Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 токтомуна) |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүчү жана көрсөтүүчү субъекттерди (мындан ары - субъекттер) координациялоо жана алардын өз ара аракеттенүү маселелерин регламенттейт.
2. Ушул Тартиптин максаты мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды ыкчам, өз убагында жана талаптагыдай берүү үчүн мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана координациясынын натыйжалуу механизмин түзүү болуп саналат. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жеке жактарга консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт.
3. Ушул Тартип төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук;
2) өз ара аракеттенүүгө ачыктык;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты;
4) компетенттүүлүк;
5) жоопкерчилик;
6) басмырлоого жол бербөө;
7) мыйзамдардын талаптарын жана. кесиптик этиканын ченемдерин сактоо;
8) социалдык өнөктөштүк.
4. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү;
4) адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана параюсттер.
5. Субъекттердин өз ара аракеттенүүсү төмөнкү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү;
2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү;
3) калкты укуктук агартуу боюнча биргелешкен иш.
6. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ведомстволук бөлүм) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү процессин координациялайт жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат. Облустук жана райондук деңгээлдерде өз ара аракеттенүүнү координациялоо жана камсыз кылуу ведомстволук бөлүмдүн региондор аралык (облустук) башкармалыктары жана райондук координаторлору аркылуу жүзөгө ашырылат.
7. Ведомстволук бөлүм мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелеринин ишин координациялоонун алкагында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери тарабынан өз компетенциясынын чегинде консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү практикасын киргизет;
2) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелерине консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча сунуштарды жана сын пикирлерди киргизет;
3) консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери үчүн отчеттуулуктун бирдиктүү формаларын иштеп чыгат жана бекитет;
4) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө байланышкан маалыматтарды сурайт;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелеринин жеке жактарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өз компетенциясынын чегинде берүү маселелери боюнча ишине мониторинг жүргүзөт;
6) консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн коюлган маселенин чөйрөсү компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелерине адамдарды кайра жөнөтүү процессин координациялайт;
7) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелерин калкты укуктук агартуу боюнча иш-чараларга, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча республикалык акцияларга, декадаларга, социалдык өнөктүктөргө катышууга тартат;
8) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелеринин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштурууга жооптуу адамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
9) ушул Тартиптин жоболорун ишке ашырууда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттерине методологиялык жана маалыматтык колдоо көрсөтөт;
10) республиканын алыскы аймактарында жашаган калкка, социалдык мекемелерде, ошондой эле жабык түзөтүү мекемелеринде жүргөн адамдарга укуктук агартуу жана укуктук жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, адвокаттарды жана юристтерди тартуу менен мобилдик чыгууларды ("Тилектештик автобусун") уюштурат;
11) калкты укуктук агартуу боюнча ар жылдык иш-чараларды пландаштырат, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттерин тартуу менен калкка укуктук жардам көрсөтүү боюнча республикалык акцияларды, декадаларды, социалдык өнөктүктөрдү өткөрөт;
12) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүү процессин автоматташтыруу үчүн маалыматтык технологияларды жана системаларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
13) өзүнүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
8. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери:
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруу үчүн жооптуу адамдарды аныктайт жана актуалдуу байланыш маалыматтарын ведомстволук бөлүмгө жөнөтөт;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жана өз компетенциясынын чегинде мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтөт;
- натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн автоматташтырылган, анын ичинде ведомстволук бөлүм тарабынан иштелип чыккан жана ишке киргизилген маалыматтык системаларды пайдаланат;
- калкка укуктук маалымат берүү үчүн маалыматтык жана электрондук-коммуникациялык байланыштардын ар кандай формаларын жүзөгө ашырат;
- республиканын алыскы аймактарында жашаган калкка, социалдык мекемелерде, ошондой эле жабык түзөтүү мекемелеринде жүргөн адамдарга укуктук агартуу жана укуктук жардам көрсөтүү үчүн ведомстволук бөлүм тарабынан уюштурулган мобилдик чыгууларга ("Тилектештик автобусу") катышат;
- калкты укуктук агартуу боюнча ар жылдык иш-чараларга, республикалык акцияларга, ведомстволук бөлүм аныктаган багыттар боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча социалдык өнөктүктөргө катышат;
- эң көп берилүүчү суроолордун жана аларга жооптордун ведомстволук тизмелерин иштеп чыгышат жана/же жүргүзөт, аларды өздөрүнүн расмий сайттарында жайгаштырат;
- ушул Тартиптин талаптарынын сакталышын камсыз кылат;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- өз компетенциясынын чегинде жеке жактарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүгө мониторинг жүргүзүүдө ведомстволук бөлүмгө көмөк көрсөтөт;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ведомстволук бөлүмгө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө белгиленген формада маалымат киргизет;
2) адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана параюсттер:
- өз компетенциясынын чегинде тийиштүү консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт;
- коюлган маселелерди ыкчам чечүү жана калкка укуктук маалымат берүү үчүн маалыматтык жана коммуникациялык байланыштардын ар кандай формаларын колдонот;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- калкты укуктук агартуу боюнча иш-чараларды, республикалык акцияларды, ведомстволук бөлүм аныктаган багыттар боюнча укуктук жардам көрсөтүү боюнча социалдык өнөктүктөрдү өткөрүүгө көмөктөшөт;
- өз компетенциясынын чегинде жеке жактарга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүгө мониторинг жүргүзүүдө ведомстволук бөлүмгө көмөк көрсөтөт.
2. Консультациялык-укуктук жардамды көрсөтүүдө субъекттердин өз ара аракеттенүү тартиби
9. Консультациялык-укуктук жардам бардык субъекттер тарабынан оозеки жана/же жазуу жүзүндө укуктук маалымдоо же укуктук консультация түрүндө, анын ичинде жеткиликтүү электрондук коммуникациялык байланыштарды пайдалануу аркылуу көрсөтүлөт.
10. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү тарабынан бекитилүүчү консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн стандарттарына ылайык алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча укуктук консультация берет.
11. Адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана параюристер тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.
12. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
- көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатын жана толуктугун;
- укуктук жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө белгилүү болуп калган маалыматтын купуялуулугун;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөнү.
13. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелери консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жарандардын кабыл алуусунун эсебин (жазуу жүзүндө жана/же электрондук түрдө) жүргүзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кайрылган адамдын аты-жөнү;
2) кабыл алуу күнү жана убактысы;
3) адам кайрылган маселенин кыскача сүрөттөлүшү;
4) көрсөтүлгөн жардамдын натыйжасы жана мөөнөтү (жардам толук көлөмдө көрсөтүлдү же кайрылган адам компетенттүү субъектке жөнөтүлдү);
5) эскертүү.
14. Оозеки түрдөгү консультациялык-укуктук жардам дароо көрсөтүлөт.
15. Укуктук маселени кошумча изилдөө зарыл болгондо консультациялык-укуктук жардам кайрылган адам биринчи жолу кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) күндөн кечиктирбестен көрсөтүлөт.
16. Укуктук маселени кылдат жана терең кароо зарыл болгон учурда адамдын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча ал жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарда каралган мөөнөттөргө ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъектиси тарабынан каралат.
17. Эгерде укуктук мүнөздөгү маселени чечүү адам алгач кайрылган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелеринин компетенциясына кирбесе, анда ага мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын компетенттүү субъектине кайрылуунун зарылдыгы жана тартиби жөнүндө түшүндүрмө берилип жана аталган адам автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу аркылуу ошол субъектке жиберилет.
18. Эгерде кайрылган адамдын укуктук проблемасы квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнү талап кылса, анда субъект адамды ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө же ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберет.
19. Адам ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө же анын аймактык бөлүмүнө укуктук маселе боюнча кайрылса, бирок аны чечүү башка мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын ведомстволук, аймактык мекемелеринин компетенциясына кирсе, анда анын маселесин кароону кайра багыттоо ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү же анын аймактык бөлүмү тарабынан автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүндө же анын аймактык бөлүмүндө автоматташтырылган маалыматтык системага кирүү мүмкүнчүлүгү жок болсо же анын иши үзгүлтүккө учураса, кайрылган адамга кайра жөнөтүү жөнүндө бланк берилет, анын формасы ушул Тартиптин тиркемесинде белгиленет.
20. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайра жөнөтүү жөнүндө бланк эки нускада толтурулат, алардын бири кайрылган адамга берилет, ал эми экинчиси көрсөтүлгөн жардамдын натыйжасын жана мөөнөтүн андан ары контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүндө же аймактык бөлүмүндө калат.
21. Адам жиберилген компетенттүү орган ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө же анын аймактык бөлүмүнө 10 (он) күндүн ичинде көрсөтүлгөн консультациялык-укуктук жардамдын натыйжалары жөнүндө электрондук-коммуникациялык байланыш аркылуу маалымдайт.
22. Адам алыскы администрациялык-аймактык бирдиктердеги мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттерине кайрылганда субъекттер консультациялык укуктук жардамды өз алдынча же мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын компетенттүү субъекттери менен аралыктан консультация берүү аркылуу көрсөтөт.
23. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери өз компетенциясынын чегинде калкка укуктук маалымдоодо жана консультация берүүдө турган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого багытталган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу калкты укуктук агартууну жүзөгө ашырат.
24. Укуктук агартуунун алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттери:
- өз ишинин алкагында калкка укуктук жардам көрсөтүүнүн түрлөрү жана тартиби жөнүндө калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды кеңири масштабда чагылдырышат;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасына коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыкчылыктарын тартууда ведомстволук бөлүмгө көмөк көрсөтүүнү жана колдоону жүзөгө ашырат;
- калк үчүн маалыматтык-түшүндүрүү материалдарын (буклеттерди, колдонмолорду, методичкаларды ж.б.) даярдоо процессине, ошондой эле калкты укуктук агартуу боюнча ар кандай иш-чараларга, республикалык акцияларга, декадаларга, социалдык өнөктүктөргө ведомстволук бөлүм бекиткен ар жылдык планга ылайык катышат;
- өздөрүнүн ведомстволук сайттарында укуктук түшүндүрүү бөлүмдөрүн (рубрикаларды) түзүшөт, аларда зарыл болгон укуктук тармактык маалыматтар жайгаштырылат.
3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартиби
25. Квалификациялуу юридикалык жардам жеке адамдарга кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер боюнча жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көрсөтүлөт.
26. Квалификациялуу юридикалык жардам адвокаттардын нөөмөт графигине ылайык квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрине кирген адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт. Адвокаттардын нөөмөт графигин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби ведомстволук бөлүм тарабынан аныкталат.
27. Адвокат мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык жана мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардамга муктаж адамдын арызынын негизинде ведомстволук бөлүмдүн координатору (мындан ары - координатор) тарабынан дайындалат. Арыз ведомстволук бөлүм бекиткен форма боюнча тиешелүү райондун координаторунун атына берилет.
28. Кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы аркылуу адвокатты камсыз кылуу зарыл болгон учурда укук коргоо органдары, тергөө судьясы, сот, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу адамдары укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында квалификациялуу юридикалык жардамга муктаж болгон адамдан паспортунун же анын инсандыгын ырастаган башка документинин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен арызды жана тиешелүү процесстик актты сурашат, эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен координаторго коштоочу документти жөнөтөт.
Бул учурда квалификациялуу юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга адам менен макулдашуу боюнча жана анын макулдугу менен адамда адвокат жок болгон шартта көрсөтүлөт.
29. Кылмыш же укук бузуу жасады деп шектелген адамды кармоодо укук коргоо органдары, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу адамдары кармалган адамдын адвокатка болгон укуктарын түшүндүрөт жана адвокат жок болгон учурда макулдашуу боюнча, мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын макулдугу болгондо арызды алат, бул жөнүндө нөөмөттүк график боюнча адвокатка дароо билдирет.
Кармалган адамдын инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн жана тиешелүү процесстик актыны эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен тиркөө менен арыз координаторго жөнөтүлөт.
30. Адвокаттын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуусу милдеттүү болгон иштер боюнча тергөөчү, тергөө судьясы, сот мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы аркылуу адвокатты камсыз кылуу жөнүндө процесстик акт чыгарат, ал квалификациялуу юридикалык жардам камсыз кылынган адамдын паспортунун же инсандыгын ырастаган башка документинин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен адвокатты дайындоо үчүн координаторго жөнөтөт.
Бул учурда квалификациялуу юридикалык жардам, адамда адвокат жок болгон учурда макулдашуу боюнча жана мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга адам жазуу жүзүндө баш тарткан шартта көрсөтүлөт.
31. Кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарда каралган учурларда:
- шектүү, айыпталган, соттолгон, акталган, жабырлануучу тарабынан тандалган макулдашуу боюнча адвокаттын катышуусу мүмкүн болбосо;
- макулдашуу боюнча адвокаттын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө 5 суткадан ашык, ал эми бөгөт коюу чарасын колдонууда 2 сааттан ашык катышуусу мүмкүн болбосо;
- макулдашуу боюнча адвокат ошол эле иш боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жүйөлүү себептерсиз үч жолудан ашык келбесе;
тергөөчү, тергөө судьясы, сот адвокатты мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы аркылуу камсыз кылуу жөнүндө процесстик акт чыгарат, ал квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн адамдын паспортунун же инсандыгын ырастаган башка документтин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен адвокатты дайындоо үчүн координаторго жөнөтөт.
32. Жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган учурларда:
- арыз берүүчү катары бала өзү чыккан балдардын укуктарын коргоо жөнүндө иштер боюнча;
- жаранды анын өкүлү жок болгон учурда аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча;
- жарандын өкүлү жок болгон учурда аны мажбурлап ооруканага жаткыруу жөнүндө иштер боюнча;
сот адвокатты мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы аркылуу камсыз кылуу жөнүндө процесстик актыны чыгарат, ал квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн адамдын паспортунун же инсандыгын ырастаган башка документинин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен адвокатты дайындоо үчүн координаторго жөнөтөт.
33. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү органдар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы аркылуу айыпкерлерге жана соттолгондорго адвокат дайындоо зарылдыгы аныкталганда эки күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен координаторго квалификациялуу юридикалык жардам алууга муктаж болгон адамдын арызын жана паспортунун же инсандыгын ырастаган башка документинин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен коштоочу документти жөнөтөт.
Жаза аткаруу чөйрөсүндөгү органдар мыйзамда белгиленген тартипте дайындалган адвокаттын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам алуучуга жетүүсүн камсыз кылышат.
34. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатты дайындоо зарылдыгы аныкталган учурда координаторго аталган жардамга муктаж болгон адамдын арызын жана паспортунун же инсандыгын ырастоочу башка документинин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен коштоочу документти жөнөтөт.
35. Адамды квалификациялуу юридикалык жардам менен ыкчам камсыз кылуу үчүн ушул Тартиптин 28-33-пункттарында көрсөтүлгөн документтер электрондук-коммуникациялык байланыштардын ар кандай формалары аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн, андан кийин алардын түп нускалары эки иш күндүн ичинде координаторго жөнөтүлөт.
36. Ушул Тартиптин 29-32-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда процесстик акт келип түшкөн учурда координатор жылдык кирешесинин деңгээлин жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар адамдын статусун текшербестен нөөмөттүк графиктен адвокатты дайындайт.
37. Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын жылдык кирешесинин деңгээлин тастыктоо үчүн координатор арыз келип түшкөн учурдан тартып үч күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына, салык органдарына жана зарыл болгон учурда башка уюмдарга жана мекемелерге адамдын жылдык кирешесинин деңгээлин тастыктоо үчүн паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин көчүрмөсүн, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүгүн тиркөө менен суроо-талаптарды жиберет.
Суроо-талапка салык органдарынан, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан жана социалдык коргоо органдарынан, эгерде арыз ээси/алуучу пенсиялык камсыздоого укугу жок болсо, арыз ээси/алуучу акыркы он эки айдын ичинде жүргүзгөн чегерүүлөрү жөнүндө же пенсиялык камсыздоого укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды берүүгө алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
Суроо-талаптар белгиленген тартипте электрондук байланыш каналдары боюнча да жөнөтүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары, салык органдары, башка уюмдар жана мекемелер квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн кайрылуудан мурунку 12 (он эки) ай мезгили үчүн эсептелген жылдык кирешесинин өлчөмү жөнүндө маалыматты 10 (он) жумуш күндүн ичинде координаторго акысыз негизде берүүгө милдеттүү.
38. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык квалификациялуу юридикалык жардам жылдык кирешесинин деңгээлин эске албастан берилүүчү адамдардын категориясына кирген адамдын статусун тастыктоо зарыл болгон учурда координатор арыз келип түшкөн учурдан тартып үч күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдарга жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү суроо-талапты жиберет. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 10 (он) жумуш күндүн ичинде квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн кайрылган адамдын статусу жөнүндө маалыматты координаторго акысыз негизде берүүгө милдеттүү.
39. Квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн кайрылган адамдын жылдык кирешесинин деңгээли, статусу жөнүндө маалымат координатор тарабынан ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу да алынышы мүмкүн.
40. Укук коргоо жана сот органдары өз компетенциясынын чегинде адвокаттардын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүсүнө мониторинг жүргүзүүдө ведомстволук бөлүмгө көмөк көрсөтөт.
|
| Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибине тиркеме |
Акысыз консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн арыз ээсин кайра жөнөтүү жөнүндө БЛАНК
Мен, __________________________________________________________________________, (аты-жөнү) кызмат ордун ээлеген _______________________________________________________________________________ (кызмат орду) _______________________________________________________________________________ (органдын же уюмдун аталышы) _______________________________________________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) жиберилди _____________________________________________________________________ (жеке адам кайра жөнөтүлгөн субъекттин аталышы) маселелери боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн: ______________________________________________________________ деп маалымдайм. (маселенин же укук чөйрөсүнүн мүнөзү боюнча кыскача маалымат) ________________________________________ ______________________ (арыз ээсинин колу) (датасы) ________________________________________ ______________________ (бланкты берген адамдын колу) (датасы) |