Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна) |
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Финансылык отчеттуулукту берүү" 1-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Финансылык отчеттуулукту берүү" 1-стандарты (мындан ары - 1-МБСУФОС) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун "Финансылык отчеттуулукту берүү" эл аралык 1-стандартынын (мындан ары - 1-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 1-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонулууга милдеттүү.
3. 1-МБСУФОС Кыргыз Республикасынын уюмдары тарабынан финансылык отчетторду берүү тартибин белгилейт.
4. 1-МБСУФОС Кыргыз Республикасында кабыл алынган бардык МБСУФОСго жана Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү жана финансылык отчеттуулукту берүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык эсептөө методунун негизинде даярдалган жана берилген жеке жана бириктирилген финансылык отчеттуулуктун бардык формаларына колдонулат.
2. Аныктамалар
5. Ушул 1-МБСУФОСто төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) эсептөө методу - эсепке алуу методу, мында чарбалык операциялар жана башка окуялар акча каражаттарын же алардын эквиваленттерин алуу же төлөө фактысы боюнча эмес, алар жасалган факты боюнча таанылат.
Чарбалык операциялар жана окуялар эсепке алуу регистрлеринде чагылдырылат жана финансылык отчеттуулукта алар таандык болгон мезгилдерде таанылат.
Активдер, милдеттенмелер, таза активдер, кирешелер, чыгашалар, менчик ээлеринин төгүмдөрү, менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөр, таза активдер, акча агымдары эсептөө методу боюнча таанылуучу финансылык отчеттуулуктун элементтери болуп саналат;
2) активдер - болуп өткөн окуялардын натыйжасында уюм тарабынан контролдонуучу ресурстар, алардан келечектеги экономикалык пайдалардын түшүүсү же пайдалуу колдонуу мүмкүндүгүнүн болуусу күтүлөт;
3) милдеттенмелер - болуп өткөн окуялардын натыйжасында пайда болгон уюмдун учурдагы милдети, аны аткаруу экономикалык пайдаларды же пайдалуу колдонуу мүмкүндүгүн камтыган ресурстардын колдонуудан чыгып калуусуна алып келет;
4) кирешелер - менчик ээлеринин төгүмдөрү менен байланышпаган таза активдердин көбөйүшүнө алып келүүчү отчеттук мезгилдин ичинде экономикалык пайдалардын дүң түшүүсү же пайдалуу колдонуу мүмкүндүгүнүн болуусу;
5) чыгымдар - активдердин чыгарылышы же керектелиши формасында отчеттук мезгилдин ичинде экономикалык пайдалардын же пайдалуу колдонуу мүмкүндүгүнүн азаюусу же менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөр менен байланышпаган таза активдерди азайтууга алып келүүчү милдеттенмелердин пайда болушу;
6) менчик ээлеринин төгүмдөрү - уюмдардын менчик ээлеринен алынган, уюмдардын милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келбеген жана уюмдардын таза активдерине катышуу үлүшүн түзүүчү келечектеги экономикалык пайдалар же пайдалуу колдонуу мүмкүндүгү, ал:
а) менчик ээлеринин же алардын өкүлдөрүнүн каалоосу боюнча уюмдардын бар болгон убакыт аралыгында келечектеги экономикалык пайдаларды же пайдалуу колдонуу мүмкүндүктөрүн уюмдар тарабынан бөлүштүрүүгө жана уюм жоюлган учурда активдердин милдеттенмелерден ар кандай ашып кетишине укук берет;
б) сатылышы, алмашылышы, өткөрүлүп берилиши же сатылып алынышы мүмкүн;
7) менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөр - инвестициялык киреше же менчик ээлеринин төгүмдөрүн кайтаруу катары баарынын же анын менчик ээлеринин айрымдарынын пайдасына уюм тарабынан бөлүштүрүлгөн келечектеги экономикалык пайдалар же пайдалуу колдонуу мүмкүндүгү;
8) таза активдер - уюмдардын бардык милдеттенмелерин алып салгандан кийин калган активдериндеги үлүш.
Эгерде маалыматты өткөрүп жиберүүлөр же бурмалоолор өзүнчө же жыйындысында финансылык отчеттуулуктун негизинде кабыл алынуучу пайдалануучулардын чечимдерине же баалоолоруна таасирин тийгизсе маалымат олуттуу болуп саналат. Олуттуулук ар бир уюмдун конкреттүү жагдайларында баалануучу финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчүнүн мүнөзүнө, ошондой эле маанилүүлүгүнө жараша болот. Мүнөзү же тиешелүү берененин чоңдугу же болбосо тигил же бул айкалышы чечүүчү фактор болуп калышы мүмкүн;
9) уюмдардын тобу - контролдоочу уюмдан жана бир же андан ашык контролдонуучу уюмдардан турган уюмдардын жыйындысы.
Уюм башка уюмга катышуудан түшкөн пайданын өзгөрүү тобокелдигине дуушар болгондо же пайда алуу укугуна ээ болгондо, ошондой эле башка уюмда өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен пайданын мүнөзүнө жана көлөмүнө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда башка уюмду контролдойт.
Уюмдардын максаттарына ылайык товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган, бирок акча каражаттарынын түздөн-түз таза келип түшүүсүн генерациялабаган активдер пайдалуу колдонуу мүмкүндүгү бар активдер болуп саналышат.
Акча каражаттарынын таза түшүүсүн генерациялоо үчүн колдонулган активдер келечектеги экономикалык пайдалары бар активдер болуп саналышат.
3. Финансылык отчеттуулукка болгон жалпы талаптар
6. Финансылык отчеттуулуктун максаты финансылык абал, иштин финансылык натыйжалары жана уюмдардын акча агымдары жөнүндө, ресурстарды бөлүштүрүү жөнүндө экономикалык чечимдерди кабыл алуу үчүн жана отчеттуулук максатында пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө пайдалуу маалыматтарды берүү болуп саналат.
Тактап айтканда, финансылык отчеттуулуктун максаттарына төмөнкү маалыматтарды берүү кирет:
- финансылык ресурстардын булактары, алардын бөлүштүрүлүшү жана пайдаланышы жөнүндө;
- уюмдардын ишин каржылоо жана финансылык ресурстарга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жөнүндө;
- уюмдардын өз ишин каржылоого жана өз милдеттенмелерин жана ниеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн баалоодо пайдалуу;
- уюмдардын финансылык абалы жана анын өзгөрүүлөрү жөнүндө; жана
- ишти ишке ашырууга, натыйжалуулукка жана натыйжаларга жетишүүгө кеткен коромжулар жагынан уюмдардын ишинин натыйжаларына баа берүү үчүн.
7. Максаттарга жетүү үчүн финансылык отчеттуулук уюмдардын ишинин төмөнкү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
а) активдер;
б) милдеттенмелер;
в) таза активдер;
г) кирешелер;
д) чыгымдар;
е) акча агымымдары.
8. Финансылык отчеттуулук менен бирге отчеттук мезгилдеги уюмдардын ишинин толугураак картинадагы финансылык отчеттуулукту пайдалануучуга түзүү үчүн финансылык эмес маалыматты камтыган кошумча маалымат берилет.
9. Финансылык отчеттуулукту даярдоо жана берүү үчүн жоопкерчилик "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.
10. Финансылык отчеттуулуктун толук комплекти төмөнкүлөрдү камтыйт:
- отчет берүүчү уюмдар тууралуу жалпы маалымат;
- финансылык абал жөнүндө отчет;
- иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчет;
- таза активдердин өзгөрүшү жөнүндө отчет;
- акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык берилүүчү бюджеттик маалыматтар;
- эсепке алуу саясатынын негизги принциптеринин кыскача баяндоосунан, МБСУФОСтун талаптарына же уюмдардын эсепке алуу саясатынын жоболоруна ылайык ачылган башка түшүндүрмө маалыматтардан турган финансылык отчеттуулукка эскертүү;
- эсепке алуу саясаты же анын айрым жоболору.
Отчет берүүчү уюмдар жөнүндө жалпы маалымат уюмдун аталышы; контролдоочу уюмдардын жана акыркы контролдоочу уюмдардын аталышы; отчеттуулуктун түрү жөнүндө маалыматты; эгерде колдонулса уюмдардын ишинин мөөнөтү жөнүндө маалыматты; отчеттуулук түзүлгөн мезгилди; уюмдардын дарегин; уюмдардын ишинин негизги багыттарын сыпатталышын; уюмдардын ишин аныктоочу ченемдик укуктук актыларды; МБСУФОСтун финансылык отчеттуулугуна шайкеш келиши жөнүндө арызды; финансылык отчеттуулукту чыгарууга бекитилген датасын жана аны бекиткен органдын аталышын; МБСУФОСко ылайык башка жалпы маалыматты камтыйт.
11. Финансылык отчеттуулук уюмдардын финансылык абалын, ишинин финансылык натыйжаларын жана акча агымдарын ишенимдүү берүүгө тийиш. Ишенимдүү берүү МБСУФОСдо баяндалган таануунун аныктамаларына жана критерийлерине ылайык жасалган операциялардын, башка окуялардын жана шарттардын кесепеттеринин туура чагылдырылышын талап кылат. МБСУФОСго, бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту берүү жаатындагы башка ченемдик актыларга ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту берүү уюмдардын финансылык абалын, ишинин финансылык натыйжаларын жана акча агымдарын ишенимдүү берген финансылык отчеттуулукту түзүүнү камсыз кылышат.
12. МБСУФОСго ылайык түзүлгөн уюмдардын финансылык отчеттуулугу отчет берүүчү уюмдар жөнүндө "Жалпы маалымат" бөлүмүндө МБСУФОСко шайкеш келишине так жана бир маанилүү көрсөтмөнү камтууга тийиш. Эгерде финансылык отчеттуулук МБСУФОСтун кандайдыр бир талаптарын бузуу менен түзүлсө, анда уюм бул фактты отчет берүүчү уюмдар жөнүндө "Жалпы маалымат" бөлүмүндө ачып берүүгө тийиш.
13. Финансылык отчеттуулуктун ишенимдүү берилишине шайкеш келиш үчүн уюм төмөнкүлөрдү аткаруу тийиш:
а) "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилеринин өзгөрүшү жана каталар" 3-МБСУФОСко ылайык эсепке алуу саясатын тандоо жана колдонуу;
б) эсепке алуу саясатынын жоболорун кошкондо маалыматты жөндүү, ишенимдүү, салыштырмалуу жана түшүнүктүү маалыматты камсыз кылгандай берүү;
в) МБСУФОСтун тиешелүү талаптарын сактоо пайдалануучуларга конкреттүү операциялардын, башка окуялардын жана шарттардын уюмдардын финансылык абалына жана ишинин натыйжаларына тийгизген таасирин түшүнүү үчүн жетишсиз болгон учурларда маалыматты кошумча ачып берүүнү камсыздоо.
14. Финансылык отчеттуулук уюмдардын ишинин үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн жана уюмдардын өз ишин жакынкы келечекте улантуу ниетинин негизинде (үч жылдан кем эмес), финансылык отчеттуулук түзүлүп жаткан жылдан баштап даярдалат.
Эгерде жогору турган уюмдарда аны жоюу жөнүндө же жакынкы келечекте негизги ишин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуунун ниети жана (же) зарылдыгы жок болсо, уюм иштин үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүлөрдү сактайт. Уюмдардын ведомствого караштуулугун өзгөртүү, уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүү, жаткан башка ушул сыяктуу өзгөрүүлөр, мында уюм өз функцияларын аткарууну улантып, уюмдардын ишинин үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнү сактабагандыгын күбөлөндүргөн фактылар болуп саналбайт.
15. Эгерде финансылык отчеттуулук иштин үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүлсө, анда бул факт эсепке алуу методу менен чогуу отчеттордо ачылып берилүүсү тийиш, анын негизинде уюм үзгүлтүксүз иштеген деп эсептелбей турган себептерин көрсөтүү менен финансылык отчеттуулук түзүлөт.
16. Финансылык отчеттуулуктагы беренелерди берүү жана классификациялоо, төмөнкү учурларды кошпогондо бир мезгилден экинчи мезгилге чейин өзгөрүлбөгөн бойдон калууга тийиш:
а) уюмдардын ишинин мүнөзүндөгү бир кыйла өзгөрүүлөрдүн же анын финансылык отчеттуулугун талдоонун натыйжасында, башкача берүү же классификациялоо 3-МБСУФОСто белгиленген эсепке алуу саясатын тандап алуунун жана колдонуунун критерийлерин эске алуу менен абдан алгылыктуу боло тургандыгы белгилүү болот;
б) кандайдыр бир МБСУФОС маалымат берүүдө өзгөртүүнү талап кылат.
17. Финансылык отчеттуулукка өзгөртүүлөрдү киргизүүдө уюм 22 жана 23-пункттарга ылайык салыштырма маалыматты кайра классификациялайт.
18. Эсепке алуунун ушул сыяктуу объекттеринин ар бир олуттуу классы финансылык отчеттуулукта өзүнчө көрсөтүлүшү тийиш. Мүнөзү жана багыты боюнча айырмаланган эсепке алуу объекттери, алар олуттуу эмес болуп саналган учурларды кошпогондо өзүнчө берилиши тийиш.
19. Эсепке алууда чагылдырылган операциялар жана операциялардын жыйынтыктары алардын мүнөзүнө же багытына ылайык топтомдоо жана классификациялоо жолу менен класстарга бириктирилет. Финансылык отчеттуулуктун саптары бухгалтердик эсептин объекттеринин класстарын топтомдоо жана классификациялоонун акыркы натыйжасы болуп саналат. Эгерде финансылык отчеттуулуктун кайсы бир сабы өз алдынча олуттуу болуп саналбаса, ал башка саптар менен же болбосо финансылык отчеттуулуктун өзүндө, же болбосо финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдө бириктирилет. Түздөн-түз финансылык отчеттордо өзүнчө берүү үчүн абдан олуттуу болбогон, ошону менен бирге финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдө өзүнчө берүү үчүн бир кыйла олуттуу болушу мүмкүн болгон сап.
20. Активдер менен милдеттенмелер, кирешелер менен чыгымдардын ортосунда кандайдыр бир МБСУФОС менен талап кылынган же уруксат берилген учурлардан тышкары, эсепке алууга жол берилбейт. Алар боюнча резервдердин суммаларын эсептен чыгарып салгандан кийин активдерди баалоо өз ара чегерүү болуп саналбайт.
21. Финансылык отчеттуулукта чагылдырылган бардык суммалар боюнча МБСУФОС жол берген же башканы талап кылган учурларды кошпогондо, өткөн отчеттук мезгилге карата салыштырма маалымат ачылып көрсөтүлүшү тийиш. Салыштырма маалымат эгерде, ал ушул мезгилде финансылык отчеттуулукту түшүнүү көз карашынан алганда жөндүү болуп саналса финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдүн сапаттама бөлүгүнө да киргизилет.
22. Финансылык отчеттуулуктагы беренелерди берүү же классификациялоо отчеттук мезгилде өзгөртүлсө салыштырма суммаларды классификациялоо өзгөртүлүшү (кайра классификацияланышы) тийиш. Салыштырма суммаларды кайра классификациялоодо уюм төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш:
а) кайра классификациялоонун мүнөзү;
б) кайра классификациялоого тийиш болгон ар бир берененин же беренелердин классынын суммасы;
в) кайра классификациялоонун себеби.
23. Эгерде салыштырма суммаларды кайра классификациялоону керектүү маалыматтын жоктугуна байланыштуу жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, анда уюм керектүү маалымат жок болуп жаткан себепти жана тийиштүү суммаларды кайра классификациялоо учурунда жүргүзүлүүчү оңдоолордун мүнөзүн ачып берүүгө тийиш.
24. Уюмдар финансылык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, кыргыз жана орус тилдеринде беришет.
25. Уюмдар жылдык жана орто аралык финансылык отчеттуулукту түзүшөт. Жылдык финансылык отчеттуулукту түзүү максатында 1-январдан 31-декабрга чейинки календардык жыл отчеттук мезгил болуп саналат. Орто аралык финансылык отчеттуулукту түзүү максатында 1-январдан отчеттук мезгил аяктаган датага чейин б.а. 31-март, 30-июнь, 30-сентябрь отчеттук мезгил болуп саналат. Жылдык финансылык отчеттуулук үчүн отчеттук дата отчеттук мезгилдин 31-декабры болуп саналат. Орто аралык финансылык отчеттуулук үчүн отчеттук дата 31-март, 30-июнь, 30-сентябрь болуп саналат.
Түзүлгөн уюмдар үчүн жылдык финансылык отчеттуулукту түзүү максатында отчеттук мезгил түзүлгөн датадан тартып түзүлгөн жылдын 31-декабрына чейинки мезгил болуп саналат. Түзүлгөн уюмдар үчүн орто аралык финансылык отчеттуулукту түзүү максатында отчеттук мезгил түзүлгөн датадан тартып отчеттук мезгил аяктаган датага чейинки мезгил болуп саналат. Уюмдарды кайра түзүү же жоюу жүргүзүлгөн учурда, кайра түзүү же жоюу жүргүзүлгөн жылдын 1-январынан тартып кайра түзүү же жоюу жүргүзүлгөн датага чейинки мезгил үчүн жылдык финансылык отчеттуулук түзүлөт.
Уюм, бекитилген финансылык отчеттуулукту уюмдардын же ыйгарым укуктуу уюмдардын расмий сайтына Интернет тармагына жылдык финансылык отчеттуулук үчүн отчеттук датадан кийин алты айдан кечиктирбестен жана орто аралык финансылык отчеттуулук үчүн отчеттук датадан кийин 3 айдан кечиктирбестен жарыялоого тийиш. Финансылык отчеттуулукту Интернет тармагына жарыялоодо уюм мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоого тийиш.
4. Финансылык отчеттуулуктун түзүмү жана мазмуну
26. Финансылык отчеттуулук бир эле жарыяланган документте камтылган башка маалыматтардан так белгиленүүгө жана бөлүнүүгө тийиш.
27. Финансылык отчеттуулуктун ар бир отчету төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) отчет берүүчү уюмдардын аталышы, дареги, номери, ошондой эле өткөн отчеттук мезгилге салыштырмалуу бул маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү;
б) отчеттуулук жеке же бириктирилген болуп саналгандыгы жөнүндө маалымат;
в) финансылык отчеттуулукту камтыган отчеттук дата же мезгил, колдонулгандыгына жараша;
г) отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн өлчөө бирдиги;
д) финансылык отчеттуулукта суммаларды берүүдө колдонулуучу тегеректөө даражасы.
1-§. Финансылык абал жөнүндө отчет
28. Финансылык абал жөнүндө отчет уюмдардын активдери, милдеттенмелери, таза активдери жөнүндө маалыматты камтыйт. 1-МБСУФОСко ылайык аныкталган кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү активдер, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү милдеттенмелер финансылык абал жөнүндө отчетто өзүнчө берилет. Финансылык абал жөнүндө отчет өзүнчө тилке түрүндө өткөн отчеттук жылдагы салыштырма маалыматты камтыйт.
29. Эгерде ал төмөнкү критерийлердин кайсынысы болбосун канааттандырса, актив кыска мөөнөттүү катары классификацияланууга тийиш:
а) отчеттук датадан кийинки он эки айдын ичинде керектөө, сатуу, соодалоо, кайтарымсыз берүү же башка чыгуу үчүн багытталган;
б) бул отчеттук датадан кийинки он эки айдан кем эмес мезгилдин ичинде аны алмаштырууга же милдеттенмени тындыруу үчүн пайдаланууга чектөөлөр жок болгон шартта акча каражаттары же акча каражаттардын эквиваленттери (3-МБСУФОСтогу аныктамага ылайык).
Кыска мөөнөттүү активдер запастарды, дебитордук карыздарды, анын ичинде салыктарды, төгүмдөрдү, жыйымдарды, айып пулдарды, алууга карата туумдарды жана отчеттук датадан кийинки он эки айдын ичинде, эгерде бул мезгил ичинде алардын чыгышы болжолдонбосо дагы талап кылынышы, өткөрүлүп берилиши, сатылышы мүмкүн болгон, башка активдерди камтыйт. Кыска мөөнөттүү активдер соода жүргүзүү максатына арналган жана узак мөөнөттүү финансылык активдерди түзгөн кыска мөөнөттүү финансылык активдерди да камтыйт.
30. Кыска мөөнөттүү катары классификацияланбаган бардык активдер узак мөөнөттүү катары классификацияланат.
31. Милдеттенме, эгерде ал төмөнкү критерийлердин бирин канааттандырса, кыска мөөнөттүү катары классификацияланууга тийиш:
а) ал негизинен соода максаттары үчүн арналса;
б) ал отчеттук датадан кийинки он эки ай ичинде тындырууга тийиш болсо;
в) уюмдун отчеттук датадан кийинки он эки айдан аз эмес мезгил ичинде милдеттенмелерди тындырууну кийинкиге калтырууга анык укугу жок.
Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер эсептелген эмгек акы боюнча милдеттенмелерди, уюмдардын иши менен байланышкан башка эсептелген чыгымдар боюнча карыздарды, салыктар, жыйымдар жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр боюнча кредитордук карыздарды камтыйт. Аталган милдеттенмелер отчеттук датадан кийинки он эки айдан ашык тындырууга тийиш болсо да, кыска мөөнөттүү катары классификацияланат. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелерге соодага арналган милдеттенмелер катары классификацияланган милдеттенмелер жана узак мөөнөттүү милдеттенмелердин кыска мөөнөттүү бөлүгү да кирет.
32. Кыска мөөнөттүү катары классификацияланбаган бардык милдеттенмелер узак мөөнөттүү катары классификацияланат.
33. Кыска мөөнөттүү финансылык милдеттенмелерге эгерде төмөнкүдөй болсо дагы, отчеттук датадан кийинки он эки айдын ичинде тындырылууга тийиш болгон милдеттенмелерди киргизет:
а) милдеттенмелерди тындыруунун баштапкы мөөнөтү он эки айдан ашса;
б) отчеттук дата менен финансылык отчеттуулукту чыгарууга бекитүү датасынын ортосундагы мезгилде узак мөөнөттүү негизде кайра каржылоо же төлөмдөрдүн графигин кайра кароо жөнүндө макулдашуу түзүлсө.
34. Уюм милдеттенмелерди тындыруу мөөнөтүн он эки айдан ашык мөөнөткө жылдырууга укугу бар жана милдеттенменин шарттарын сактоо менен муну кылууга ниетти бар болгон милдеттенмелер узак мөөнөттүү катары классификацияланат.
35. Эгерде уюм отчеттук мезгил ичинде узак мөөнөттүү кредиттик келишимдин кандайдыр бир шарттарын бузса милдеттенме узак мөөнөттүү катары классификацияланат, анын натыйжасында кредитор отчеттук датадан кийинки мезгилде жана финансылык отчеттуулук бекитилгенге чейин отчеттук датадан кийин он эки айдын ичинде төлөмдү талап кылбоого макул болсо дагы, милдеттенме талап боюнча тындырууга тийиш.
36. Эгерде кредитор отчеттук датадан кийинки он эки айдан ашык мөөнөткө отчеттук датага кийинкиге жылдыруу мезгилин берүүгө макул болсо жана кредитор тезинен тындырууну талап кыла албаган убакта милдеттенме узак мөөнөттүү катары классификацияланат.
37. Эгерде кыска мөөнөттүү милдеттенмелер катары классификацияланган зайымдарга карата отчеттук дата менен финансылык отчеттуулукту чыгарууга бекитүү датасынын ортосундагы мезгилде төмөндө аталган окуялар болсо, бул окуялар "Отчеттук датадан кийинки окуялар" 14-МБСУФОСко ылайык түзөтпөөчү окуя катары ачыкка чыгарылууга тийиш:
а) узак мөөнөттүү негизде кайра каржылоо;
б) узак мөөнөттүү кредиттик макулдашууну бузууну жоюу;
в) кредитордон отчеттук датадан кийинки он эки айдан эрте эмес аяктаган узак мөөнөттүү кредиттик макулдашуунун бузулушун жоюу үчүн кийинкиге жылдыруу мезгилин алуу.
38. Финансылык абал жөнүндө отчетту толтуруунун формасы жана тартиби Финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча методикалык сунуштарда белгиленет. Уюм иштин мүнөзүнө, уюмдардын эсепке алуу саясатына ылайык, эсепке алуу маалыматтарынын, финансылык отчеттуулуктун бекитилген формаларынын, аларды толтуруу боюнча Методикалык сунуштардын негизинде финансылык абал жөнүндө отчеттун көрсөткүчтөрүн түзөт, ошондой эле финансылык абал жөнүндө отчетто берилген финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдөгү беренелерди ачып берет.
2-§. Иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчет
39. Финансылык натыйжалар жөнүндө отчет отчеттук мезгилде уюмдардын кирешелери, чыгымдары жана ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Финансылык абал жөнүндө отчетту толтуруу формасы жана тартиби Финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча методикалык сунуштарда белгиленет. Иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчетко эгерде, МБСУФОСто башка көрсөтүлбөсө, МБСУФОС тарабынан аныкталган кирешелердин жана чыгымдардын бардык беренелери киргизилет.
40. Уюм иштин түрүнө, уюмдардын эсепке алуу саясатына ылайык, эсепке алуу маалыматтарынын, финансылык отчеттуулуктун бекитилген формаларынын, аларды толтуруу боюнча Методикалык сунуштардын негизинде иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчеттун көрсөткүчтөрүн түзөт, ошондой эле иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчетто берилген финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдөгү беренелерди ачып берет.
41. Финансылык натыйжалар жөнүндө отчет уюмдардын ишинин негизги багыттарына ылайык кирешелердин жана чыгымдардын олуттуу түрлөрү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Уюм Финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча методикалык сунуштарга ылайык финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдөгү кирешелердин жана чыгымдардын түрлөрү боюнча маалыматты ачып берет. Эгерде финансылык отчеттуулуктагы маалыматтарды ишенимдүү берүү зарыл болсо уюм финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдө финансылык отчеттуулуктун бекитилген формаларында ачылбаган кирешелердин жана чыгымдардын айрым түрлөрүн кошумча ачып бере алат.
3-§. Таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет
42. Таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын таза активдеринин көрсөткүчтөрү жана отчеттук мезгилдеги алардын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды берет. Таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчетто отчеттук мезгилдин башына жана аягына карата уюмдардын финансылык натыйжалары жана алардын өзгөрүшү жөнүндө, менчик ээлери менен болгон операциялардын суммасы жөнүндө, МБСУФОСтун талаптарына ылайык түздөн-түз таза активдердин курамында деп табылган беренелер жөнүндө, бул беренелер боюнча жыйынтык сумма тууралуу, эсепке алуу саясатынын өзгөрүүлөрүнүн жана каталарды оңдоолордун натыйжасында таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматтар ачылып берилет.
43. Таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчетту толтуруу формасы жана тартиби Финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча методикалык сунуштарда белгиленет. Уюм иштин түрүнө, уюмдардын эсепке алуу саясатына ылайык, эсепке алуу маалыматтарынын, финансылык отчеттуулуктун бекитилген формаларынын, аларды толтуруу боюнча Методикалык сунуштардын негизинде таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчеттун көрсөткүчтөрүн түзөт, ошондой эле таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчетто берилген финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдөгү беренелерди ачып берет.
44. Мезгил ичинде таза активдердин жалпы өзгөрүүлөрү түздөн-түз таза активдердин курамында деп табылган кирешелер/чыгымдар мезгилинде финансылык натыйжанын жыйынтык суммасын, менчик ээлеринин төгүмдөрүнүн суммасын же менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөрдү, ошондой эле түздөн-түз таза активдерде таанылган кайра баалоонун суммасын билдирет.
4-§. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
45. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет финансылык, инвестициялык жана операциялык иш боюнча акча каражаттарынын жана эквиваленттердин келип түшүү булактары жана чыгымдоо багыттары, ошондой эле отчеттук мезгилдин башына жана аягына карата акча каражаттарынын, эквиваленттердин калдыктары жөнүндө маалыматтарды берет. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту түзүү жана берүү боюнча талаптар "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" 2-МБСУФОС менен аныкталат.
5-§. Бюджеттик маалыматтарды берүү
46. Бюджеттик маалыматтардын курамы, мазмуну, аларды түзүүнүн, берүүнүн тартиби, ошондой эле бюджеттик маалыматтарды берүүгө милдеттүү уюмдар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен аныкталат.
6-§. Финансылык отчеттуулукка эскертүү
47. Финансылык отчеттуулукка эскертүү финансылык отчеттуулукту даярдоо методдору, колдонулган эсепке алуу саясаты жөнүндө маалыматтарды камтыйт, МБСУФОС жана/же уюмдардын эсепке алуу саясаты тарабынан талап кылынган жана финансылык абал жөнүндө отчетто, иштин финансылык натыйжасы жөнүндө отчетто, таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчетто же акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетто берилбеген маалыматтарды ачып берет.
48. Финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдөгү маалымат тартипке келтирилген түрдө берилет. Финансылык абал жөнүндө отчеттогу, иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчеттогу, таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчеттогу, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттогу ар бир берене финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдө, ага тиешелүү бардык маалыматтарга кайчылаш шилтемени камтууга тийиш.
49. Эскертүү адатта төмөнкүдөй тартипте берилет:
- МБСУФОСго шайкеш келүү жөнүндө арыз;
- эсепке алуу саясаты жөнүндө маалымат;
- МБСУФОСтун талаптарына ылайык финансылык абал жөнүндө отчеттун, иштин финансылык натыйжалары жөнүндө отчеттун, таза активдердин өзгөрүүлөрү жөнүндө отчеттун же акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттун беренелерин ачып берген маалыматтар;
- пайдалануучулар финансылык отчеттуулукту түшүнүү үчүн пайдалануучуларга зарыл болгон башка финансылык жана финансылык эмес маалыматтар.
50. Уюмдардын эсепке алуу саясаты же анын айрым жоболору Интернет тармагында уюмдардын сайтында финансылык отчеттуулуктан өзүнчө ачылышы мүмкүн. Эсепке алуу саясатын өзүнчө ачып берүүдө финансылык отчеттуулук Интернет тармагында ачылган жерге шилтемени камтыйт.
51. Финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдө уюм келечекке тиешелүү негизги жол берүүлөр жана отчеттук датага карата эсептешүү баалоонун белгисиздигинин башка негизги себептери жөнүндө маалыматтарды ачып берүүгө тийиш, алар кийинки отчеттук мезгилде активдердин жана милдеттенмелердин баланстык наркына олуттуу оңдоолорду киргизүүгө байланышкан олуттуу тобокелдикти тартышат. Мындай активдерге жана милдеттенмелерге карата эскертүү активдердин жана милдеттенмелердин мүнөзү жана отчеттук датага карата алардын баланстык наркы жөнүндө маалыматты ачып берүүгө тийиш.
Эгерде алар жакында түзүлгөн бүтүмдөр боюнча рыноктук бааларга негизделген адилет наркы боюнча бааланса активдер жана милдеттенмелерге карата жогоруда аталган маалыматтарды ачуу талап кылынбайт.
5. Ушул 1-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонуу
52. Уюм 1-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонгон учурда финансылык отчеттуулукта салыштырма маалыматты берүүгө тийиш эмес.