Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-майы № 249
Кыргыз Республикасынын бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Бюджеттин ачык-айкындуулугун, ошондой эле бюджеттер жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын жарандык секторунун бюджеттик процесске тартылышын көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126, 127-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жарандык бюджетти түзүүнүн методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (мындан ары - ЖӨБО методикасы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ЖӨБО методикасына ылайык жергиликтүү бюджеттер боюнча жарандык бюджетти түзүү;
2) жергиликтүү бюджет боюнча жарандык бюджетти түзүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгашкан веб-багытталган тиркемени колдонуу.
3. Жарандык бюджетти түзүү үчүн индикаторлор боюнча маалыматтын өз убагында жана сапаттуу берилишине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |