Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна) |
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Запастар" 12-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Запастар" 12-стандарты (мындан ары - 12-МБСУФОС) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулугунун "Запастар" эл аралык 12-стандартынын (мындан ары - 12-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 12-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздандыруу системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонулууга милдеттүү.
3. 12-МБСУФОС бухгалтердик эсепте жана финансылык отчеттуулукта запастар жөнүндө маалыматты чагылдыруу тартибин белгилейт, анын ичинде өздүк наркы, запастардын баштапкы жана кийинки баасын, чыгымдарды кийин таануу тартибин аныктайт.
4. 12-МБСУФОС бардык запастарды эсепке алууда колдонулат, төмөндөгүлөрдү кошпогондо:
а) курулушка түздөн-түз тиешелүү кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди кошкондо, курулушка келишимдер боюнча келип чыккан бүткөрүлбөгөн өндүрүш;
б) финансылык инструменттер;
в) айыл чарба ишине жана айыл чарба продукцияларына, аны жыйноо учуруна тиешелүү биологиялык активдер;
г) алуучулар тарабынан түздөн-түз түшүүчү кайтарымсыз же символикалык төлөм үчүн көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр боюнча бүткөрүлбөгөн иштер.
2. Аныктамалар
5. Бул МБСУФОС 12де төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) запастар - бул активдер:
а) өндүрүү процессинде колдонууга арналган чийки зат, материал, товар жана даяр продукция түрүндө;
б) кызмат көрсөтүүдө пайдаланылуучу же керектелүүчү чийки зат, материал, товар жана даяр продукция түрүндө;
в) адаттагыдай иш процессинде сатуу же жайылтууга арналган;
г) сатуу же жайылтуу үчүн өндүрүү процессинде болгон.
Маалыматты ачуу максатында запастар төмөнкүдөй топторго биригишет:
а) стратегиялык запастар. Стратегиялык запастардын тобуна "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик материалдык резервди түзүүчү резервдер кирет;
б) чийки заттар жана материалдар. Чийки заттардын жана материалдардын тобуна кызмат көрсөтүүдө колдонулган же керектелүүчү, ошондой эле өндүрүш процессинде колдонууга арналган чийки зат, материалдар, запастык бөлүктөр, товарлар жана даяр продукция кирет;
в) бүтө элек өндүрүү. Бүтө элек өндүрүү тобуна өндүрүү процессинде турган жана өндүрүш процессинин бардык баскычынан өтө элек продукция кирет;
г) даяр продукция. Уюм тарабынан өндүрүлгөн, өндүрүү процессинин бардык баскычынан өткөн жана сатууга, кайтарымсыз өткөрүп берүүгө же ички керектөөгө даяр продукция, анын ичинде, айыл чарба продукциясы;
д) товарлар. Андан ары иштетүүнү талап кылбаган жана ички керектөө, сатуу жана жайылтууга арналган сатып алынган чийки зат, материалдар, продукция;
е) аз баалуу жана тез эскирүүчү предметтер. Аз баалуу жана тез эскирүүчү предметтердин тобуна көп жолу колдонулган жана отчеттук мезгил ичинде колдонулушу күтүлгөн материалдык активдер кирет;
ж) баалуулуктар. Баалуулуктар тобуна төмөнкүдөй кирет:
- баалуу металлдар, асыл таштар жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталган башка баалуу буюмдар;
- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эске алынган маданий-тарыхый баалуулуктар;
2) учурдагы алмаштыруу наркы - бул окшош запастарды сатып алуу үчүн отчеттук датага карата ишкананын чыгашалары;
3) таза сатуу баасы - өндүрүштү аяктоо үчүн болжолдуу чыгымдарды жана сатууга, алмаштырууга же бөлүштүрүүгө талап кылынган күтүлүп жаткан чыгымдарды алып салуу менен субъекттин кадимки ишинин жүрүшүндө товардык-материалдык запастардын болжолдуу (пландаштырылган) сатуу баасы;
4) адилеттүү нарк - жакшы маалымдалган мындай бүтүм түзүүнү каалаган жана бири-биринен көз карандысыз тараптардын ортосунда бүтүм түзүүгө активди алмаштырууга же милдеттенмени тындырууга мүмкүн болгон сумма.
6. Башка МБСУФОСто аныкталган терминдер ушул 12-МБСУФОСто башка МБСУФОСтогу ошол эле мааниде колдонулат.
3. Запастарды баалоо
7. Запастар эки чоңдуктун эң азы өздүк нарк же сатуунун таза баасы боюнча төмөнкүлөрдү кошпогондо бааланат:
- алмаштыруу эмес операциялар аркылуу сатып алынган запастар;
- кайтарымсыз же символикалык төлөм үчүн жайылтууга арналган запастар;
- кайтарымсыз же символикалык төлөм үчүн жыйылтууга товарларды өндүрүү процессинде керектөөгө арналган запастар.
8. Алмаштыруу эмес операциялардын натыйжасында сатылып алынган запастардын наркы, келип түшкөн датасына адилеттүү нарк боюнча бааланат.
9. Запастар эки чоңдуктун азыраагы боюнча бааланууга тийиш: өздүк нарк жана ордун ээлеп турган учурдагы наркы, алар төмөндөгүлөр үчүн арналган учурда:
а) товарларды кайтарымсыз же символикалык төлөм үчүн жайылтуу;
б) товарларды кайтарымсыз же символикалык төлөм үчүн жайылтууга өндүрүү процессинде керектөө.
10. Баалуулук тобуна кирген запастардын наркын эсепке алуу жана баалоо бул запастарды эсепке алууну жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
1-§. Запастардын өздүк наркы
11. Запастардын өздүк наркы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
а) сатып алууга чыгымдарды;
б) кайра иштеп чыгууга чыгымдарды;
в) запастарды алардын учурдагы жайгашкан жерине жана абалына чейин жеткирүүдө тартылган башка чыгымдарды.
12. Запастардын сатып алууга чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) сатып алуунун баасын келишим менен каралган, башка чыгымдарды, анын ичинде, сатып алууга чыгымдарды азайтуучу ар кандай формадагы арзандатууларды эсептен чыгаруу менен салыктар жана бажы алымдарын (кийин салык органдары тарабынан орду толтурулбаган);
б) запастарды жеткирип берүүгө түздөн-түз тиешелүү жеткирип берүүдө камсыздандырууну кошуу менен транспорттук, жүктөөчү-түшүрүүчү жана башка чыгымдарды;
в) запастарды сатып алууда тартылган ортомчуларга сый-акыны, маалыматтык жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү;
г) запастарды сатып алууда тартылган башка чыгымдарды.
13. Запастарды кайра иштетүүгө чыгымдар продукциянын бирдигине түздөн-түз тиешелүү чыгымдарды жана коштомо чыгымдарды системалык бөлүштүрүүнү камтыйт, башкача айтканда, продукцияны өндүрүүгө тиешелүү жана аларды продукциянын бирдигине түздөн-түз киргизүүгө мүмкүн эмес калган чыгымдар. Коштомо чыгымдар туруктуу жана өзгөрүлмө болуп бөлүнөт. Туруктуу коштомо чыгымдарга коштомо өндүрүш чыгымдары кирет, алар өндүрүү көлөмүнө карата салыштырмалуу өзгөрүлбөйт, ошондой эле өндүрүү жана административдик башкарууга чыгымдар кирет. Өзгөрүлмө коштомо чыгымдарга өндүрүү көлөмүнө тике пропорционалдуу же дээрлик тике пропорционалдуу болуп өзгөрүлгөн кошумча чыгымдар кирет.
14. Туруктуу коштомо чыгымдар өндүрүштүк жабдууну өндүрүмдүүлүгүн нормалдуу деңгээлинин негизинде кайра иштетүү боюнча чыгымдарга камтылат. Өндүрүмдүүлүктүн нормалдуу деңгээли - бул пландык техникалык тейлөөнүн өндүрүшүнүн жоготууларын эске алуу менен орточо болгондо бир нече мезгилде же сезондо жетилери күтүлүп жаткан өндүрүш. Өзгөрүлмө коштомо чыгымдар өндүрүш жабдууну иш жүзүндө пайдалануунун негизинде ар бир продукция бирдигине бөлүштүрүлөт.
15. Ар бир продукциянын түрү өзүнчө аныкталбай жатканда кайра иштетүүгө чыгымдар продукциянын бир түрүнөн көп бир убакта өндүрүүдө кайра иштетүүгө чыгымдарды бөлүштүрүү ар бир продукциянын түрүнүн өндүрүмдүүлүгүнүн көлөмүнүн негизинде ишке ашырылат.
16. Башка чыгымдар запастарды алардын учурдагы жайгашкан жерине жана абалына жеткирүү үчүн келтирилген чыгымдарды камтыйт.
17. Төмөнкү чыгымдар запастардын өздүк наркына киргизилбейт жана алар тартылган мезгилдин чыгымдары катары таанылат:
а) чийки затты ченемден ашыкча жоготуу жана эмгек акыны төлөөгө чыгымдар, башка ченемден ашыкча өндүрүш чыгымдары;
б) өндүрүү процессине түздөн-түз тиешелүүлөрдөн тышкары, запастарды сактоого чыгымдар;
в) сатууга чыгымдар.
18. Төлөмдүн мөөнөтүн узартуу шартында запастарды сатып алууда кадимки шарттарда сатып алуу менен төлөнгөн сумманын ортосундагы баасынын айырмасы төлөмдүн мөөнөтүн узартуу мезгилинин ичинде пайыздык чыгымдар катары таанылат.
19. Кызмат көрсөтүүчү уюмдун запастарынын өздүк наркы, кызмат көрсөтүүлөр менен түздөн-түз байланышкан тикелей жана коштомо чыгымдарды камтыйт. Тикелей чыгымдарга кызмат көрсөтүүчү социалдык камсыздандыруу фондуна салымдарды жана жетектөөчү кызматкерлерди кошуу менен кызматкерлерге башка төлөөлөрдү кошуу менен эмгек акыны төлөөгө чыгымдар камтылат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына кызмат көрсөтүүлөр менен байланышпаган кызматкерге эмгек акы төлөө чыгымдары, сатууларга байланышкан чыгымдар, жалпы башкаруу кызматкерлерине чыгымдар камтылбайт.
20. Айыл чарба продукцияларынын запастарынын өздүк наркы аны чогулткандан кийин дароо сатууларга чыгымдарды эсептен чыгаруу менен адилеттүү нарк боюнча бааланат.
21. Кайтарымсыз алынган запастардын өздүк наркы алынган күнгө карата абал боюнча аныкталган алардын адилеттүү наркы болуп саналат.
22. Продукциялардын өздүк наркын аныктоонун деталдуу тартиби, запастардын өздүк наркын баалоо методу уюмдун эсепке алуу саясатында ушул 12-МБСУФОСко ылайык белгиленет.
2-§. Запастардын өздүк наркын эсептөө ыкмалары
23. Өз ара алмаштырылбаган запастардын бирдиктеринин, ошондой эле кандайдыр максаттар үчүн чыгарылган жана арналган товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы жеке негизде белгиленет.
24. Өз ара алмаштырылган запастардын өздүк наркы орточо өздүк нарк боюнча аныкталат.
Орточо өздүк нарк ыкмасына ылайык запастардын ар бир бирдигинин өздүк наркы учурдагы мезгилде сатып алынган же өндүрүлгөн запастардын окшош бирдиктеринин орточо алынган өздүк наркы боюнча аныкталат. Орточо маани ар бир жеткирүүдө же ар бир жумуш күндүн аягында туруктуу саналууга тийиш.
3-§. Сатуунун таза баасы
25. Бузулган, эскирген же сатуу баасы төмөндөгөн запастардын өздүк наркы сатуунун таза баасына чейин эсептен чыгарылууга тийиш.
26. Эгерде, курамдык бөлүк болуп саналган даяр продукция өздүк нарк боюнча же өздүк нарктан жогору баа боюнча сатылса, алмаштырылса же жайылса запастарды өндүрүүдө колдонуу үчүн дайындалган чийки заттын жана материалдардын өздүк наркы өздүк наркынын деңгээлинен төмөн чыгарылбайт. Бирок материалдардын азайган баасы даяр продукциянын наркы сатуунун таза баасынан ашса чийки заттын наркы сатуунун таза баасына чейин чыгарылат. Мындай учурларда сатуунун таза баасынын эң жакшы баасы материалдардын ордун ээлеп турунун наркы болушу мүмкүн.
27. Өз ара алмаштырылбаган запастардын наркы, анын ичинде, өзүнчө өздүк нарк саналуучу кызмат көрсөтүүлөр запастардын ар бир бирдиги боюнча сатуунун таза баасына чейин эсептен чыгарылат. Өз ара алмаштырылган запастарды эсептен чыгарууда сатуунун таза баасы азайган шарттарга ылайык топтолушу мүмкүн.
28. Сатуунун таза баасын баалоо окшош товарларга, иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө сатуу бааларына, рынок бааларына болгон сатууга акыркы келишимдердин маалыматтарына негизделет.
29. Сатуунун таза баасын баалоо ар бир отчеттук мезгилдин аягында жүргүзүлөт. Эгерде өздүк наркттын деңгээлинен төмөн баа боюнча запастарды чыгарууга келтирген шарттар жок болсо же эгерде экономикалык шарттардын өзгөртүлүшүнөн улам сатуунун таза баасы жогорулашына анык далилдер бар болсо, мурда чыгарылган сумма калыбына келтирилет (калыбына келтирүү мурда чыгарылган сумма менен чектелет) мында, жаңы балансты нарк эки чоңдуктан - өздүк нарк жана кайра каралган сатуунун таза баасынан эң аз болуп саналат.
4-§. Товарларды кайтарымсыз же символикалык төлөм үчүн жайылтуу
30. Алмаштыруунун учурдагы наркы уюмдун сатып алуу үчүн жеткиликтүү болгон багыты боюнча ушул сыяктуу запастардын рыноктук баалары жөнүндө маалыматты уюштуруу үчүн жеткиликтүү өндүрүүчүлөрдүн баасынын негизинде аныкталат. Эгерде запастар кайтарымсыз же символикалык төлөм менен жайылтуу үчүн арналбаса, анда уюм запастарды кайра классификациялоого жана аларды жаңы классификацияга ылайык баалоого тийиш.
4. Чыгымдарды таануу
31. Запастарды сатууда, алмаштырууда же жайылтууда Запастардын баланстык наркы тийиштүү түшкөн акча таанылган мезгилдин чыгымдары катары таанылат. Эгерде тийиштүү түшкөн акча жок болсо, анда чыгымдар товарлар жайылуусунда же тийиштүү кызмат көрсөтүүлөр болсо таанылат. Ушул 12-МБСУФОСтун талаптарына ылайык баага байланыштуу запастардын наркынын эсептен чыгарылган суммасы (баанын төмөндөшү) же запастардын ар кандай жоготуларынын суммасы баанын төмөндөшү же жоготууну келтирүү жүргүзүлгөн мезгилдин чыгымдары катары таанылууга тийиш. Запастардын мурдагы баасын төмөндөтүүнү калыбына келтирүүнүн бардык суммалары калыбына келтирилген мезгилдин чыгымдары катары таанылган запастардын наркын төмөндөтүү катары чагылдырууга тийиш.
32. Материалдык эмес активдердин негизги каражаттарын түзүүдө пайдаланылган запастардын наркы чыгымдарга чыгарылбайт, материалдык эмес активдердин негизги каражаттарынын наркынын курамында эсепке алынат.
33. Уюм запастардын багыты өзгөрүлгөндө аларды кайра классифициялайт. Кайра классифициялоодо кайра классифициялоочу запастын баланстык наркы жаңы эсепке алуу объектинин баштапкы наркы болуп саналат.
5. Маалыматты ачуу
34. Уюм өзүнүн финансылык отчетунда төмөнкү маалыматтарды ачып берет:
а) запастарды баалоо үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясатын, анын ичинде өздүк наркты эсептөөнүн колдонулуучу методдорун;
б) запастардын тобу боюнча жалпы баланстык запастардын наркын жана баланстык наркын;
в) сатууга кеткен чыгымдарды эсептен чыгаруу менен адилет нарк боюнча эсепке алынган запастардын баланстык наркын;
г) отчеттук мезгилде чыгымдар катары таанылган запастардын наркын;
д) отчеттук мезгилде чыгымдар катары таанылган запастардын баасы төмөндөтүлгөн ар кандай суммасы;
е) отчеттук мезгилде запастардын өздүк наркынын төмөндөшү катары таанылган, запастардын мурдагы баасы төмөндөшүн калыбына келтирүүнүн ар кандай суммасын;
ж) баасы мурда төмөндөгөн запастарды калыбына келтирүүгө алып келген жагдайларды же окуяларды;
з) милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо катары күрөөгө коюлган запастардын баланстык наркын.
6. Ушул 12-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонуу
35. Ушул 12-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонууда запастар баланстык нарк боюнча бааланат.
36. Ушул 12-МБСУФОСту алгачкы жолу колдонууда салыштырмалуу маалымат берилбейт.