Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-майы № 243
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн кыска мөөнөттө үйлөрдүн курулушун бүткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы кыскартуулардын тизмеси менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга иш-чаралар планында:
- 2.1-пункт "ФМ" деген аббревиатурадан кийин ", Курулуш агенттиги, КРПИБ" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасында:
- 5-пункт "ФМ" деген аббревиатурадан кийин ", Курулуш агенттиги, КРПИБ, Чоң-Алай РМА" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджетинде:
- 2.1-пункт "ФМ" деген аббревиатурадан кийин ", Курулуш агенттиги, КРПИБ, Чоң-Алай РМА" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыскартуулардын тизмеси
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ББМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
КРПИБ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
РМА | - | Кыргыз Республикасынын райондук мамлекеттик администрациялары |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары". |