кандайча өзгөрөт) |
| ||
Бул өтүнмөгө төмөнкү документтерди тиркейм (Фонд тарабынан кароо үчүн берилген документтердин толуктугун текшериңиз, болбосо Сиздин кредиттик өтүнмөңүздү карап чыгуу процесси документтердин толук пакетин алганга чейин кийинкиге калтырылат, мында социалдык долбоорго берилген өтүнмөдө өзүнчө тиркемелердин болушу милдеттүү эмес): 2-1-тиркеме. Жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча отчёт, анын жыйынтыгы боюнча берилген долбоор/долбоорлор артыкчылыктуу деп табылды. 2-2-тиркеме. Артыкчылыктуу долбоорду бекитүү, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүн жана жергиликтүү жамааттын каражаттарынын салымын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечимдеринин көчүрмөлөрү. 2-3-тиркеме. Техникалык документтер (мис., АТП, ИПТ, объекттин долбоору ж.б.) 2-3-1-тиркеме. Дефекттик акт. 2-4-тиркеме. Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети. 2-5-тиркеме. Долбоорду ишке ашыруу планы. 2-6-тиркеме. Долбоордун туруктуулугу. 2-7-тиркеме. Биргелешкен мониторинг жана баалоо планы. 2-8-тиркеме. Экологиялык анализ боюнча текшерүү баракчасы. 2-9-тиркеме. Колдоо каттары, кепилдик каттар, фото документтер (бар болсо) | |||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар толук жана анык болуп саналарын ырастайм | |||
___________________________________ (Аты-жөнү, кызматы) | _____________________ (колу, мөөрү) | ____________________ (күнү) | |
|
|
|
|
|
| 2-3-тиркеме |
Техникалык документтер жана уруксат берүүчү документтер*
№ | Иш-чаралар | Талап кылынабы же жокпу | Ким тарабынан аткарылат (уюмдун аталышы) | Жооптуу | Жыйынтык |
1 | Объекттин техникалык абалын баалоо |
| Жумушчу комиссия |
| Бузулган акт |
2 | Объекттин схемасын же планын даярдоо |
| Адис же уюм (фирма) |
| Чиймелер, техникалык паспорт |
3 | Топографиялык иштер |
| Райондук, облустук, шаардык архитектура, лицензиясы бар жеке фирма |
| Топографиялык сүрөткө тартуу |
4 | Лабораториялык башка изилдөөлөр |
| Райондук, облустук, шаардык кызматтар |
| Талдоолор |
5 | Архитектуралык-пландоо тапшырмасын (АПТ) тариздөө |
| Райондук, шаардык архитектура |
| АПТ |
б | Жер участогун бөлүп берүү |
| Райондук, шаардык архитектура |
| Бөлүп берүү акты |
7 | Техникалык шарттарды тариздөө(*) |
| Райондук, облустук, шаардык кызматтар |
| Техникалык шарттар |
8 | Корутундуларды тариздөө(*) |
| Райондук, облустук, шаардык кызматтар |
| Корутунду |
9 | Деталдуу чиймелерди даярдоо (ДЧД) |
| Райондук, облустук, шаардык архитектура, лицензиясы бар жеке фирма |
| ДЧД |
10 | Иштердин, жабдуулардын жана материалдардын спецификациясын баяндоо |
| Спец. же атайын уюм (фирма) |
| Спецификацияны баяндоо |
11 | Иштердин көлөмүн, материалдардын жана жабдуулардын санын эсептөө |
| Спец. же атайын уюм (фирма) |
| Иштердин көлөмдөрүнүн ведомосту, материалдык жабдуулар, эсептик бөлүк |
12 | Түшүндүрмө катты даярдоо |
| Спец. же атайын уюм (фирма) |
| Түшүндүрмө кат |
13 | ДЧД макулдашуу |
| Райондук, шаардык архитектура |
| Макулдашылган ДЧД |
14 | Курулуш-монтаждоо иштерин (КМИ) каттоо жана аткарууга уруксат алуу |
| Курулуш көзөмөлүнүн мамлекеттик агенттиги |
| КМИ каттоо жана аткарууга уруксат |
(*) Техникалык долбоордун курамына таблицанын алгачкы 11-пункту кирет (зарылдыгына жараша). Сунушталган иш-чаралардын негизинде төмөнкү таблицаны толтуруңуз. (*) Техникалык шарттар МИ спецификасы боюнча таризделет жана "Электр станциялар" ААК, суу каналдары кызматтары (ичүүчү суу түтүгүнө, борбордук канализацияга кошулууда), "Кыргызтелеком" ААК, газ чарбасы ж.б. тарабынан берилет. (*) Корутундулар МП спецификасы боюнча ДЧДга карата таризделет жана Мамкурулуштун мамлекеттик экспертизасынын региондук филиалдары жана облустук өкүлчүлүктөрү, СЭК, КТЧКБ, өрт жана ветеринардык-санитардык кызматтар тарабынан берилет. (*) Даярдалган документтерди "Техникалык документтер" деп атоо жана ушул өтүнмөгө тиркөө зарыл (мукабасын жасоо, бардык документтерди салуу, мазмунун түзүү максатка ылайыктуу) | |||||
|
| 2-3-1-тиркеме |
Инфраструктуралык объектти изилдөөнүн дефекттик акт
Айыл _____________________________________ айыл аймагы
Күнү ___________________________________________________
1. Комиссиянын курамы: (АК жана АӨ өкүлдөрүнөн; ДТ мүчөлөрүнөн; коомчулуктун көз карандысыз өкүлдөрүнөн, КЭУ; зарылчылыкка жараша чакыртылган техникалык эксперт):
№ | Комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү | Уюм | Комиссиядагы кызматы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
6 |
|
|
|
7 |
|
|
|
2. Текшерүүнүн максаты: объекттин негизги конструкцияларынын жана элементтеринин техникалык абалын, оңдоо иштеринин көлөмүн, керектүү материалдардын жана жабдуулардын түрлөрүн жана санын комиссияда аныктайт.
3. Текшерүүнүн натыйжалары:
№ | Объекттин негизги элементтери | Техникалык абалы | Зарыл болгон оңдоо иштеринин түрлөрү | Иштин көлөмү | Керектүү материалдар | Саны |
1 | Пайдубал |
|
|
|
|
|
2 | Дубалдар |
|
|
|
|
|
3 | Чатыры |
|
|
|
|
|
4 | Тышкы жасалга |
|
|
|
|
|
5 | Ички жасалга |
|
|
|
|
|
6 | Жылытуу системасы |
|
|
|
|
|
7 | Полдор |
|
|
|
|
|
Техникалык абалды баалоо: "жакшы", "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес", "авариялык абалда".
Колдору:
№ | Комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү | Уюм | Комиссиядагы кызматы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
6 |
|
|
|
7 |
|
|
|
|
| 2-4-тиркеме |
Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети
1-таблица. Иштин наркын эсептөө
№ | Долбоордун курамы жана иштин түрү | Чен бирдиги | Көлөмү же саны | Бирдик баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коомчулук | |||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштердин 1-блогу боюнча жыйынтык |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштердин 2-блогу боюнча жыйынтык |
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштердин 3-блогу боюнча жыйынтык |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Долбоор боюнча бардык иштердин жыйынтыгы (1+2+3) |
|
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын наркын эсептөө
№ | Сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын түрлөрү | Чен бирдиги | Көлөмү же саны | Бирдик баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коомчулук | |||||||
1 | Материалдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Материалдар боюнча жыйынтык (1) |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Жабдуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жабдуу боюнча жыйынтык (2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Материалдар жана жабдуулар боюнча бардыгы (1+2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
3-таблица. Техниканы жана автотранспортту ижарага алуунун наркын эсептөө
№ | Ижарага алынуучу техниканын жана автотранспорттун түрлөрү, аткарылуучу иштер | Чен бирдиги | Көлөмү же саны | Бирдик баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган акча каражат | АК, АӨ | Коомчулук | |||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4-таблица. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө
№ | Консультациялык кызматтарды жана чыгымдардын башка түрлөрүн баяндоо | Убакыт чыгымдары же төлөө шарттары | Күнүмдүк ставка же баа | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган акча каражат | АК, АӨ | Коомчулук | ||||||
1 | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо |
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Айрым маселелер боюнча консультациялар үчүн техникалык эксперттин кызмат көрсөтүүлөрү (эгерде долбоорду МДТ өзү даярдаса) |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Курулушту көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Эгерде зарыл болсо, окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, (долбоордо жаңы тааныш эмес жабдуу же технологиялар пайдаланылган учурда) |
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы (1+2+3+4) |
|
|
|
|
|
|
|
| Анын ичинде: (1) долбоорду даярдоо |
|
|
|
|
|
|
|
| (2) курулушту көзөмөлдөө |
|
|
|
|
|
|
|
5-таблица. Жыйынды отчёт жана каржылоо планы
№ | Микродолбоор боюнча чыгымдардын беренелери | Жалпы бюджет | Каржылоонун/салымдын булактары | Каржылоо планы | |||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коомчулук | 1 транш | 2 транш | |||
1 | Жумуштардын наркы (1-таб.) |
|
|
|
|
|
|
2 | Материалдардын паркы (2-таб. - 1-бөлүк) |
|
|
|
|
|
|
3 | Жабдуулардын наркы (2-таб. - 2-бөлүк) |
|
|
|
|
|
|
4 | Автотехниканын ижарасынын наркы (3-таб.) |
|
|
|
|
|
|
5 | Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана көзөмөлдүн наркы (4-таб.) |
|
|
|
|
|
|
| Инвестициялык чыгымдар жалпы бардыгы: |
|
|
|
|
|
|
| Анын ичинде, коомдордун накта салымы |
|
|
|
|
|
|
| Коомдордун акы төлөнбөгөн эмгек салымы |
|
|
|
|
|
|
| % катышта |
|
|
|
|
|
|
|
| 2-5-тиркеме |
Долбоорду ишке ашыруу планы
1-таблица. Иштерди аткаруунун пландуу жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрү
№ | Иштин түрлөрү | Мөөнөттөрү | Иштерди аткаруунун пландуу жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрү | |||||||||||||||
___________________ ай, жума | ___________________ ай, жума | ___________________ ай, жума | ___________________ ай, жума | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | |||
1 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
3 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
4 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Факт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2-таблица. Иш-аракеттердин жалпы планы, ишти аткаруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү
№ | Иштин түрлөрү | Ишти аткаруунун ыкмалары | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу адамдар | Иштин аткарылышын көзөмөлдөө ыкмалары |
1 | Материалдарды жана жабдууларды сатып алуу |
|
|
|
|
1.1 | Тооруктар (сатып алуулар) жөнүндө кулактандыруу |
|
|
|
|
1.2 | Тендердик комиссияны түзүү |
|
|
|
|
1.3 | Тендер өткөрүү |
|
|
|
|
1.4 | Келишимге кол коюу |
|
|
|
|
2 | Курулуш иштери |
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
3 | Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү (контролдоо) |
|
|
|
|
3.1 |
|
|
|
|
|
4 | Курулушту көзөмөлдөө |
|
|
|
|
4.1 |
|
|
|
|
|
5 | Объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү |
|
|
|
|
6 | Бүткөн объектти эксплуатациялоо жана күтүү |
|
|
|
|
|
| 2-6-тиркеме |
Долбоордун туруктуулугу
Долбоорду эксплуатациялоо жана мазмуну боюнча пландалган иш-чаралар: | |||||
Долбоор аяктагандан кийинки биринчи жылга инфраструктура объектисин эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чыгымдар жана аларды жабуу булактары | |||||
№ | Чыгымдардын статьялары | Жалпы наркы | алардын ичинен: | ||
Акы төлөнүүчү кызматтар | ЖӨБО | Башка булактар | |||
1 | Эксплуатациялоо жана күтүү боюнча персоналдын эмгек акысы |
|
|
|
|
2 | Учурдагы мазмуну (материалдар, запастык бөлүктөр ж.б.) |
|
|
|
|
3 | Чыгымдалуучу материалдар |
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
Долбоордун жетекчиси: | Аты-жөнү _______________________________________________________ | |
|
|
|
| Колу ____________________ | Күнү "___" _______________ 20__ |
|
|
|
А/Ө башчысы: | Аты-жөнү _______________________________________________________ | |
|
|
|
| Колу ____________________ | Күнү "___" _______________ 20__ |
|
| 2-7-тиркеме |
Долбоор боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо планы
Долбоорду ишке ашыруу прогрессине жана натыйжаларына биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы
№ | Долбоорго мониторинг жүргүзүү жапа баалоо | Маалымат булактары | Мониторинг жүргүзүү жана баалоо ыкмалары | Мөөнөттөрү жана жооптуу адамдар | Ырастоочу документтер, БМжБ өткөрүү материалдары |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
|
| 2-8-тиркеме |
Экологиялык талдоо боюнча текшерүү баракчасы
1. Долбоордун аталышы:_______________________________________
2. Долбоордун кыскача баяндамасы (сыпаттама, объекттин аймагы,
жайгашкан жери, менчиги) _____________________________________
3. Долбоорду ишке ашыруунун же эксплуатациялоонун жүрүшүндө
айлана-чөйрөнүн төмөндө келтирилген параметрлерине таасири барбы.
Айлана-чөйрөнүн компоненти | Курулуш фазасы | Эксплуатациялоо фазасы | Жеңилдетүү чаралары |
Жердеги айлана-чөйрө | |||
Кыртыштын эрозиясы |
|
|
|
Кыртыштын органикалык заттарынын бузулушу |
|
|
|
Суунун булганышы |
|
|
|
Биологиялык түрдүүлүктүн азайышы |
|
|
|
Үстүңкү же тереңдеги суу жоготуулары |
|
|
|
Табигый чөйрөнүн бузулушу |
|
|
|
Суудагы айлана-чөйрө | |||
Биологиялык түрдүүлүктүн азайышы |
|
|
|
Тунманын топтолушу |
|
|
|
Социалдык-экономикалык чөйрө | |||
Адамдын ден соолугу |
|
|
|
Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы |
|
|
|
Өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана оорулары |
|
|
|
Жаныбарлардын оорулары |
|
|
|
4. Курулуш (К) фазасында, долбоорду эксплуатациялоо (Э) фазасында же эки учурда (КЭ) колдонула турган жогоруда белгиленген айлана-чөйрөнүн компоненттери үчүн жумшартуу чараларын сүрөттөңүз.
Айлана-чөйрөнүн компоненти | Фаза (К, Э, КЭ) | Таасирди азайтуу боюнча иш-чаралар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу: | ______________________________________________________ | |
| Колу ______________________ | Күнү _____________________ |
|
|
|
ЖӨБОнун техникалык консультанты: | ______________________________________________________ | |
| Колу ______________________ | Күнү _____________________ |
|
| 3-тиркеме |
Экономикалык долбоорлор үчүн каржылоону алууга өтүнмө
Ишкердик субъектинин аталышы (мындан ары - өтүнмө ээси) |
| ||
Кредиттин максаты: кредит эмнеге багытталат |
| ||
Суммасы: цифра жана сөз аркылуу сом менен |
| ||
Пайыздык ставка: Типтүү жобого ылайык |
| ||
Кредиттин мөөнөтү: Типтүү жободо каралган мөөнөттөн ашык эмес |
| ||
Долбоорго катышуу: катышуу болгондо, үлүшүн жана/же жерин, жайын ж.б. көрсөтүү аркылуу сом менен |
| ||
Региондогу тармакты, сегментти өнүктүрүү жана жалпысынан жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн долбоордун маанилүүлүгү: сиздин долбооруңуздун тармак, сегмент үчүн жана жалпысынан жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн ага ылайык позитивдүү натыйжасы жөнүндө болжолдоого боло турган сандык жана сапаттык параметрлерин келтириңиз: - региондун экономикасынын жаңы тармактарын, конкреттүү тармактын ичинде сегменттерди/секторлорду өнүктүрүү; - жаңы жумуш орундарын түзүү; - өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу; - жаңы технологияларды тартуу жана киргизүү; - жергиликтүү коомчулук алган түз пайда; - башкалар |
| ||
Долбоорду ишке ашыруунун учурдагы статусу: долбоорду ишке ашыруунун кайсы баскычында, долбоордун буга чейин ишке ашырылбагандыгынын себептери |
| ||
Долбоорду ишке ашырууда тең инвесторлордун болушу жана алардын ролу: өнөктөштөр жана/же тең инвесторлор бар болсо, алардын маалыматтарын жана алардын долбоорго катышуусун/ролун көрсөтүңүз |
| ||
Бул өтүнмөгө төмөнкүдөй документтерди тиркейм (Фонд тарабынан кароо үчүн берилген документтердин толуктугун текшериңиз, болбосо Сиздин кредиттик өтүнмөнү карап чыгуу процесси документтердин толук топтому алынганга чейин кийинкиге калтырылат): өтүнмө ээсинин анкетасы; бизнес-план; кредиттик каражаттардын эсебинен сатылып алынуучу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат; Фонд менен өз ара мамилелерде өтүнмө ээсинен өтүнмө ээсинин өкүлүнө (байланыш адамына) ишеним кат (зарыл болсо); документтердин электрондук версиялары бар USB-флеш-топтоочу | |||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалымат толук жана анык болуп санала тургандыгын ырастайм | |||
________________________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) | ____________________________ (колу, мөөрү) | _________________________ (датасы) | |
|
|
|
|
|
| 3-1-тиркеме |
Өтүнмө ээсинин анкетасы
Өтүнмө ээси жөнүндө маалымат | |||
1. Өтүнмө ээсинин толук аталышы (каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык): | |||
2. Каттоо маалыматтары: - юридикалык дареги (каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык): - каттоо органынын аталышы: - каттоо номери: - ОКПО коду*: - идентификациялык салык номери (ИСН): - каттоо датасы: | |||
3. Иштин түрү: | |||
4. Чыгарылуучу товар/көрсөтүлүүчү кызмат: | |||
5. Кызматкерлердин саны: | |||
6. Иш жүзүндөгү дареги (айыл, айыл аймагы/шаар, район, облус); | |||
7. Байланыш маалыматтары (телефон, факс, мобилдик номер, эл-почта); | |||
8. Фонд менен байланышуучу адамдын (өтүнмө ээсинин өкүлү) аты-жөнү жана анын байланыш маалыматтары: | |||
9. Жетекчинин (директордун) аты-жөнү жана анын байланыш маалыматтары: | |||
10. Уюштуруучулардын аты-жөнү/аталышы: __________________________________________ __________________________________________ | Капиталга салымдын суммасы (сом жана % менен): ___________________________________________ ___________________________________________ Бардыгы: | ||
11. Иштин кыскача сыпаттамасы (компанияны түзүү тарыхы, иш мөөнөтү, өз сегментиндеги иш тажрыйбасы, компаниянын негизги активдери (өндүрүш аянттары, жабдуулар, мезгилдүүлүктүн болушу ж.б.): | |||
12. Продукция/кызмат көрсөтүү (продукциянын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ассортименти, өндүрүштүк кубаттуулуктар, өндүрүш/кызматтарды көрсөтүү технологиялары) | |||
13. Сатуу рыногу (товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги керектөөчүлөрү, экспорттун үлүшү, атаандаштар, рыноктогу үлүш, мезгилдүүлүк, социалдык жоопкерчиликтин болушу ж.б.) | |||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалымат толук жана анык болуп санала тургандыгын ырастайм | |||
_________________________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) | ____________________________ (колу, мөөрү) | __________________________ (датасы) | |
|
|
|
|
|
| 4-тиркеме |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
Долбоордун аталышы: | ||
Мамлекеттик мекеменин/айыл аймагынын/шаардын аталышы: | ||
Район: | ||
Облус: | ||
Критерийдин аталышы | Индикатордун сыпаттамасы | Баалоо баллы |
1. Облусту/районду/шаарды/айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы | программада долбоорду ишке ашыруу каралган эмес | 0 |
программада долбоорду ишке ашыруу каралган | 20 | |
2. Аймактык деңгээлдеги мааниси (социалдык натыйжа) | айыл аймагынын деңгээлиндеги мааниси | 5 |
райондук деңгээлдеги мааниси | 10 | |
облустук деңгээлдеги мааниси | 15 | |
республикалык деңгээлдеги мааниси | 20 | |
3. Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын аныктоого жергиликтүү калктын катышуусу | социалдык мобилизация жүргүзүлгөн эмес | 0 |
социалдык мобилизация жарандардын айрым топторунун катышуусу менен жүргүзүлгөн | 10 | |
социалдык мобилизация калкты кеңири камтуу менен жүргүзүлгөн | 20 | |
4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн техникалык документтердин болушу | жок | 0 |
документтердин толук эмес тизмеги | 10 | |
техникалык документтердин талаптарга толук шайкештиги | 20 | |
5. Долбоорду республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, жергиликтүү калктын же бизнестин, эл аралык уюмдардын каражаттарынан жана башка булактардан ырасталган кошо каржылоо | кошо каржылоонун жоктугу | 0 |
долбоордун жалпы наркынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө кошо каржылоо | 15 | |
долбоордун жалпы наркынын 50%ынан ашык өлчөмдө кошо каржылоо | 20 | |
6. Долбоордун демилгечисинин материалдык активдерди (мисалы, жер участогун, имаратты жана курулманы, жабдууларды ж.б.) берүү жана/же долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүчү кызматтарды көрсөтүү түрүндө катышуусу | катышуу жок | 0 |
катышуу жалпы салымдын 50%ынан кемин түзөт | 10 | |
катышуу жалпы салымдын 50%ынан ашык | 20 | |
7. Долбоорду ишке ашыруу пландалган айыл аймагы же шаар | республикалык бюджеттен теңдөөчү грант албайт | 0 |
республикалык бюджеттен теңдөөчү грант алат | 20 | |
8. Долбоорду ишке ашыруу региондогу экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет | ооба | 0 |
жок | 20 | |
Баллдын суммасы: |
|
|
_______________________________________________________________ (Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү) |
_____________________ (колу) | |
|
| 5-тиркеме |
Экономикалык долбоорлорду тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187, 2023-жылдын 12-октябрындагы N 545 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Долбоордун аталышы: | ||
Район: | ||
Облус: | ||
Критерийдин аталышы | Индикатордун сыпаттамасы | Баалоо баллы |
1. Облусту/районду/шаарды/айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы | программада долбоорду ишке ашыруу каралган эмес | 0 |
программада долбоорду ишке ашыруу каралган | 20 | |
2. Артыкчылыктуу багыттарга ылайык келүү: - өнөр жай ишинин бардык түрлөрү, анын ичинде жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы; - энергетика; - туризм; - азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү долбоорлор; - креативдүү экономика чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде маалыматтык технологиялар; - жашыл экономика чөйрөсүндөгү долбоорлор; - билим берүү жана саламаттык сактоо жана социалдык жардам чөйрөлөрүндөгү долбоорлор | ылайык келбейт | 0 |
ылайык келет | 20 | |
3. Өтүнмө ээси "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун катышуучусу болуп саналат | жок | 0 |
ооба | 20 | |
4. Аймактык деңгээлдеги мааниси | айыл аймагынын деңгээлиндеги мааниси | 5 |
райондук деңгээлдеги мааниси | 10 | |
облустук деңгээлдеги мааниси | 15 | |
республикалык деңгээлдеги мааниси | 20 | |
5. Ишкердик субъектинин экономикалык ишинин мезгили | 5 жыл жана андан жогору | 5 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 10 | |
1 жылдан 3 жылга чейин | 15 | |
1 жылдан аз, анын ичинде "стартап" долбоору | 20 | |
6. Күтүлгөн жумуш орундарынын саны | 5 жумуш ордуна чейин | 5 |
5тен 10 жумуш ордуна чейин | 10 | |
10 жумуш ордунан ашык | 20 | |
7. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү чийки затты пайдалануу (жергиликтүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) | каралган эмес | 0 |
каралган | 10 | |
8. Инновациялык технологияларды киргизүү | инновациялардын жоктугу | 0 |
инновация конкреттүү уюмдун ишин жакшыртууга таасирин тийгизет | 5 | |
инновациялар региондун аймагында бул сектордун өнүгүшүнө таасирин тийгизет | 10 | |
9. Чет өлкө валютасынын келиши | долбоор чет өлкө валютасынын келишине мүмкүндүк түзбөйт | 0 |
долбоор чет өлкө валютасынын келишине мүмкүндүк түзөт | 10 | |
10. Долбоорду ишке ашырууда коомдук инфраструктураны өнүктүрүү | каралган эмес | 0 |
каралган | 10 | |
11. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде ишке ашыруу | колдонулган жок | 0 |
колдонулат | 10 | |
12. Уюм тиешелүү райондун тургунуна катталган | жок | 0 |
ооба | 10 | |
13. Долбоорду ишке ашыруу региондогу экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет | ооба | 0 |
жок | 20 | |
Баллдын суммасы: |
|
|
14. Өтүнмө ээсинин 3төн ашпаган жыл мурда алган ишкердик боюнча курстарды аяктагандыгы тууралуу сертификаты (диплому) бар | жок | 0 |
бар | 20 | |
_______________________________________________________________ (Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү) |
_____________________ (колу) | |
|
|
6-тиркеме |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду максаттуу каржылоо жөнүндө КЕЛИШИМ
20___-жылдын "___"_____________
_______________________________ районун/облусун өнүктүрүү фонду, мындан ары Фонд деп аталып, Фонддун аткаруучу директору ______________________________________________________________ атынан жана ________________________________ айыл аймагынын/шаарынын мамлекеттик мекемеси/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, мындан ары "Алуучу" деп аталып, бирге "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
1-глава. Келишимдин предмети
1.1. Фонд конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Алуучуга акча каражаттарын акысыз негизде берет, ал эми Алуучу ушул Келишимдин шарттарына ылайык ________________________________ долбоорун ишке ашыруу үчүн аларды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга милдеттенет.
1.2. Долбоорду каржылоо ушул Келишимде каралган шарттарда, Келишимге долбоорду ишке ашыруу планына (мындан ары - Планга) (1-тиркеме), Алуучунун жана Фонддун каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдардын сметасына (мындан ары - Смета) (2-тиркеме) жана долбоорду каржылоо планына (3-тиркеме) ылайык жүзөгө ашырылат.
1.3. 1,2 жана 3-тиркемелер ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, көрсөтүлгөн тиркемелерсиз Келишим жараксыз болуп эсептелет.
1.4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 20______-жылдын _______________ тартып ___________ чейин.
2-глава. Гранттын өлчөмү жана төлөө тартиби
2.1. Каржылоонун жалпы суммасы _________________ (сумма жазуу менен) сомду түзөт.
2.2. Акча каражаттары Фонд тарабынан бөлүктөр (транштар) менен берилет, мында бардык транштардын суммасы ушул Келишимдин 2.1-пунктуна ылайык каржылоонун жалпы суммасынан ашпоого тийиш.
2.3. Фонд акча каражаттарын Алуучу тарабынан сатып алуу жол-жоболорунун алкагында тандалып алынган жана аны менен жумуштарды/товарларды/кызматтарды көрсөтүүлөрдү жеткирүү келишимине кол койгон уюмдун-подрядчынын алыш-бериш эсебине жөнөтөт.
2.4. Транштар Алуучунун өтүнмөсүнүн негизинде подрядчыга чегерилет, ал мурунку жумуштардын жана мурунку транштардын аткарылгандыгы тууралуу актты камтыйт.
2.5. Акча каражаттарын которгондугу үчүн банктар алуучу бардык комиссиялык төлөмдөрдү Тараптар өз алдынча жана өз эсебинен, Фонддун банкында - "Фонд", Алуучунун банкында - "Алуучу" төлөйт.
3-глава. Фонддун укуктары жапа милдеттери
3.1. Фонд ушул Келишимде аныкталган шарттарга ылайык мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө каржылоону камсыз кылууга милдеттенет.
Фонд көрсөтүлгөн шарттарды бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укуктуу эмес.
3.2. Фонд Алуучунун долбоорду ишке ашырууга катышуучу үчүнчү жактарды тандоосуна жоопкерчилик тартпайт.
3.3. Долбоордун ишке ашырылышын натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу үчүн Фонд Алуучудан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө отчеттук документтерди, долбоорду ишке ашыруу мезгилинде акча каражаттарын пайдаланууга тийиштүү бухгалтердик отчетту, финансылык документтерди алууга укуктуу.
3.4. Фонд Алуучуга карата долбоорду ишке ашыруунун каалаган стадиясында максаттуу каржылоону камсыз кылууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу.
4-глава. Алуучунун укуктары жана милдеттери
4.1. Алуучу алынган жана өздөштүрүлгөн каражаттардын эсебин ушул Келишимдин негизинде жүргүзүүгө милдеттенет.
4.2. Алуучу ушул Келишимде (4-тиркеме) белгиленген форма боюнча жана мөөнөттөрдө акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту Фондго берүүгө милдеттенет.
4.3. Алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.3.1. Акча каражаттарын долбоордун сметасына ылайык ушул Келишимде аныкталган максаттарда гана пайдаланууну камсыз кылууга.
4.3.2. Планда белгиленген талаптарга ылайык жана ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө долбоорду толук көлөмдө ишке ашырууну камсыз кылууга.
4.3.3. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Фондго ар кварталдык негизде берүүгө. Фонддун сын пикирлери, Пландан, Сметадан жана Каржылоо планынан четтөөлөр бар болсо, Алуучу Фонд менен макулдашуу боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
4.4. Алуучу долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн эместиги же ишке ашырууну улантуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Фондго кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Мындай учурда Алуучу 3 (үч) банктык күндүн ичинде подрядчынын эсебинен өздөштүрүлбөгөн акча каражаттарын кайтарууну камсыз кылууга тийиш жана 10 (он) жумуш күндүн ичинде Фондго ушул Келишимдин 5-главасына ылайык акча каражаттарын максаттуу пайдалануу тууралуу отчётту бериши керек.
5-глава. Отчёттуулук жана контроль
5.1. Фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышы жана долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчет Алуучу тарабынан Планга, Сметага жана Долбоордо коюлган максаттарга жетүү боюнча каржылоо планына ылайык маалыматты камтыган долбоор аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен 2 (эки) нускада Фондго берилет.
5.2. Фонд долбоор жөнүндө фото жана (же) видео отчетторду жана башка маалыматты толук көлөмдө же алардын каалаган бөлүктөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында жарыялоого укуктуу.
5.3. Фонд Алуучудан отчетту алып, аны карап чыгат жана анын толуктугун жана ишенимдүүлүгүн баалайт. Отчетту карап чыгуу процессинде Фонд Алуучудан долбоорду ишке ашыруу жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн бардык документтерди жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын жыйынтыктары жана акча каражаттарын сарптоонун максаттуу мүнөзү жөнүндө маалыматты талап кылууга укуктуу, ал эми Алуучу аны берүүгө тийиш.
5.4. Фонд долбоордун оңдолушун же жеткире иштелип чыгышын жана акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту талап кылууга укуктуу, ал эми Алуучу Фонддун бул талабын Тараптар макулдашкан мөөнөттө аткарышы керек.
5.5. Эгерде акча каражаттарынын ушул Келишимге ылайык максаттуу багытта сарпталгандыгы жөнүндө шек жаралбаса, Фонд отчетту бекитет жана отчеттун бир нускасын Алуучуга кайтарат.
5.6. Алуучунун ушул Келишим боюнча милдеттенмелери Алуучунун отчету Фонд тарабынан бекитилген учурдан тартып аткарылган болуп саналат.
6-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишим боюнча өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгына мүлктүк жоопкерчиликти тартышат.
6.2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үчүнчү жактарды ишке тартуу Алуучуну ушул Келишимдин талаптарын аткаргандыгы үчүн Фонддун алдында жоопкерчиликтен бошотпойт.
6.3. Алуучу тарабынан акча каражаттарын берүүнүн негизги шарттарынын аткарылбагандыгы, ошондой эле алардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчеттун, Фонд талап кылган ырастоочу документтердин ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилбегендиги же аталган отчётторго анык эмес жана бурмаланган маалыматтардын киргизилиши Алуучунун акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы катары каралат.
6.4. Аткаруучу акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда Фонд Алуучудан аларды кайтарууну талап кылууга, ошондой эле укук коргоо жана фискалдык органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
7-глава. Ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жана өзгөртүү
7.1. Ушул Келишим Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын өздөрүнүн келишимдик милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
7.2. Ушул Келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздер боюнча соттун чечими боюнча (Тараптардын биринин талабы боюнча) бузулушу мүмкүн.
7.3. Фонд тарабынан социалдык маанилүү долбоор боюнча күтүлүүчү жыйынтыктарды алуунун мүмкүн эместиги, акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылышы аныкталганда Фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан бир тараптуу баш тартуудан жана ушул Келишимде каралган башка учурлардан тышкары, ушул Келишим боюнча алынган милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
7.4. Ушул Келишимге карата каалаган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кошумча макулдашуулар, эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлгөн жана Тараптардын буга ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шартта жарактуу болуп эсептелет.
8-глава. Талаштарды чечүү
8.1. Ушул Келишим боюнча талаштар пайда болгон учурда Тараптар сүйлөшүү жолу менен аларды чечүү чараларын көрүшөт.
8.2. Талаштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
9-глава. Корутунду жоболор
9.1. Эгерде Тараптар күн мурунтан биле албаган, акылга сыярлык чаралар менен алдын алууга мүмкүн болбогон, өзгөчө мүнөздөгү окуялардын кесепетинен ушул Келишимди түзгөндөн кийин пайда болгон ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында милдеттенмелерди аткарбаса, Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруудан жарым-жартылай же толук бошотулат.
9.2. Бардык кабарлоолор жана билдирүүлөр жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш. Кабарлоолор жана билдирүүлөр заказдык кат менен же Тараптардын тиешелүү өкүлдөрүнө кол коюу менен өткөрүп берилсе, талаптагыдай аткарылган болуп саналат.
Маалыматтарды жана документтерди оперативдүү түрдө алмашуу үчүн Тараптар документти факс, электрондук почта аркылуу жөнөткөн учурдан тартып 2 (эки) күндөн кечиктирбестен, ушул пунктта белгиленген тартипте документтин түп нускасын милдеттүү түрдө жөнөтүү менен телефонду, факсты, электрондук почтаны колдоно алышат.
9.3. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден түзүлдү.
10-глава. Ушул Келишимге тиркемелер
1 -тиркеме - Долбоорду ишке ашыруу планы.
2-тиркеме - Долбоордун сметасы.
3-тиркеме - Долбоорду каржылоо планы.
11-глава. Тараптардын реквизиттери жана колдору
Фонд: |
| Алуучу: |
|
| 6-1-тиркеме |
Долбоорду ишке ашыруу планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстар | Жооптуулар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 6-2-тиркеме |
Алуучунун жана Фонддун эсебинен жабылуучу чыгымдардын СМЕТАСЫ
№ | Чыгымдардын аталышы | Чыгашалардын суммасы (сом) | Эскертүү | |
пландалган сумма | сарпталган сумма | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 6-3-тиркеме |
Долбоорду каржылоо планы
№ | Милдеттин/чаранын аталышы | Каржылоо булагы | Каржылоонун көлөмү (мезгил) | |||
|
|
| 1-кв. | 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 6-4-тиркеме |
Акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ
Уюмдун аталышы ____________________________________________
Отчет берүү датасы __________________________________________
Отчет берүү мезгили _________________________________________
№ | Келип түшкөн датаны көрсөтүү менен акча каражатынын түшүүсү (план) | Келип түшкөн датаны көрсөтүү менен акча каражатынын түшүүсү (факт) | Пландалган чыгымдар | Иш жүзүндөгү чыгымдар | Киреше боюнча четтөө | Чыгымдар боюнча четтөө | Четтөөлөргө түшүндүрмөлөр |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 1-2 | 3-4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 7-тиркеме |
Регионду өнүктүрүү фонду менен банктын ортосундагы экономикалык долбоорлор боюнча кредиттерди финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча
______________________ ш. |
| "____" __________ 20___-ж. |
Мындан ары "Фонд" деп аталуучу "___________________________ өнүктүрүү фонду" мекемеси Уставдын негизинде иштеп жаткан ___________________ аткаруучу директорунун атынан _______________________________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучу "_________________" акционердик коому Банктын уставынын негизинде иштеп жаткан ____________________________ Банктын башкармасынын төрагасынын атынан экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп бирге аталуучу, ал эми өзүнчө "Тарап" деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
Макулдашуунун предмети
1.1. Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү жобого (мындан ары - "Типтүү жобо") ылайык Фонддор экономикалык долбоорлор боюнча кредиттерди финансы-техникалык тейлөөгө Банкка укуктарды жана акча каражаттарын өткөрүп берүү аркылуу ишкердик субъекттерин каржылайт.
1.2. Фонд Банкка Кыргыз Республикасынын улуттук валютадагы акча каражаттарын мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук, акы төлөнүүчүлүк шарттарында, Типтүү жободо жана ушул Макулдашууда каралган тартипте жана шарттарда берет, ал эми Банк алынган акча каражаттарын кайтарып берүүгө жана аны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды Фондго төлөөгө милдеттенет.
1.3. Банк тарабынан кредиттерди финансы-техникалык тейлөө төмөнкү шарттарды сактоо менен Банктын ички ченемдик актыларына ылайык жүргүзүлөт:
1) ишкердик субъекттери үчүн чектик пайыздык ставка төмөнкүлөрдү түзөт:
5 жылга чейинки мөөнөт менен инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылдык 6%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 2%;
3 жылга чейинки мөөнөт менен жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылдык 6%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 2%;
2) долбоорду алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана чек арага жакын аймактарда ишке ашырган ишкердик субъекттери үчүн чектик пайыздык ставка:
7 жылга чейинки мөөнөт менен инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылдык 5,5%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 1,5%;
5 жылга чейинки мөөнөт менен жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылдык 5,5%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылдык 1,5%.
1.4. Ушул Макулдашууга ылайык Фонд тарабынан Банкка берилүүчү акча каражаттары максаттуу багытка ээ жана иши регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө . багытталган Кыргыз Республикасынын ______________ облусунун _______________ районунун аймагында катталган жана өз ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекттерине кредит берүү үчүн арналган.
2. Экономикалык долбоорлорду каржылоо тартиби
2.1. Фонд акча каражаттарын Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдерине ылайык өлчөмдө толугу менен же транштар менен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында Фонддун Банктагы алыш-бериш эсебине которот.
2.2. Фонд квартал сайын ишкердик субъекттеринен алынган өтүнмөлөрдүн негизинде, алар Банктын шарттарына жана талаптарына ылайык келген учурда, каржыланууга тийиш болгон экономикалык долбоорлордун (мындан ары - долбоорлор) тизмегин түзөт жана бекитет. Фонддун Байкоочу кеңешинин тиешелүү чечими Банкка жана өтүнмө ээлерине учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 1инен кечиктирилбестен жиберилет.
2.3. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен жактырылган долбоорлордун өтүнмө ээлери Банктын шарттарына жана талаптарына ылайык зарыл документтерди андан ары берүү үчүн Банкка кайрылат.
2.4. Банк Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде ишкердик субъекттеринин өтүнмөлөрүн ушул Макулдашуунун алкагында Банктын ички регламентинде белгиленген мөөнөттөрдө карайт.
2.5. Долбоору Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык келген ишкердик субъекти менен Банктын ортосунда жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда ушул Макулдашууга карата кредиттик келишим түзүлөт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминде аныкталган суммага "Төлөө графиги" түзүлөт (аннуитеттик, кварталдык, жеңилдетилген мезгил менен). Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген долбоорлор Банк тарабынан четке кагылышы мүмкүн.
2.6. Банк менен ишкердик субъектинин ортосундагы кредиттик келишимдин алкагында акча каражаттарын накталай берүү үчүн комиссияны төлөө 0,5%дан ашпаган өлчөмдө белгиленет жана ишкердик субъекти тарабынан жабылат.
2.7. Ишкердик субъекттери үчүн чектик пайыздык ставкалар жана акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн Банк тарабынан Фондго төлөнүүчү пайыздар ушул Макулдашуунун 1.3-пунктунда аныкталган.
2.8. Пайыздарды кошуп эсептөө үчүн жалпы мезгил болуп зайымчыга акча каражаттары берилген күндөн кийинки күндөн тартып кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган "Карызды төлөө графигине" ылайык пайыздарды кошуп эсептөө мөөнөтү аяктаган күнгө чейинки мезгил эсептелет (кошо алганда же зайымчы бардык кредитти толук мөөнөтүнөн мурда төлөп берген күнгө чейин (кошо алганда).
3. Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери
3.1. Банк Фонддун акча каражаттарын Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен жактырылган ишкердик субъекттерине кредиттерди берүүгө гана пайдаланууга милдеттенет.
3.2. Банк Фонддон алынган акча каражаттарын ушул Макулдашуунун 3.1-пунктунда көрсөтүлгөндөрдөн айырмаланган башка операцияларды жүргүзүү үчүн, анын ичинде банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн өз алдынча пайдаланууга укуксуз.
3.3. Зайымчылар тарабынан Банкка ишкердик субъекти менен Банктын ортосундагы кредиттик келишим боюнча акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн пайыздардын жана негизги карыздын суммасын төлөө эсебине төлөнүүчү акча каражаттары ай аяктагандан кийинки биринчи жумуш банк күндөрү боюнча ар айлык негизде Фонддун алыш-бериш эсебине келип түшүүгө тийиш жана Фонд тарабынан жактырылган экономикалык долбоорлорду андан ары кайра инвестициялоого жумшалышы мүмкүн.
3.4. Акча каражаттарын кайра инвестициялоонун кредиттик каражаттарын алууга өтүнмөлөр жок болгон учурда, Фонддун кайрылуусунун негизинде Банк Фонддун бош акча каражаттарын депозиттик эсепке мөөнөттүү салым жана/же талап кылынганга чейинки салым түрүндө Банктын белгиленген тарифтерине ылайык өлчөмдө пайыздарды Фондго кошуп эсептөө менен жайгаштырат.
3.5. Банк Фонддон алынган акча каражаттарын ушул Макулдашуунун алкагында тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарактарды жана ок-дарыларды, баңги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттарды кошпогондо) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүдө чектелген башка товарларды өндүрүүгө, ошондой эле мажбурлаган жана балдар эмгегине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка иштин түрлөрүнө жумшоого укуксуз.
3.6. Төлөө графиги боюнча каралган төлөмдү төлөөгө Банк тарабынан которулган каражаттар жетишсиз болгон учурда, ушул Макулдашуу боюнча Банк тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр биринчи кезекте негизги сумманы, андан кийин пайыздарды, андан кийин айыптарды төлөөгө эсептелет.
3.7. Банк финансылык каражаттарды пайдалануунун бүткүл мезгилинде Фонддун жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча ушул Макулдашуунун алкагында долбоорлорду каржылоого тиешелүү Банктын финансы-чарбалык иши боюнча зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттенет.
3.8. Ушул Макулдашууну аткарууга байланышкан чыгымдар (анын ичинде маалыматтарды жана/же документтерди өткөрүп берүүгө байланышкан чыгымдар, каражаттарды которуу боюнча чыгымдар ж.б.) ушул Макулдашуунун алкагында Банкка жүктөлөт.
3.9. Эгерде ушул Макулдашуу боюнча кандайдыр бир төлөмдү аткаруу датасы жумуш банк күнү болуп саналбаган күнгө туура келсе, анда мындай төлөм жумуш эмес күндөн кийинки биринчи жумуш күнү жүзөгө ашырылууга тийиш.
3.10. Банк Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимине негизделген, Фонддун Банкка жазуу жүзүндөгү билдирмесинде аныкталган өлчөмдө, Фонд тарабынан акча каражаттарын алуунун болжолдонгон датасына чейин 15 календардык күндөн кем эмес убакытта бош акча каражаттарын кайтарууну камсыз кылат.
3.11. Банк ушул Макулдашууга ылайык Фонддон алынган акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
3.12. Ишкердик субъекттери тарабынан кредиттерди берүү жана кайтарып берүү боюнча бардык тобокелдиктер Банкта болот.
4. Талаш-тартыштарды чечүү
4.1. Тараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана ушул Макулдашуу менен байланышкан же натыйжасы болуп саналган өз ара дооматтар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же дооматтарды жиберүү аркылуу чечилет.
4.2. Тараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар, карама-каршылыктар жана өз ара дооматтар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши мүмкүн эмес болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
4.3. Форс-мажордук жагдайлар (ал жеткис күчтүн аракети) келип чыккан учурда Банк форс-мажор колдонулган убакта ушул Макулдашуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууну убактылуу токтотот же узартат. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгуу фактысы тараптардын ортосундагы акт же болбосо башка тиешелүү документ менен таризделет. Форс-мажорду колдонуу токтотулганда, Банк Фонддун алдындагы милдеттенмелерин толук түрдө жана минималдуу мөөнөттө аткарууга милдеттенет.
4.4. Банк тарабынан акча каражаттарынын бардык суммасын (бир бөлүгүн) кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер аткарылбаган учурда, мөөнөтү өткөн карыздын суммасына Банк тарабынан ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тартып, мөөнөтү өтүп кеткен карыздын бардык суммасын иш жүзүндө төлөө күнүн кошуп алганда, жылдык 4% ставка боюнча пайыздар кошуп эсептелет.
4.5. Банк ушул Макулдашууга ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди бузган учурда, Фонд ушул Макулдашуунун 4.4-пунктунда көрсөтүлгөн ставка боюнча акча каражаттарын пайдалануунун иш жүзүндөгү убактысы үчүн пайыздарды жана негизги Зайымдын суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү Банктан талап кылууга укуктуу.
5. Кредитке мониторинг жүргүзүү
5.1. Фонддун суроо-талабы боюнча Банк Фондго акча каражаттарын жайгаштыруу жөнүндө отчет берет жана Фонддун акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну талдоо үчүн керектүү маалыматтарды берет.
5.2. Фонд жана Банк акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерилиши мүмкүн болбогон, аларга берилген маалыматтардын мазмунунун ылайык келиши үчүн бири-биринин алдында жоопкерчилик тартпайт.
5.3. Фонддун Банктан алынган банктык сырды түзгөн маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, Банктан тиешелүү жазуу жүзүндөгү уруксатты албастан каалаган үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул Макулдашуу Тараптар ага кол койгон датадан тартып күчүнө кирет жана Тараптар өз милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин Тараптардын макулдашуусу боюнча бузулууга тийиш.
6.2. Финансылык каражаттардын транштарын берүүнү тариздеген кошумча макулдашуулар, ошондой эле ушул Макулдашууга карата башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптар аларга кол койгондон кийин юридикалык күчкө ээ болот жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6.3. Ушул Макулдашууга каалаган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар жазуу жүзүндө таризделсе жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана күчүнө кирет.
6.4. Банктын ушул Макулдашуу боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Фонддун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз башка жакка толугу менен же жарым-жартылай кайра өткөрүп берүүгө укугу жок.
6.5. Ушул Макулдашуунун шарттарын аткаруудан бир тараптуу баш тартууга толук же жарым-жартылай жол берилбейт.
6.6. Эгерде Тараптардын бири өзүнүн почта, байланыш же төлөм реквизиттерин өзгөртсө, анда ал бул өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин экинчи Тарапка бул тууралуу жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Болбосо, почта реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлабаган Тарапка жиберилген бардык кат-кабарлар, кат-кабар жөнөтүүчү Тарап алуучу Тараптын акыркы белгилүү болгон почта реквизиттери боюнча тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү менен заказдык кат аркылуу кат-кабарды жөнөткөндүгүн ырастаган шартта талаптагыдай түрдө ошол Тарапка жеткирилди деп эсептелет.
6.7. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
7. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
7.1. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери:
Begin_nocompareБанк: |
| Фонд: |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |
7.2. Кол коюлган датасы жана жери, Тараптардын ар биринин кол койгон адамдарынын аты-жөнү, Тараптардын мөөрлөрү.
Банк ________________________________ |
| Фонд _______________________________ |
|
|
|
Келишим № ___________ "___" _____________________ 20__-жылы | ||
"8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ТИПТҮҮ МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү методикада колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун, таасирин жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддордун дирекцияларына жана Фонддордун Байкоочу кеңештерине уюмдун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам көрсөтүү болуп саналат. Типтүү методика ошондой эле Фонддордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары - МБ) боюнча талаптарды аткаруусун камсыз кылат.
3. Фонддун дирекциясы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду түзөт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун дирекциясы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун дирекциясынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг тобунун курамын бекитет. Мониторинг тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун жетекчиси тарабынан дайындалуучу Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
2) Фонддун уюштуруучусунун өкүлү;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдардын атынан Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
5) Фонддун аткаруучу директорунун буйругу менен мониторинг тобунун курамына берилген Фонддун дирекциясынын өкүлү.
5. Мониторинг тобунун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг тобунун жетекчиси мониторинг тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторингдин планы Фонддун аткаруучу директору тарабынан бекитилет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Типтүү методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты - бөлүнгөн финансы каражаттарынын чегинде Фонддун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго коюлган максаттарга жетүү предметине реалдуу убакыт режиминде байкоо жана баалоо.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты - башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында, ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг "эмне болду?" жана "баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз)?" деген суроолорго жооп берет.
Баалоо "натыйжаларга кантип жетишилди?", "эмне үчүн четтөөлөр пайда болду?" жана "каталарды кантип оңдоого болот (жагдайды талдоо менен)?" деген суроолорго жооп берет.
12. Типтүү жобонун талаптарына (Типтүү жобонун 7-главасы) ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталган:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерине жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал Фонддун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык жеткендигине жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору - планда убактысы боюнча жана аткарылуу факты боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат,
- натыйжалардын индикаторлору - иш-аракет аяктагандан кийин же анын аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор - субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Ушул Типтүү методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы: бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор - сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы: канааттануу, кабыл алуу, бир нерсеге мамиле кылуу даражасы.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгүнүн пландык көрсөткүчкө катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландуу маанилери бардык Фонддор үчүн бирдей болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги(*)
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Долбоорлордун жалпы санынын 26%ында мониторинг жүргүзүлгөн | 26/20*100%=130% |
2 | Фонддун иши жөнүндө маалыматты туруктуу негизде жарыялоо жана жаңылоо | Жылына кеминде 4 жолу (100%) | 1 жаңылоо | 1/4*100=25% |
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
| (130%+25%)/2=78% |
(*) Мисал.
3.1. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши
19. Индикаторлор өтүнмө ээлери тарабынан Фонддун дарегине берилүүчү долбоорлорду кабыл алуу, баалоо, бекитүү, каржылоо боюнча жол-жоболордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык келишин баалайт.
20. Сандык маанилерин, баалоо методдорун, маалымат булактарын, баалоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен Фонд тарабынан жол-жоболордун сакталышын баяндаган индикаторлордун тизмеги 2-таблицада берилген.
21. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет.
2-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеси
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Иш жүзүндө жүргүзүлгөн мониторингдик сапарлардын пландык мааниден үлүшү (%) |
|
2 | Фонддун Байкоочу кеңешинин курамында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн болушу | Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санынын 30%ынан кем эмеси (100%) | Байкоочу кеңештин курамындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
3 | ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасы (МБ сапаттык индикаторлорду жүргүзүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде келтирилген) | Сурамжылоого катышкандардын 50%ынан кем эмеси Фонддун ишин "эң жакшы", "жакшы" деп баалаган (100%) | Фонддун ишин "эң жакшы", "жакшы" деп баалаган сурамжылоого катышкандардын иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
4 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
3.2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо
22. Индикаторлор Фонддун жана долбоорду аткаруучулардын Каржылоо планына жана долбоордун иш планына ылайык долбоорду каржылоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн жана жоопкерчилигин баалайт.
23. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын баяндаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада келтирилген.
3-таблица. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоонун индикаторлорунун тизмеги
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Каржылоонун жалпы көлөмүнө карата экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн ортосундагы катышты сактоо (Фонд экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча өз чечимдерин кантип аткарып жаткандыгын көрсөтөт) | Байкоочу кеңештин чечими менен экономикалык долбоорлорго бөлүнгөн каржылоонун көлөмү (100%) | Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн иш жүзүндөгү мааниси (%) |
|
2 | Иш жүзүндөгү сметасы пландык сметага дал келген долбоорлордун саны (смета боюнча чыгымдардын иш жүзүндөгү статьялары смета боюнча пландык чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш) | Макулдашылган смета менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Сметадан четтөөсү бар долбоорлордун жалпы санынан иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун үлүшү (%) |
|
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
3.3. Долбоорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо
24. Индикаторлор бекитилген бюджеттердин алкагында бүткөрүлгөн долбоорлордун максаттарына жана милдеттерине жетишүүнү баалайт.
25. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору 4-таблицада келтирилген.
4-таблица. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Аяктаган долбоорлордун саны (инфраструктуралык долбоорлор үчүн объектти пайдаланууга киргизүү актынын болушу, техника, жабдуулар үчүн муниципалдык мүлктүн реестрине киргизүү аяктоо болуп саналат) | Учурдагы жылга Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Иш жүзүндө аяктаган долбоорлордун саны |
|
2 | Бардык пландалган индикаторлорго жеткен долбоорлордун саны (мисалы: "Футбол боюнча секцияны уюштуруу" долбоорунда 2 жумушчу орун түзүлүп, 25 бала футбол менен машыгары көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө 3 жумушчу орун түзүлүп, 30 бала иштейт. Долбоор өз максатына жетти) | Бардык ишке ашырылган долбоорлордун санын көрсөтүү (100%) | Билдирилген максаттарга жетишилген долбоорлордун санын, индикаторлорун көрсөтүү |
|
3 | Акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы. (МБ сапаттык индикаторлорду өткөрүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде келтирилген) | 3,5 баллдан кем эмес орточо балл (100%) | Анкетанын жыйынтыгы боюнча анык баалоо |
|
4 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
3.4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо
26. Индикаторлор бюджеттик мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун сактоого карата Фонддордун жана долбоорлордун аткаруучуларынын тартибин, жоопкерчилигин баалайт.
5-таблица. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоонун индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (Иш жүзүндөгү мааниси/Пландык мааниси)*100% |
1 | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жыл үчүн аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар табылбаган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
2 | Текшерүүчү органдардын өткөн жыл үчүн текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылган мамлекеттик сатып алуулар боюнча бузуулар табылбаган долбоорлордун саны | Фонддун өзү тарабынан сатып алынган долбоорлордун санын көрсөтүңүз (100%) | Фонд сатып алууларды жүргүзгөн долбоорлордун санына карата текшерүүчү органдар тарабынан бузуулар табылган долбоорлордун саны (%) |
|
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
|
|
4-глава. Фонддун иши жөнүндө статистикалык маалымат
27. Фонддун дирекциясы жылына 1 жолудан кем эмес, отчеттук жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, Фонддун иши жөнүндө статистикалык маалыматты экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Статистикалык маалыматтардын тизмеги ушул Типтүү методиканын 3-тиркемесинде берилген.
5-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча отчеттор
28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары отчет түрүндө таризделет, мында мониторингдин натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары жөнүндө Фонддун отчету ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
Отчеттун сунушталган форматы ушул Типтүү методиканын 4-тиркемесинде берилген.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын визуализациялоо үчүн Excel программасынын негизинде "желекче" диаграммасын колдонуу сунушталат.
6-таблица. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары(*)
Индикаторлор тобунун аталышы | Индикаторлордун орточо баасы |
Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго шайкеш келиши | 76% |
Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо | 85% |
Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | 64% |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | 100% |
(*) Мисал
Сүрөттүн графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Типтүү методикага 1-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо ПЛАНЫ
№ | Индикатордун аталышы | Пландык көрсөткүч | Иш жүзүндөгү көрсөткүч | МБ методу | Маалымат булагы | МБ жүргүзүү мезгили | Жооптуу жак |
1. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго шайкеш келиши | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Типтүү методикага 2-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин натыйжалуулугун баалоонун сапаттык индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо МЕТОДИКАСЫ
1. Методика Фонддун ишин мүнөздөгөн 2 сапаттык индикаторго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасы;
2) ишке ашырылган долбоорлордун натыйжалары менен акыркы колдонуучулардын канааттануу даражасы.
2. Баалоо анкеталоо методу менен жүргүзүлөт. Анкеталар сурамжылоонун катышуучуларына электрондук почта боюнча, мобилдик телефон боюнча, WhatsApp боюнча электрондук билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.
3. Баалоо үстүбүздөгү жылдан кийинки жылдын январь-февраль айларында жүргүзүлөт. Баалоо боюнча маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартына чейин даяр болушу жана жыйынтыктоочу отчетко киргизилиши керек.
4. Фонддорго баалоо жүргүзүү үчүн сурамжылоолорду жүргүзүү жана отчетторду даярдоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз компанияны жалдоо сунушталат. Компаниянын ишин каржылоо консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун алкагында Фонддун бюджетинен же эл аралык донордук уюмдардын колдоосунун эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасын баалоо:
1) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоого өтүнмө берген жетекчилерди же долбоор үчүн жооптуу адамдарды көрсөтүү менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түрүндөгү өтүнмө ээлеринин тизмеги түзүлөт;
2) ар бир жетекчи же жооптуу адам боюнча байланыш маалыматтары белгиленет: электрондук почта, же мобилдик телефондун номери;
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жөнөтүлөт. Анкеталар дарек ээлерине отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен жөнөтүлөт;
1-таблица. Сурамжылоо анкетасы
Анкетанын суроолору | Катышуучунун жооптору | Баллдын салмагы |
Сиз облусунун/районунун ____________ Региондорду өнүктүрүү фондунун өткөн ______-жылдагы ишине канчалык канааттанасыз | 5 балл. Толук канааттандым. Фонд өз ишин ийгиликтүү аткарып жатат | 100% |
4 балл. Канааттандым. Фонд өз ишин жакшы аткарып жатат | 80% | |
3 балл. Азыраак деңгээлде канааттандым. Фонддун ишинде белгилүү бир кемчиликтер бар | 40% | |
2 балл. Мен Фонддун ишине канааттанбайм. Анын ишинде көптөгөн мыйзам бузуулар бар | 0% |
4) жооптор келип түшкөнүнө жараша анкеталарга Excel таблицаларына жазылат. Жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбестен кабыл алынат. Анкеталарга берилген жооптордун саны жиберилген анкеталардын санынын 70%ынан кем эмес болушу керек;
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин Фонддун ишине ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын канааттануу даражасынын индикаторунун баасынын орточо мааниси төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (%),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (%),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Баллдын салмагы (%) |
1 | 4 | 80 |
2 | 4 | 80 |
3 | 5 | 100 |
4 | 3 | 40 |
5 | 4 | 80 |
6 | 3 | 40 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 60 | |
6. Ишке ашырылган долбоорлордун натыйжалары менен акыркы колдонуучулардын канааттануу даражасын баалоо:
1) отчеттук жылы ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен долбоорлордун 30%ы тандалып алынат, тандалып алынган долбоорлордун арасында экономикалык долбоорлор 20%дан кем эмес болушу керек (долбоорлор кокус тандоо принциби боюнча тандалат, чүчүкулак колдонууга жол берилет);
2) ар бир долбоор боюнча бул долбоордон пайда алган, байланыш маалыматтары менен 3-5 адам аныкталат, жогоруда аталган адамдар баалоо жүргүзгөн компания тарабынан кокус тандоо жолу менен тандалат (келечектеги анкеталануучулардын тизмеги долбоордун жетекчилиги кызыкдар адам катары көрсөтүүсүнө жол берилбейт);
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жөнөтүлөт (анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен дарек ээлерине жөнөтүлөт);
2-таблица. Сурамжылоо анкетасы
Анкетанын суроолору | Катышуучунун жооптору | Баллдын салмагы |
Сиз _____________ облусунун/районунун Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган _____-жылдагы ____________ долбоорунун натыйжаларына канчалык канааттанасыз | 5 балл. Толук канааттандым, долбоор мага олуттуу жардам берди | 100% |
4 балл. Канааттандым. Долбоор жалпысынан коюлган милдеттерди аткарды | 80% | |
3 балл. Азыраак деңгээлде канааттандым. Долбоордун ишинде белгилүү бир кемчиликтер бар | 40% | |
2 балл. Долбоордун ишине канааттанбадым. Долбоор коюлган максаттарына жеткен жок | 0% |
4) жооптор келип түшкөнүнө жараша анкеталарга Excel таблицаларына жазылат (жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат);
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин акыркы керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасынын индикаторунун баасынын орточо мааниси төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
,
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (%),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (%),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Баллдын салмагы (%) |
1 | 3 | 40 |
2 | 3 | 40 |
3 | 5 | 100 |
4 | 4 | 80 |
5 | 3 | 40 |
6 | 4 | 80 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 54 | |
|
| Типтүү методикага 3-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун иши жөнүндө СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ
1-таблица. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун иши жөнүндө жыйынтыкталган маалымат
№ | Долбоорлордун түрлөрү | Үстүбүздөгү жылы бекитилген долбоорлордун саны | Каржылоонун бекитилген көлөмү (млн. сом) | Үстүбүздөгү жылы ишке ашырылган долбоорлордун саны | Өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Кийинки жылга өтүүчү долбоорлордун саны | Өтүүчү каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Үстүбүздөгү жылы түзүлгөн жумуш орундардын саны |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||||
1 | Билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
| Мектептер |
|
|
|
|
|
|
|
| Бала бакчалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
| ФАПтар |
|
|
|
|
|
|
|
| КТБ |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Маданият |
|
|
|
|
|
|
|
| Маданият үйлөрү/кинотеатрлар |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Спорт |
|
|
|
|
|
|
|
| Спорт комплекстери/аянтчалары |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Социалдык коргоо |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Турак жай-коммуналдык чарба |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Өзгөчө кырдаалдар |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Ишкердик |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
Экономикалык долбоорлор | ||||||||
1 | Кредит алган долбоорлор |
|
|
|
|
|
|
|
| Айыл чарбасы |
|
|
|
|
|
|
|
| Өнөр жай |
|
|
|
|
|
|
|
| Кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Регионду өнүктүрүү фонду ишке ашырган долбоорлордун баяндамасы
№ | Долбоордун билдирүүчүсүнүн аталышы | Долбоордун кыскача баяндамасы | Фонддун каражаттарынын эсебинен пландалган каржылоо | Фонддун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө каржылоо | Түзүлгөн жумуш орундардын саны | Долбоордун статусу (аяктаган - аяктаган эмес, башталган эмес) |
1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||
Билим берүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маданият | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Спорт | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Турак жай-коммуналдык чарба | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөчө кырдаалдар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишкердик үчүн шарттарды түзүү | ||||||
| | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкалар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Экономикалык долбоорлор | ||||||
Кредит алган долбоорлор | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Типтүү методикага 4-тиркеме |
Регионду өнүктүрүү фондунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ОТЧЕТТУН ФОРМАСЫ
1. Жалпы маалымат (1 беттен көп эмес)
- Фонд тууралуу маалымат;
- бюджет боюнча пландык көрсөткүчтөр;
- Фондду каржылоо булактары: ишканалар (жер казынасын пайдалануучулар), республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар;
- келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы саны жана алардын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.
2. Фонддун ишинин оң натыйжаларын талдоо (2 беттен көп эмес)
Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылы кандай ийгиликтерге жетишилгендигин көрсөтүү. Ийгиликтүү долбоорлордун мисалдарын келтирүү. Инновацияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен, ошондой эле бүткүл регионго таасирин тийгизген долбоорлорго басым жасоо.
3. Көйгөйлүү маселелерди талдоо
Фонддор өз ишинин процессинде кандай проблемаларга туш болгонун көрсөтүү. Кайсы маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүн болгонун көрсөтүү.
Фонддордун ишин жакшыртуу жана келип чыккан проблемалуу маселелерди алып салуу бөлүгүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштамалардын жана суроо-талаптардын тизмесин берүү.
4. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары
Индикаторлордун типтери боюнча МБнын жыйынтыктары берилет:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча Типтүү методикада толтурулган көрсөткүчтөрү менен берилген таблицалар көрсөтүлөт.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча алынган маалыматтарга анализ берилет. Ийгиликтердин жана терс учурлардын себептери көрсөтүлөт.
МБ жыйынтыктарын "желекче" диаграммасы түрүндө берүү.
5. МБнын жыйынтыктары боюнча тыянактар жана сунуштамалар
МБнын жыйынтыгы боюнча Фонд өзүнүн ишине өз алдынча объективдүү баа берет. Талдоонун натыйжалары боюнча Фонддун ишин жакшыртуу боюнча пландалган оңдоо иш-аракеттеринин тизмегин берет.".