Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Ушул токтом 2028-жылдын 1-январынан
тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы № 16
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 611, 2025-жылдын 7-ноябры № 726 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик финансыларды башкарууда реформаларды жүргүзүү максатында, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 5-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттары 1-9-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
Караңыз:
I бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Финансылык отчеттуулукту берүү" 1-стандарты;
II бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" 2-стандарты;
III бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилерин өзгөртүү жана каталар" 3-стандарты;
IV бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн таасири" 4-стандарты;
V бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Зайым алуулар боюнча чыгымдар" 5-стандарты;
VI бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Запастар" 12-стандарты;
VII бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Отчеттук датадан кийинки окуялар" 14-стандарты;
VIII бөлүм Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Негизги каражаттар" 17-стандарты.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-декабрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукка карата ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 611, 2025-жылдын 7-ноябры № 726 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугунун концептуалдык негиздери
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугунун концептуалдык негиздери (мындан ары - Концептуалдык негиздер) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык Коомдук сектордун уюмдарынын жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугунун концептуалдык негиздеринин талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан жана КСФОЭС боюнча Кеңеш тарабынан жактырылган.
2. Концептуалдык негиздер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бирге кошуп эсептөө методунун негизинде даярдалуучу коомдук сектордун уюмдарынын, анын ичинде республикалык өкмөттүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бүтүндөй мамлекеттин (мындан ары - уюмдар) финансылык отчеттуулугунун негизинде камтылган негизги түшүнүктөрдү аныктайт. Концептуалдык негиздер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бирге МБСУФОСту, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын бухгалтердик эсебин жана финансылык отчеттуулугун жөнгө салуучу башка документтерди иштеп чыгууда колдонулат.
3. Концептуалдык негиздер МБСУФОСту колдонгон уюмдардын финансылык отчеттуулугуна карата расмий талаптарды белгилебейт, ошол эле учурда ал Кыргыз Республикасынын коомдук секторундагы уюмдардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүдө жана финансылык отчеттуулугун түзүүдө милдеттүү болуп саналат жана МБСУФОСтун, башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын да жокко чыгарбайт.
2. Финансылык отчеттуулуктун максаты жана пайдалануучулары
4. Финансылык отчеттуулуктун максаты - отчеттуулук жана чечим кабыл алуу максатында финансылык отчеттуулукту пайдалануучулар үчүн уюм тууралуу пайдалуу маалымат берүү болуп саналат. Пайдалуу маалыматты аныктоодо Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын принциптери эске алынууга тийиш.
5. Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучулар жана алардын өкүлдөрү, мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөр жана алардын өкүлдөрү финансылык отчеттуулукту пайдалануучулар болуп саналат. Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга мамлекеттин жана анын органдарынын коомго кызмат кылууга багытталган бардык иш-аракеттери кирет. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аларга караштуу ведомстволук уюмдар, бюджеттик мекемелер, мамлекетке тиешелүү башка уюмдар мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон кызматтарды, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр катары классификацияланган кызматтарды, бирок алар менен эле чектелбестен башка кызматтарды да көрсөтүшөт.
6. Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучулар жарандар, жаран болуп саналбаган резиденттер, тышкы жана ички кредиторлор, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, башка мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучулар болуп саналат.
7. Салыктарды жана төгүмдөрдү төлөөчүлөр, финансылык ресурстарды берүүчү эл аралык финансылык уюмдар, Кыргыз Республикасынын уюмдарына ресурстарды берүүчү башка уюмдар жана жарандар мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөр болуп саналат.
8. Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучулардын жана мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнө мыйзам чыгаруучу органдар, парламент мүчөлөрү жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жана ресурстарды берүүчүлөрдүн башка өкүлдөрү кирет.
9. Уюмдар мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөрдүн алдында алардан ресурстарды алууга байланыштуу отчет беришет. Отчеттуулук боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн, уюм өз пайдалануучуларына жана башкаларга кызмат көрсөтүү үчүн ага берилген ресурстарды кандайча башкарып жаткандыгы, ошондой эле уюмдун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык келиши, уюмдун отчеттук мезгил ичинде кызмат көрсөтүүдөгү натыйжалары жана келечектеги мезгилдерде кызмат көрсөтүүнү улантуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берүү талап кылынат.
10. Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучуларга жана мамлекеттин ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөргө, ошондой эле алардын өкүлдөрүнө финансылык ресурстарды уюмдарга берүү же бөлүштүрүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, добуш берүүдө чечимдерди кабыл алуу жана шайланган расмий адамдарга же мамлекеттик бийликтин башка өкүлчүлүктүү органдарына кайрылууларды даярдоо үчүн маалымат керек болушу мүмкүн.
11. Отчеттуулук жана чечимдерди кабыл алуу максаттарында мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучуларга жана мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөргө, баалоо жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй маалымат керек болот: отчеттук мезгил ичинде уюмдун ишинин натыйжалары; ликвиддүүлүк жана төлөө жөндөмдүүлүгү; кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка операциялардын узак мөөнөттүү туруктуулугу жана отчеттук мезгил ичинде уюмдун ишинин натыйжасында алардын өзгөрүшү; уюмдун бул жүргүзүлүп жаткан иштердин жана көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө же түзүмүнө таасир этиши мүмкүн болгон өзгөрүлүп жаткан жагдайларга, мисалы, демографиянын өзгөрүшүнө же ички же глобалдык экономикалык шарттардын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жөндөмдүүлүгү.
12. Уюмдун финансылык абалы жөнүндө, иштин финансылык натыйжалары жөнүндө, акча агымдары жөнүндө, бюджеттик маалымат, отчеттук мезгил ичинде уюмдун финансылык ишинин жана кызмат көрсөтүү боюнча ишинин натыйжасына таасир эткен негизги фактылар жөнүндө, ошондой эле мындай маалыматты берүүдө жасалган жол берүүлөр жөнүндө, кызмат көрсөтүү боюнча учурдагы жана келечектеги иштер жөнүндө, отчеттук мезгилдеги иштин финансылык эмес натыйжалары жөнүндө, уюмдун максаттары жана милдеттери жөнүндө маалымат, алардын уюмдун ресурстарына болгон келечектеги керектөөлөрүнө жана мындай ресурстарды каржылоонун ыктымалдуу булактарына мүмкүн болгон таасири финансылык отчеттуулукту пайдалануучуларды керектүү маалымат менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
3. Финансылык отчетто камтылган маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрү
13. Финансылык отчеттуулукка камтылган маалымат пайдалануучулар үчүн пайдалуу болушу жана финансылык отчеттуулуктун максаттарына жооп бериши үчүн сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсү зарыл. Сапаттык мүнөздөмөлөрдүн катарына төмөнкүлөр кирет: ылайыктуулук, анык түшүнүк, түшүнүктүүлүк, өз убагындалыгы, салыштырмалуулугу жана текшерилүүчүлүгү.
14. Маалыматты алууда, иштеп чыгууда жана берүүдө келип чыккан чектөөлөрдөн улам бир эле учурда бардык сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү мүмкүн эмес. Финансылык отчеттуулукка камтылган маалыматка карата чектөөлөргө төмөнкүлөр кирет: маанилүүлүк, сарптоо менен пайданын катышы, сапаттык мүнөздөмөлөрдүн ортосундагы тең салмактуулук.
1-§. Ылайыктуулук
15. Уюм тарабынан берилген маалымат, эгерде ал финансылык отчеттуулуктун пайдалануучулары үчүн уюмдун келечектеги ишин болжолдоо үчүн (болжолдоо баалуулугу) жана пайдалануучулар тарабынан уюмдун ишинин мурунку жана учурдагы баалоолорун текшерүү үчүн (тастыктоо баалуулугу) пайдалуу болсо ылайыктуу деп эсептелет.
2-§. Анык түшүнүк
16. Маалымат эгерде мындай маалыматка негизделген окуяны сыпаттоо толук, бейтарап жана олуттуу каталардан алыс болсо, уюмдун ишиндеги окуяларды ишенимдүү чагылдырат.
Окуянын сыпатталышы отчеттуулуктун пайдалануучусу үчүн отчеттуулук жана чечим кабыл алуу максатында финансылык бардык пайдалуу маалыматтарды камтыган учурда толук болот. Окуянын толук сыпатталышы маалыматты иштеп чыгууда жасалган негизги жол берүүлөрдүн сыпатталышын кошкондо сандык, сыпаттык жана түшүндүрүүчү маалыматты камтууга тийиш.
Маалыматтын бейтараптыгы маалыматты тандоо жана берүү алдын-ала аныкталган натыйжага жетүү максатында жүргүзүлбөстүгүн, мисалы, маалымат пайдалануучуга таасир этүү максатын көздөбөйт дегенди билдирет.
Маалыматта олуттуу каталардын жоктугу, окуяны сыпаттоодо каталар же кемчиликтер жок экендигин билдирет, алар өзүнчө же жалпысынан маанилүү жана окуяны сыпаттоо маалыматтын бардык сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ээ.
Маалымат мүмкүн болушунча толук, бейтарап жана катасыз болушу керек.
Ишенимдүү маалымат окуянын маңызын чагылдырат жана сөзсүз түрдө эле окуянын укуктук формасы менен дал келе бербейт.
3-§. Түшүнүктүүлүк
17. Түшүнүктүүлүк - бул маалыматты пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө анын маанисин түшүнүүгө мүмкүндүк берген маалыматтын сапаты. Уюмдун финансылык отчеттуулугундагы маалымат, анын ичинде түшүнүү кыйын болгон маалымат, пайдалануучулардын муктаждыктарына жана билимине жана берилген маалыматтын мүнөзүнө жооп бере тургандай түрдө берилиши керек.
4-§. Өз убагындалыгы
18. Өз убагындалыгы, отчеттуулук жана чечим кабыл алуу максаттарында пайдалуулугун жоготконго чейин, маалыматтын финансылык отчеттуулуктун пайдалануучулары үчүн жеткиликтүүлүгүн билдирет.
5-§. Салыштырмалуулук
19. Салыштырмалуулук - бул финансылык отчеттуулуктун пайдалануучуларына финансылык отчеттуулукта берилген эки маалымат топтомунун окшоштуктарын жана айырмачылыктарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтын сапаты. Окшош эсеп объектилерин эсепте бирдей чагылдырылышы жана финансылык отчеттуулукта бирдей берүү жана ар кандай эсепке алуу объектилерин ар түрдүү чагылдыруу салыштырмалуулукка жетишүүгө өбөлгө түзөт. Уюм тарабынан эсеп саясатын, МБСУФОСто баяндалган талаптарды ырааттуу пайдалануу финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматтардын салыштырмалуулугун жогорулатат. Уюмдун эсепке алуу саясатында өзгөрүүлөр болгон учурда, финансылык отчеттуулуктагы маалыматтын салыштырмалуулугу кошумча ачыктоолордун жана түшүндүрмөлөрдүн эсебинен жетишилет.
6-§. Текшерилүүчүлүк
20. Текшерилүүчүлүк - бул финансылык отчеттуулукта камтылган маалымат уюмдун ишин ишенимдүү чагылдырат деп пайдалануучуларды ынандырууга жардам берген маалыматтын сапаты.
21. Финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматты текшерүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу пайдалануучулардын анын ишенимдүүлүгүнө болгон ынанымын арттырат.
22. Ар кандай, билимдүү жана көз карандысыз маалымат пайдалануучулары толук түрдө эмес болсо да төмөнкүлөр жөнүндө жалпы макулдашууга жетише алышса, анда маалымат текшерилүүчү сапаттык мүнөздөмөгө ээ болот:
- финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматтар уюмдун ишин олуттуу каталарсыз же калыс түрдө чагылдырат; же
- МБСУФОСто баяндалган маалыматты таануу, баалоо же сунуштоо методу олуттуу каталарсыз жана калыс колдонулган.
23. Уюм бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизинде финансылык отчеттуулукту түзүүдө финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн аныктыгын тастыктаган жол-жоболорду жүргүзүүгө тийиш. Мындай жол-жоболорго активдерди жана милдеттенмелерди инвентаризациялоо, көрсөткүчтөрдү кайра эсептөө, тандалма текшерүү кирет, бирок булар менен эле чектелбейт.
24. Эсепке алуу саясаты, бухгалтердик эсептин объекттерин баалоодо жасалган божомолдор жана башка окуялар жөнүндө маалыматты ачып берүү, анын ичинде наркты мүмкүн болгон баалоо диапазону, финансылык отчеттуулуктун мазмунун ачып көрсөтүүчү башка түшүндүрмө маалымат, маалыматтын текшерилишин камсыз кылуу үчүн зарыл.
4.Финансылык отчеттуулукка киргизилген маалыматка чектөөлөр
1-§. Маанилүүлүк
25. Эгерде маалыматты өткөрүп жиберүү же бурмалоо уюмдун отчеттуулук боюнча милдеттерин аткарууга же финансылык отчеттуулуктун негизинде пайдалануучулардын чечим кабыл алуусуна таасир этиши мүмкүн болсо, маалымат маанилүү болуп саналат.
26. Маанилүүлүк ар бир уюмдун конкреттүү жагдайларында бааланган отчеттуулук көрсөткүчүнүн мүнөзүнө да, маанисине да көз каранды.
27. Маалыматтын бул жагдайларда маанилүү экендигин аныктоодо, өткөн же болжолдонгон операциялардын жана окуялардын мүнөзү, мыйзамдуулугу, өзгөрүлмөлүүлүгү, кесепеттери, мындай бүтүмдөргө катышкан тараптар жана аларды жараткан жагдайлар эске алынууга тийиш.
28. МБСУФОС жана аларды пайдалануу боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгууда конкреттүү эсепке алуу саясатын пайдалануунун кесепеттеринин, маалыматтын конкреттүү элементин же тибин даярдоонун же ачуунун методдорунун маанилүүлүгүн кароо зарыл. Финансылык отчеттуулукту даярдоодо уюмдар маанилүүлүктү МБСУФОСтун талаптарына ылайык эске алышат.
2-§. Сарптоолордун жана пайдалардын катышы
29. Финансылык отчеттуулукту берген уюмдар финансылык отчеттуулукту берүүгө байланыштуу чыгымдарды тартышат Финансылык отчеттуулукту пайдалануучулар аны талдоо жана чечмелөө боюнча чыгымдарды тартышат. Керектүү маалымат жок болгон учурда, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды алуучулар жана мамлекеттин иши үчүн зарыл болгон ресурстарды берүүчүлөр зарыл болгон маалыматты алуу үчүн чыгымдарды тартышат.
30. Сарптоолор жана пайдалар катышын чектөөнү пайдалануу, маалымат берүүнүн пайдалары маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо үчүн кеткен сарптоолорду актай аларына баа берүүнү камтыйт.
31. МБСУФОСтун талаптары финансылык отчеттуулуктун пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына жооп бере тургандай, анын ичинде МБСУФОСко киргизилген маалыматтын сапаты, сактоонун артыкчылыктарын жана ага байланыштуу чыгымдарды эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш.
3-§. Сапаттык мүнөздөмөлөрдүн ортосундагы тең салмактуулук
32. Сапаттык мүнөздөмөлөрдүн ортосундагы тең салмактуулук маалыматтын бир эле учурда бардык сапаттык мүнөздөмөлөргө толук шайкеш келишине жетишүү мүмкүн болбогон кырдаалда, сапаттык мүнөздөмөлөрдүн ар бирине маалыматтын дал келүү даражасынын ортосундагы компромиссти табуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
5. Отчет берүүчү уюм
33. Отчет берүүчү уюм бул МБСУФОСтун талаптарына ылайык финансылык отчеттуулукту пайдалануучуларга финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү болгон уюм. Отчет берүүчү уюм пайдалануучуларга финансылык отчеттуулукту берүүдөн түшкөн пайда уюмдун финансылык отчеттуулукту берүүгө кеткен сарптоолорунан ашып кетиши керектигин эске алуу менен тандалат.
34. Отчет берүүчү уюмду тандоодо, отчет берүүчү уюмдун негизги өзгөчөлүктөрү ресурстарды тартуу жана/же пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле финансылык отчеттуулукту пайдалануучулардын болушу экендигин эске алуу керек. Активдердин жана милдеттенмелердин көлөмү, уюмдун коомдогу социалдык жана экономикалык ролу дагы эске алынышы керек. Мисалы, отчет берүүчү уюмдарга республикалык өкмөт, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары кирет.
35. Отчет берүүчү уюм эки же андан көп өзүнчө уюмду камтышы мүмкүн, алар бир эле уюм сыяктуу финансылык отчеттуулукту беришет. Мындай отчет берүүчү уюм топ деп аталат.
6. Финансылык отчеттуулуктун элементтери
36. Финансылык отчеттуулук жалпы экономикалык белгилердин негизинде финансылык отчеттуулуктун элементтери деп аталган класстарга финансылык операцияларды жана окуяларды топтоо жолу менен түзүлөт.
37. Финансылык отчеттун элементтери болуп активдер, милдеттенмелер, кирешелер, чыгымдар, менчик ээлеринин салымдары жана менчик ээлерине төлөмдөр саналат.
1-§. Активдер
38. Актив - өткөн окуялардын натыйжасында уюм тарабынан контролдонуучу, андан келечектеги экономикалык пайданын түшүүсү же пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү күтүлүп жаткан ресурс.
39. Пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү уюмдун ишинин максаттарына ылайык, уюмдун кызмат көрсөтүү процессинде ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн билдирет.
40. Экономикалык пайдалар - бул акча каражаттарынын келип түшүүсү же акча каражаттарын чыгарып салуулардын кыскарышы болуп саналат.
Акча каражаттарынын агылып кирүүсү же акча каражаттарынын агып чыгуусунун кыскарышы, мисалы, активдерди өндүрүштө пайдаланууда, нак акчага сатууда же башка ресурстарга алмаштырууда пайда болушу мүмкүн.
41. Уюмдун максаттарына ылайык товарларды өндүрүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган, бирок түздөн-түз накталай акча каражаттарын түзбөгөн активдер пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алып жүрүүчүлөр катары сүрөттөлөт. Накталай акча каражаттарын түзүү үчүн колдонулган активдер келечекте экономикалык пайда алып келет.
42. Уюм ресурсту мыйзамдуу, уюмдун ишмердүүлүгүнүн максаттарына ылайык, пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн пайда алуу же ресурста камтылган экономикалык пайдаларды алуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо ресурсту контролдойт.
43. Азыркы учурда ресурстарды контролдоонун болушун баалоо, контролдоонун төмөнкү белгилерин баалоого негизделет:
- мыйзамдуу ээлик кылуу;
- ресурска кирүүгө тыюу салуу, же кирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгү;
- уюмдун максаттарына жетүү үчүн ресурсту пайдаланууну камсыз кылууга каражаттардын болушу;
- ресурсту пайдалуу пайдаланууга реалдуу ишке ашырылуучу мүмкүнчүлүктүн болушу же ресурстан келип чыгуучу экономикалык пайдаларды алуу жөндөмдүүлүгү.
44. Натыйжасында уюм азыркы учурда ресурсту контролдоп жаткан өткөн окуяларга акы төлөнүүчү жана кайтарымсыз операциялар, бийлик ыйгарым укуктары, мыйзамда белгиленген укуктар жана башка окуялар кирет.
2-§. Милдеттенмелер
45. Милдеттенме - бул өткөн окуядан келип чыккан жана ресурстардын агып кетишине алып келген уюмдун башка тараптардын алдындагы учурдагы милдети.
46. Учурдагы милдет - бул аткаруу үчүн милдеттүү жана бул милдетти аткарууга байланыштуу ресурстардын агып кетишин болтурбоо мүмкүн эмес болгон милдет. Учурдагы милдет мыйзамдын, тараптардын макулдашуусунун (юридикалык милдет) же башка жол менен (милдеттүү юридикалык күчкө ээ болбогон милдеттер), бирок уюмда милдетти аткаруудан баш тартуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок шартта келип чыгышы мүмкүн.
47. Милдеттенме пайда болушу үчүн, милдет так аныктоону талап кылбаган тышкы тарапка карата болушу керек. Уюм белгилүү бир жүрүм-турумга ниетин ачык билдирсе дагы, анын алдында милдет болушу мүмкүн эмес.
48. Юридикалык милдеттерди аткаруу мыйзам менен камсыз кылынат. Милдеттүү юридикалык күчкө ээ болбогон милдеттер юридикалык милдеттерден айырмаланат, анткени милдети бар тарап мажбурлап жөнгө салуу үчүн мыйзамдуу (же эквиваленттүү) чараларды көрө албайт.
49. Милдеттенмелердин келип чыгышына алып келген милдеттүү юридикалык күчкө ээ болбогон милдеттер төмөнкү мүнөздөмөлөрдүн бардыгына ээ болушу керек:
- уюм башка тараптарга өткөн практикадан калыптанып калган үлгүлөрдү, ниеттерди жарыялоо же белгилүү бир милдеттерди кабыл алуу үчүн жетиштүү конкреттүү учурдагы билдирүү жасоо аркылуу кээ бир милдеттерди кабыл аларын көрсөттү;
- мындай демонстрациянын натыйжасында уюм башка тараптардан кабыл алынган милдеттерди аткарат деген негиздүү үмүт жаратты; жана
- уюмдун ресурстарды чыгарып салуудан башка милдетти жөнгө салуудан качууга дээрлик мүмкүнчүлүгү жок.
3-§. Таза активдер
50. Таза активдер - Финансылык абал жөнүндө отчетто таанылган уюмдун активдери менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма.
4-§. Кирешелер жана чыгымдар
51. Кирешелер - бул менчик ээлеринин салымдарына байланыштуу өсүштү кошпогондо, уюмдун таза активдеринин өсүшү.
52. Чыгымдар - бул менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөрдүн натыйжасында келип чыккан азаюуну кошпогондо, уюмдун таза активдеринин азайышы.
5-§. Мезгил ичиндеги профицит же тартыштыгы
53. Мезгил ичинде уюмдун профицити же тартыштыгы - бул Финансылык натыйжалар жөнүндө отчетто чагылдырылган мезгил ичиндеги уюмдун кирешелери менен чыгымдарынын ортосундагы айырма.
6-§. Менчик ээлеринин төгүмдөрү жана менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөр
54. Менчик ээлеринин салымдары - бул уюмдун таза активдериндеги менчик ээлеринин үлүшүн түзүүгө же көбөйтүүгө алып келүүчү, уюмдун менчик ээлери тарабынан берилүүчү уюмга агып кирүүчү ресурстар.
55. Менчик ээлеринин пайдасына төлөмдөр - бул уюмдун таза активдериндеги менчик ээлеринин үлүшүнүн азайышына алып келүүчү, уюмдун менчик ээлерине кайтарылган ресурстардын уюмдан чыгып кетиши.
7. Финансылык отчеттуулукту таануу
56. Таануу - бул элементтин аныктамасын канааттандырган бухгалтердик эсептин объектисине ылайык келген наркты жана башка мүнөздөмөлөрдү бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка киргизүү жана сапаттык мүнөздөмөлөргө жетишилгендей жана финансылык отчеттуулукка киргизилген маалыматка чектөөлөр эске алынгандай ченелиши мүмкүн.
57. Уюмдагы объектти бухгалтердик эсептин объектиси катары таануунун критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
- объекттин МБСУФОСто белгиленген эсепке алуу объектисинин аныктамасына ылайык келиши;
- бухгалтердик эсептин объектисинин элементтин аныктамасына дал келиши; жана
- бухгалтердик эсептин объектисинин наркын сапаттык мүнөздөмөлөргө жетишилгендей жана финансылык отчеттуулуктагы маалыматка чектөөлөр эске алынгандай баалоо мүмкүнчүлүгү.
58. Бухгалтердик эсептин объекттерин таануу критерийлерине жооп берген бардык объекттер финансылык отчеттуулукта таанылат. Бухгалтердик эсептин объектиси жөнүндө маалыматты эскертүүлөрдө, түшүндүрмөлөрдө же башка жол менен, финансылык отчетто тааныбастан ачып берүү бухгалтердик эсептин объектисин таануу болуп саналбайт.
59. Бухгалтердик эсептин объектисинин элементтин аныктамасына шайкештигин баалоодо жана объекттин наркын баалоодо келип чыккан белгисиздиктер ар бир отчеттук дата боюнча бааланат.
Бухгалтердик эсептин объектисинин наркын баалоо ушул концептуалдык негиздерде баяндалган ыкмалардын негизинде жүргүзүлөт.
60. Бухгалтердик эсеп объекттеринин наркын баалоону пайдалануу эсептөө методунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Баалоонун ылайыктуулугу жана ишенимдүү сунуштоо баалоонун бардык мүмкүн болгон натыйжаларын (жыйынтыктардын диапазонун) карап чыгуу жана баалоодо жасалган баалоо методдору жана божомолдору жөнүндө маалыматты ачуу аркылуу жетишилет.
61. Элементтин аныктамасын жарым-жартылай канааттандырган же финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрү менен бааланбай турган объектилерди ачыкка чыгаруу мындай маалымат уюмдун таза активдерине таасир этиши мүмкүн болгон учурда ылайыктуу.
62. Таанууну токтотуу - таануу критерийлерин канааттандыруу максатында объекттин мурунку отчеттук датасынан тартып болгон жана объектти бухгалтердик эсептен жана финансылык отчеттуулуктан чыгаруу зарылдыгын тастыктаган баалоо процесси.
8. Финансылык отчеттуулуктагы активдерди жана милдеттенмелерди баалоо
63. Финансылык отчеттуулуктагы активдердин жана милдеттенмелердин наркын баалоо, финансылык отчеттуулуктун максаттарына жетишине эң жакшы өбөлгө түзгөн, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын, уюмдун операциялык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эң адилеттүү чагылдырган жана финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келүүнү эң жакшы камсыздаган наркты баалоо методунун негизинде жүргүзүлөт.
64. Наркты баалоо методун тандоодо уюм баалоо методун пайдалануунун натыйжасынын маалыматка коюлган чектөөлөрдү эске алуу менен финансылык отчеттуулукка киргизилүүчү маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө шайкештигин эске алууга тийиш.
65. Концептуалдык негиздердин деңгээлинде финансылык отчеттуулуктун максатына туура келген наркты баалоонун бирдиктүү методун аныктоо мүмкүн эмес. Активдердин жана милдеттенмелердин наркын баалоо методдору тарыхый же учурдагы наркка, кабыл алуудагы наркына же чыгарып салуудагы наркына негизделиши мүмкүн.
Активдер үчүн кабыл алуу наркы, аларды сатып алуу наркын чагылдырат. Мисалы, тарыхый наркы жана алмаштыруу наркы - бул кабыл алуу наркы. Активдерди чыгарып салуудагы нарк, активдерди сатуудан алынган экономикалык пайданы чагылдырат. Чыгарып салуудагы наркы, ошондой эле активди пайдалануудан алынуучу сумманы чагылдырат.
Милдеттенмелер үчүн кабыл алуу наркы, уюм милдетти кабыл алган операцияны же уюм милдеттенмени кабыл алууга макул болгон сумманы билдирет. Милдеттенмелер үчүн чыгарып салуу наркы, уюмдун милдетин аткарышы үчүн зарыл болгон сумманы же уюмду милдеттен бошотуу үчүн зарыл болгон сумманы чагылдырат.
Баалоо методдору рыноктук нарк маалыматын колдоно алат. Ачык, активдүү жана уюшкан рынокто алынган маалымат, балким, рыноктук нарктын ишенимдүүрөөк баасын берет.
66. Финансылык отчеттуулуктагы активдердин наркын баалоо методдору болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- активдин тарыхый наркы методу;
- активдин учурдагы наркын баалоо методдору:
- активдин рыноктук наркы методу;
- активдерди алмаштыруу наркы методу;
- активди сатуунун таза баасы методу;
- активди пайдалануунун баалуулугу методу.
67. Финансылык отчеттуулуктагы милдеттенмелердин наркын баалоо методдору болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- милдеттенменин тарыхый наркы методу;
- милдеттенменин учурдагы наркын баалоо методдору:
- милдеттенменин аткарылышынын наркынын методу;
- милдеттенменин рыноктук наркы методу;
- милдеттенмени өткөрүп берүү наркы методу;
- милдеттенмени кабыл алуу баасы методу.
68. Рыноктук маалыматты колдонбогон наркты баалоо методдору уюмга мүнөздүү өзгөчө баалоо методдору болуп саналат. Баалоо методунун өзгөчөлүгү наркты баалоо уюмдун шарттарын жана ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырат дегенди билдирет. Уюм үчүн өзгөчө мүнөздүү же өзгөчө мүнөздүү эмес маанини пайдалануу жөнүндө чечим баалоо жана сапаттык мүнөздөмөлөрдүн максатына жараша кабыл алынат.
9. Активдердин наркын баалоо методдору
1-§. Активдин тарыхый наркы методу
69. Активдин тарыхый наркы методунда активдин наркын баалоо үчүн анын тарыхый наркы колдонулат.
Активдин тарыхый наркы - бул уюмдун активди сатып алууга же иштеп чыгууга сарпталган ресурстарын камтыган активди сатып алуу же иштеп чыгуу наркы.
70. Активдин тарыхый наркы кабыл алынган учурдагы активдин наркын чагылдырат. Тарыхый нарк методунун негизинде активдин наркын баалоодо, активдин наркын баалоо өзгөрбөйт. Пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү же экономикалык пайда алуу жөндөмдүүлүгү пайдалуу пайдалануу мөөнөтү ичинде керектелүүчү активдин наркы отчеттук мезгилдин чыгымдарына баасынын түшүүсү же амортизация түрүндө бөлүштүрүлөт.
71. Баасынын түшүүсү - бул экономикалык же башка шарттардын өзгөрүшүнө байланыштуу, бирок активди керектөө менен байланышпаган, активден пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн же экономикалык пайда алуу жөндөмдүмдүүлүгүнүн азайышына нарктык баа берүү.
72. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын баалоодо, тарыхый нарк методу менен бааланган активдердин наркын баалоодо пайдалануу менен өздүк нарк маалыматынын болжолдуу баалуулугу төмөндөй турганын эске алуу керек.
73. Уюмдун операциялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоодо төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
- тарыхый нарк боюнча кайтарымдуу операциянын натыйжасында сатылып алынган активдин наркын баалоо болжолдуу баалуулукка ээ жана учурдагы нарктын мүмкүн болгон минималдуу баасын берет;
- бүтүмдүн баасы, кайтарымсыз операцияда сатылып алынган актив үчүн тастыктоочу же болжолдуу баалуулукка ээ эмес.
74. Уюмдун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн баалоодо, эгерде ал чыгарып салууда активдин наркынын учурдагы маанисинен олуттуу айырмаланбаса, активдин тарыхый наркы күрөө наркын баалоо үчүн, ошондой эле сатуудагы наркты баалоо үчүн колдонулушу мүмкүн экенин эске алуу керек.
75. Активдин тарыхый наркын баалоо методун пайдалануу, ар кандай мезгилдерде сатылып алынган активдер үчүн маалыматтын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.
76. Тарыхый нарк методунда пайдаланылуучу активдин наркын түзүүчүлөрдү баалоо, мисалы, кошумча чыгымдарды бөлүштүрүү наркына кошуу; орточо өздүк нарк методу боюнча эсепке алынган запастардын наркы; кандайдыр бир компоненттердин наркын баалоо; маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайык келүү даражасын төмөндөтөт.
10. Активдердин учурдагы наркын баалоо методдору
1-§. Активдин рыноктук наркы методу
77. Активдин рыноктук наркы методунда баалоо үчүн негизги маалымат катары активдин рыноктук наркы колдонулат.
Активдин рыноктук наркы - бул жакшы кабардар болгон, мындай бүтүм жасоону каалаган жана бири-биринен көз карандысыз тараптардын ортосунда бүтүм жасалганда, активди алмаштырууга мүмкүн боло турган сумма.
78. Активдин рыноктук наркы ачык, активдүү жана уюшкан рыноктон алынган маалыматтын негизинде аныкталганда, финансылык отчеттун пайдалануучулары үчүн пайдалуу маалыматты берет.
Ачык, активдүү жана уюшкан рынок төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ:
- ачыктык - рынокто операцияларды ишке ашыруу үчүн тоскоолдуктардын жоктугу;
- активдүүлүк - операциялар тез-тез болуп турат жана баалар жөнүндө маалымат берүү үчүн жетиштүү көлөмгө ээ;
- уюшкандык - эч кандай мажбурлоосуз аракеттенген, жакшы кабардар болгон көп сандагы сатып алуучулар менен сатуучулардын болушу.
79. Ачык, активдүү жана уюшкан рыноктон маалымат жок болгон учурда, кабыл алуу баасынын же чыгарып салуу баасынын пайдалуулугун баалоо зарыл. Учурдагы нарк, чыгарып салуудагы баасынын негизинде, соода үчүн кармалып турган активдер үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Адистештирилген активдер үчүн, кабыл алуудагы баасына негизделген наркты баалоо, уюм үчүн активдин баалуулугун жакшыраак чагылдырат.
80. Рыноктук маалыматтардын сапаты төмөндөгөн сайын маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келүү азаят. Ачык, активдүү жана уюшкан рыноктор жок болгон учурда, мисалы, уникалдуу товарлар рыногунда, рыноктук нарк учурдагы рынок шарттарында рыноктун катышуучуларынын ортосундагы бүтүмдүн болжолдуу баасы менен аныкталышы мүмкүн.
81. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын баалоодо, активдин рыноктук наркы методун пайдаланууда, өздүк нарк рыноктук наркка негизделген активди пайдалануу наркын баалоого негизделээрин эске алуу керек. Бюджеттик уюмдар үчүн базар баасы боюнча кызмат көрсөтүү мүнөздүү эмес. Бул активдин рыноктук наркына негизделген баалоонун пайдалуулугуна чектөө киргизет.
82. Ачык, активдүү жана уюшкан рыноктордон алынган маалыматтар финансылык отчетто камтылган маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келет. Мындай маалымат уюмга отчеттук датага карата мүлктү рыноктук наркы боюнча (жана андан ашык эмес) сатуу боюнча ишенимди камсыз кылат. Ушуга байланыштуу, активдин рыноктук наркы методун пайдаланууда, эсепке алууда актив сатылганга чейинки ар бир отчеттук датага карата нарктын өзгөрүүлөрүн таануу зарыл.
83. Уюмдун операциялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоодо, эгерде чыгарып салуу учурунда активдин рыноктук наркы анын тарыхый наркынан кыйла төмөн болсо, анда рыноктук нарк мындай активдин тарыхый наркына караганда анча ылайыктуу болбой тургандыгын эске алуу керек. Мындай рыноктук нарк учурдагы кабыл алуу наркына негизделген баалоолорго караганда анча маанилүү эмес болушу мүмкүн.
84. Финансылык мүмкүнчүлүктөрдү баалоодо, активдин рыноктук наркы, сатууда активдин наркы жөнүндө пайдалуу маалымат берет.
2-§. Активди алмаштыруу наркы методу
85. Активди алмаштыруу наркы методунда, учурдагы активдин наркын баалоо үчүн, учурдагы активдин учурдагы пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алмаштырган окшош активдин наркы колдонулат.
Активди алмаштыруу наркы - бул уюм отчеттук датага карата активди пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алмаштыруусу үчүн зарыл болгон кыйла үнөмдүү сарптоолор (уюм пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүнүн аягында активди сатуудан ала турган сумманы кошкондо).
86. Активдерди алмаштыруу наркы төмөнкүлөрдү эске алат: уюмдун өзгөчөлүктөрү, мисалы, анын масштабы; кадимки иш учурунда активди сатып алуу жана алмаштыруу менен байланышкан сарптоолору; активдин учурдагы пайдалуу пайдалануу сапаттарын сактоо менен чыгымдарды оптималдаштыруу.
87. Кызмат көрсөтүүнүн наркын баалоодо, активди алмаштыруу наркы методу кызмат көрсөтүүнүн учурдагы наркын туура баалоону, активдин ордун толтуруу наркын учурдагы баалоону жана демек, ушундай эле баалоо методун колдонгон башка уюмдар менен салыштыруу үчүн пайдалуу негизди камсыз кыларын эске алуу керек. Активди алмаштыруу наркы методу тарыхый нарк методуна салыштырмалуу болжолдуу маалыматты так берет.
88. Операциялык мүмкүнчүлүктөрдү баалоодо, активдерди алмаштыруу наркы методу ресурстардын наркынын пайдалуу колдонулушуна учурдагы жана болжолдуу туура баа берерин эске алуу керек.
89. Финансылык мүмкүнчүлүктөрдү баалоодо, активдерди алмаштыруу наркы методу активдердин мүмкүн болгон сатуу баасы жөнүндө маалыматты камтыбай тургандыгын эске алуу керек.
90. Активди алмаштыруунун наркы методу айрым учурларда пайдалануу үчүн татаал, ал субъективдүү кесиптик ой-пикирлерди колдонгондуктан, берилген маалыматтын аныктыгын, түшүнүктүүлүгүн, текшерилүүчүлүгүн төмөндөтөт.
3-§. Активди сатуунун таза баасы методу
91. Активди сатуунун таза баасы методу, учурдагы активдин наркын баалоо үчүн, сатуу чыгымдарын алып салгандан кийинки активдин сатуу баасын колдонот.
Активди сатуунун таза баасы - бул сатуу чыгымдарын алып салгандан кийин, ага жеткиликтүү болгон ыкма менен активди сатуудан уюм ала турган сумма.
92. Активди сатуунун таза баасы рыноктук нарктан ачык, активдүү жана уюшкан рынокту же мындай рынокто бааны болжолдоону талап кылбаганы жана сатууга кеткен чыгымдарды камтыгандыгы менен айырмаланат. Ошентип, Активди сатуунун таза баасы сатууга чектөөлөрдү чагылдырат. Активди сатуунун таза баасы методу уюмга мүнөздүү болгон активдин наркынын баалоосун берет.
93. Активди сатуунун таза баасы методу, эгерде уюм активди башка жол менен, мисалы, аны кызмат көрсөтүү үчүн пайдалануу жолу менен, өз ресурстарын натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, наркты баалоо үчүн ылайыктуу эмес.
94. Активди сатуунун таза баасы методу ресурстарды пайдалануу боюнча жеткиликтүү, эң натыйжалуу иш-аракет активди сатуу болгон жерде уюм үчүн пайдалуу.
95. Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизилген активдин наркы пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн наркын чагылдырбай, активди сатуудан алынышы мүмкүн болгон сумманы гана чагылдыргандыгына байланыштуу, активди сатуунун таза баасы методун кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркын баалоодо пайдаланууга туура келбестигин эске алуу керек.
96. Операциялык мүмкүнчүлүктөрдү баалоодо, активди сатуунун таза баасы методу операциялык мүмкүнчүлүктөрдү баалоо үчүн пайдалуу маалымат бербестигин эске алуу керек, анткени ал активдин пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн наркын эмес, активди сатуудан алынышы мүмкүн болгон сумманы көрсөтөт.
97. Финансылык мүмкүнчүлүктөрдү баалоодо, активди сатуунун таза баасы методу сатуу учурунда активдин наркы жөнүндө пайдалуу маалымат берерин, бирок активдерди пайдалуу пайдалануудагы баалуулуктарды баалоо үчүн пайдалуу маалыматты бербестигин эске алуу керек.
98. Активди сатуунун таза баасы, адатта, түшүнүктүү маалыматты берет. Сатуунун таза баасы методун пайдалануу ылайыктуу болгон көпчүлүк учурларда, анык түшүнүк, текшерилүүчүлүк жана өз убагындалыгы сапаттык мүнөздөмөлөрүнө жетишилет.
4-§. Активди пайдалануунун баалуулугу методу
99. Активди пайдалануунун баалуулугу методу, учурдагы активдин наркын баалоо үчүн, активди пайдалануунун баалуулугу колдонулат.
Активди пайдалануунун баалуулугу - бул активдин калган пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн же экономикалык пайда алуу мүмкүнчүлүгүнүн дисконттолгон наркы жана сатуу чыгымдарын алып салганда уюмдун пайдалуу мөөнөтүнүн аягында сатуудан ала турган суммасы.
100. Пайдалануу баалуулугу методун пайдалануу үчүн маалыматтын чектелген жеткиликтүүлүгүнөн жана башка жеткиликтүү баалоо методдору бар экендигинен улам, наркты анын негизинде баалоо алмаштыруу наркынан аз жана сатуунун таза баасынан жогору болгондо колдонулат.
101. Акысыз же символикалык акы төлөө менен кызмат көрсөтүү максатында уюмдар активдерге ээ болгондугуна байланыштуу, активди пайдалануунун баалуулугу методун пайдалануу акча каражаттарынын күтүлүп жаткан агымдары жөнүндө зарыл маалыматтын жоктугунан улам татаалдашат.
102. Операциялык мүмкүнчүлүктөрдү баалоо үчүн, ыкма уюмдун алмаштырылгыс активдери көп болгондо колдонулат, бирок аларды пайдалануу баалуулугу сатуунун таза баасынан жогору болот, мисалы, уюм келечекте кызмат көрсөтүүнү токтоткону жатса, бирок токтоосуз сатуудан түшкөн киреше активдерде камтылган пайдалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн аз болот. Пайдалануу баалуулугу методунун чектелген колдонулушу анын финансылык мүмкүнчүлүктөрдү баалоого ылайыктуулугун төмөндөтөт.
103. Активди пайдалануунун баалуулугу методу пайдалануунун чектелгендигинен улам көпчүлүк учурларда маалыматтын берилишинин аныктыгын, ошондой эле маалыматтын башка сапаттык мүнөздөмөлөрүн төмөндөтөт.
11. Милдеттенмелердин наркын баалоо методдору
1-§. Милдеттенменин тарыхый наркы методу
104. Милдеттенменин тарыхый наркы методунда, милдеттенменин наркын баалоо үчүн, анын тарыхый наркы колдонулат.
Милдеттенменин тарыхый наркы - бул милдеттенмени өзүнө алгандыгы үчүн акча каражаттары же алардын эквиваленттеринде алынган сыйлык же милдеттенмени өзүнө алган учурда алынган башка сыйлыктын наркы.
105. Милдеттенменин наркын тарыхый нарк методунун негизинде баштапкы баалоо убакыттын өтүшү менен акчанын наркын, каржылык чыгымдарды эсепке алуу үчүн жөнгө салынышы мүмкүн.
106. Убакыттын өтүшү менен акчанын наркын эсепке алуу үчүн, милдеттенмени эсепке алганда, милдеттенме боюнча келечектеги төлөмдөрдүн өлчөмү дисконттолот, ошондуктан милдеттенмени алгачкы таануу учурунда анын наркы алынган сумманы билдирет. Келечектеги төлөмдүн суммасы менен милдеттенменин дисконттолгон наркынын ортосундагы айырма милдеттенменин мөөнөтү ичинде амортизацияланат, ошондо мөөнөттүн аягындагы милдеттенме төлөө наркы боюнча эсепке алынат.
107. Милдеттенмелердин наркын баалоо үчүн тарыхый нарк методунун колдонулушун баалоодо, бул ыкма кайтарымсыз операциялардан келип чыккан милдеттенмелерди жана наркы өзгөрүшү мүмкүн болгон милдеттенмелерди баалоо үчүн пайдалуу маалыматтарды бербестигин эске алуу керек.
2-§. Милдеттенменин аткарылышынын наркы методу
108. Милдеттенменин аткарылышынын наркы методунда, милдеттенменин наркын баалоо үчүн, милдеттенменин аткарылышынын наркы колдонулат.
Милдеттенменин аткарылышынын наркы - бул уюм өзүнө алган милдеттенмелер боюнча милдеттерди аткарууда тарткан эң аз сарптоолор.
109. Милдеттенмени аткаруунун наркы милдеттерди аткаруунун бардык мүмкүн болгон, эң натыйжалуу варианттарын эске алат. Милдеттенмени финансылык эмес аткарууда уюм мүмкүн болгон пайданы эске албастан, өздүк нарктын негизинде аткаруу наркын баалайт.
110. Аткаруу мөөнөтү маанилүү болгон милдеттенмелер үчүн, отчеттук датага карата милдеттенменин наркын чагылдыруу үчүн, акча агымдары дисконттолууга тийиш.
111. Милдеттенменин аткарылышынын наркы методу, адатта, төмөнкү учурларды эске албаганда, бардык милдеттенмелерди баалоо үчүн колдонулат:
- милдеттенмелер боюнча уюм аткаруу наркынан азыраак сумма боюнча милдеттенмеден бошотулушу мүмкүн. Мындай учурда, милдеттенмеден бошотуунун наркы милдеттенменин учурдагы көлөмүнө ылайыктуу баа болуп саналат; жана
- сыйлык катары кабыл алынган милдеттенмелерден. Мындай учурда, кабыл алуу баасы аткаруу наркынан жана бошотуу наркынан жогору болгон учурда, кабыл алуу баасы ылайыктуу болушу мүмкүн.
3-§. Милдеттенменин рыноктук наркы методу
112. Милдеттенменин рыноктук наркы методунда, милдеттенменин наркын баалоо үчүн, милдеттенменин рыноктук наркы колдонулат.
Милдеттенменин рыноктук наркы - жакшы кабардар болгон, мындай бүтүм жасоону каалаган жана бири-биринен көз карандысыз тараптардын ортосунда бүтүм жасалганда, милдеттенме жөнгө салынышы мүмкүн болгон сумма.
113. Милдеттенменин наркын баалоодо милдеттенменин рыноктук наркы методу, милдеттенменин наркы ачык, активдүү жана уюшкан рынокто келтирилген чендин, баанын же индекстин өзгөрүшүнө байланыштуу болгондо колдонулушу мүмкүн. Милдеттенмени өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү чектелген жана мындай өткөрүп берүү мүмкүн болгон шарттар түшүнүксүз болгон учурларда, рыноктук нарк методу колдонулбайт.
4-§. Милдеттенмени өткөрүп берүүнүн наркы методу
114. Милдеттенмени өткөрүп берүү наркы методунда, милдеттенменин наркын баалоо үчүн, милдеттенмени өткөрүп берүү наркы колдонулат.
Милдеттенмени өткөрүп берүү наркы - бул кредитор өз талабын канааттандырганда кабыл ала турган же үчүнчү жак карыз тараптан милдеттенмени кабыл алгандыгы үчүн талап кыла турган сумма.
115. Милдеттенмени өткөрүп берүү наркынын методунун колдонулушун баалоодо, көп учурда, мисалы, келишимде милдеттенмелерди өткөрүп берүү боюнча чектөөлөр болгондо же милдеттенмени өткөрүп берүү уюмдун кадыр-баркына зыян келтире турган болсо, милдеттенмени өткөрүп берүү мүмкүн эместигин эске алуу керек.
116. Милдеттенмени өткөрүп берүүнүн наркы методу, ресурстар жагынан эң натыйжалуу иш-аракет милдетти токтоосуз өткөрүп берүүнү издөө болгондо гана, ылайыктуу болот. Тактап айтканда, аткаруунун наркы өткөрүп берүү наркынан төмөн болгондо, аткаруунун наркы өткөрүп берүү наркына караганда ылайыктуу маалыматты берет.
5-§. Милдеттенмени кабыл алуу баасы методу
117. Милдеттенмени кабыл алуу баасы методунда, милдеттенменин наркын баалоо үчүн, милдеттенмени кабыл алуу баасы колдонулат.
Милдеттенмени кабыл алуу баасы - бул уюм үчүн негизделген сумма, анын ордуна уюм учурдагы милдеттенмени кабыл ала алат.
118. Эгерде милдеттенме акысыз операциянын натыйжасында келип чыкса, анда кабыл алуу баасы - бул анын ордуна уюм милдеттенмени кабыл алууга мүмкүн боло турган нарк.
119. Потенциалдуу милдеттенмени аткаруунун наркы кабыл алуу баасынан жогору болгондо, мисалы, келтирилген зыяндын жана жоготулган пайданын ордун толтуруу талап кылынганда, милдеттенмени кабыл алуу баасы милдеттенменин наркына ишенимдүү баа бере албайт.
12. Финансылык отчеттуулукту берүү
120. Финансылык отчеттуулукту берүү - бул финансылык отчеттуулукта расмий түрдө берилген жана финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматтын чектөөлөрүн эске алуу менен маалыматтын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келген маалыматты тандоо, жайгаштыруу жана уюштуруу.
121. Маалыматты тандоо, жайгаштыруу жана уюштуруу боюнча чечимдер маалыматты пайдалануучулардын муктаждыктарына ылайык кабыл алынат.
Маалымат берүү боюнча чечимдер төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- жаңы финансылык отчеттуулук иштеп чыгууга, отчеттордун ортосунда маалыматтын жылышына же учурдагы отчеттордун биригишине алып келиши мүмкүн; же
- финансылык отчеттуулуктун алкагында маалыматты тандоо, жайгаштыруу жана уюштуруу боюнча деталдуу чечимдер болушу керек.
122. Кыргыз Республикасында финансылык отчеттуулукту берүүнүн расмий тилдери болуп кыргыз жана орус тилдери саналат. Зарыл болгон учурда каржылык отчеттуулук башка тилге которулат.
123. Финансылык отчеттуулукта берилген маалымат чагылдыруу үчүн маалымат жана ачыкка чыгаруу үчүн маалымат болуп бөлүнөт.
124. Чагылдыруу үчүн маалымат Финансылык абал жөнүндө отчет, Финансылык натыйжалар жөнүндө отчет, Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, Таза активдердин өзгөрүшү жөнүндө отчет, Бюджеттик маалымат менен берилет.
Чагылдыруу үчүн маалымат, финансылык отчеттун эскертүүлөрүндө камтылган ачыкка чыгаруу маалыматтарына шилтемелерди камтыйт.
125. Ачыкка чыгаруу үчүн маалымат, деталдардаштыруу менен, чагылдырылуучу маалыматты көбүрөөк пайдалуу кылат жана пайдалануучуларга чагылдыруу үчүн маалыматты түшүнүүгө жардам берет.
126. Ачыкка чыгаруу үчүн маалымат финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө көрсөтүлөт.
Финансылык отчеттуулукка карата Эскертүүлөрдө пайдалануучулардын финансылык отчеттуулукту түшүнүүсү үчүн зарыл болгон маалыматтар ачыкталат; чагылдыруу үчүн маалыматтар деталдаштырылат; уюмдун иши жана учурдагы тышкы шарттар жөнүндө маалыматтар ачыкталат; финансылык отчеттуулукту пайдалануучулар үчүн башка пайдалуу маалыматтар.
Ошондой эле, финансылык отчеттуулукка карата Эскертүүлөрдө колдонулуучу эсепке алуу саясаты жөнүндө, финансылык отчеттуулуктун элементинин аныктамасына толук ылайык келбеген объекттер жөнүндө, таануу критерийлерине ылайык келбеген объекттер жөнүндө маалыматтар ачылып берилет.