Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын сентябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-июну № 326
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 509 , 2023-жылдын 5-июлундагы № 335, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Улуттук экономиканын субъекттерине колдоо көрсөтүү жолу менен өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- белгиленген тартипте финансы-кредиттик уюмдардын алдында кепилдик берүүчү катары чыгат.".
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) жыл сайын улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү механизмин ишке ашырууга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каражаттарды карасын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 509 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Финансы-кредиттик уюмдарга ушул токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин жетекчиликке алуу сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 509 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |