Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-майы № 258
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн ишине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "6,0 (алты)" деген сөздөр "12,0 (он эки)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Сынактын жыйынтыктарын чыгарууда ушул Жобонун 9.1-пунктунда аталган ар бир топтон эң мыкты айыл өкмөттөрү аныкталат.
Сынактын байге фонду төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
1-топ: 1-орун үчүн - 3,0 млн. сом; 2-орун үчүн - 2,0 млн. сом; 3-орун үчүн - 1,0 млн. сом;
2-топ: 1-орун үчүн - 3,0 млн. сом; 2-оруп үчүн - 2,0 млн. сом; 3-орун үчүн - 1,0 млн. сом.";
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
1.6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
| Критерийдин аталышы | Индикаторлор | Баллдар | Баа | ||||
1 | Социалдык кызмат көрсөтүүлөр | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1.6 | Маданий, эс алуу жана спорттук иш-чаралар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү | Маданий объекттердин болушу, абалы жана элдик көркөм чыгармачылык ийримдеринин, секцияларынын иштөө даражасы | Маданий объекттер, элдик көркөм чыгармачылык ийримдери, секциялар жок | Маданий объекттер, элдик көркөм чыгармачылык ийримдери, секциялар иштебейт | Маданий объекттер жарым-жартылай иштейт, имараттар жана курулмалардын абалы канааттандырарлык эмес | Маданий объекттер жетиштүү деңгээлде иштейт, имараттар жана курулмалар канааттандырарлык абалда | Маданий объекттер толук иштейт, кызыкчылыктар боюнча ийримдер бар, имараттар талаптагыдай күтүлөт |
|
";
төмөнкүдөй мазмундагы 1.9, 1.10-пунктчалар менен толукталсын:
"
| Критерийлердин аталышы | Индикаторлор | Баллдар | Баа | ||||
1 | Социалдык кызмат көрсөтүүлөр | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
1.9 | Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу менен камсыз кылуу | Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу менен камтуу | 10%га чейин | 20%га чейин | 50%га чейин | 70%га чейин | 70%дан жогору |
|
1.10 | Муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу | Муниципалдык жолдордун абалы | Муниципалдык жолдордун абалы канааттандырарлык эмес | Жолдордун абалы канааттандырарлык эмес, оңдоо иштери жүргүзүлбөйт (20%га чейин) | Жолдордун абалы канааттандырарлык, оңдоо иштери аткаруу баскычында (50%га чейин) | Муниципалдык жолдор иштейт, оңдоо иштери аткарылды (70%га чейин) | Муниципалдык жолдор иштейт, муниципалдык жолдордун абалы талаптагыдай абалда (70%дан жогору) |
|
";
4.2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" | Критерийлердин аталышы | Индикаторлор | Баллдар |
|
|
|
| Баа |
4 | Чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| |
4.2 | ЖӨБО карамагында турган маалыматты алууну камсыздоо деңгээли | ЖӨБО иши жөнүндө калктын маалымдуулугунун деңгээли | Маалыматтык стенддер жок | Маалыматтык стенддер бар, бирок маалымат жок | Маалыматтык стенддер бар, маалыматтар жаңыланбайт | Маалыматтык стенддер бар, бирок маалыматтар актуалдуу эмес | Маалыматтык стенддер талаптагыдай абалда, маалыматтар жаңыланып турат |
|
";
төмөнкүдөй мазмундагы 4.4, 4.5-пунктчалар менен толукталсын:
"
| Критерийлердин аталышы | Индикаторлор | Баллдар |
|
|
|
| Баа |
4 | Чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| |
4.4 | "Санарип аймак" АМС | Интеграциялоо, толуктоо жана актуалдаштыруу даражасы | 10%га чейин | 20%га чейин | 50%га чейин | 70%га чейин | 100%га чейин |
|
4.5 | "е-Kyzmat" АМС | Маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу | 10%га чейин | 20%га чейин | 50%га чейин | 70%га чейин | 100%га чейин |
|
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |