Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-майы № 241
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартибин жана Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 781 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүн, 18-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттенүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 23-майындагы № 41 (3490) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
|
2-тиркеме |
Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 781 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кирешеси жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда белгиленген минималдуу эмгек акынын 60 эселенген өлчөмүнөн ашпаган шектүү, айыпталган, соттолгон, акталган, кылмыш-жаза ишинин алкагында жабырлануучу, жарандык иш боюнча доогер жана жоопкер, администрациялык иш боюнча доогер үчүн:
1) адамдын шектүү, айыпталган, соттолгон, акталган, жабырлануучу, жарандык иш боюнча доогер жана жоопкер, административдик иш боюнча доогер катары статусун ырастоочу тергөөчүнүн, тергөө судьясынын, соттун процесстик актысы;
2) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү, ал эми ал жок болгон учурда - акыркы он эки айда жүргүзүлгөн чегерүүлөр жөнүндө салык органдарынан документтин көчүрмөсү;
4) акыркы он эки айда жүргүзүлгөн чегерүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан маалымкат;
5) эгерде адам пенсия менен камсыз болууга укугу жок болсо, социалдык коргоо органдарынан маалымкат.
2. Кармалган адам үчүн:
1) кылмыш-жаза ишинин алкагында: тергөөчүнүн кармоо жөнүндө токтому; паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында: кармоо протоколу - укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу адамдын токтому; паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү.
3. Кылмыш-жаза ишинин алкагында он сегиз жашка чейинки күбө үчүн:
1) туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) баланын күбө катары статусун ырастаган тергөөчүнүн, тергөө судьясынын, соттун процесстик актысы.
4. Өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелген, айыпталган, соттолгон адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) өзгөчө оор кылмыш жасоого айыптаган тергөөчүнүн, тергөө судьясынын, соттун процесстик актысы.
5. I же II топтогу майып адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) майыптуулук тобун белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү.
6. Психикалык оорудан жапа чеккен адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) медициналык корутундунун көчүрмөсү.
7. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана ага теңештирилген адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун же Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын же аларга теңештирилген адамдын күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
8. Оор турмуштук кырдаалда турган бала үчүн:
1) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
2) баланын оор турмуштук кырдаалда тургандыгын ырастоочу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты.
9. Администрациялык иш боюнча процесстик мыйзамдарга ылайык толук процесстик аракетке жөндөмдүү бала үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
3) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими же болбосо толук процесстик аракетке жөндөмдүүлүгү жөнүндө сот актысы.
10. Жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамдын жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөдөн экендигин ырастаган маалымкаты.
11. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгынын статусун ырастаган тергөөчүнүн же соттун процесстик актысы.
12. Баланы/балдарды тарбиялаган жалгыз бой адам үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) баланы/балдарды атасыз же энесиз тарбиялаганын ырастаган соттун процесстик актысынын көчүрмөсү же болбосо атасынын же энесинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
13. Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын тизмесине киргизүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү.
14. Мамлекеттик социалдык стационардык мекемеде жашаган улгайган жаран үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) мамлекеттик социалдык стационардык мекемеде жашагандыгын ырастоочу социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты.
15. Кылмыш ишинин же укук бузуу жөнүндө иштин алкагында чет өлкөлүк жаран, жарандыгы жок адам, качкын үчүн;
1) башка мамлекеттин жарандыгын ырастаган паспорттун көчүрмөсү;
2) жарандыгы жок адамдын же качкындын статусун ырастоочу документ.
16. Кылмыш-жаза ишинин алкагында адамдарды сатуунун курмандыктары үчүн:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) адамдарды сатуунун курмандыгынын статусун ырастаган тергөөчүнүн же соттун процесстик актысы.
17. Инсандыгы кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан аныкталбаган адам үчүн кармалган адамдын, айыпкердин, шектүүнүн кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан инсандыгы аныкталбагандыгы жөнүндө тергөөчүнүн процесстик актысы.
18. Жарандык иш боюнча доогер, администрациялык иш боюнча доогер статусу аныкталганга чейин;
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта алынган өздүк күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун ырастаган документ.
19. Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине же камкорчуларына:
1) паспорттун же адамдын инсандыгын ырастаган башка документтин (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) көчүрмөсү;
2) камкорчунун статусун ырастоочу документ;
3) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
4) баланын майыптуулук тобун белгилөө жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү.