Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 9-апрели № 181
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329, 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 216, Министрлер Кабинетинин 22-мартындагы 2022-жылдын № 142, 16-майындагы 2023-жылдын №258 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) бекитилсин.
2. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду 12,0 (он эки) млн. сом өлчөмүндө белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 216, КР Министрлер Кабинетинин 16-майындагы 2023-жылдын №258 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап отуз күндүк мөөнөттө:
- айыл өкмөттөрүнүн ортосунда "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынакты (мындан ары - сынак) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүшсүн;
- сынак өткөрүүнүн жүрүшүн контролдоону жана байгелүү орундарга талапкерлерди көрсөтүүнүн ачыктыгын камсыз кылышсын;
- сынак өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча облустук жана райондук комиссияларды түзүшсүн;
- сынак өткөрүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылышсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 22-мартындагы 2022-жылдын № 142 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-мартындагы № 177 "Социалдык-экономикалык реформаларды тереңдетүү жана жакырчылыкты азайтуу боюнча областтар, райондор, шаарлар жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык сынак уюштуруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын айылдагы калктуу конуштарын абаттоо жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сынактарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 22-мартындагы 2022-жылдын № 142 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |