Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-апрели № 223
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "д", "е" пунктчалары менен толукталсын:
"д) жер участогу социалдык маанилүү объекттерди (мектеп, мектепке чейинки, спорт багытындагы жана саламаттык сактоо имараттарын жана жайларын) курууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
е) жер участогу курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке кайтарымсыз өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн милдеттүү шартында социалдык (сейил бактар, автомобиль транспортунун инфраструктурасы) жана өнөр жай багытындагы объекттерди куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.";
- 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 60-1, 60-2-пункттар менен толукталсын:
"60-1. Ушул Жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында каралган учурларда жер участокторун берүүдө жер участогун пайдалануу жана объекттердин курулушун аяктоо мөөнөттөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актысында курулган имараттарды, курулмаларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн жана берилген жер участогун кайтарып берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү, жер участогун ижаралоо келишимин түзүүнүн тартиби жана анын олуттуу шарттары да каралууга тийиш.
60-2. Ушул Жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында каралган учурларда жер участокторун берүүдө максаттуу багытын өзгөртүүгө жана жер участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга берүүгө жол берилбейт.
Куруунун мөөнөттөрү бузулган жана жер участогу максатсыз пайдаланылган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө укуктуу.".
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |