Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 токтомуна) |
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Отчеттук датадан кийинки окуялар" 14-стандарты
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун "Отчеттук датадан кийинки окуялар" 14-стандарты (мындан ары - 14-МБСУФОС) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна, "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-1-пунктуна жана 6-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун "Отчеттук датадан кийинки окуялар" эл аралык 14-стандартынын (мындан ары - 14-КСФОЭС) талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.
2. 14-МБСУФОС мамлекеттик органдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, бюджеттик мекемелер (мындан ары - уюмдар) тарабынан колдонулууга милдеттүү.
3. 14-МБСУФОС отчеттук датадан кийинки окуяларды эске алуу менен финансылык отчеттуулукта камтылган маалыматтарды түзөтүүнүн тартибин жана отчеттук датадан кийинки окуялар жөнүндө маалыматтарды ачуу тартибин белгилейт.
2. Аныктамалар
4. Бул 14-МБСУФОСто төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) бекитүү датасы - мамлекеттик башкаруу секторунун уюмунун жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу жактар тарабынан финансылык отчетко кол коюу датасы;
2) ыйгарым укуктуу уюм - баш ийүүсүндөгү уюмдардын финансылык отчетторун, ошондой эле анын негизинде консолидацияланган финансылык отчетторду кабыл алууга ыйгарым укуктуу жогору турган уюм;
3) отчеттук датадан кийинки окуялар - отчеттук дата жана чыгарууга финансылык отчеттулукту бекитүү датасынын ортосундагы бардык окуялар;
4) отчеттук датадан кийин түзөтүүчү окуялар - бул отчеттук датадан кийин келип чыккан жана отчеттук датага карата болгон шарттар тууралуу жаңы маалыматтарды берген окуялар;
5) отчеттук датадан кийин оңдолбой турган окуялар - бул отчеттук датадан кийин келип чыккан шарттар тууралуу күбө болгон отчеттук датадан кийинки окуялар;
6) отчеттук дата болуп финансылык отчеттуулук тиешелүү болгон отчеттук мезгилдин акыркы күнү саналат. Отчеттук даталар "Финансылык отчеттуулукту берүү" 1-МБСУФОСто белгиленген.
5. Башка МБСУФОСто аныкталган терминдер ушул 14-МБСУФОСто башка МБСУФОСтогу ошол эле мааниде колдонулат.
3. Таануу жана баалоо
1-§. Отчеттук датадан кийин түзөтүүчү окуялар
6. Отчеттук датадан кийин түзөтүүчү окуяларга, мисалы, бухгалтердик отчеттуулуктун отчеттук датасы менен бекитүү датасынын ортосундагы мезгилде болгон төмөндөгү окуялар:
а) отчеттук датадан кийин соттук териштирүүнүн башталышы, уландысы жана аяктоосу, алардын натыйжасында отчеттук датага уюмдун учурдагы карызы такталат;
б) отчеттук датага активдин баасынын түшүүсүнө жана ушул активдин баасынын түшүүсүнөн мурда таанылган чыгымды түзөтүү зарылчылыгына көрсөтүүчү отчеттук датадан кийин маалымат алуу. Анын ичинен:
- отчеттук датадан кийин карыз алуучунун банкрот болушу, адатта дебитордук карыз боюнча отчеттук датага чыгымды жана дебитордук карыздын баланстык наркын түзөтүү зарылчылыгын далилдейт;
- отчеттук датадан кийин запастарды сатуу отчеттук датага аларды сатуунун таза наркы тууралуу маалымат булагы катары кызмат боло алат;
в) отчеттук датага чейин сатылып алынган активдердин же отчеттук датага чейин сатылган активдерди сатуудан түшүүлөрдүн отчеттук датадан кийинки баштапкы наркын аныктоо;
г) отчеттук мезгилде болгон камсыздандыруу учурлары боюнча, анын натыйжасында уюм күнөөлүү тарап катары таанылган камсыздандыруучу ордун толтуруунун суммасын аныктоочу документти алуу;
д) бухгалтердик эсеп жана/же финансылык отчеттуулуктун бурмаланышына алып келген мыйзамдарды же каталарды колдонууну бузуу фактыларын табуу;
е) уюмдарды жоюу же уюмдун бардык ишинин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
ж) отчеттук датадан кийин түзөтүүчү окуялардын аныктамасына ылайык башка окуялар.
7. Отчеттук датадан кийин түзөтүүчү окуяларды чагылдыруу үчүн финансылык отчеттуулукта таанылган сумманы уюм түзөтүүсү керек.
8. Бухгалтердик эсепте отчеттук датадан кийин түзөтүүчү окуялар кошумча жана токтотуучу бухгалтердик жазууларды колдонуу менен мурда таанылган суммаларды корректировкалоо аркылуу отчеттук мезгилдин акыркы күнү чагылдырылат.
2-§. Отчеттук датадан кийин түзөтүлбөчү окуялар
9. Уюм отчеттук датадан кийин түзөтүлбөчү окуяларды чагылдыруу үчүн финансылык отчеттуулукта таанылган сумманы түзөтүүгө тийиш эмес.
10. Уюм ушул 14-МБСУФОСко ылайык олуттуу түзөтүлбөчү окуялар жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарыш керек.
11. Отчеттук датадан кийин олуттуу түзөтүлбөчү окуяларга финансылык отчеттуулуктун отчеттук датасы менен бекитүү датасынын ортосундагы мезгилде болгон төмөндөгү окуялар кирет:
а) активдердин наркынын олуттуу өзгөрүшү, анын ичинде, эгерде отчеттук датага карата нарктын өзгөрүшү активдердин абалы менен байланыштуу болбогон жана отчеттук датадан кийин болгон жагдайлардан келип чыккан валюта курсунун өзгөрүшү менен байланыштуу;
б) уюмдун ишинин айрым түрлөрүн алдыда кайра түзүү, токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
в) табигый кырсыктын, өзгөчө кырдаалдын натыйжасында уюмдун активдеринин олуттуу бөлүгү жабыркоого же жок кылууга дуушар болуусу;
г) уюмдун финансылык отчеттуулугунун көрсөткүчтөрүнө олуттуу таасир берген мыйзамды өзгөртүү, анын ичинде, мамлекеттик программалардын алкагында толук же жарым жартылай карызды кечүү, кошумча жеңилдетүүлөрдү берүү жөнүндө мыйзамдарды кабыл алуу;
д) отчеттук датадан кийинки окуяларга байланыштуу соттук териштирүүлөрдүн башталышы;
е) олуттуу милдеттемелерди же шарттуу милдеттемелерди кабыл алуу, мисалы, отчеттук датадан кийин маанилүү кепилдиктерди берүү;
ж) активдерди олуттуу сатып алуулар же чыгуу;
з) уюмдун ишине жана финансылык көрсөткүчтөрүнө олуттуу таасир бере ала турган маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ниеттерин жарыялоо;
и) отчеттук датадан кийин жана олуттуу мааниге ээ болгон түзөтүлбөчү окуялардын аныктамасына ылайык башка окуялар.
4. Иштин үзгүлтүксүздүгү
12. Эгерде уюмду жоюу, бөлүү же кайра уюштуруу жөнүндө чечими кабыл алынган болсо, уюм мындай чечим жөнүндө маалыматты финансылык отчеттуулукту ачууга тийиш.
13. Отчеттук көрсөткүчтөрдү түзөтүү жана кошумча отчеттуулукту берүү жоюу, бөлүү же кайра уюштуруу тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Маалыматты ачуу
14. Уюм чыгарууга финансылык отчеттулукту бекитүү датасын жана аны бекиткен органдын аталышын ачууга тийиш.
15. Уюм отчеттук датадан кийинки окуялар жөнүндө маалыматтарды эске алуу менен финансылык отчеттуулукка эскертүүлөрдө ачылуучу маалыматты тактоого тийиш.
16. Уюм отчеттук датадан кийин түзөтүлбөчү ар бир олуттуу категория боюнча төмөнкү маалыматтарды ачууга тийиш:
а) окуянын мүнөзүн;
б) финансылык кесепеттердин эсептик баасын же себептерин көрсөтүү менен андай баалоо мүмкүн эместиги жөнүндө арызды.