Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1.Ушул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасы (мындан ары - Методика) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык иштелип чыкты жана төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти (мындан ары - Жарандык бюджет) түзүүнүн тартибин;
2) Жарандык бюджеттин түзүмүн, негизги бөлүктөрүнүн мазмунун, жарыялоо мөөнөттөрүн.
2. Жарандык бюджет белгилүү бир финансылык мезгилге карата бюджеттик параметрлер, артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө маалыматты жеткиликтүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада баяндоону билдирет. Жарандык бюджет жарандарга, анын ичинде атайын билими жокторго, мамлекеттик финансы жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
3. Жарандык бюджет бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бюджеттик процесстин үч этабынын негизинде түзүлөт жана бекитилет:
1) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорунун (мындан ары - бюджеттин долбоору);
2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджет жөнүндө бекитилген мыйзамдын (мындан ары - бекитилген бюджет) негизинде;
3) отчеттук мезгил үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун долбоорунун (мындан ары - бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет).
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу Жарандык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
5. Бюджеттин долбоорунун жана бекитилген бюджеттин негизинде Жарандык бюджеттин көрсөткүчтөрү учурдагы бюджеттик жылдан мурдагы жылдагы иш жүзүндөгү маанилерди, учурдагы жылга бекитилген/такталган маанилерди жана кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге долбоордук/бекитилген маанилерди камтыйт.
6. Жарандык бюджет мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын расмий сайттарында жарыяланат. Кагаз түрүндө жарыялоо, Жарандык бюджет жөнүндө видеороликтерди чыгаруу жана жайылтуу каржылоо булактары болгон учурда ишке ашырылат.
7. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жарандык бюджетти түзүүдө инфографикалар, диаграммалар, сүрөттөр, схемалар жана түшүндүрмө каттары менен башка форматтар колдонулат.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жарандык бюджетке кошумча бюджеттик маалыматты киргизүүгө укуктуу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүдө учурдагы жылга бекитилген бюджет боюнча Жарандык бюджетти коомчулуктун пикирин угуу жана кошумча маалыматты киргизүү зарылдыгын аныктоо үчүн сунуштоого укуктуу.
Эгерде республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулардын жүрүшүндө кошумча бюджеттик маалыматты киргизүү зарылдыгы аныкталса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул маалыматты Жарандык бюджетке киргизүү маселесин, эгерде бул бюджеттик мыйзамдарга карама-каршы келбесе жана бул маалыматты ушул Тартиптин 42-пунктунда белгиленген мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү бар болгон учурда карайт.
9. Жарандык бюджетте бюджет жөнүндө көбүрөөк маалымат алууну каалаган жарандар үчүн так байланыш маалыматтары көрсөтүлөт. Байланыш маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жайгашкан жери, байланыш телефондору жана иш графиги жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бюджет жөнүндө кеңири маалыматтар бар веб-сайттарга шилтемелерди чагылдырат.
2-глава. Бюджеттин долбоорунун жана бекитилген бюджеттин негизинде Жарандык бюджеттин түзүмү жана мазмуну
10. Жарандык бюджет бюджеттин долбоорунун жана бекитилген бюджеттин негизинде төмөнкүдөй бөлүктөрдү камтыйт:
1) киришүү;
2) макроэкономикалык келечек;
3) негизги бюджеттик алкактар;
4) республикалык бюджеттин кирешелери;
5) орто мөөнөттүү мезгилге чыгашалардын артыкчылыктары;
6) бюджеттик инвестициялар;
7) республикалык бюджеттин тартыштыгы (профицити);
8) мамлекеттик карызды башкаруу;
9) жергиликтүү бюджеттер;
10) бюджеттик процесске катышуунун мүмкүн болуучу жолдору жөнүндө маалымат.
11. "Киришүү" бөлүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) жарандык бюджетте жарандар үчүн жеткиликтүү формада колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер;
2) республиканын бюджеттик системасынын жана бюджеттик процесстин катышуучулары тууралуу кыскача сереп;
3) бюджеттик календарь.
12. "Макроэкономикалык келечектер" бөлүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) динамикада берилген негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, анын ичинде: номиналдык ички дүң продукт (мындан ары - ИДП), калктын жан башына ИДП, ИДПнын өсүү темпи, инфляция, жумушсуздуктун деңгээли, товарлардын экспорту жана импорту;
2) социалдык-демографиялык көрсөткүчтөр, анын ичинде: жашоо минимуму, орточо эмгек акынын өлчөмү, калктын жылдык орточо саны.
13. "Негизги бюджеттик алкактар" бөлүмүнө төмөнкүлөр кирет:
1) республикалык бюджеттин негизги параметрлери: кирешелердин, чыгашалардын жалпы көлөмү, бюджеттин тартыштыгы/профицити, ошондой эле өткөн жылдарга салыштырмалуу республикалык бюджеттин негизги параметрлерин талдоо;
2) бюджеттик саясаттын негизги багыттары.
14. "Республикалык бюджеттин кирешелери" бөлүмүндө төмөнкүлөр чагылдырылат:
1) республикалык бюджеттин кирешелери жөнүндө маалымат: бюджеттин кирешесинин өзгөрүү себептерин түшүндүрүү менен салыктык, салыктык эмес кирешелер, ошондой эле расмий трансферттер;
2) динамикада республикалык бюджеттин салыктык жана салыктык эмес кирешелеринин көлөмү жана түзүмү жөнүндө маалымат;
3) индикаторлордун тизмесинде келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык кирешелер жөнүндө маалыматтар.
15. "Республикалык бюджеттин чыгашалары" бөлүмүндө негизги артыкчылыктуу багыттар боюнча чыгашаларга кыскача талдоо жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик чыгашалардын негизги милдеттери жана стратегиялык артыкчылыктары;
2) функционалдык классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары.
16. "Республикалык бюджеттин чыгашалары" бөлүмү төмөнкүдөй бөлүкчөлөрдү камтыйт:
1) "Мамлекеттик сектор" бөлүкчөсү;
2) "Реалдуу сектор" бөлүкчөсү;
3) "Социалдык сектор" бөлүкчөсү.
17. "Мамлекеттик сектор" бөлүкчөсүндө чыгашалардын негизги багыттары, анын ичинде мамлекеттик аппараттын чыгашалары, резервдик фонддор, мамлекеттик кызматкерлердин саны жана орточо эмгек акысы жөнүндө маалыматтар камтылат.
Бул бөлүкчөгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (мындан ары - СФ) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (мындан ары - ММКФ) трансферттерди, ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөөнү кошпогондо "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" функциялык классификациясынын бөлүмү кирет.
18. "Реалдуу сектор" бөлүкчөсүндө чыгашалардын негизги багыттары, анын ичинде төмөнкү чыгашалар боюнча кыскача маалымат камтылган:
1) айыл чарба;
2) энергетика;
3) транспорт;
4) курчап турган чөйрөнү коргоо;
5) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр.
19. "Социалдык сектор" бөлүкчөсүндө чыгашалардын негизги багыттары, анын ичинде төмөнкү чыгашалар боюнча кыскача маалымат камтылган:
1) саламаттык сактоо, анын ичинде ММКФга трансферттер;
2) эс алуу, маданият жана дин;
3) билим берүү;
4) социалдык коргоо, анын ичинде СФга трансферттер.
20. "Республикалык бюджеттин чыгашалары" бөлүмүнө айрым бюджеттик программалар, бюджеттик чаралар жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулугунун, анын ичинде туруктуу өнүктүрүүгө багытталган индикаторлор киргизилиши мүмкүн.
21. "Бюджеттик инвестициялар" бөлүмүндө капиталдык салымдар, дем берүүчү гранттар жана мамлекеттик тышкы инвестициялар түрүндө багытталуучу инвестициялык долбоорлорго каражаттардын көлөмү жөнүндө маалымат камтылат.
22. "Республикалык бюджеттин тартыштыгы (профицити)" бөлүмүндө республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоонун (профицитти пайдалануу) көлөмү тууралуу маалыматтар, анын ичинде бюджеттин тартыштыгын каржылоонун тышкы жана ички булактары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
23. "Мамлекеттик карызды башкаруу" бөлүмүндө мамлекеттик карыз (номиналдык мамлекеттик тышкы карыз, номиналдык мамлекеттик ички карыз, мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга карата катышы, мамлекеттик карызды тейлөө ж.б.) жөнүндө маалымат чагылдырылат.
24. "Жергиликтүү бюджеттер" бөлүмү кирешелердин негизги түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери жөнүндө, чыгашалардын функционалдык классификациясы боюнча бөлүштүрүлгөн жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу менен жергиликтүү бюджеттер жөнүндө маалыматты, ошондой эле республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттер жөнүндө маалыматты камтыйт.
25. "Бюджеттик процесске катышуунун мүмкүн болуучу жолдору жөнүндө маалымат" бөлүмүндө жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун учурдагы механизмдери жана ыкмалары жөнүндө маалымат чагылдырылат.
3-глава. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун негизинде Жарандык бюджеттин түзүмү жана мазмуну
26. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун негизинде жарандык бюджет төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
1) киришүү;
2) кирешелер боюнча бюджеттин аткарылышы;
3) чыгашалар боюнча бюджеттин аткарылышы;
4) бюджеттик инвестициялардын аткарылышы;
5) республикалык бюджеттин тартыштыгы (профицити);
6) мамлекеттик карызды тейлөө боюнча маалымат;
7) жергиликтүү бюджеттер.
27. "Киришүү" бөлүмү отчеттук мезгил үчүн кыскача макроэкономикалык баяндаманы, анын ичинде негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн пландуу жана иш жүзүндөгү маанилерин салыштырууну камтыйт.
28. "Кирешелер боюнча бюджеттин аткарылышы" бөлүмүндө республикалык бюджеттин кирешелери жөнүндө маалымат чагылдырылат:
1) салыктык жана салыктык эмес кирешелер;
2) пландалган маанилери менен салыштырмалуу расмий трансферттер.
29. "Чыгашалар боюнча бюджеттин аткарылышы" бөлүмүндө пландалган маанилерине салыштырмалуу чыгашалардын негизги багыттары боюнча маалымат берилет жана төмөнкүдөй бөлүкчөлөрдү камтыйт:
1) "Мамлекеттик сектор" бөлүкчөсү;
2) "Реалдуу сектор" бөлүкчөсү;
3) "Социалдык сектор" бөлүкчөсү.
30. "Мамлекеттик сектор" бөлүкчөсүндө чыгашалардын негизги багыттары боюнча кыскача маалымат камтылат.
Бул бөлүкчөгө СФга жана ММКФга трансферттерди, ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөөнү эсепке албастан, "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" функциялык классификациясынын бөлүмү кирет.
31. "Реалдуу сектор" бөлүкчөсүндө пландалган көрсөткүчтөр менен салыштырмалуу чыгашалардын негизги багыттары боюнча кыскача маалымат камтылат, анын ичинде төмөнкүдөй чыгашаларды кошуп:
1) айыл чарба;
2) энергетика;
3) транспорт;
4) айлана-чөйрөнү коргоо;
5) турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр.
32. "Социалдык сектор" бөлүкчөсүндө пландалган көрсөткүчтөр менен салыштырмалуу чыгашалардын негизги багыттары боюнча кыскача маалымат камтылат, анын ичинде төмөнкү чыгашаларды кошуп:
1) саламаттык сактоо, анын ичинде ММКФга трансферттер;
2) эс алуу, маданият жана дин;
3) билим берүү;
4) социалдык коргоо, анын ичинде СФга трансферттер.
33. "Чыгашалар боюнча бюджеттин аткарылышы" бөлүмүнө айрым бюджеттик программаларды, бюджеттик чараларды жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулук индикаторлорун, анын ичинде туруктуу өнүктүрүүгө багытталган индикаторлорду аткаруу боюнча маалыматтар киргизилиши мүмкүн.
34. "Бюджеттик инвестициялардын аткарылышы" бөлүмүндө пландык көрсөткүчтөргө салыштыруу менен капиталдык салымдарга, дем берүүчү гранттарга жана мамлекеттик тышкы инвестицияларга багытталган каражаттардын көлөмдөрү жөнүндө маалымат камтылат.
35. "Республикалык бюджеттин тартыштыгы (профицити)" бөлүмүндө республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин пайдалануу) каржылоонун көлөмү жөнүндө маалыматтар, анын ичинде бюджеттин тартыштыгын каржылоонун тышкы жана ички булактары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
36. "Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча маалымат" бөлүмүндө отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик карыз (номиналдык мамлекеттик тышкы карыз, номиналдык мамлекеттик ички карыз, мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга карата катышы, мамлекеттик карызды тейлөө ж.б.) чагылдырылат.
37. "Жергиликтүү бюджеттер" бөлүмүндө отчеттук мезгил үчүн бюджеттер аралык трансферттер жөнүндө маалыматтар пландалган көрсөткүчтөргө салыштыруу менен чагылдырылат.
4-глава. Индикаторлордун тизмеси
38. Жарандык бюджет ушул Методиканын тиркемесине ылайык индикаторлордун тизмесинин негизинде түзүлөт.
39. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тескөөчү багыттары боюнча Жарандык бюджеттин индикаторлору жөнүндө маалыматты жана алар боюнча кыскача түшүндүрмөлөрдү төмөнкү мөөнөттөрдө беришет:
1) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча Жарандык бюджетти түзүү үчүн кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө;
2) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө бекитилген мыйзам боюнча Жарандык бюджетти түзүү үчүн кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө;
3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет боюнча Жарандык бюджетти түзүү үчүн отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө.
40. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жарандык бюджетке индикаторлордун тизмесине индикаторлордун тизмесин киргизүүгө укуктуу.
5-глава. Жарандык бюджетти жарыялоо мөөнөттөрү
41. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Жарандык бюджетти төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жарыялайт:
1) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде;
2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам бекитилгенден кийин 15 күндүн ичинде;
3) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун долбоору боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 30-майына чейин.
42. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген учурда мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин бир айдын ичинде жарыяланат.
|
| Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасына тиркеме |
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн индикаторлордун ТИЗМЕСИ
№ | Индикаторлордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Максаттуу маанилери | Жооптуу мамлекеттик орган | |||||
жыл Х-2 | жыл Х-1 | жыл X | жыл Х+1 | жыл Х+2 | жыл Х+3 | ||||
I. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр | |||||||||
1 | Номиналдык ИДП | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
2 | ИДПнын структурасы | млрд. сом жана % |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
3 | Калктын жан башына ИДП | сом |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
4 | ИДПнын өсүү темпи | % |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
5 | Инфляциянын деңгээли (мурунку жылдын аягына) | % |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
6 | Орточо айлык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албастан) | сом |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
7 | Калктын жан башына орточо жашоо минимуму | сом |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
8 | Калктын орточо жылдык саны | миң адам |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
9 | Жумушсуздардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
10 | Жалпы жумушсуздуктун деңгээли | % |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
11 | Товарларды экспорттоо | млн. АКШ долл. |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
12 | Товарларды импорттоо | млн. АКШ долл. |
|
|
|
|
|
| ЭКМ |
13 | Республикалык бюджеттин тартыштыгы/профицити | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
II. Республикалык бюджеттин кирешелери | |||||||||
14 | Республикалык бюджеттин кирешелери, анын ичинде: | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
1. Салыктык кирешелер | |||||||||
15 | Салыктык түшүүлөрдүн жалпы суммасы | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
16 | Салыктык кирешелердин үлүшү | ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
кирешелердин жалпы суммасына карата % |
|
|
|
|
|
| |||
17 | Түрлөрү боюнча салыктык кирешелер | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
18 | Салыктардын жалпы суммасында тикелей жана кыйыр салыктардын үлүшү | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
2. Салыктык эмес кирешелер | |||||||||
19 | Салыктык эмес түшүүлөрдүн жалпы суммасы | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
20 | Салыктык эмес кирешелердин үлүшү | ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
кирешелердин жалпы суммасына карата % |
|
|
|
|
|
| |||
21 | Түрлөрү боюнча салыктык эмес кирешелер | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
3. Расмий трансферттер (гранттар) | |||||||||
22 | Расмий трансферттер (гранттар) - эл аралык финансы институттарынан жана өнөктөш өлкөлөрдөн акысыз, кайтарымсыз түшүүлөр | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
23 | Расмий трансферттердин үлүшү | кирешелердин жалпы суммасына карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
24 | Расмий трансферттер (гранттар) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр боюнча бөлүү менен | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
III. Республикалык бюджеттин чыгашалары | |||||||||
25 | Республикалык бюджеттин чыгашалары, анын ичинде: | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
1. Мамлекеттик сектор | |||||||||
26 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга республикалык бюджеттин чыгашалары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
27 | Резервдик фонддор. Ар бир резервдик фонд боюнча бөлүү менен көрсөтүү | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
28 | Мамлекеттик карыз боюнча пайыздарды төлөөгө республикалык бюджеттин чыгашалары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
29 | "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар" бөлүмү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгашалары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
30 | Мамлекеттик кызматкерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
| ФМ |
31 | Мамлекеттик кызматкерлердин орточо эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
2. Реалдуу сектор | |||||||||
2.1. Экономикалык маселелер | |||||||||
32 | Экономикалык маселелерге республикалык бюджеттин чыгашалары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
33 | Автомобилдик жолдорго жана көпүрөлөргө республикалык бюджеттин чыгашалары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
34 | 1 км жолду тейлөөнүн наркы | сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
35 | 1 км жолду реконструкциялоонун же куруунун наркы | сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
36 | Облустар боюнча 1 км асфальт бетон төшөөгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
37 | Облустар боюнча 1 км жолдун үстүнкү быдырлуу катмарын иштетүүгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
38 | Облустар боюнча 1 км кара-шагыл төшөөгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
39 | Облустар боюнча 1 км шагыл төшөөгө учурдагы чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
40 | Курулган көпүрөлөрдүн саны | даана/п.м |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
41 | Темир жол транспортунда жүк ташуулар | тонна |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
42 | Аба транспортунда ташылуучу жүргүнчүлөрдүн саны | млн. жүргүнчү |
|
|
|
|
|
| ТКМ |
43 | Ирригацияга республикалык бюджеттин чыгашалары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
44 | Мелиорацияга республикалык бюджеттин чыгашалары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
45 | Айыл чарбасына республикалык бюджеттин чыгашалары | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| АЧМ, ФМ |
46 | Саранча зыянкечтерине каршы айыл чарба жерлерин химиялык тазалоо аянттары | миң га |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
47 | Америкалык ак көпөлөк карантиндик зыянкечтерге каршы айыл чарба жерлерин химиялык тазалоо аянттары | миң га |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
48 | Негизги өсүмдүк продуктулары менен калкты камсыздоо (жеке өндүрүштүн эсебинен): | % |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
1) | буудай даны |
|
|
|
|
|
|
| АЧМ |
2) | картошка |
|
|
|
|
|
|
| АЧМ |
3) | бакча жашылчалары |
|
|
|
|
|
|
| АЧМ |
49 | Мал чарбачылыгынын негизги продуктулары менен калкты камсыздоо: | % |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
1) | эт |
|
|
|
|
|
|
| АЧМ |
2) | сүт |
|
|
|
|
|
|
| АЧМ |
50 | Жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу | миң га |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
51 | Ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү | км |
|
|
|
|
|
| АЧМ |
2.2. Айлана-чөйрөнү коргоо | |||||||||
52 | Айлана-чөйрөнү коргоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
53 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЖРЭТКМ |
54 | Токой чарбасына республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЖРЭТКМ |
55 | Аңчылык чарбасына республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЖРЭТКМ |
56 | Биотүрдүүлүктү сактоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЖРЭТКМ |
57 | Айлана-чөйрөнү булгоого каршы күрөшүүгө республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЖРЭТКМ |
2.3. Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | |||||||||
58 | Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
59 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| "Кыргызжылуулук-энергия" МИ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
60 | Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтер | Гкал/сом |
|
|
|
|
|
| "Кыргызжылуулук-энергия" МИ |
61 | Түрлөрү боюнча турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө республикалык бюджеттин наркы | Гкал/сом |
|
|
|
|
|
| "Кыргызжылуулук-энергия" МИ |
3. Социалдык сектор | |||||||||
3.1. Саламаттык сактоо | |||||||||
62 | Саламаттык сактоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
63 | Республикалык бюджеттен каржылануучу Бирдиктүү төлөөчү системасынын чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
64 | Калктын жан башына саламаттык сактоого мамлекеттик чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
65 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржыланган чыгымдар: | сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
1) | ооруканаларда стационардык түрдө дарыланган адамдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
2) | ооруканаларда стационардык түрдө дарылангандарга чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
3) | баштапкы медициналык-санитардык жардамды алган адамдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
4) | стоматологиялык бейтапканаларда жан башына ченеми боюнча чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
66 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу медициналык персонал: |
|
|
|
|
|
|
|
|
1) | дарыгерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
2) | орточо эмгек акы | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
3) | орто медициналык персоналдын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
4) | орто медициналык персоналдын эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
5) | кенже медициналык персонал | адам |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
6) | орточо эмгек акы | сом |
|
|
|
|
|
| ССМ, ММКФ |
67 | Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары: | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
1) | мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу сумма, анын ичинен: | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
2) | адистештирилген жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
3) | адистештирилген жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылоонун суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
4) | кургак учукка каршы ооруканалар | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
5) | кургак учукка каршы ооруканаларда мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу сумма | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
6) | калган ооруканалар | саны |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
7) | калган ооруканаларга мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинен каржылануучу сумма | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММКФ |
68 | Энелердин өлүмгө учуроо көрсөткүчү | тирүү төрөлгөн 100 миң балага |
|
|
|
|
|
| ССМ |
69 | Балдардын өлүмгө учуроо коэффициенти | тирүү төрөлгөн 1000 балага |
|
|
|
|
|
| ССМ |
70 | Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учуроо көрсөткүчү | 100 миң адамга карата өлүмдүн коэффициенти |
|
|
|
|
|
| ССМ |
71 | Ымыркайлардын өлүмгө учуроо көрсөткүчү | тирүү төрөлгөн 1000 балага |
|
|
|
|
|
| ССМ |
72 | Вакциналык комплекс менен камтылган 2 жашка чейинки балдардын үлүшү | % |
|
|
|
|
|
| ССМ |
73 | Кургак учук оорусуна чалдыгуунун көрсөткүчү | 100 миң адамга карата учурлар |
|
|
|
|
|
| ССМ |
3.2. Эс алуу, маданият жана дин | |||||||||
74 | Эс алууга, маданиятка жана динге республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
75 | Уюмдардын түрлөрү боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ведомстволук уюмдарынын чыгымдары. Мисалы, китепканалар - 100 млн. сом; маданият үйлөрү - 300 млн. сом | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ММСЖСМ |
76 | Театралдык-оюн зоок постановкаларынын саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ММСЖСМ |
77 | Тартылган тасмалардын саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ММСЖСМ |
78 | Музейдеги көргөзмөлөрдүн саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ММСЖСМ |
79 | Телерадиоберүү компанияларына республикалык бюджеттен чыгымдар, компаниялар боюнча | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
80 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин, анын ичинде ведомстволук мекемелеринин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ДТСД |
3.3. Билим берүү | |||||||||
81 | Билим берүүгө республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
82 | Окуу жайларды республикалык бюджеттен каржылоо: | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
1) | ЖОЖдор | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
2) | ЖОЖдорго чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
3) | кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайлар | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
4) | кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларынын чыгымдарынын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
5) | кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлар | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
6) | кесиптик орто билим берүүчү окуу жайларга чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
7) | орто мектептер | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
8) | орто мектептерге чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
9) | мектепке чейинки мекемелер | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
10) | мектепке чейинки мекемелерге чыгымдардын орточо суммасы | млн. сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
83 | Окугандарды республикалык бюджеттен каржылоо: |
|
|
|
|
|
|
|
|
1) | ЖОЖдордун студенттери | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
2) | ЖОЖдун студентине чыгымдын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
3) | ЖОЖдун студентинин орточо стипендиясы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
4) | кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайлардын студенттери | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ |
5) | кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайдын студентине чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
6) | кесиптик башталгыч билим берүүчү окуу жайдын студентинин орточо стипендиясы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
7) | кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлардын студенттери | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ |
8) | кесиптик орто билим берүүчү окуу жайдын студентине чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
9) | кесиптик орто билим берүүчү окуу жайдын студентинин орточо стипендиясы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
10) | орто мектептердин окуучулары | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ |
11) | окуучуга чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
12) | мектепке чейинки мекемелердеги балдар | саны |
|
|
|
|
|
| БИМ |
13) | мектепке чейинкилерге чыгымдардын орточо суммасы | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
14) | орто мектептердин 1-4 класстарынын окуучуларынын тамактануусу | Алуучулардын саны |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
15) | орто мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын там актануусуна республикалык бюджеттин чыгымдары | сом |
|
|
|
|
|
| БИМ, ФМ |
3.4. Социалдык коргоо | |||||||||
84 | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу социалдык коргоого республикалык бюджеттин чыгымдары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
85 | Социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
86 | АҮАЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
87 | АҮАЖдын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
88 | АҮАЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
89 | 18 жашка чейинки ДМЧ балдарга АСЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
90 | 18 жашка чейинки ДМЧ балдарга АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
91 | 18 жашка чейинки ДМЧ балдарга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
92 | Багуучусун/багуучуларын жоготкондугу боюнча балдарга АСЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
93 | Багуучусун/багуучуларын жоготкондугу боюнча балдарга АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
94 | Багуучусун/багуучуларын жоготкондугу боюнча балдарга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
95 | Бала кезинен ДМЧАга АСЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
96 | Бала кезинен ДМЧАга АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
97 | Бала кезинен ДМЧАга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
98 | Жалпы оорудан ДМЧАга АСЖ алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
99 | Жалпы оорудан ДМЧАга АСЖнын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
100 | Жалпы оорудан ДМЧАга АСЖ төлөөгө чыгымдар | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
101 | Улгайган жарандарга АСЖ алуучулардын (анын ичинде баатыр энелер) саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
102 | Улгайган жарандарга АСЖнын орточо өлчөмү (анын ичинде баатыр энелер) | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
103 | Улгайган жарандарга АСЖ төлөөгө чыгымдар (анын ичинде баатыр энелер) | миң сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
104 | Облустар боюнча реабилитациялык борборлордун саны | даана |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
105 | Реабилитациялык борборлорду республикалык бюджеттен каржылоо | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
106 | Мамлекеттик социалдык заказга бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттар | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
107 | ДМЧА үчүн жолдомолорго чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
108 | ДМЧА үчүн коляскаларга чыгымдар | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
109 | Облустар жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча пенсионерлердин жалпы саны | адам |
|
|
|
|
|
| СФ |
110 | Республикалык бюджеттин каражаттарынан пенсиялык камсыздоону каржылоо | млрд. сом жана ИДП % |
|
|
|
|
|
| СФ |
111 | Пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны | адам |
|
|
|
|
|
| СФ |
112 | Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| СФ |
113 | Пенсиянын орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| СФ |
114 | Облустар боюнча улгайган жарандар үчүн жатак үйлөрдүн саны | бирдик |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
115 | Улгайган жарандар үчүн жатак үйлөрдүн тейлөө мүмкүндүгү | адам-күн |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
116 | Жалпы керектөөдөн улгайган адамдарды жатак үйлөр менен камтылышы | % |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
117 | Жатак үйлөрдү каржылоо | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
118 | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулга республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
119 | Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
120 | Жумушсуздук боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
121 | Кесиптик окутууга республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
122 | Кесиптик билим алуучулардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
123 | Кесиптик окутуу боюнча төлөмдөрдүн орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
124 | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге республикалык бюджеттин чыгымдары | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
125 | Акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартылган адамдардын саны | адам |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
126 | Акы төлөнүүчү коомдук иштер боюнча төлөмдөрдүн орточо өлчөмү | сом |
|
|
|
|
|
| ЭСКММ |
4. Бюджеттик инвестициялар | |||||||||
127 | Капиталдык салымдар | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
128 | Мамлекеттик инвестициялар | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
129 | Инвестициялык долбоорлорду кошо каржылоо | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
130 | Мамлекеттик инвестициялардын алкагында негизги инвестициялык долбоорлордун тизмеги | долбоорлордун саны |
|
|
|
|
|
| ФМ |
131 | Дем берүүчү гранттар | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
132 | Облустар боюнча дем берүүчү гранттар | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
IV. Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары | |||||||||
133 | Республикалык бюджеттин тартыштыгынын жалпы суммасы | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
134 | ИДПга карата республикалык бюджеттин тартыштыгы | ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
135 | Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуунун ички булактары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
136 | Республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуунун тышкы булактары | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
V. Мамлекеттик карыз | |||||||||
137 | Мамлекеттик карыз | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
138 | Номиналдык ИДПга карата мамлекеттик карыз | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
139 | Мамлекеттик тышкы карыз | млрд. сом/млрд. АКШ долл. |
|
|
|
|
|
| ФМ |
140 | Мамлекеттик ички карыз | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
141 | ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын катышы | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
142 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн катышы | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
143 | Кредиторлор боюнча бөлүштүрүү менен эл аралык финансылык институттардын, өнөктөш өлкөлөрдүн кредиттери | млрд. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
144 | Бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн катышы | % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
VI. Жергиликтүү бюджеттер | |||||||||
145 | Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
146 | Жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары | млрд. сом жана ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| ФМ |
147 | Теңдештирүүчү трансферттер | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
148 | Максаттуу трансферттер | млн. сом |
|
|
|
|
|
| ФМ |
ИДПга карата % |
|
|
|
|
|
| |||
Эскертүү:
1. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жана бекитилген мыйзам боюнча жарандык бюджетти түзүүдө маалыматты Х-1, X, Х+1, Х+2 жана Х+3 жылдар боюнча берүү зарыл, мында X жылы - учурдагы бюджеттик жыл, анда бюджетти аткаруу, кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдуу мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү жана кароо жүзөгө ашырылат.
2. Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндө жылдык отчеттун долбоору боюнча жарандык бюджетти түзүүдө маалыматты Х-2, Х-1 жана X жылдар боюнча берүү зарыл, мында X жылы - отчеттук жыл болуп саналат.
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
АЧМ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
ДТСД | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти; |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду; |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду; |
"Кыргызжылуулукэнергия" | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу; |
МИ | - | "Кыргызжылуулукэнергия" мамлекеттик ишканасы; |
ИДП | - | ички дүң продукт; |
АҮАЖ | - | балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул; |
АСЖ | - | ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул; |
ДМЧ | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген; |
ДМЧА | - | ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар; |
Гкал | - | гигакалория; |
км | - | километр; |
га | - | гектар; |
АКШ долл. | - | Америка Кошмо Штаттарынын доллары. |