Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 7-марты № 136
Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 398, 2025-жылдын 1-августундагы №463 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
“Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18, 20-беренелерин, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоонун жана алардын экспертизасыннын эрежелери жөнүндө” чечимин, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 96 “Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жүгүртүүнү белгилөө боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” чечимин жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 12 “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө” буйругун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 398 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын мамлекеттик катто тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасында дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык же Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 чечими менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын каттоонун жана алардын экспертизасынын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылары;
2) Тартипке ылайык катталган дары каражаттары үчүн алардын катталгандыгын андан ары ырастоодо жана алардын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Тартиптин жоболору колдонулары;
3) Тартипке ылайык дары каражаттарын катто 2027-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөрү;
4)Тартипке ылайык берилген дары каражаттарынын каттоо күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү 2027-жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен белгиленери;
5) Тартипке ылайык дары каражаттарын каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү 2025-жылдын 31-декабрына сейин жүргүзүлөрү;
6) Тартипке ылайык дары каражаттарын каттоодо, каттоону ырастоодо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Европа фармакопеясынын талаптары биринчи деңгээлдеги негизги фармакопея катары, Британ фармакопеясынын жана АКШ фармакопеясынынталаптары экинчи деңгээлдеги фармакопея катары таанылары. Биринчи жана экинчи деңгээлдеги фармакопеяларда тийиштүү макала(лар) (монографиялар) жок болгон учурда жалпы таанылган чет өлкөлүк фармакопеялардын, стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо чөйрөсүндө өкмөттөр аралык макулдашууларга катышкан мамлекеттердин фармакопеяларынын макалалары (монографиялары), улуттук фармакопеялар жана дары каражаттарын өндүрүүчүлөрдүн-иштеп чыгуучулардын стандарттары пайдаланылары;
7) Тартипте каралган учурларды кошпогондо, дары каражаттарын каттоодо, каттоону ырастоодо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 76 чечими менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарын жана ветеринардык дары-дармек каражаттарын маркалоого талаптардын жоболору Тартипке ылайык колдонулары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июлундагы № 398, 2025-жылдын 1-августундагы №463 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин дары каражаттарын каттоого, каттоону ырастоого жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө келип түшкөн арыздарды кароодо бул токтомдун жоболору арыз ээлеринин жоопкерчилигин күчөтпөгөн же алардын абалын начарлатпаган бөлүгүндө колдонулат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-августундагы № 405 “Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик каттоого байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Реснубликасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 22-23 (3471-3472) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |