Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын сентябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-апрели № 182
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибинде:
- 4-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Чечимдердин долбоорлору кепилдиктин суммасын жана валютасын камтууга тийиш.";
2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"5 (беш) жылдан аз иш жүргүзгөн субъекттер же жаңы түзүлгөн, ошондой эле финансылык-чарбалык иштин терс көрсөткүчтөрүнө ээ болгон субъекттер милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо же үчүнчү жактардын кепилдигин берет.
Күрөөлүк камсыздоо же кепилдик жок болгон учурда субъекттин өздүк салымынын өлчөмү долбоордун суммасынын 30%ынан кем эмести түзүүгө тийиш;";
- 5-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Субъект 3 (үч) жылдан аз иш жүргүзгөн учурда ишинин бардык мезгили үчүн финансылык отчет берилет;";
төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) кредит берүүнүн шарттарын чагылдырган кредиттик келишимдин долбоору.";
- 6-пункт "тууралуу корутунду" деген сөздөрдөн кийин "жана кол коюлган кредиттик келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Кепилдик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |