Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна) |
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" 2-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" 2-стандарты (мындан ары - 2-МБСУФОС) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун "Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет" эл аралык 2-стандартынын (мындан ары - 2-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 2-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонулууга милдеттүү.
3. 2-МБСУФОС Кыргыз Республикасынын уюмдары тарабынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту берүү тартибин белгилейт. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетто финансылык, инвестициялык жана операциялык иш боюнча акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин түшүү булактары жана чыгымдоо багыттары, ошондой эле отчеттук мезгилдин башына жана аягына карата акча каражаттарынын, алардын эквиваленттеринин калдыктары жөнүндө маалыматтар камтылган.
4. МБСУФОСтун талаптарына, Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү жана финансылык отчеттуулукту берүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык даярдалган жана берилген жалпы багыттагы жеке жана бириктирилген финансылык отчеттуулукту түзүүдө 2-МБСУФОС колдонулат.
2. Аныктамалар
5. Ушул 2-МБСУФОСто төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) акча каражаттары - накталай жана накталай эмес акча каражаттары, анын ичинде талап кылынганга чейин Кыргыз Республикасынын валютасында жана чет өлкөлүк валютада депозиттер;
2) акча каражаттарынын эквиваленттери - акча каражаттарынын алдын ала белгилүү суммаларына жеңил айланган жана алардын наркынын өзгөрүүсүнүн кичинекей тобокелчилигине дуушар болгон кыска мөөнөттүү жогорку өтүмдүү инвестициялар;
3) акча агымдары - акча каражаттары менен алардын эквиваленттеринин ортосундагы кыймылдардан тышкары акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин түшүүлөрү жана төлөөлөрү.
Финансылык иш зайым каражаттарынын өлчөмүнө жана курамына өзгөртүүлөргө алып келген чарбалык операцияларды, ошондой эле менчик ээлеринин төгүмдөрүн жана уюмдардын менчик ээлерине төлөөлөрдү камтыйт.
Инвестициялык иш узак мөөнөттүү активдерди жана акча каражаттарынын эквиваленттерине кирбеген башка инвестицияларды сатып алуу же сатуу менен байланышкан чарбалык операцияларды камтыйт.
Операциялык иш уюм тарабынан негизги функцияларды ишке ашырууга байланышкан жана инвестициялык же финансылык ишке кирбеген чарбалык операцияларды камтыйт.
Акча каражаттарынын эквиваленттерине жогорку өтүмдүү, акча каражаттарына оңой айланган, наркын жоготпогон үч айдан кем эмес тындыруу (кайтарып берүү) мөөнөтү менен баалуу кагаздар жана депозиттер кирет.
6. Башка МБСУФОСдо аныкталган терминдер ушул 2-МБСУФОСто башка МБСУФОСтогу ошол эле мааниде колдонулат.
3. Акча агымдарынын классификациясы
7. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет операциялык, инвестициялык жана финансылык иштен алынган агымдар боюнча отчеттук мезгилде акча агымдары жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
8. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту толтуруу формасы жана тартиби Финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн түзүү боюнча методикалык сунуштарда белгиленет. Уюм иштин мүнөзүнө, уюмдардын эсепке алуу саясатына ылайык, эсепке алуу маалыматтарынын, финансылык отчеттуулуктун бекитилген формаларынын, аларды толтуруу боюнча Методикалык сунуштардын негизинде акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчеттун көрсөткүчтөрүн түзөт, ошондой эле зарыл болгон учурда акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетто берилген финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдөгү беренелерди ачып берет.
1-§. Операциялык иш
9. Операциялык иштен алынган акча агымдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- салыктар, мамлекеттик социалдык камсыздандырууга төгүмдөр, алымдар жана айып пулдар түрүндө акча каражаттарынын түшүүлөрү;
- бюджеттик жана бюджеттер аралык трансферттер, чет мамлекеттерден алынган трансферттер, уюмдарга жана жеке жактарга трансферттер түрүндө акча каражаттарынын түшүүсү/берилиши;
- мамлекеттик мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттары;
- уюм тарабынан берилүүчү ижара, товарлар, кызматтарды көрсөтүү үчүн төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын түшүүлөрү;
- башка салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү;
- субсидиялардын, гранттардын, кайрымдуулуктардын түшүүлөрү жана кайтарымсыз түшүүлөр;
- чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча операциялар мезгилиндеги жыйынтык;
- кайра сатуу максаты менен сатылып алынган баалуу кагаздарды сатуудан түшүүлөр;
- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн берүүчүлөргө акчалай төлөмдөр;
- кызматкерлерге, анын ичинде социалдык камсыздандырууга төгүмдөрдү (чегерүүлөрдү) төлөөгө байланышкан акчалай төлөмдөр;
- пенсияларды, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөпулдарды, стипендияларды төлөө;
- салыктарды жана жыйымдарды төлөө, бюджетке төлөмдөр боюнча башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча чыгуулар;
- уюмдардын негизги иши менен байланышкан жана уюмдардын эсепке алуу саясатында белгиленген башка түшүүлөр жана чыгуулар;
- түздөн-түз классификацияланууга мүмкүн болбогон акча агымдары операциялык иштер боюнча акча агымдарына кирет. Түздөн-түз классификациялана албаган акча агымдары жөнүндө маалымат уюмдардын эсепке алуу саясатында ачыкка чыгарылат.
2-§. Инвестициялык иш
10. Инвестициялык иштен түшкөн акча агымдары төмөндө көрсөтүлгөн түрлөр боюнча өзүнчө берилет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- негизги каражаттарды, материалдык эмес активдерди жана башка узак мөөнөттүү активдерди сатып алууга же түзүүгө байланыштуу чыгуу;
- негизги каражаттарды, материалдык эмес активдерди жана башка узак мөөнөттүү активдерди сатууга байланыштуу түшүүлөр;
- башка уюмдардын үлүштүк же карыздык инструменттерин, биргелешкен ишке катышуу үлүштөрүн сатып алууга байланыштуу чыгуу (акча каражаттарынын эквиваленттерине кирген финансылык инструменттер же сатууга арналган финансылык инструменттер үчүн төлөмдөрдөн тышкары);
- башка уюмдардын үлүштүк же карыздык инструменттерин жана биргелешкен ишке катышуу үлүштөрүн сатуудан түшкөн акча каражаттарынын түшүүлөрү (акча каражаттарынын эквиваленттерине кирген финансылык инструменттер же сатууга арналган финансылык инструменттерден түшүүлөрдөн тышкары);
- башка уюмдардын үлүштүк же карыздык инструменттери жана биргелешкен ишке катышуу үлүштөрү боюнча кирешелердин түшүүсү;
- мурда берилген зайымдар боюнча чыгуу;
- мурда берилген зайымдарды кайтаруу;
- депозитке каражаттарды 3 айдан ашык мөөнөткө салуу менен байланышкан чыгуу;
- 3 айдан ашык мөөнөткө салынган депозиттерден, акча каражаттарын депозиттерге жайгаштыруудан түшкөн кирешелерден каражаттарды кайтаруу боюнча түшүүлөр;
- инвестициялык ишке тиешелүү жана уюмдардын эсепке алуу саясатында белгиленген башка түшүүлөр жана чыгуулар.
3-§. Финансылык иш
11. Финансылык иштен түшкөн акча агымдары төмөндө көрсөтүлгөн түрлөр боюнча өзүнчө берилет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик зайым алуулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым алуулары боюнча акча каражаттарынын түшүүсү;
- тартылган мамлекеттик зайым алуулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым алуулары боюнча милдеттенмелерди тындырууга байланыштуу акча каражаттарынын чыгуусу;
- мамлекеттик зайым алууларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайым алууларын тейлөө боюнча төлөмдөр;
- финансылык ижара боюнча карызды тындыруу менен байланышкан лизинг боюнча төлөмдөр;
- берилген кепилдиктерди аткаруу боюнча төлөмдөр;
- банк овердрафттарын кошкондо тартылган зайым алуулар боюнча башка түшүүлөр жана төлөмдөр.
12. Операциялык, инвестициялык жана финансылык иштердин төмөнкү түрлөрүнөн акча агымдары отчеттуулукта нетто негизинде чагылдырылышы мүмкүн (төлөмдөрдү алып салгандагы түшүүлөр):
а) акча агымдары уюмдун ишин эмес, кардардын ишин чагылдырган учурда, кардарлардын, салык төлөөчүлөрдүн же бенефициарлардын атынан акча каражаттарынын түшүүлөрү жана төлөмдөрү;
б) тез жүгүртүү, чоң суммалар жана тындыруунун кыска мөөнөттөрү менен мүнөздөлгөн беренелер боюнча акча каражаттарынын түшүүлөрү жана төлөөлөр.
13. Чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында келип чыккан акча агымдары операция ишке ашырылган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курс боюнча Кыргыз Республикасынын валютасында чагылдырылат.
14. Акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин кыймылы менен байланышпаган операциялар акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетко киргизилбейт.
4. Маалыматты ачуу
15. Уюмдар төмөнкү маалыматтарды ачып берет:
а) акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин курамчалары, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн суммаларды финансылык абал жөнүңдө отчетто берилген ушул сыяктуу беренелер менен салыштырып текшерүүлөрү;
б) уюмда отчеттук мезгилдин аягына карата бар болгон, бирок уюмдардын пайдалануусу үчүн жеткиликтүү эмес акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин олуттуу калдыктарынын суммалары.
5. Ушул 2-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонуу
16. Уюм 2-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонгон учурда финансылык отчеттуулукта салыштырма маалыматы берүүгө тийиш эмес.