Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна) |
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн таасири" 4-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн таасири" 4-стандарты (мындан ары - 4-МБСУФОС) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун "Алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн таасири" эл аралык 4-стандартынын (мындан ары - 4-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 4-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонулууга милдеттүү.
3. 4-МБСУФОС чет өлкө валютасы Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган бухгалтердик эсеп объекттеринин наркын кайра эсептөө тартибин, чет өлкөлүк мекемелердин ишин эсепке алуунун тартибин, ошондой эле маалыматтарды ачуунун тартибин белгилейт. Бухгалтердик эсептин объекттеринин наркын баалоонун тартиби тийиштүү МБСУФОС менен аныкталат.
4. Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетто чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча келип чыккан акчалай агымдарды көрсөтүүгө карата талаптар 2-МБСУФОСто белгиленген.
2. Аныктамалар
5. Ушул 4-МБСУФОСто төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) курстук айырма - валютанын ар кандай алмашуу курстун пайдалануу менен бир валютадагы бирдиктердин белгилүү санын башка валютага кайра эсептөөдө келип чыккан айырма;
2) алмашуу курсу - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген улуттук валютага карата чет өлкө валютасынын расмий курсу, расмий курсу жок болсо - биржа курсу;
3) чет өлкөлүк иш (уюм) - контролдонуучу же ассоциацияланган же биргелешкен, же отчет берүүчү уюмдун Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү филиалы болуп саналган уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу иш;
4) валюталык монетардык беренелер - чет өлкө валютасында туюндурулган акча каражаттарынын белгиленген суммасында алууга же төлөөгө каралган колдо болгон акча каражаттары, активдер жана милдеттенмелер;
5) валюталык монетардык эмес беренелер - чет өлкө валютасында туюндурулган жана ушул МБСУФОС 4кө ылайык валюталык монетардык беренелерге кирбеген активдер жана милдеттенмелер;
6) чет өлкөлүк иштерге таза инвестициялар - чет өлкөлүк уюмдун таза активдериндеги отчет берүүчү уюмдун үлүшү;
7) чет өлкө валютасындагы операция - бул чет өлкө валютасында эсептешүү жүргүзүлүүчү операция, анын ичинде уюм төмөнкүлөрдү ишке ашырган учурда пайда болуучу операциялар:
а) наркы чет өлкө валютасында туюндурулган товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алганда же сатканда;
б) суммасы чет өлкө валютасында туюндурулган төлөөгө же алууга тийиш болгон зайымдарды бергенде же каражаттарды тартканда;
в) активдерди кандайдыр бир башка жол менен сатып алганда же сатканда же болбосо чет өлкө валютасында туюндурулган милдеттенмелерди өзүнө алганда же тындырганда.
6. Башка МБСУФОСто аныкталган терминдер, ушул 4-МБСУФОСто башка МБСУФОСтогу ошол эле мааниде колдонулат.
3. Чет өлкөлүк валютада туюнтулган бухгалтердик эсеп объекттеринин наркын кайра эсептөөнүн тартиби
7. Чет өлкө валютасындагы операция алгачкы таанууда чет өлкө валютасындагы операциянын суммасына карата операция жасалган датага карата алмашуу курсун же валютаны сатып алуу-сатуу операциялары үчүн бүтүм боюнча алмашуу курсун колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында чагылдырылууга тийиш. Бухгалтердик эсепте валюталык монетардык жана монетардык эмес беренелердин наркы чет өлкөлүк валютада кошумча чагылдырылат. Операциянын датасы болуп операция тиешелүү МБСУФОСто каралган таануу критерийлерине биринчи жолу туура келген дата эсептелет.
8. Кийинки баалоо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
а) валюталык монетардык беренелер ар бир отчеттук датага же операция ишке ашырылган датага карата алмашуу курсун пайдалануу менен кайра эсептелет;
б) тарыхый наркы боюнча эсепке алынган валюталык монетардык эмес беренелер кайра эсептелбейт;
в) адилет нарк боюнча бааланган валюталык монетардык эмес беренелер адилет нарк аныкталган күнгө карата колдонулган алмашуу курсу боюнча кайра эсептелет.
9. Валюталык монетардык беренелерге андан ары баа берүүдө келип чыккан курстук айырмачылыктар (отчет берүүчү уюмдун чет өлкөлүк иш-аракетке таза инвестицияларынын бөлүгүн түзгөн валюталык монетардык беренелерден тышкары) отчеттук мезгилдин башка кирешелеринин жана чыгымдарынын курамында таанылууга тийиш.
10. Отчеттук мезгилдин акырына карата валюталык монетардык эмес берененин адилет наркын баалоого байланыштуу келип чыккан пайда/чыгым таза активдердин курамында таанылса, анда курстук айырманын натыйжасында пайда/чыгымдын бөлүгү да таза активдердин курамында таанылат.
Отчеттук мезгилдин акырына карата валюталык монетардык эмес берененин адилет наркын баалоого байланыштуу келип чыккан пайда/чыгым кирешелердин жана чыгымдардын курамында таанылса, анда курстук айырманын натыйжасында пайда/чыгымдын бөлүгү кирешелердин же чыгымдардын курамында да таанылат.
11. Чет өлкөлүк ишке отчет берүүчү уюмдун таза инвестицияларынын бөлүгүн түзгөн валюталык монетардык беренелерди кайра эсептөөгө байланыштуу келип чыккан курстук айырмачылыктар, эгерде мындай отчеттуулук түзүлсө, отчет берүүчү уюмдун өзүнчө финансылык отчетундагы кирешелердин же чыгымдардын курамында жана чет өлкөлүк уюмдун жеке финансылык отчетунда таанылууга тийиш.
Отчет берүүчү жана чет өлкөлүк уюмдун ишин камтыган консолидацияланган финансылык отчеттуулукта курстук айырма алгач таза активдердин өзүнчө компонентинде таанылууга тийиш, ал эми чет өлкөлүк уюмдун чыгып кетүүсү боюнча операцияларды эсепке алууда ошол чет өлкөлүк уюмга тиешелүү болгон таза активдердин өзүнчө компоненти катары таанылган курстук айырманын жалпы суммасы ошол эле мезгилдеги кирешелердин же чыгымдардын курамында таанылууга тийиш.
4. Маалыматты ачуу
12. Уюм төмөндөгүлөрдү ачып берүүгө тийиш:
а) финансылык инструменттердин эсепке алуу тартибин аныктаган МБСУФОСко ылайык профициттин же тартыштыктын курамында өзгөрүүлөрү чагылдырылган адилет нарк боюнча эсепке алынган финансы инструменттери боюнча келип чыккан суммаларды кошпогондо, профициттин же тартыштыктын курамында таанылган курстук айырманын суммасын;
б) таза активдердин өзүнчө компонентинде таанылган таза курстук айырмаларды жана мезгилдин башына жана аягына карата мындай курстук айырмалардын суммасын салыштырып текшерүүсүн.
5. Ушул 4-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонуу
13. Уюм 4-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонууда финансылык отчеттуулукта салыштырма маалыматты берүүгө тийиш эмес.
14. Уюм ушул 4-МБСУФОС бекитилген датадан тартып бардык отчеттук мезгилдерде колдонот.
15. МБСУФОС 4кө өтүү күнүнө чейин төлөнгөн акчалай эмес активдердин жана милдеттенмелердин монетардык эмес наркы жана 4-МБСУФОСко өткөндөн кийин тааныла тургандар, таануу датасында төлөө учурундагы алмашуу курсу боюнча эсептелет.