Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна) |
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилерин өзгөртүү жана каталар" 3-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилерин өзгөртүү жана каталар" 3-стандарты (мындан ары - 3-МБСУФОС), Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун "Эсепке алуу саясаты, баалоо маанилерин жана каталарды өзгөртүү" эл аралык 3-стандартын (мындан ары - 3-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 3-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонууга милдеттүү.
3. 3-МБСУФОС уюмдун эсепке алуу саясатын тандоодо, бекитүүдө жана өзгөртүүдө колдонулат, ошондой эле бухгалтердик эсепте чагылдыруу жана финансылык отчеттуулукта эсепке алуу саясатын, баалоо маанилерин өзгөртүү жана каталарды оңдоо жөнүндө маалыматты берүү тартибин белгилейт.
2. Аныктамалар
4. Ушул 3-МБСУФОСто төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) эсепке алуу саясаты - финансылык отчеттуулукту даярдоо жана берүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүү үчүн уюм тарабынан колдонулуучу методдор жана ыкмалар, МБСУФОС талаптары, жол берүүлөр, эрежелер;
2) эсепке алуу саясатында өзгөртүүлөрдү келечектүү колдонуу - бул, эсепке алуу саясаты өзгөргөн датадан кийин орун алган операцияларга, кырдаалдарга жана жагдайларга карата жаңы эсепке алуу саясатын колдонуу;
3) баалоо маанилеринин өзгөрүшүнүн натыйжаларын келечектүү таануу - бул учурдагы жана келечектеги мезгилдердеги баалоо маанилеринин өзгөрүүсүнүн натыйжаларын таануу;
4) эсепке алуу саясатында өзгөртүүлөрдү ретроспективдүү колдонуу - эгер, бул жаңы эсепке алуу саясаты бардык мурдагы отчеттук мезгилдерде пайдаланылган сыяктуу, жаңы эсепке алуу саясатын операцияларга, башка жагдайларга жана шарттарга карата колдонуу;
5) финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн ретроспективдүү кайра кароо - финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн мурдагы мезгилде ката кетирилбеген сыяктуу оңдоо;
6) финансылык отчеттуулукту бекитүү датасы - уюмунун жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу адам тарабынан финансылык отчеттуулукка кол коюлган дата;
7) ыйгарым укуктуу уюм - өзүнө баш ийген уюмдун финансылык отчеттуулугун отчетторун кабыл алууга, ошондой эле анын негизинде консолидацияланган финансылык отчеттуулукту түзүүгө ыйгарым укуктуу жогору турган уюм.
5. Башка МБСУФОСто аныкталган терминдер, ушул 3-МБСУФОСто башка МБСУФОСтогу ошондой эле мааниде колдонулат.
3. Эсепке алуу саясаты
6. Уюм, ыйгарым укуктуу уюм менен макулдашуу боюнча "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде уюм аткарган функцияларды, анын түзүмүн жана иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ал эми МБСУФОСто колдонулуучу талаптар жок болгон учурда ушул 3-МБСУФОСтун талаптарына ылайык МБСУФОСто колдонулуучу эсепке алуу саясатын тандайт. Эсепке алуу саясатына, ошондой эле анын бардык өзгөрүүлөрүнө башкы бухгалтер тарабынан кол коюлат жана уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
7. Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулукту түзүү боюнча функциялар башка мамлекеттик мекеме тарабынан ишке ашырылган учурда эсепке алуу саясатына, ошондой эле анын бардык өзгөртүүлөрүнө ошол мекеменин жетекчиси кол коет жана уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Уюм түзүлгөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен эсепке алуу саясатын бекитет. Бухгалтердик эсеп саясаты уюм түзүлгөн күндөн тартып колдонулат.
9. Уюмдун чечими боюнча эсепке алуу саясаты же эсепке алуу саясатынын негизги жоболору уюмдун же ыйгарым укуктуу уюмдун Интернет түйүнүндөгү расмий сайтындагы финансылык отчеттон өзүнчө ачылат. Эсепке алуу саясатын өзүнчө ачып көрсөтүүдө финансылык отчеттуулук Интернет түйүнүндө ачылган жерге шилтемени камтыйт. Уюмдун эсепке алуу саясатын же эсепке алуу саясатынын негизги жоболорун Интернет тармагында жарыялоодо уюм мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоо жөнүндө мыйзамдарды сактоого тийиш.
10. Операцияга, башка окуяга же шартка түздөн-түз колдонулуучу МБСУФОС жок болгон учурда, жетекчилик эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда жана колдонууда өзүнүн кесиптик пикирин колдонууга тийиш, ал чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын отчеттуулугу жана муктаждыктары үчүн маанилүү маалыматтарды берүүгө алып келет, уюмдун финансылык абалын, ишинин финансылык натыйжаларын жана акча агымдарын ишенимдүү көрсөтөт, сапаттык мүнөздөмөлөргө жооп берет: түшүнүктүүлүк, өз убагындалыгы, салыштырмалуулук жана текшерилүүчүлүк, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылат, ошондой эле жалпы багыттагы финансылык отчеттуулукка киргизилген маалыматтарга чектөөлөрдү жана сапаттык мүнөздөмөлөрдүн ортосундагы балансты эске алат.
11. Операцияга, башка окуяга же шартка түздөн-түз колдонулуучу МБСУФОС жок болгон учурда, кесиптик чечимди түзүүдө уюмдун жетекчилиги төмөнкү булактарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн карайт:
а) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
б) операцияга, башка жагдайга же шартка түздөн-түз колдонулуучу КСФОЭС;
в) бирдей же байланыштуу маселелерди козгогон МБСУФОС же КСФОЭС;
г) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугунун концептуалдык негиздеринде (мындан ары - МБСУФОСтун концептуалдык негиздери) сыпатталган активдерди, милдеттенмелерди, кирешелерди жана чыгымдарды таануунун жана баалоонун аныктамалары, критерийлери.
12. Операцияга, башка окуяга же шартка түздөн-түз тиешелүү МБСУФОС жок болгон учурда, кесиптик чечимди түзүүдө жетекчилик стандарттарды белгилеген башка органдардын акыркы документтерин жана мамлекеттик же жеке сектордун жалпы кабыл алынган практикасын да эске алат, бирок ал МБСУФОСто жана МБСУФОСтун концептуалдык негиздерине карама-каршы келбеген деңгээлде гана.
13. Уюм эсепке алуу саясатын бардык окшош операцияларга, башка окуяларга жана шарттарга ырааттуу колдонот, буга МБСУФОС эсепке алуу талаптарын өзгөрткөн учурлар кирбейт. Тандалган эсепке алуу саясаты бухгалтердик эсеп объектилеринин ар бир бөлүнгөн категориясына ырааттуу колдонулат.
14. Уюм бухгалтердик эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү, эгерде ушул МБСУФОСко ылайык талап кылынса же операциялардын, башка окуялардын жана шарттардын уюмдун финансылык абалына, финансылык ишинин натыйжаларына же акча каражаттарынын агымына тийгизген таасири жөнүндө ишенимдүү жана ылайыктуу маалыматты берүүгө алып келсе гана киргизиши керек.
Эсепке алуу саясатына киргизилген бардык өзгөртүүлөр ыйгарым укуктуу уюм менен макулдашылышы керек.
15. Бир эсепке алуу ыкмасынан башка эсепке алуу ыкмасына өтүү эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүнү билдирет.
16. Эсепке алуунун бир ыкмасынын алкагындагы операцияларды, окуяларды жана шарттарды эсепке алуу, таануу же баалоо, отчеттуулукта чагылдыруу тартибиндеги өзгөрүү эсепке алуу саясатындагы өзгөрүү катары каралат.
17. Операциялардын, башка окуялардын финансылык отчеттуулукка тийгизген таасири жөнүндө кыйла ишенимдүү жана кыйла ылайыктуу маалыматтарды берүүгө байланыштуу эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөр отчеттук жылдын башынан тартып киргизилет.
18. Төмөнкү иш-аракеттер эсепке алуу саясатын өзгөртүү болуп саналбайт:
а) операцияларга, маңызы боюнча мурда жүргүзүлгөн операциялардан, башка окуялардан же шарттардан айырмаланган башка окуяларга же шарттарга карата эсепке алуу саясатын колдонуу;
б) жаңы эсепке алуу саясатын мурда болбогон же олуттуу болбогон операцияларга, башка окуяларга же шарттарга карата колдонуу.
19. Эсепке алуу саясатындагы конкреттүү мезгилдеги өзгөрүүлөрдү же эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүлөрдүн кумулятивдик таасирин эске алуу иш жүзүндө мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо:
а) уюм, эгерде МБСУФОСто бар болсо, атайын өткөөл жоболорго ылайык, МБСУФОСту баштапкы колдонуунун натыйжасы болуп саналган эсепке алуу саясатындагы өзгөртүүлөрдү эске алышы керек;
б) эгерде уюм өткөөл жоболорду камтыбаган МБСУФОСту алгачкы колдонууда эсепке алуу саясатын өзгөртсө, же болбосо эсепке алуу саясатын өз ыктыяры менен өзгөртсө, ал эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү ретроспективдүү колдонууну ишке ашырууга тийиш.
20. Эгер, эсепке алуу саясатында өзгөрүүлөрдүн ретроспективдүү эсепке алынышы мүмкүн болсо, анда уюм, көрсөтүлгөн мезгилдердин эң алгачкысы боюнча таза активдердин ар бир компоненти боюнча баштапкы сальдону, ошондой эле, мурунку берилген мезгилдердин ар биринде ачылган башка салыштырма маалыматтарды, жаңы эсепке алуу саясаты бардык учурда пайдаланылгандай түзөтүүгө тийиш.
Эсепке алуу саясатынын өзгөрүүлөрү ретроспективдүү эсепке алынган учурда өткөн отчеттук мезгил үчүн финансылык отчеттуулук кайталап бекитилүүгө тийиш эмес.
21. Эсепке алуу саясатынын өзгөртүүлөрүн ретроспективдүү колдонуунун натыйжасын төмөнкү учурларда аныктоо дээрлик мүмкүн эмес:
а) эсептик маалымат жок же мындай колдонуу үчүн жетишсиз; же
б) эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү ретроспективдүү колдонуу көрсөтүлгөн мезгилде жетекчиликтин ниети кандай болгондугу жөнүндө жол берүүнү талап кылат;
в) ретроспективдүү колдонуу, аларды аныктоо үчүн эсепке алуу маалыматтары жок же жетишсиз болгон учурда баалоо маанилерин пайдаланууну талап кылган учурда дээрлик мүмкүн эмес.
Эсепке алуу саясатындагы өзгөртүүлөрдү ретроспективдүү колдонуунун натыйжасын аныктоо иш жүзүндө мүмкүн болбогон учурларда, уюм ар бир таза активдердин компоненти боюнча баштапкы сальдону, ошондой эле жаңы эсепке алуу саясаты пайдаланылгандай башка салыштырма маалыматтарды түзөтүү жолу менен мүмкүн болгон мезгилден тартып эсепке алуу саясатындагы өзгөртүүнү ретроспективдүү колдонууну жүзөгө ашырат.
22. Учурдагы отчеттук мезгилдин башталышында бардык мурдагы мезгилдерге карата жаңы эсепке алуу саясатын колдонуунун кумулятивдик натыйжасын аныктоо иш жүзүндө мүмкүн болбогон учурда, уюм жаңы эсепке алуу саясатын келечектүү колдонууга тийиш.
23. Эгерде, эсепке алуу саясатынын өзгөрүшү МБСУФОСту баштапкы колдонуудан улам келип чыкса, уюм финансылык отчеттуулукка карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү ачыктайт:
а) МБСУФОС аталышын кошкондо, эсепке алуу саясатынын өзгөрүүлөрүнүн мазмуну;
б) өткөөл жоболорду, ошондой эле келечектеги отчеттук мезгилдерге алардын таасирин сыпаттоо;
в) отчеттуулук көрсөткүчтөрүнө ретроспективдүү корректировкалоонун жыйынды таасири.
24. Эсепке алуу саясаты ыктыярдуу түрдө өзгөргөн учурда, уюм финансылык отчеттуулукка карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү ачып берет:
а) жаңы эсепке алуу саясатын колдонуу эмне үчүн кыйла ишенимдүү жана кыйла ылайыктуу маалыматты берүүнү камсыз кылгандыгын негиздөө менен эсепке алуу саясатындагы өзгөрүүнүн мүнөзү;
б) отчеттуулук көрсөткүчтөрүнө ретроспективдүү түзөтүүлөрдүн жыйынды таасири.
25. Эгерде, ретроспективдүү колдонуу иш жүзүндө мүмкүн болбосо, өткөн отчеттук мезгилге карата колдонулгандыгы иш жүзүндө ишке ашырылбаса, уюм, жаңы эсепке алуу саясатын колдонуу кайсы учурдан баштап жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүү менен, мунун себептерин ачып берет.
26. Кийинки отчеттук мезгилдерде эсепке алуу саясатын өзгөртүү тууралуу маалыматты ачып көрсөтүү талап кылынбайт.
4. Баалоо маанилерин өзгөртүү
27. Баалоонун маанилери - бухгалтердик эсептин жана/же финансылык отчеттуулуктун ар кандай көрсөткүчүнүн мааниси, ал уюмда болгон маалыматтарды эске алуу менен, МБСУФОС талаптарына ылайык эсептелүүгө тийиш же болжол менен гана аныкталышы мүмкүн.
Баалоо маанисин өзгөртүү - жаңы маалыматтын пайда болушунун же анын негизинде баштапкы баалоо мааниси аныкталган жагдайлардын өзгөрүшүнүн натыйжасында бухгалтердик эсептин жана/же финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчүн түзөтүү.
28. Баалоо маанисин өзгөртүү (кайра кароо) эсепке алуу саясатын өзгөртүү болуп эсептелбейт жана каталарды оңдоо болуп саналбайт. Баалоо ыкмасын өзгөртүү эсепке алуу саясатын өзгөртүү болуп саналат жана эсептик баалоону өзгөртүү болуп эсептелбейт.
29. Уюм баалоо маанилериндеги өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын өзгөрүү болгон мезгилде, эгерде ал ошол мезгилге гана таасир этсе же өзгөрүү болгон мезгилде жана эгер ал экөөнө тең таасир этсе, келечектеги мезгилдерде келечектүү таанууну жүзөгө ашырат.
30. Уюм учурдагы отчеттук мезгилдеги бухгалтердик эсепке жана/же финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнө таасир эткен жана/же келечектеги отчеттук мезгилдерде бухгалтердик эсепке жана/же финансылык отчеттуулукка таасир этиши күтүлүп жаткан бааланган маанилердеги өзгөрүүлөрдүн көлөмүн жана себебин ачып бериши керек.
31. Эгерде келечектеги отчеттук мезгилдерде бухгалтердик эсепке алуу жана/же финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнө бааланган маанилердин өзгөрүшүнүн таасирин сандык баалоо иш жүзүндө мүмкүн болбосо, уюм финансылык отчеттун аткарылбагандыгынын себептери жөнүндө эскертүүлөрүндө маалыматты ачып бериши керек.
5. Каталар
32. Каталар - уюмдун бухгалтердик эсебинде жана/же финансылык отчетунда ишенимдүү, жеткиликтүү маалыматты пайдаланбоодон же туура эмес пайдалануудан келип чыккан маалыматтын жоктугу же бурмаланышы.
33. Финансылык отчеттуулук, финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн так көрсөтүүнү бурмалаган белгилүү бир көрсөтүүгө жетишүү үчүн атайылап жасалган олуттуу каталар жана/же олуттуу эмес каталар камтылган учурда МБСУФОСко ылайык келбейт.
34. Уюм отчеттук мезгил ичинде ката табылган датада аныкталган каталарды оңдойт. Отчеттук мезгил аяктагандан кийин, бирок отчеттук мезгил үчүн финансылык отчет бекитилген күнгө чейин табылган каталар отчеттук мезгилдин акыркы күнү менен оңдолот.
35. Табылган каталар уюмдун бухгалтердик эсебинде сторнирленген жана кошумча жазуулар менен оңдолот.
36. Эгерде өткөн отчеттук мезгилдердин аныкталган каталары өткөн мезгилдер үчүн финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн өзгөртсө, анда финансылык отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүн ретроспективдүү кайра эсептөө талап кылынат, ошондой эле мурдагы отчеттук мезгилдер үчүн финансылык отчеттуулукта берилген кандай болбосун салыштырма маалыматты оңдоо талап кылынат. Мурунку отчеттук мезгилдер үчүн финансылык отчеттуулук өзгөрүлбөйт.
37. Ошол эле отчеттук мезгилде оңдолгон отчеттук мезгилдин каталары жөнүндө маалымат ачылбайт.
38. Уюм, мурдагы отчеттук мезгилдердеги табылган каталардын суммасы жана сыпаттамасы менен маалыматтарды, финансылык отчеттун ар бир беренеси боюнча каталарды оңдоолордун жыйынтыктарын ачып берет. Маалыматты ачып берүү маалыматтары кийинки мезгилдердин финансылык отчетторуна киргизилбейт.