Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-апрели № 213
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 183 “2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын жана 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу аяктагандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 183 “2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын жана 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров