Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-декабры № 719
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Адал-индустрияны өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана "Адал" продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сертификациялоону жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текстте аталышындагы жана 1, 2-пункттардагы "Халал" деген сөз "Адал" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пункт "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу жана жүргүзүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Адал" стандарттарына шайкештигин ыктыярдуу сертификациялоо, маркалоо системасын ишке ашыруу жана жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Адал" продукциясына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө сертификация жана маркалоо жүргүзүү чөйрөсүндөгү укуктук негиздерди белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) QR-код менен адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоонун маалыматтык ресурсун, Берилген "Адал" шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын аймагында адал-продукцияны өндүрүүчү жана адал-кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын реестрин жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
маркалоонун маалыматтык ресурсу - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Борбордун расмий сайтында жайгаштырылган адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү QR-код менен маркалоо жөнүндө маалыматты камтыган система;
түзөтүүчү иш-чаралар планы - адал-продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата улуттук стандарттардын жоболоруна шайкеш эместигинин себептерин жоюуга багытталган адал-продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүүчүсү тарабынан иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу иш-аракеттер планы;
маркалоо - адал-продукцияга маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-кодун түшүрүү;
адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү - Кыргыз Республикасынын аймагында адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, сактоо, ташуу, Кыргыз Республикасына ташып келүү, сатып алуу жана сатуу;
сертификациялоо боюнча орган - адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резидент юридикалык жактары;
"Адал" шайкештик сертификаты - Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен макулдашуу боюнча сертификациялоо боюнча орган тарабынан берилүүчү, адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына шайкештигин ырастаган документ;
адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо - шайкештикти ырастоо формасы, анын жүрүшүндө сертификациялоо боюнча орган адал-продукция жана кызмат көрсөтүүлөр адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын жоболоруна шайкеш экендигин документ түрүндө ырастайт;
адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары - адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүнүн, экспорттоочунун, сатуучунун же импорттоочунун атынан Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар;
адал-продукция - адал-продукцияга карата стандарттардын талаптарына ылайык өндүрүлгөн продукция;
адал-кызмат көрсөтүүлөр - адал-кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылуучу иш.
4. Маркаланууга тийиш болгон адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучуларын маркалоонун маалыматтык ресурсуна каттоо Борбор тарабынан белгиленүүчү эрежелерге ылайык электрондук түрдөгү маркалоонун маалыматтык ресурсун пайдалануу менен адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген ишенимдүү маалыматтардын (анын ичинде продукциянын жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтар) негизинде Борбор тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификация жүргүзүү тартиби
5. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо аккредитациялоо жаатына ылайык стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук органы жана сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (мындан ары - КМДБ) менен биргеликте жүзөгө ашырылат.
Адал-продукцияны сертификациялоо Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык продукциянын коопсуздугу ырасталгандан кийин жүргүзүлөт.
6. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү текшерүүнүн натыйжалары боюнча сертификациялоо боюнча орган жана КМДБнын өкүлү тарабынан тиешелүү стандарттардын талаптарына жана шариаттын ченемдерине шайкеш келүүсүнө акт түзүлөт.
Сертификациялоо боюнча орган Адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө берилген шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн "Адал" шайкештик сертификатынын маалыматтарын Борборго берет.
7. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоодо арыз ээси адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү процессинде Шариаттын ченемдерин сактоо жөнүндө декларацияны кабыл алат.
Кол коюлган Декларация текшерүү актыларына тиркелет.
8. Декларациянын формасы сертификациялоо боюнча орган тарабынан КМДБ менен биргеликте аныкталат.
9. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоодо төмөнкүдөй схемалар колдонулат:
№ 1 сертификациялоо схемасы адал-продукциянын партиясын же өндүрүүчү тарабынан сериялуу чыгарылуучу адал-продукцияны сертификациялоодо колдонулат.
№ 1 схема төмөнкүдөй жол-жоболорду камтыйт:
1) сертификациялоо боюнча орган:
- арыз ээси тарабынан продукцияны сертификациялоо боюнча органга адал-продукцияны сертификациялоону жүргүзүүгө берилген тиркелген техникалык документтери бар өтүнмөнү кароо, бул документтердин топтомуна продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигин ырастаган документ милдеттүү түрдө киргизилет;
- өтүнмө боюнча чечим кабыл алуу;
- сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн кароо жана тандоо (зарыл болгон учурда);
- аккредитацияланган сыноо лабораториясында продукциянын үлгүлөрүнө сыноолорду жүргүзүү (зарыл болгон учурда);
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү (сериялуу чыгарылуучу продукцияда);
2) КМДБ:
- продукцияга жана өндүрүштүн абалына шариаттын ченемдерине ылайык талдоо жүргүзүү;
- персоналдын адал-продукцияга тиешелүү шариаттын ченемдерин билүүсүн текшерүү;
3) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ:
- продукцияны сыноонун жана талдоонун, өндүрүштүн абалын талдоонун натыйжаларын жалпылоо, тиешелүү персоналдын болушу жана арыз ээсине "Адал" шайкештик сертификатын берүү (оң натыйжалар болгон учурда);
4) арыз ээси:
- маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-кодун продукцияга түшүрүү;
5) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ:
- сертификацияланган продукцияга инспекциялык контролду жүргүзүү.
№ 2 сертификациялоо схемасы сапат менеджмент системасы бар ишканада адал-продукцияны же кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоодо колдонулат.
№ 2 схема төмөнкүдөй жол-жоболорду камтыйт:
1) сертификациялоо боюнча орган:
- арыз ээси тарабынан продукцияны сертификациялоо боюнча органга сертификациялоо жүргүзүүгө берилген тиркелген техникалык документтери бар өтүнмөнү кароо, бул документтердин топтомуна менеджмент системаларын сертификациялоо боюнча орган тарабынан берилген сапат менеджмент системасына сертификат (сертификаттын көчүрмөсү) жана продукциянын техникалык регламенттерге шайкештигин ырастаган документ милдеттүү түрдө киргизилет;
- өтүнмө боюнча чечим кабыл алуу;
- продукцияны сертификациялоо боюнча орган тарабынан сыноолорду жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү кароо жана тандоо (зарыл болгон учурда);
- аккредитацияланган сыноо лабораториясында продукциянын үлгүлөрүнө сыноолорду жүргүзүү (зарыл болгон учурда);
- өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү;
2) КМДБ:
- продукциянын жана өндүрүштүн абалына шариаттын ченемдерине ылайык талдоо жүргүзүү;
- персоналдын адал-продукцияга тиешелүү шариаттын ченемдерин билүүсүн текшерүү;
3) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ:
- продукцияны сыноонун жана талдоонун, өндүрүштүн абалын талдоонун натыйжаларын жалпылоо, тиешелүү персоналдын болушу жана арыз ээсине "Адал" шайкештик сертификатын берүү (оң натыйжалар болгон учурда);
4) арыз ээси:
- маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-кодун продукцияга түшүрүү;
5) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ:
- сертификацияланган продукцияны инспекциялык контролдоо, сапат менеджмент системасынын иштешинин туруктуулугун контролдоо.
№ 3 сертификациялоо схемасы сапат системасы жок ишканада адал-кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоодо колдонулат.
№ 3 схема төмөнкүдөй жол-жоболорду камтыйт:
1) сертификациялоо боюнча орган:
- арыз ээси тарабынан сертификациялоо боюнча органга сертификациялоо жүргүзүүгө берилген тиркелген документтери бар өтүнмөнү кароо;
- өтүнмө боюнча чечим кабыл алуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдүн адал-кызмат көрсөтүүлөргө карата улуттук стандарттардын талаптарына шайкештигине талдоо жүргүзүү;
2) КМДБ:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн шариаттын ченемдерине ылайык талдоо жүргүзүү;
- персоналдын адал-кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү шариаттын ченемдерин билүүсүн текшерүү;
3) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ:
- кызмат көрсөтүүлөрдү талдоонун натыйжаларын жалпылоо, тиешелүү персоналдын болушу жана арыз ээсине "Адал" шайкештик сертификатын берүү;
- адал-кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугун жана адал-кызмат көрсөтүүлөргө карата улуттук стандарттардын талаптарына шайкештигин инспекциялык контролдоо;
4) арыз ээси:
- "Адал" шайкештик сертификатына маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-кодун түшүрүү.
10. Сертификацияланган продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө инспекциялык контролду жүргүзүү:
1) сертификацияланган продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү инспекциялык контролдоо "Адал" шайкештик сертификатынын бардык колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде өндүрүштүн абалына талдоо жүргүзүү, персоналдын адал продукцияларга жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү шариаттын ченемдерин билүүсүн текшерүү, сапат менеджмент системасынын туруктуу иштешин контролдоо, адал-продукцияга сыноолорду жүргүзүү (зарыл болгон учурда) аркылуу жүргүзүлөт (6 айда 1 жолу);
2) инспекциялык контролдун натыйжалары оң болгон учурда "Адал" шайкештик сертификатынын колдонулушу ырасталды деп эсептелет, бул жөнүндө инспекциялык контролдоо актысында көрсөтүлөт.
Инспекциялык контролдун натыйжалары терс болгон учурда (адал-продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата стандарттардын талаптарына шайкеш эместиги аныкталган учурда) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ "Адал" шайкештик сертификатын колдонууну токтотуу жана "Адал" шайкештик сертификатын колдонууну жокко чыгаруу чечимдеринин бирин кабыл алат;
3) адал-продукцияга карата техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына шайкеш эмес деп таанылган продукцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 93 токтому менен бекитилген Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобого ылайык иш-аракеттер колдонулууга тийиш;
4) сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ тарабынан кабыл алынган чечимдер арыз ээсине билдирилет;
5) "Адал" шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, арыз ээси түзөтүүчү иш-чаралар планын иштеп чыгат.
Арыз ээси түзөтүүчү иш-чаралар планын аткаргандан кийин сертификациялоо боюнча орган жана КМДБ тарабынан "Адал" шайкештик сертификатын колдонууну кайра улантуу жөнүндө чечим кабыл алынат;
6) Адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө берилген сертификаттардын бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн тиешелүү маалымат Борборго берилет.
11. "Адал" шайкештик сертификатынын бланкынын формасы КМДБ менен макулдашуу боюнча Борбор тарабынан бекитилет жана эсепке алынууга тийиш.
3. Маркалоонун маалыматтык ресурсу
12. Маркалоонун маалыматтык ресурсунун оператору болуп Борбор саналат.
Маркалоонун маалыматтык ресурсунун оператору маркалоонун маалыматтык ресурсун иштеп чыгат жана пайдаланат, "Адал" шайкештик сертификатын алган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ага жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Оператор өзүнүн расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында маркалоонун маалыматтык ресурсун жайгаштырат.
13. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоонун маалыматтык ресурсунун мазмуну ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
14. Берилген "Адал" шайкештик сертификаттарынын бирдиктүү реестринин жана Кыргыз Республикасынын аймагында адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү компаниялардын реестринин формалары Борбор тарабынан бекитилет.
4. Маркалоонун маалыматтык ресурсун ишке ашыруу
15. "Адал" шайкештик сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин сертификациялоо боюнча орган же адал-продукцияны же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү Борборго маркалоонун маалыматтык ресурсун толтуруу үчүн ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык продукция же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө зарыл маалыматтарды берет.
16. Маркалоонун маалыматтык ресурсуна берилүүчү маалыматтар төмөнкүдөй маалыматтар камтылган тизмекке ылайык түзүлөт жана берилет:
1) продукцияны же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүнүн (юридикалык жактын же жеке ишкердин) аталышы жана жайгашкан жери, ошондой эле башка өлкөлөрдөн жеткирилүүчү продукция маркаланган учурларда импорттоочунун (юридикалык жактын же жеке ишкердин) аталышы жана жайгашкан жери кошумча көрсөтүлөт;
2) маркалоо колдонулган продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы;
3) продукциянын курамы, атап айтканда, тамак-аш продукциясынын курамын маркалоо Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" (ББ ТР 022/2011) техникалык регламентинин, ошондой эле Бажы бирлигинин ага карата колдонулуучу башка техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш;
4) даярдалган датасы;
5) сактоо мөөнөтү жана шарттары;
6) жарактуулук мөөнөтү;
7) адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органдын аталышы жана жайгашкан жери, "Адал" шайкештик сертификатынын номери жана анын колдонуу мөөнөтү;
8) расмий сайт, даттануулар жана сунуштар үчүн телефон номери, колл-борбор;
9) маркалоодо кошумча маалыматтар көрсөтүлүшү мүмкүн, анын ичинде ага ылайык продукция же кызмат көрсөтүүлөр өндүрүлгөн жана идентификацияланышы мүмкүн болгон документ жөнүндө маалыматтар, товардык белги, товардык белгиге өзгөчө укуктун ээси жөнүндө маалыматтар, лицензиардын аталышы жана жайгашкан жери, ыктыярдуу сертификациялоо системаларынын белгилери.
5. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоо тартиби
17. Борбор ушул Тартиптин 14-пунктуна ылайык берилген маалыматтардын аныктыгына экспертиза жүргүзөт жана сертификациялоо боюнча органга маркалоонун маалыматтык ресурсунун шилтеме маалыматтарын (QR-коддорун) берет.
18. Сертификациялоо боюнча орган "Адал" шайкештик сертификатына маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-кодун түшүрөт.
19. "Адал" шайкештик сертификаты жана маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-коддору адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучусуна бир убакта берилет.
20. Маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-коддору үчүнчү жактарга берилүүгө жатпайт.
21. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүүнүн катышуучулары "Адал" шайкештик сертификатын жана маркалоонун маалыматтык ресурсунун QR-коддорун алгандан кийин адал-продукцияны маркалоону жүзөгө ашырат.
22. Даярдалган жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген "Адал" маркалоосу бар продукция ЕАЭБге мүчө өлкөнүн аккредитацияланган сертификациялоо боюнча органы тарабынан берилген "Адал" шайкештик сертификаты болгон учурда QR-код менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш.
Даярдалган жана ЕАЭБге мүчө болбогон өлкөлөрдүн (үчүнчү өлкөлөрдүн) аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген "Адал" маркалоосу бар продукция жалпы негизде сертификацияланууга тийиш.
23. Зарыл болгон учурда, сертификациялоо боюнча орган жана адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчү менен макулдашуу боюнча маркалоонун маалыматтык ресурсуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилет.
24. Адал-продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча иштер жана маркалоо коддорун берүүнү маалыматтык ресурска каттоо акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Төлөмдүн өлчөмү Борбор жана адал-продукцияга шайкештикти сертификациялоо кызматын көрсөтүүчү уюм тарабынан бекитилген баалардын прейскурантына ылайык белгиленет.
Эскертүү: адал-кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоодо QR-код сертификациялоо боюнча орган тарабынан "Адал" шайкештик сертификатына түшүрүлөт.".