Загрузка документа…
3-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 249 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 127-беренесине ылайык иштелип чыккан жана коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү тартибин белгилейт.
2. Бул жобонун максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коомдук уюмдарынын мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга, ошондой эле республикалык бюджетти түзүүгө катышууга конституциялык укуктарын камсыз кылуу болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар (мындан ары -бюджеттик угуулар) - бул коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн республикалык бюджеттин долбоорун түзүү маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.
4. Бюджеттик угуулар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан өткөрүлөт.
2-глава. Материалдарды даярдоо жана жарыялоо, бюджеттик угууларды уюштуруу
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик угууларды өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктайт, бюджеттик угууларды уюштуруу үчүн жооптуу кызматкерлерди дайындайт жана бюджеттик угууларды өткөрүүгө чейин 15 күн мурда өзүнүн ведомстволук сайтына, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларына тиешелүү маалыматты (бюджеттик угуулар жөнүндө кулактандыруу) жайгаштырат.
6. Бюджеттик угуулар жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) өткөрүү датасын жана убактысын;
2) өткөрүү ордун;
3) жооптуу кызматкерлердин байланыш маалыматтарын.
Бюджеттик угуулар жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ведомстволук сайтына бюджеттик угууларды өткөрүү үчүн материалдарды, анын ичинде бюджеттик угуулардын болжолдуу программасын аларды өткөрүү датасына чейин 10 күн мурда жайгаштырат.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик угууларды өткөрүү датасына чейин 25 күн мурда мамлекеттик органдарга бюджеттик угуулардын жүрүшүндө кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге алардын бюджеттеринин долбоорлорун (мындан ары - мамлекеттик органдын бюджетинин долбоору) даярдоого жана презентациялоого расмий суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
9. Ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык мамлекеттик органдар расмий суроо-талапты алгандан кийин жооптуу кызматкерлерди аныктайт жана мамлекеттик органдын бюджетинин долбоору боюнча презентацияны, анын ичинде программалык негизде бюджеттин долбоорлорун даярдайт.
10. Мамлекеттик органдын бюджетинин долбоорунун презентациясы бюджеттик угууларды өткөрүүгө чейин 12 күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жана расмий тилдерде жиберилет.
11. Ушул жобонун 10-пунктуна ылайык презентацияларды алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ведомстволук сайтына мамлекеттик органдардын презентацияларын жарыялайт.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 10 күндөн кечиктирбестен бюджеттик угуулардын катышуучуларына расмий чакырууларды жиберет.
3-глава. Бюджеттик угууларды өткөрүү
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик угуулар башталганга чейин 3 күн мурда бюджеттик угуулардын катышуучуларынын болжолдуу тизмесин түзөт, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан спикерлерди аныктайт. Катышуучулар бюджеттин долбоору боюнча өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштамаларын жана сунуштарын андан ары кароо жана жооп берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө укуктуу.
14. Бюджеттик угууларда төрагалык кылуучу болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басарларынын бири эсептелет.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлери бюджеттик угууларды баштоонун алдында:
1) катышуучуларды каттоону жүргүзөт;
2) бюджеттик угууларда чыгып сүйлөөнү каалаган катышуучулардын тизмесин түзөт.
16. Төрагалык кылуучу бюджеттик угууларды ачат, катышуучуларга программаны берет жана Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорунун (мындан ары - республикалык бюджеттин долбоору) презентациясы менен чыгат же презентациялоо үчүн сөздү спикерге берет.
17. Республикалык бюджеттин долбоору презентациялангандан кийин мамлекеттик органдардын өкүлдөрү мамлекеттик органдардын бюджеттеринин долбоорлорунун презентациясы менен жана/же бюджеттик угуулардын башка катышуучулары чыгат.
Чыгып сүйлөөчүлөр, сөз сүйлөө убактысы жана суроолор бюджеттик угуулардын программасына ылайык аныкталат.
Бюджеттик угуулардын катышуучулары бюджеттик угуулардын программасын сактоого милдеттүү.
18. Бюджеттик угуулардын жүрүшүндө катышуучуларга программада белгиленген убакыттын алкагында чыгып сүйлөө жана спикерлерге суроо берүү укугу берилет. Спикерлер бюджеттик угуулардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берет.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баяндамаларды/презентацияларды, суроолорду, жоопторду, чыгып сүйлөөлөрдү жана сунуштарды жазууну жана чогултууну уюштурат.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик угууларды аудио жана видео жазууга укуктуу. Бюджеттик угууларды аудио жана видео жазууда катышуучулар кабардар болууга тийиш.
21. Коомдук угуулардын жыйынтыктары бюджеттик угуулардын протоколу менен таризделет, ага төрагалык кылуучу жана катчы кол коёт.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келип түшкөн сунуштарды жана сунуштамаларды 7 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө карайт, зарыл болгон учурда келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен республикалык бюджеттин долбоорун толуктап иштеп чыгат.
Бюджеттик угуунун жыйынтыгы боюнча сунуштарга жооптор жана аларды кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик угуулардын катышуучуларына жөнөтүлөт.
4-глава. Корутунду жоболор
23. Бюджеттик угуулардын протоколу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына бюджеттик угуулар өткөрүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.
24. Бюджеттик угуулар боюнча жыйынтыктоочу материалдар (бюджеттик угуулардын протоколу, бюджеттик угуулардын катышуучуларынын сунуштары жана суроолору, аудио жана видео жазуулар) бюджеттик угуулар өткөрүлгөн күндөн тартып беш жыл бою ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.