Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 2-майы № 239
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана преамбулада "мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-пункттун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерине, анын ичинде жетекчисине жана анын орун басарларына, ошондой эле негизги персоналдын курамына кирген ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:";
3) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдү жана кызматтык маянанын 50% ынан ашпаган өлчөмдө сыйакыларды, ошондой эле нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген кызматкерлерди кошпогондо, транспорттук чыгымдары үчүн 2000 сом өлчөмүндө жана тамак-аш үчүн 5000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү жана материалдык жардам көрсөтүү укугу берилсин.";
4) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана региондук органдарынын мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринин ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1. Борбордук аппарат | ||
1 | Аппарат жетекчиси | 4,90 |
2 | Төраганын кеңешчиси | 4,35 |
3 | Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу | 4,05 |
4 | Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы - Социалдык фонддун башкармасынын катчысы | 4,05 |
5 | Башкармалыктын начальниги | 4,66 |
6 | Бөлүмдүн (өз алдынча) начальниги | 4,54 |
7 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары | 4,48 |
8 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн начальниги | 4,48 |
9 | Басма сөз-катчы | 4,24 |
10 | Башкармалыктагы бөлүмдүн начальниги | 4,24 |
11 | Сектордун (өз алдынча) башчысы | 4,05 |
12 | Башкармалыктагы сектордун башчысы | 4,05 |
13 | Бөлүмдөгү сектордун башчысы | 4,05 |
14 | Төраганын жардамчысы | 3,75 |
15 | Башкы адис | 3,75 |
16 | Жетектөөчү адис | 3,44 |
17 | Адис | 3,14 |
2. Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду | ||
18 | Директор | 4,70 |
19 | Директордун орун басары - бөлүмдүн начальниги | 4,42 |
20 | Башкы бухгалтер - бөлүмдүн начальниги | 4,13 |
21 | Башкы адис | 3,55 |
22 | Жетектөөчү адис | 3,26 |
23 | Адис | 2,98 |
3. Окуу борбору | ||
24 | Директор | 4,48 |
25 | Директордун орун басары - бөлүмдүн начальниги | 4,21 |
26 | Бухгалтер | 3,84 |
27 | Башкы адис | 3,39 |
28 | Жетектөөчү адис | 3,11 |
29 | Адис | 2,84 |
4. Аймактык бөлүмдөр | ||
30 | Райондук башкармалыктын начальниги | 4,00 |
31 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн начальниги | 3,46 |
32 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары - сектордун башчысы | 3,46 |
33 | Бөлүмдүн начальниги - башкы бухгалтер | 3,46 |
34 | Башкы бухгалтер | 3,46 |
35 | Бөлүмдүн начальниги | 3,22 |
36 | Сектордун башчысы | 3,18 |
37 | Башкы адис | 3,05 |
38 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
39 | Адис | 2,56 |