Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 токтомуна) |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык бюджетти түзүү методикасы (мындан ары - Методика) шаардын же айыл аймагынын жергиликтүү бюджети боюнча жарандык бюджетти (мындан ары - Жарандык бюджет) түзүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жардам көрсөтүү максатында иштелип чыкты.
2. Методика жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына пайдалануу үчүн сунушталат. Методика Жарандык бюджеттин түзүмүн жана анын негизги бөлүктөрүнүн мазмунун, Жарандык бюджеттин даярдоо мөөнөтүн, бөлүштүрүү тартибин жана форматын аныктайт.
3. Жарандык бюджет жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан шаардын же айыл аймагынын жергиликтүү коомчулугуна жергиликтүү бюджет жөнүндө маалыматты жеткиликтүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада берүү жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 126-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бюджеттик маалыматтын ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында түзүлөт.
4. Жарандык бюджет расмий бюджеттик маалыматтардын негизинде түзүлөт. Анда бюджеттин чечимдери, параметрлери жана артыкчылыктары боюнча маалымат жеткиликтүү жана түшүнүү үчүн ачык формада берилет.
Ушул Методикада жарандык бюджетке киргизүү үчүн милдеттүү болгон көрсөткүчтөр аныкталган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде бюджет жана бюджеттик саясат боюнча кошумча маалыматты бере алышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында жайгаштырылган адистештирилген веб-багытталган тиркемени колдонуу сунушталат.
5. Жарандык бюджет бекитилген бюджеттин негизинде түзүлөт (жергиликтүү бюджет бекитилгенден кийин 15 (он беш) календардык күндүн ичинде).
6. Жарандык бюджеттин көрсөткүчтөрү бекитилген жергиликтүү бюджет боюнча өткөн жыл үчүн иш жүзүндөгү маанини (алар жок болсо - күтүлгөн аткарууну) жана кезектеги жылга пландык көрсөткүчтөрдү камтууга тийиш.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими боюнча Жарандык бюджет жергиликтүү бюджет жөнүндө чечимге киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык такталышы мүмкүн.
2-глава. Жарандык бюджеттин түзүмү жана мазмуну
8. Жарандык бюджет өзүнө төмөнкү бөлүктөрдү камтууга тийиш:
1) киришүү;
2) жергиликтүү бюджет жөнүндө жалпы маалыматтар;
3) жергиликтүү бюджеттин кирешелери жөнүндө маалымат;
4) жергиликтүү бюджеттин чыгымдары жөнүндө маалымат;
5) тартылган финансылык ресурстар жана долбоорлор жөнүндө маалымат;
6) бюджеттин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн берүү үчүн индикаторлордун тизмеги.
9. "Киришүү" бөлүгүнө төмөнкүлөрдү киргизүү сунушталат:
1) жарандарга жеткиликтүү формада бюджеттик процессте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн жана терминдердин сөздүгүн;
2) бюджеттик календарды, анын ичинде жарандардын бюджеттик процесске (коомдук бюджеттик угууларга, кеңештин ачык сессияларына) катышуу календарын.
10. "Жергиликтүү бюджет жөнүндө жалпы маалыматтар" бөлүгүнө төмөнкүлөрдү киргизүү сунушталат:
1) жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлерин (кирешелердин, чыгымдардын жалпы көлөмү, жергиликтүү бюджеттин финансылык жана финансылык эмес активдери);
2) социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында аныкталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик чыгымдарынын негизги артыкчылыктарын.
11. "Жергиликтүү бюджеттин кирешелери жөнүндө маалымат" бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кирешелердин түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешелери жөнүндө маалымат, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өзгөрүү себептерин түшүндүрүү менен салыктык, салыктык эмес кирешелер, расмий трансферттер боюнча маалымат;
2) жергиликтүү бюджетке негизги салыктык түшүүлөр боюнча маалымат;
3) муниципалдык менчиктен түшкөн кирешелер жөнүндө маалымат;
4) расмий трансферттердин түзүмү, анын ичинде мамлекеттик ыйгарым укуктун түрүн көрсөтүү менен өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн максаттуу трансферттер, аларды колдонуу үчүн максаттар жана багыттар.
Көрсөткүчтөр мыйзамдардагы четтөөлөрдү түшүндүрүү, мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө (болсо) жана көрсөткүчтүн өсүү (кыскаруу) себептерине түшүндүрмө берүү менен инфографика түрүндө көрсөтүлөт.
12. "Жергиликтүү бюджеттин чыгымдары жөнүндө маалымат" бөлүгүндө төмөнкүлөр берилет:
1) учурдагы жана капиталдык чыгымдарга бөлүштүрүү менен жергиликтүү бюджеттин чыгымдары;
2) функциялык классификация боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын негизги түзүмү;
3) функциялык классификация боюнча жергиликтүү бюджеттин негизги чыгымдарынын динамикасы;
4) жергиликтүү маанидеги маселелерди каржылоого бюджеттин чыгымдарынын көлөмү;
5) чөйрө (билим берүү, социалдык коргоо, турак жай-коммуналдык чарба ж.б.) жана мекемелер боюнча каражаттарды чыгымдоонун багыттарын кыскача баяндоо.
Көрсөткүчтөр мыйзамдардагы четтөөлөрдү түшүндүрүү, мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө (болсо) жана көрсөткүчтүн өсүү (кыскаруу) себептерине түшүндүрмө берүү менен инфографика түрүндө көрсөтүлөт.
13. "Тартылган финансылык ресурстар жана долбоорлор жөнүндө маалымат" бөлүгүндө кийинки жылдын инвестициялык долбоорлору, учурдагы жылга планы жана өткөн жыл үчүн отчет боюнча маалыматтар берилет. Маалыматтар долбоор боюнча алынган жана пландалган натыйжаларды кыскача баяндоо менен коштолот.
14. Жарандык бюджетке кошуу үчүн сунушталган индикаторлор:
1) калктын жан башына жергиликтүү бюджеттин кирешелери;
2) калктын жан башына жергиликтүү бюджеттин чыгымдары;
3) жергиликтүү бюджеттин кирешелерине карата % менен жергиликтүү бюджетке түшкөн трансферттер;
4) жалпы кирешелерге карата % менен аппаратка чыгымдар;
5) резервдик фонд;
6) айыл өкмөтүнүн (мэриянын) аппаратынын саны, адам;
7) айыл өкмөтүнүн (мэриянын) 1 (бир) муниципалдык кызматкеринин орточо айлык акысы, сом;
8) автомобилдик жолго жана көпүрөгө чыгымдар, млн. сом;
9) 1 (бир) км автомобилдик жолго жана көпүрөгө чыгымдар жана башка индикаторлор (зарылдыгы боюнча).
3-глава. Жарандык бюджет жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүк
15. Жарандык бюджет жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын расмий сайтына жайгаштырылат. Расмий сайт жок болгон учурда Жарандык бюджет төмөнкү жерлерде жалпыга жарыяланышы мүмкүн:
1) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын эл чогулган жерлерге (тактачаларда, стенддерде);
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгашкан атайын веб-багытталган тиркемеде же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасында.
Жарандык бюджетти экиден кем эмес түрдүү ыкма менен жалпыга жарыялоо сунушталат: сайтка жарыялоо жана жарандык бюджетти кагазга жана башка материалдык алып жүрүүчүдө басып чыгаруу (брошюра, баннер чыгаруу ж.б.).
16. Жарандык бюджетти даярдоодо маалыматтын ачыктыгын камсыздоо максатында графикалар, диаграммалар, сүрөттөр, схемалар жана инфографиканын башка элементтери түзүлөт.
Жогоруда белгиленген максаттарга жетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгашкан атайын веб-багытталган тиркемени же "Жергиликтүү бюджет" маалыматтык системасын пайдалануу сунушталат.
17. Ар бир бюджетте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын (же жооптуу кызмат адамынын) так байланыш маалыматтарын жана бюджет жөнүндө көбүрөөк билгиси келген жарандар үчүн публикацияларды жайгаштыруу булактарынын шилтемелерин көрсөтүү сунушталат.
18. Жарандык бюджет мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат. Тиешелүү айыл аймагында же шаардын аймагында мамлекеттик тилде сүйлөй билген адамдардын басымдуу саны жашаганда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тийиштүү чечими болгон шарттарда мамлекеттик тилде жарыялоого жол берилет.